Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:04

Бүгүн Конституция күнү. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин эле жаңы Баш мыйзамды жазууга киришкен.

Жогорку Кеңеште эки жылга созулган талкуудан кийин 1993-жылы 5-майда жаңы Конституция кабыл алынган. Андан бери Баш мыйзам бир канча жолу өзгөртүлүп, азыркы кезде дагы өзгөртүү аракети жасалууда. Бирок Конституцияны өзгөртүү муну менен эле чектелип калбашы да айкын.

Кыргыз Республикасынын “легендарлуу” деп аталган парламенти, ал кездеги Жогорку Совет 1993-жылы 5-майда эгемендүүлүк доорундагы биринчи Конституцияны кабыл алган. Ал Конституцияда президент, өкмөт жана парламенттин ыйгарым-укуктары бир топ таразаланып, тең салмактуулук сакталганы айтылып келет. Мына ошол тең салмактуулук президенттик бийликти бир топ чектегендиктен Аскар Акаев төрт жолу Конституцияны өзгөрткөн.

Аскар Акаев

Аскар Акаев

Аскар Акаев 1994-жылы, 1996-жылы, 1998-жылы жана 2003-жылы референдум аркылуу Конституцияны өзгөртүүгө барган. Андан кийин 2006-жылы ал кездеги президент Курманбек Бакиев оппозициянын талабы менен жаңы Конституция кабыл алып, бирок 2007-жылы кайра башка Конституция кабыл алган. Ал эми азыркы Конституция 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин кабыл алынган.

1993-жылы Конституцияны кабыл алган “легендарлуу” парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов болгон. Ал буга чейин Кыргызстандын Конституциясы бийлик башындагы жана анын айланасындагы адамдардын кызыкчылыгы үчүн өзгөртүлүп келген дейт:

Медеткан Шеримкулов

Медеткан Шеримкулов

- Ошол өзгөрүүлөрдүн арт жагында айрым жеке адамдардын, болгондо да бийлик башында турган адамдардын кызыкчылыгы, өзүнүн ыйгарым-укуктарын кеңейтип, бийлигин чексиз кылып алууга жасаган аракети жатат. 2010-жылкы Конституцияны өзгөртүү аракеттерине мен кошула албаймын. Менимче, Конституцияда көрсөтүлгөндөй 2020-жылга чейин эч кандай өзгөртүү киргизбей туруш керек.

Медеткан Шеримкулов Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүүнү жаңы парламент ишке ашырса, максатка ылайыктуу болот эле оюн кошумчалады.

Кыргызстандагы Конституциялык реформаларга катышып келген саясатчы Кубатбек Байболов азыркы кездеги өзгөртүүлөр да бийликти чыңдоого багытталууда дейт:

Кубатбек Байболов

Кубатбек Байболов

- Жалпы жонунан бийликти борборлоштурууга багытталган өзгөрүү болуп жатат. Бийликтин вертикалын бекемдөөгө баратат. Маселен, соттордун өзүн-өзү башкарган системасын түзүүгө аракет кылып келатканбыз. Ал эми азыркы өзгөртүү болсо сотторду кайрадан борбордук мекемелерге, президентке байлап жатпайбы. Эми иш жүзүндө сот бийлиги анчейин деле өз алдынча болуп кеткен жок.

Байболовдун пикиринде, Жогорку Соттун төрагасын жана орун басарларын шайлоону президент жана парламентке берүү сот бийлигинин көз карандысыздыгын ого бетер алсыратат.

Мурунку юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов 2020-жылга чейин эле референдум аркылуу Конституцияны өзгөртүүгө болот деген ойдо. Анын пикиринде, мамлекетте зарылчылык жана талап болсо, андай кадамга баруу керек:

Алмамбет Шыкмаматов

Алмамбет Шыкмаматов

- Парламент референдумга алып чыгып, акимдерди премьер-министр түз дайындасын, сот реформасын жүргүзүү бүгүнкү күндүн талабы десе, буга барса болот. Албетте, Конституцияны өзгөрткөнгө болбойт деген каршы пикирлер чыгат. Ошон үчүн биз ачык коомбуз да. Бирок Конституцияны өзгөртүп, өзүбүздүн мамлекеттүүлүгүздү бекемдеп алуу биздин милдетибиз.

Алмамбет Шыкмаматов Конституцияны өзгөртүүгө чектөөлөр көбүнчө президенттин ыйгарым-укуктарын кеңейтүүгө, адам укуктарына байланыштуу бөлүмдөргө тиешелүү экенин кошумчалады.

5-майда Кыргызстанда Конституция күнү белгиленет. Бирок да ушул күндөрү жогоруда аталгандай, Конституцияны өзгөртүү боюнча жаңы аракеттер жүрүүдө. Жогорку Кеңештеги фракциялар өткөн жумада биргелешкен жыйын куруп, анда сунушталган өзгөртүүлөрдү бир катар талкуулады. Анда каршы пикирлер да айтылды. Эми Жогорку Кеңештин комитеттери долбоорду кароого киришет.

Өзгөртүүнүн демилгечилери парламенттик шайлоо менен биргеликте Конституция боюнча референдумду өткөрүүнү көздөөдө.

Жаңы өзгөртүүлөр президенттин, өкмөт башчынын жана фракция лидерлеринин ыйгарым - укуктарын бекемдөөгө багытталганы маалым.

Бирок Кыргызстанда Конституциялык реформа муну менен чектелип калбай тургандай. Анткени мамлекетте азыркы Конституция жоопкерсиздикти жаратты, ошондуктан өлкө таза парламенттик башкарууга же Америкадагыдай президент өкмөттү түздөн-түз башкарган бийлик системасына өтүш керек деген саясий күчтөр да бар.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG