Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Апта: Башкаруучу коалиция айткан мафия


Башкаруучу коалициянын лидерлери жана парламент төрагасы. 31-март, 2014-жыл
Башкаруучу коалициянын лидерлери жана парламент төрагасы. 31-март, 2014-жыл

Узап бараткан жумада өкмөттүн жаңы структурасы сунушталды. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчилиги аныкталды. Башкаруучу коалиция кылмыштуулуктун өсүшүн талкуулады.

Жаңы структурага жаңы өкмөт келеби?

Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция өкмөттүн жаңы структурасын сунуш кылды. Анда министрлик, мамлекеттик комитеттердин саны бир топ кыскартылган. Маселен, азыркы кездеги 15 министрлик жана бир комитеттин ордуна 9 министрлик жана бир мамлекеттик комитет калтыруу сунушталган. Өкмөттүн жетектөөчү органы өкмөт башчы жана анын төрт орун басары-вице-премьер-министрлерден турат. Ошол эле учурда өнүктүрүү жана соода, инфраструктура министрлери вице-премьер-министрлик статуска ээ болушат.

Министрликтердин кыскартылуусунан 20 млрд. сомго жакын бюджеттик каражат үнөмдөлөт деп белгиленген.

Жаңы структура өкмөт кызматтан кетет экен деген сөздөр күчөп турган мезгилде жарыяланды. Эгерде бийлик же башкаруучу коалиция чындыгында өкмөттү алмаштырууну чечсе, анда ага өтө аз мезгил калууда. Анткени Конституцияга ылайык парламенттик шайлоого алты ай калганда парламент өкмөттү кызматтан кетире албайт. Ошондуктан жакынкы үч айдын ичинде стуруктуранын өзгөрүүсүнө же Кумтөргө шылтоолонуп, өкмөттүн тагдыры чечилүүгө тийиш. Мына ошону сезген айрым министрлер премьер-министрдин ордунда өзүн элестетип, кыялданып калганы да белгилүү.

Жоомарт Оторбаевдин ишине канааттанбагандык түрдүү деңгээлде, анын ичинде башкаруучу коалициянын ичинде да кеңири айтылып келет. Маселен, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” маегинде аны кыйыткан эле:

- Коалициялык көпчүлүк кеңешип, ушул өкмөт иштеп берет деп алып келгенбиз. Тилекке каршы... Өзгөчө мындай... Бул Конституциядагы кемчилик. Эгерде партиянын лидери өкмөттү баштап, өкмөттү курап, партиянын лидери катары мамлекетти башкарам дегенде, башкача жол менен кетмекпиз. Ал эми экинчи, үчүнчү, артында турган адамдар өкмөт башына келип, кылчактап өз лидерин карап, башка партиялардын лидерлерин карап калганы - бул, албетте Конституциянын арабөк абал түзүп койгонунан. Демек өкмөт башына жөнөкөй катардагы адамды эмес, лидерлик сапаты бар адамдарды алып келиш керек.

Жогорку Кеңештин өзүндө өкмөттүн жаңы структурасы расмий түрдө карала элек. “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Туратбек Мадылбековдун пикиринде, бул структура парламенттик шайлоодон кийин кабыл алынышы мүмкүн:

- Менин оюмча, анын азыркы кезде кереги жок. Анткени убакыт тар. Жаңы структураны кабыл алып, аны ишке киргизгенче аябай көп убакыт кетет. Бирок кийинки парламент келгенде ошондой структура менен иштесе, туура болот дегенди мен колдойм.

Эгерде башкаруучу коалиция жарыяланган структураны парламенттик шайлоодон кийин ишке киргизебиз деп чечсе, анда аны коалициянын шайлоо алдындагы урааны жана убадасы катары кабылдоого болот. Эгерде бул чын эле шайлоого даярдык болсо, анда мындай кадамды “өлө элек аюунун терисин бөлүштүрүү” жана шайлоонун жыйынтыгын алдын-ала аныктап алуу катары да кабылдоого болот.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчилиги дайындалды

Узап бараткан жумада Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчи органдары аныкталганы маалым болду. Орусия тараптан 100 млн. доллар которулган фонддун башкармалыгын президенттик аппараттын финансы-экономикалык талдоо жана байкоо бөлүмүнүн башчысы Нурсулуу Ахметова жетектемек болду.

Сергей Сторчак
Сергей Сторчак

Ал эми фонддун директорлор кеңешин Орусиянын финансы министринин орун басары Сергей Сторчак башкарат. Келишимге ылайык, фонддун ишмердүүлүгүн Орусиянын Эсеп палатасы дагы текшере алат.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна кыргыз бийлиги чоң үмүт артып турганы маалым. Бул фонд аркылуу бийлик шайлоо алдында ипотекалык курулушту, ишкерликти, кайра иштетүү тармактарын каржылоону көздөп жатат.

Экономика министринин орун басары Данил Ибраевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, фонд коммерциялык банктар аркылуу төмөн пайыздагы насыяларды жакынкы айларда бере баштайт.

Орусия бул фондго 1 млрд. доллар убада кылган. Анын 500 млн. доллары фонддун уставдык капиталы болсо, калган бөлүгү насыя катары тартылмакчы. Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султанов кризис шартында Орусиянын акчасы менен түптөлгөн фонд Кыргызстанга жардам берет деп ишенет.

Кыргызстан ишкерлер кеңешинин төрагасы Чыңгыз Макешов ишкер чөйрөдөн чыккан Нурсулуу Ахметованын фонддун башкармалыгына келишин оң баалады. Ошол эле учурда фонддун Кыргызстан экономикасына таасири каражатты туура бөлүштүрүүгө жараша болот дейт:

- Албетте бизнеске канча акча кошсоң дагы дайыма жетишпейт. Бирок бул акчанын Кыргызстанга келип жатканы жакшы. Эң негизгиси акчанын ишкерлерге туура жетишинде болот. Анткени белгилүү болгондой, мурда дагы насыялар келип, бизнеске жетпей эле жоголуп кеткен.

Кыргыз-орус кызматташуусуна байланыштуу маселелерди 7-февралда Сочиде президенттер Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин да талкуулады. Кыргыз президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, эки президент Сочиде бейформал мүнөздө жолугушуп, сүйлөшүү өткөрдү. Орус президенти менен бейформал мүнөздөгү жолугушууну Беларус президенти Александр Лукашенко да өткөрөрү кабарланган.

Башкаруучу коалиция мафиянын "төрөлүшүн" байкады

Алмамбет Шыкмаматов менен Данияр Нарынбаевдин жаңжалын териштиргенден кийин башкаруучу коалиция кылмыштуулукту талкуулап көрүүнү чечти. Бул үчүн башкаруучу коалиция жума күнү жыйын куруп, ага күч структураларынын жетекчилерин чакырды. Анда кылмыштуулуктун өсүп баратышына карата кескин сындар айтылды. Андай сындардын айтылышына Ош аба майданындагы карактоолор, оор кылмыштардын көбөйүшү негиз болуп берди.

Маселен, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Ош аба майданындагы карактоонун артында бийлик адамдары да турганын айтып чыкты:

- Анын артында милиция жок дейсиз. Милициясы бар, депутаты бар, өкмөт мүчөсү бар. Аэропорттун жетекчилери, ошол жердеги кызматкерлер жол көрсөтүп, "бүгүн келет, эртең келет" деп, "мына, бул залга киргизебиз" деп, чет жактагы залды бөлүп бергенин элдин баары билет. Жазага тартылбай тургандыгын, чоң уурдаган адамдар кутулуп кетээрин билгенден кийин уюшулган топ ушундай чоң ишке барып, мамлекеттүүлүккө, коомго сокку уруп атат.

Өмүрбек Текебаев ошондой эле кылмыш дүйнөсүн даңазалоо, идеалдаштыруу токтобой жатканын дагы белгиледи. Ал кылмыш дүйнөсүнүн бийлик менен байланышы мафияны жаратып жатканын кошумчалады.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев Ош аба майданындагы карактоону жеке көзөмөлүнө алганын, ага катышкандар жазасын аларына ишендирди.

Ошол эле мезгилде башкаруучу коалициянын депутаттары тарабынан кылмыштуулук жана оор кылмыш өсүп баратканы белгиленди. КСДП фракциясынын мүчөсү Исмаил Исаков кылмыштуулуктун өсүшүн, тартип коргоо органдарынын аны ооздуктоого алсыз болуп жатышынын себептерин төмөнкүлөрдө деп атады:

- Булар: тартип коргоо органдарынын кээ бир өкүлдөрүнүн, мамлекеттик бийликтин кээ бир чиновниктеринин уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен байланышы, тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин кесиптик деңгээлинин өтө төмөндүгү, милиция кызматкерлеринин кээ бирөөлөрүнүн өзүнүн кызматын так алып барбай, эски ыкма менен иштеши, тергөө органдары менен сот органдарынын ырааттуу ишинин жоктугу, тартип коргоо органдарынын реформаланбагандыгы.

Исаков ошондой эле тергөө кызматын өзүнчө түзүү жана тартип коргоо органдарын материалдык-техникалык жактан камсыздоону күчөтүүнү кошумчалады.

Башкаруучу коалициянын жыйынында талкууланган маселе боюнча чечим кабыл алынган жок. Ал дагы кеңешүүлөрдөн кийин кабыл алынмакчы.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG