Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:19

Социологиялык изилдөөнүн жыйынтыгы Кыргызстанда коррупциянын деңгээли жогору бойдон калып жатканын көрсөттү.

Изилдөө жүргүзгөн Baltic Surveys/The Gallup Organization уюму бирок мурдагы жылдарга салыштырмалуу жарандардын пара берүүгө мамилеси өзгөрүлгөнүн байкаган. Бийлик органдары болсо коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгы билиниш үчүн убакыт талап кылынаарын айтышууда.

Социологиялык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, суралгандардын 96 пайызы коррупция өлкөнүн негизги көйгөйү деп эсептеген. Сурамжылоого катышкандардын 90 пайыздан ашууну эң эле коррупциялашкан түзүмдөр катары МАИ, милиция, бажы жана жогорку окуу жайларын аташкан. Сот, прокуратура, салык жана каржы полициясы тармактары 80 пайыздан жогору көрсөткүч менен экинчи катарга чыккан.

Убакыт керек дешет

Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Рахматулла Ахмедов учурдагы коррупцияга менен күрөштүн натыйжасын байкаш үчүн убакыт талап кылынат деп эсептейт:

- Бир канча жылдан бери топтолуп калган ооруну бир канча айда дарылап, тазалоого мүмкүнбү? Албетте жок. Бул убакытты талап кыла турган маселе. Бирок бизде коррупцияга каршы мурда болуп көрбөгөндөй иштер жүргүзүлүп жатат. Бул боюнча биз маалымат даярдап, жакында жарыялайбыз.

2005-2010-жылдардагы бийликке каршы элдик толкундоолорго өлкөдөгү коррупциянын чырмалышып кеткендиги себеп болгон деп айтылып жүрөт. Бирок жаңы бийлик орногон эки жылдан бери деле жогорку деңгээлдеги бир дагы коррупционер кармалып камакка алынбаганы мисалга алынган. Мындан улам мамлекет башчысы Атамбаев жыл башында коррупция менен аёосуз күрөш жүргүзүү талабын койгон.

Президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов жакында тиешелүү органдардын жасаган ишинин жыйынтыгы бааланарын белгиледи:

- Президент менен өкмөт коррупцияга каршы күрөшкө артыкчылык берүүгө маани берип жатат. Бул боюнча коррупцияга каршы күрөш боюнча кызмат өз ишин баштаганы белгилүү. Буга эми сот тармагы кошулуш керек эле. Бирок сот тармагындагы реформалоо иштери аягына чыкпай турат. Бул боюнча иштин жыйынтыгы боюнча жакында баа берилет.

Системага каршы антисистема жок

Жогорку окуу жайларынын ректорлору алмашып, колу таза жана демилгелүү адамдардын жетекчиликке келиши деле билим берүү тармагындагы коррупцияга таасир этпей жаткандыгы баяндалган.

Бирок ОшМУнун ректору Каныбек Исаков коррупцияга каршы күрөштөгү тоскоолдуктарга карабастан жылыштар бар экендигин айтты:

- Биз коррупцияга каршы күрөшүү үчүн багыт алдык. Бирок ал жөн эле көйгөй эмес, бүтүндөй бир системага айланып калганына күбө болуп отурабыз. Бир катар тоскоолдуктарга карабастан ага каршы күрөшүү үчүн бир катар чараларды колдонуп жататбыз. Бул студенттерден сынак алуучу аудиторияларга жана кабинеттерге видео көзөмөлдөөчү жабдууларды орнотуу жана коомдук көзөмөлдү камсыздоо чаралары. Студенттердин билимин аныктоо үчүн компьютердик IBN системасын киргиздик. Негизинен муз ордунан козголуп, алгачкы жыйынтыктар байкала баштады.

Коомчулукта коррупцияга каршы бийликтин күрөшү үстүрттөн жүрүп, анын жыйынтыктары көпчүлүк учурларда майда “чабактардан” алыс кете албай жаткандыгы белгиленүүдө. Саясат таануучу Бакыт Бакетаев маселенин өзөгүн системалуу иш алып барылбай жаткандыгы менен байланыштырды:

- Жалпысынан күрөш баштадык дегени менен жыйынтыктуу иш алып баруу үчүн атайын стратегия болбой жатпайбы. Биринчи кезете коррупцияга шарт түзгөн мыйзамдарды өзгөртүү керек болчу. Андан кийин анан башка чараларды көрө берсе болот. Эгерде коррупцияга каршы күрөштүн башкы багыты аныкталбаса, анда башаламан боло берет. Иштин жыйынтыгы көрүнбөйт. Бийлик мына ушул жагдайды эске албай жатат.

2011-жылы коррупциянын деңгээлин изилдеген эл аралык Transparency International уюмунун баяндамасы боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү 182 мамлекеттин ичинен 166 орунга түшкөн. Бул деңгээл дүйнөдө эң эле коррупциялашкан Камбожа жана Гвинея өлкөлөрү менен бир катарда дегенди билдирет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG