Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Укук коргоочулар: Пирматов жоопко тартылсын


Коррупциялык аракеттерге аралашкан деп шектелген депутат Пирматовдун иши ырбап жатат. Бүгүн бир катар уюмдар аны калкалап калган парламентти сындап, бул ишти сот аркылуу чечүүнү талап кылып чыгышты.

Парламенттеги "Республика" фракциясынан депутат Исхак Пирматовдун иши күн өтө саясий жаңжалга айланып баратканын серепчилер белгилөөдө. Башкы прокуратура "Пирматов кезинде ири өлчөмдөгү каражаттарды жок кылууга катышы бар" деген күнөө менен кылмыш ишин ачып, суракка алуу үчүн депутаттык кол тийбестигин алуу сунушу менен Жогорку Кеңешке кайрылган. Бирок парламент басымдуу көпчүлүк менен прокуратуранын сунушун четке каккан.

Укук коргоочулар кеңеши депутаттар мыйзамсыз чечим кабыл алды деп билдирип чыгышты. Кеңештин мүчөсү, адвокат Нурбек Токтакунов:

- Конституцияда депутаттардын кол тийбестиги жөнүндө эки беренеден турат. Биринчиси, депутаттардын өзүнүн сүйлөгөн сөзү, добуш берүүсүнүн айынан куугунтуктоого тыюу салынган. Экинчиси, биринчи сүйлөм менен байланыштуу болуп, депутат кылмыш жоопкерчилигине көпчүлүк депутаттардын макулдугу менен тартылаары жазылган. Пирматовдун ишинде болсо, Исхак Пирматовду депутаттык иш-аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартуу каралган жок. Анын депутат катары коррупция жөнүндө, же кылмыштуу иштер тууралуу деле айтып чыкканын көргөн эмеспиз. Пирматов деген депутат бар экенин эми билгендер да аз эмес. Ошондуктан укук коргоочулар кеңеши Жогорку Кеңештин Пирматовдун кол тийбестигин сактап калуусун мыйзамсыз деп эсептейт.

Укук коргоочулар жана бир катар саясатчылар бул ишке парламент эмес, сот чекит коюш керек деген талапты жылдырууда.

Парламент: Башкы прокуратура күнөөлүү

Бирок парламенттеги көпчүлүк депутаттар укук коргоочулардын дооматтарын негизсиз деп баалап жатышат. Депутат Өмүрбек Абдрахманов Башкы прокуратура Пирматовдун айыптарын жетиштүү далилдей алган жок деп эсептейт:

- Жогорку Кеңеш Пирматовду күнөөлүү же күнөөсүз деген жыйынтык чыгарган жок. Жогорку Кеңеш Башкы прокуратуранын алып келген далилдери туура эмес деген жыйынтык чыгарды. Мындай чечимди бул ишти изилдеген комиссия менен катар эле бул иштин демилгечиси болгон "Ата Мекендин" мүчөлөрү да далилдей алган жок деп айтып жатат. Пирматовдун күнөөлүүлүгү тууралуу далил жок болсо кантип макулдук бермек элек?

Абдрахманов Исхак Пирматовдун иши чарбалык маселе болгонуна карабастан, ага саясий боёк берип жатышканын кошумчалады.

Ал ортодо Исхак Пирматов 2008-2010-жылдары жетектеген Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызнефтегаз” ишканасынын бир катар жумушчулары да окуяга карата пикирин билдирүүдө.

Ишкананын профсоюз уюмунун төрагасы Акунбек Раимкулов:

- “Юнитрейд” аттуу ишкана аркылуу жабдык, техникалардын баасын бир нече эсеге көтөрүп, 10 сомдук буюмду 50 сомго деп сатып келе баштаган. Экинчиден, “Кыргызнефтегаз” өндүргөн бензин, мазут, күйүүчү майларды 7-9 сомго чейин арзан баада сатып, өзүнүн “Кыргызмунай” аттуу фирмасы аркылуу кымбат сатып жүргөн. Бул боюнча бизде толгон факт-документтер бар.

Буга чейин Башкы прокуратура дал ушундай эле айыптарды коюп, бул схемадан мамлекетке 260 миллион сомго жакын чыгым алып келгенин жарыялаган эле. Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштерди тергөө башкармалыгынын башчысы Жаныбек Салиев Пирматовго койгон айыптарды төмөнкүчө тизмектеген эле:

- Исхак Пирматов ички ири акционердик коомдун жетекчиси болуп турганда күйүүчү май, солярка, мазуттарды төмөнкү баада сатып, ишканага жана өкмөткө ири өлчөмдө зыян келтирди деп айып тагылууда.

Чынында эле Пирматовдун иши саясий деңгээлге чыгып, аны калкалып калды деп парламенттин дарегине сындар жаап жатат. Ал турсун бул окуянын арты Жогорку Кеңештин тагдырына таасир этиши мүмкүн деген ойлор айтылууда. Бул боюнча саясий эксперт Марс Сариев:

- Бул маселе боюнча парламенттин аракети анын жүзүн ачты. Пирматовго байланышкан маселени да абдан тездик менен карай калууга шашылышты. Баарыбыз байкадык го, ошол күнү жыйынга Текебаев да катышкан жок. Бул да маанилүү нерсе. Бул нерсе парламентти тарашына жакындатып жактандай. Себеби депутаттардын коррупцияга каршы күрөшүү тенденциясынын жоктугунан кабар бергендей.

Башкы прокуратура ушул тапта депутат Пирматовду тергөөгө тарта албайт. Бирок кылмыш иши убактылуу токтотулганы менен кыскартылбасын, депутат өз мандатын тапшырган күнү иш кайрадан жанданат деп эскертти.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG