Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:01

Каптагаев: Бакиевдер баш ийбегендерди жок кылаарын даңазалаган


Эмил Каптагаев "Азаттыктын" студиясында, 26-сентябрь, 2011.

Эмил Каптагаев "Азаттыктын" студиясында, 26-сентябрь, 2011.

Президенттик администрация башчысы Эмил Каптагаев Медет Садыркуловдун өлтүрүлүшүн баяндаган "Кандуу жол" китебинин автору экенин ачыктады.

Президенттик администрациянын башчысы Эмил Каптагаев китепти эмне үчүн Эдил Кожошизи деген каймана ат менен жазганын, детективдүү баяндын жазылышына эмне түрткү болгонун, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Медет Садыркулов эмнени каалаганын "Азаттыкка" чечмелеп айтып берди.


Маектин биринчи бөлүгү




"Ак жолдон" - кан жолго

Бакиевдер мындан ары баш ийбегендерди өлтүрөбүз, өлгөндөн калганын камайбыз, жок кылабыз деген саясатка толук баш уруп, ошол жака өткөнүн даңазалап жарыялашты...

«Азаттык»: Эмил мырза, мурдагы бийлик тушунда президенттик администрация башчысы, хан сарайдын чыгаан саясий оюнчусу аталган Медет Садыркулов менен талдоочу Слепченконун табышмактуу өлүмүнө байланыштуу Ички иштер министрлиги жакында маалымат таратты. Бир топ шектүү адамдар кармалды, бир тобуна издөө жарыяланып жаткан. Алардын арасында Бакиевдер жана ага ылымсанаштар бар деп айтып жатышат. Эл арасында болсо «Кандуу жол» деген китептеги окуялар азыр дал келип жатат деген сөздөр да кадимкидей эле айтылып атат. Ал китепти Эдил Кожошизи деген ат менен Эмил Каптагаев эле жазыптыр деген сөз ошол эле кезде тараган. Чын эле ошол китепти сиз жаздыңыз беле?

Эмил Каптагаев: Ошол кезде, ошол кырдаалда Кыргызстанда абдан чукул бурулуш мезгил болду бийлик системасында. Анткени 13-мартта Садыркуловду, Слепченкону, шоопур Кубат Сулайманов деген баланы өлтүрүп, өрттөп жиберүү менен бийлик такыр башка тарапка өтүп алды. Алар мындан ары баш ийбегендерди өлтүрөбүз, өлгөндөн калганын камайбыз, жок кылабыз деген саясатка толук баш уруп, ошол жака өткөнүн даңазалап жарыялашты. Бул өздөрүнүн күчүн, бийлигинин жүзүн ачык алып чыкканынын белгиси болчу. Ошол шартта, 13үндө мен «Улуу Биримдик» партиясынын атынан дароо эле билдирүү тараткам, бул саясий буюртма өлүм, террор, ушул күндөн баштап саясатта, оппозицияда жүргөн ар бир инсан, ар бир саясатчы жана анын үй-бүлөсүнүн башына абдан чоң коркунуч туулду. Ушундай заман башталып атат деп унчукпай калбашыбыз керек, ачык айтышыбыз керек, бул режимге жок деп жалпы эл айтпаса, бул бийлик токтобойт деген ойду айткан элем. Ошол жерде өлүм табышмактуу болуп, машине менен машине урушуп ошол жерде өрттөнүп кетти деп айтылганы менен, эл ичинде бул боюнча абдан көп сөздөр болуп атты.

Ошолорду көрүп, угуп, ушул замандын, бийликтин, айрыкча Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн накта жүзүн ачып көрсөтүү максатында, бир топ адамдар менен сүйлөшкөм ал кезде, ошол эле Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев, Болот Шер, Элмира Ибраимова менен, ушундай ой болуп атат, бийликтин жүзүн ачып элге алып чыкпасак, бул бекемделип, тамырлап кетсе, анда Кыргызстандын келечеги жок деген ой менен ошол китепти 2009-жылдын июнь айынын ондорунда жарыкка чыгардым.


"Кандуу жол" кантип жазылган?


«Азаттык»: Сиз биринчи жолу элдин алдында тастыктап атат окшойсуз ушул китепти жазганыңызды? Китептин башында айтып атпайсызбы, детектив жанрында жазылган адабий чыгарма, эгерде кандайдыр бир нерселерге дал келип калса, бул жөн эле дал келүүчүлүк деп жазып атасыз. Ошол эле мезгилде бүгүнкү күндө Ички иштер министрлиги жарыялаган айрым сюжеттер менен сиздин детективдүү чыгармаңыздагы окуялар дал келип атат. Сизге ошол окуяны билген, балким жанында аргасыз жүргөн кишилер жашыруун келип айтып бердиби, кайдан алдыңыз ушул сюжетти?
Коомдук иликтөө комиссиясын түзүп, өз алдынча изилдөө кылып чыкпайлыбы десем баары качты бытырап, жанындагы досторунун баары Садыркулов деген атты айткандан коркуп качышты...


Эмил Каптагаев: Дал келип жаткан ар бир окуя, ар бир эпизод ошол кезде эл ичинде, айрыкча саясатчылардын арасында ачык эле талкууланып аткан. Ошол кездеги маалыматтардын эле жыйындысы. Бирок ушул бийлик өлтүрдү деп жазыш болбойт болчу. Анткени жалаа деген беренеге туура келмек, түздөн-түз бийликтин репрессиясына туш келүү коркунучу бар болчу. Бирок Эдил Кожошизи деген каймана ат менен болгон фактыларга таянып, мен өзүмдүн көз карашымда окуяны калыбына келтирип чыктым.

«Азаттык»: Сиз өзүңүздүн атыңызды жашырып, атайын ушундай кылышыңыз коопсуздукка байланыштуу гана болдубу?

Медет Садыркулов түшкөн автоунаа күйүп кетти делген жер, 2009-жылдын 13-марты.
Эмил Каптагаев: Сөзсүз түрдө. Биринчиден, коопсуздук. Экинчиден, ошол кезде ачык жазса, бул далилдердин бирин дагы мына далил деп көрсөтө албайт болчубуз да. Андай материалдар жок болчу колдо. Ошол кезде мен деле жакшы эле демилге көтөргөм, жакын жолдошторунан, мурдагы милиция кызматкерлеринен түзүлгөн коомдук иликтөө комиссиясын түзүп, өз алдынча изилдөө кылып чыкпайлыбы деп. Баары качты бытырап, жанындагы досторунун баары Садыркулов деген атты айткандан коркуп качышты.

«Азаттык»: Ал жерде Жаныш Бакиев жанында болгондугу, кыйноого катышкандыгы жөнүндө кылдат жазылган экен. Садыркуловду өлтүргөн маалда чын эле Жаныш Бакиев болгон деп ойлойсузбу?
Дагы бир төбө чачты тик тургуза турган мыкаачылык жатканынын белгиси - сөөктөрдү күлү калганча аябай дыкат өрттөгөндө болуп атпайбы. Бул башка кылмыш иштеринин изин жашырууга кылган аракет...


Эмил Каптагаев: Ал тастыкталды, жакында ички иштер министри Ырсалиев, анын орун басары Турганбаев деле айтып чыкты, азыркы тергөө, иликтөө иштери көрсөткөндөй Жаныш Бакиев ошол жерге барган, бир саатча сүйлөшкөн, анан өзү баш болуп кыйнап, өлтүрүүгө катышкан деп айтып атпайбы. Бирок эки жыл мурда китепке ал жазылганы, бул жөнөкөй эле ой жүгүртүү менен чыгат, эгерде жөн эле Садарыкуловду өлтүрүп эле коюу болсо, анан аны тоонун ичине алып барып өрттөп, машинесин коктуга түртүп ийгенге аракет жасалбайт болчу. Атып салып эле, же башына темир менен чаап өлтүрүп коюшмак. Бул жерде өлүмүнүн артында дагы бир терең төбө чачты тик тургуза турган мыкаачылык жатканынын белгиси - сөөктөрдү күлү калганча аябай дыкат өрттөгөндө болуп атпайбы. Эмне үчүн сөөгүн өрттөйт? Бул башка кылмыш иштеринин изин жашырууга кылган аракет.

«Азаттык»: Садыркулов башын сайып, 2005-жылы Бакиев бийлиги келгенден кийин «Ак жол» партиясын түзүп, өзү «Менин өлкөм» партиясын кошуп туруп жанын сабап иштеди эле да. Анан Садыркулов Бакиев кландарынын бири-бири менен пикир келишпей, каршылашышынан ушундай тагдырга туш келип калдыбы?

Эмил Каптагаев: Бул жерде Бакиевдер бийликтин аркасы менен аябай киришип топтоп аткан байлыктан коркуп кетип, жалпы Бакиевдер биригип жасаган кылмыш бул. Ал эми китепте сүрөттөлүп аткан ички үй-бүлөлүк мамилелер аркылуу ушулардын жүзүн көрсөтүү аракети гана болгон.

Медет Садыркулов

«Азаттык»: Садыркуловдо кандайдыр бир документтер болгонбу? Ушундай сөздөр абдан көп айтылып атат. Мисалы, Сыргак Абдалдаев деген четте жүргөн журналист бизге интервью бергенде ушуну тастыктоого аракет кылды. Сиз кандай деп ойлойсуз?

Эмил Каптагаев: Мен эмне документ бар экенин билбейм. Анткени 12-мартта, өлөөрдөн мурунку күнү Садыркулов менен жолугуп бир жарым сааттай сүйлөштүк, ага чейин Садыркулов менен андай деле жакын мамилем жок болчу. Администрация башкарып турганда мени чакыртканынан барсам, кысып, балам, үй-бүлөм менен коркутуп, оппозициядан кет деген аракеттерди да жасаган, бирок Садыркулов өзү мамлекеттик ишмер катары мамлекетти бекемдөөгө кылган аракети бар болчу. Ошол эле Бакиевдин бийлигинин чыңдоого жасаган аракети, Бакиевди чыңдап, анын аркасы менен өзүнүн кызыкчылыгын көздөгөн жок болуш керек.

Ал Бакиевдин бийлигин чыңдоодо кайра Кыргыз мамлекетин бышыктоо, Бакиевдин жеке бийлиги күчтүү болсо, ал президент катары күчтүү дараметтерге ээ болсо, мамлекетти өнүктүрүп кетүүгө өбөлгө түзүлөбү деген ой менен жасаган деп түшүнөм. Анткени 12-мартта эртең менен жолугуп сүйлөшүп атканда, “мен аракет кылдым, болгон жок”, - деп айтты. Бакиев президент катары өзүнүн инилеринин, балдарынын сөзүнөн чыгалбайт экен. Алар болсо такыр тескери кетти. Ошон үчүн биз системаны өзгөртүшүбүз керек деген сөз айтылды ошол жерден. Анан мен ачык сурадым, системаны өзгөртүп Бакиевдердин режимин алмаштырууга көзүңүз жетеби десем, жетет деп айтты.


Садыркулов эмнени көздөгөн?


«Азаттык»: Сүйлөшүүдө анын жолдорун сунуш кылган жокпу? Мисалы сиздин китебиңизде Жакен Кибаев сен төңкөрүш уюштуруп аткан турбайсыңбы деп кыйнап атпайбы.

Эмил Каптагаев: Медет Садыркуловдун жолу ачык эле болчу. Ал ушундай жолду сунуш кылып аткан, оппозицияда бир топ - Бириккен элдик кыймыл бар болчу. Элдик кыймылга кирбеген, бирок Бакиевдердин саясатына нааразы болгон, жактырбаган көп күчтөр бар болчу. Алар коркуп унчукпай жатышты. Ошол эле «Ак жол» партиясынын ичинде да күчтөр бар деди. “Ушул конструктивдүү ой жүгүрткөн, конструктивдүү багытка аракет кыла турган күчтөрдүн баарынын башын бириктирсек системаны сындырабыз, муну бириктирүү механизми бар, мен баары менен сүйлөшүп атам, бириктирүүчү инсан катары ортодо сүйлөшүү жүргүзүп, баарынын башын коштуруп берейин, анан калганы саясий кырдаалга карата, биз аракет кылсак жеңебиз”, - деген сөздү айтты.

«Азаттык»: Бул төңкөрүш жолу деп эсептесек болобу?

Эмил Каптагаев: Жок, бул төңкөрүш жолу эмес, бийликке ишеним көрсөтпөө, элдин жалпы нааразычылыгын туудуруу жолу болчу. Ал жерде экөөбүз сүйлөшүп отуруп, мындай дагы нерсе талкууланган, ким лидер болуп ушуну башында тура алат деген ачык эле сөз болгон. Бир лидер көтөрүп чыгалбайт, бул жерде ар кандай күчтөрдү бириктирген 7, же 8 кишиден топ болуш керек, эл астында мамлекет үчүн, эл үчүн, келечек үчүн жоопкерчиликти алып чыгыш керек деген сөз болгон. Биз биригип эл үчүн кыянаттык кылып аткан бийликке, ушул режимге каршы чыгабыз, элдин таламын коргой алабыз деп айтышы керек болчу. Ушундай күчтүн бири болуп Бириккен элдик кыймыл түзүлүп калган. Анан Садыркулов силердин кылып аткан аракетиңерди толук колдойм деп айтты.

«Азаттык»: Садыркулов Алматыдан абдан чоң колдоо алганы барыптыр, көп акча алыптыр деген имиш сөздөр көп жүрөт элдин оозунда. Садыркулов Казакстанга эмнеге баратканы тууралуу сүйлөштүңүздөр беле?

Эмил Каптагаев: Ал Казакстанга барам деп айткан эмес. Бирок коштошуп атканда бир сөз айтты, Эмил азыркы сүйлөшүүбүз алдын ала эле сөз болсун, эки күндө табам, ишемби күнү жолугабыз, ошондо келечектеги биргелешип иштей турган иш жөнүндө чоң сөз болот деп.

«Азаттык»: Демек оппозиция менен жолугушуу жөнүндө сөз кылып атат да?

Эмил Каптагаев: Менин билишимче, бардык оппозициянын лидерлери менен дээрлик жолугуп бүткөн.

Жаныш Бакиев Жалал-Абаддын Тейит айылында, 2010-жылдын 10-апрели.
«Азаттык»: Жаныш Бакиев «Кандуу жолдо» абдан канкор генералды элестетип атат окурманга. Сиз өзүңүз Жаныш Бакиев менен жолугуп сүйлөшүп көрдүңүз беле, ал кандай таасир калтырды сизге эгер жолуксаңыз?

Эмил Каптагаев: Мен бетмаңдай сүйлөшүп көргөн эмесмин. Сыртынан билем. Бир жолу Чолпон-Атадагы семинарда жолугуп калгам, учкай эле саламдашып, бирок сүйлөшүп көргөн эмесмин.

«Азаттык»: Капатагаев ушул китепти жазган үчүн бир өлүмдөн калды деп Элмира Ибраимова бир интервьюда айтып атат. Бакиевдер ушул китепти жазганыңызды билип калганбы?

Эмил Каптагаев: 2009-жылы 10-13-июндарда чыкты бул китеп. Ошондон 10 күн өтпөй эле, 19-июнь күнү мени зордоп, күч менен уурдап алып кетишкен. Аны мен 2009-жылкы июлдун 15инде атайын маалымат жыйын өткөрүп, айтып, сүрөтүнөн бери көрсөтүп бергем. Анткени 19унда түнү менен сабап, мени сындыруу аракети болду болуш керек. Таңга жуук аэропорт жактагы буудай талаасына таштап кетишкен, тирүү калтырышкан, эч кандай талап коюшкан эмес, «эмне үчүн болуп атканын билесиң» деген бир гана сөз айтышкан шыбырап.

«Азаттык»: Сиз жүзүн, үнүн билбейсиз?

Эмил Каптагаев: Билбейм аларды.

«Азаттык»: Канча киши эле?
Тирүү калтырганы, биринчиден Кудай колдоду, ажал айтпаса эч жандын жаны чыкпайт да. Экинчисинен ойлойм, ушул эле китеп мени тирүү алып калды...


Эмил Каптагаев: Үчөө болчу, дагы жандарында бар болуш керек. Мени кармаган машинеде үчөө болчу.

«Азаттык»: Сизди эмне үчүн тирүү калтырды деп ойлойсуз?

Эмил Каптагаев: Тирүү калтырганы, биринчиден Кудай колдоду, ажал айтпаса эч жандын жаны чыкпайт да. Экинчисинен ойлойм, ушул эле китеп мени тирүү алып калды. Мен муну азыр ачык эле айтып атам. Анткени китептеги сүрөттөмө болгон окуяга дээрлик толук дал келип атканы. Азыр деле жоромол айтып атышпайбы, өлтүрүүгө катышкандар маалыматты сатып ийсе керек, же айтып койду болуш керек деп. Менин оюмча, ошол кезде деле Бакиевдер деле талдап көрүп, муну Каптагаев өзү жазалбайт болчу, бул жалгыз кишинин колунан келбейт, арабыздан маалыматты берген киши бар, ошону табыш керек деп иликтеп, менин артымдан аңдып, мени уурдап кеткенде деле менин жанымдагы телефонумду, ноутбукту карап, кагаздар, документтер болсо ошондон илинчек табабызбы деген аракет кылган болуш керек деп ойлойм. Эгерде мени өлтүргүлөрү келсе ошол түнү өлтүрүп көмүп койсо эч ким билбей калмак, Каптагаев жоголуп кетти деп эле калышмак.

«Азаттык»: Өлтүрүлгөн кишилер аз болгон жок ал учурда, ар кандай себептерди айтып жатышат. Мисалы Руслан Шаботоев, Жыргалбек Сурабалдиев, Баяман Эркинбаев, Санжар Кадыралиев... элдин оозундагы кишилер жок болуп кетишти. Ошолорду өлтүргөн адамдар табылабы, кандай деп ойлойсуз?

Эмил Каптагаев: Жакында ички иштер министри ачык эле айтпадыбы, Руслан Шаботоев менен Санжар Кадыралиевдин өлтүрүү боюнча иши ачылат деп. Менин оюмча, илинчектер, маалыматтар болуш керек. Кыргызстандын ичинде Бакиев заманындагы бардык киши өлтүрүүлөрдү бир эле топтогу адамдар жасаган. Менин оюмча, азыркы Садыркуловду ушунчалык мыкаачылык, кыянатчыл, канкордук менен өлтүргөн адамдар эле башка өлүмдөргө түз тиешеси бар деп ойлойм.


Руслан Шаботоевде кандай сыр бар эле?


«Азаттык»: Руслан Шаботоев 2005-жылы Ак үйдө комендант болуп турган экен. Анда абдан маанилүү маалыматтар бар болчу деп айтышат. Анда эмне маалымат болушу мүмкүн эле. Экинчиси, Шаботоев менен Садыркуловдун ортосунда кандай байланыш болушу мүмкүн?

Эмил Каптагаев: Шаботоев менен Садыркуловдун ортосунда кандай байланыш бар экенин билбейм. Бирок Шаботоевдин өлүмүн Бакиевдерге түз эле байланыштырып айтып жүргөн сөз бар болчу элдин ичинде. Анткени Шаботоев Ак үйдө комендант болуп турганда, аягы чыкпай кеткен үч маселе бар, элдин сөзү боюнча. Ак үйдө чоң суммадагы акча, документтер, абдан көп санда курал бар болчу. Ушул үч нерсеге байланыштуу болушу мүмкүн.

Руслан Шаботоев
«Азаттык»: Убактылуу өкмөт жалпысынан Бакиевдерди кармагысы келсе кармамак деген сөз көп эле айтылып жүрөт. Кармай албай калганына Убактылуу өкмөттүн өзүндө ынтымактын, биримдиктин жоктугу себеп болду деп айтып жүрүшөт. Сиз кандай ойлойсуз, эмне үчүн кармалган жок?

Эмил Каптагаев: 7-8-9-10-апрель күндөрүнөн баштап, апрель, май ичиндеги Бишкекте болуп аткан окуяларды элестетиш керек ал үчүн. Бийлик колдон-колго бере койгон камчы, же таяк эмес да. Убактылуу өкмөт 7-апрелде мамлекет, эл үчүн жоопкерчиликти мойнуна алганы менен Убактылуу өкмөттө бийлик жок болчу. Ошол эле милиция кызматкерлери 100% Бакиевдер чогулткан адамдар, коопсуздук кызматы 100% ошолор ишенип кызматка койгон адамдар. Өзүлөрүнүн кишилери туруп, 7си күнү тополоң болуп атса эртеси 8-9унда эмне болот, жоопкерчиликти алган 14 киши 10-11инде тирүү калабы, калбайбы, белгисиз болуп турганда, тигини, же муну карма десе кармабайт да болчу, кармабай эле койду. Мына ошол эле азыр кыйын болуп, тыкылдап сүйлөп аткан Артур Медетбеков кетти го Жалал-Абадга командир болуп, ошол Бакиевдерди Жалал-Абаддан Ошко, Оштон Жалал-Абадга артынан, астынан узатып эч нерсе кылган жок, кармаган жок. Ал эми чоң Бакиев учак менен учуп кетип атканда ошол жерден Жаныш Бакиевди кармаш керек деген буйрукка баш ийбей, генералдык сөзүн берди, эртең өзү келип берет деп коё берген Медетбеков болчу. Бүт баары өзүлөрүнүн кишиси болчу.

Жалал-Абадда бүгүнкү күнгө чейин Бакиев келсе тикесинен туруп “честь” берип “кызматыңызга даярбыз” дей турган милиция кызматкерлери толтура. Ошондой прокуратура кызматкерлери да толтура. Бүгүн да отурушат алар. Ошол заманды көксөгөн адамдар Жогорку Кеңеште да, бардык жерде отурушат. Анан кармагысы келсе кармап, кармагысы келбесе кармабай калды деген туура эмес. Кудайга шүгүр деш керек. Ушул бир жырым жыл ичинде абал турукташып, экономикалык абал кыйрап кетпей, кайра өсүүгө жетип, айлык акылар, пенсияларды көбөйткөнгө жетишип, Конституциялык реформа, Жогорку Кеңештин шайлоосун тынч өткөрүүгө жетишип, бийликти кайра легитимдештирүү процесси демократиялык нукта барып атканына кудайга шүгүр дешибиз керек.

«Азаттык»: Азыр Бакиевдер кирип-чыгып атат деген маалымат канчалык сизди ынандыра алат?

Эмил Каптагаев: Кирип-чыгышы мүмкүн. Анткени Жаныш Бакиев ушул эле Тажикстанда жүрөт деген сөз бар. Ал өзү жеке наркобарондор менен бирге наркотрафикти көзөмөлдөп, баңгизаттарды ташыгандардын башында турган да. Ошол эле кылмышкерлер менен бүгүн деле чогуу жүрүп, кейпин өзгөртүп, башка документ менен келип-кетип атышы мүмкүн. Ошол эле жергиликтүү милиция кызматкерлери бүгүн деле келип-кеткенине жардам берип атышы мүмкүн. Муну жок деп айтыш кыйын азыр.


Садыркулов иши менен шайлоонун байланышы барбы?
Маектин экинчи бөлүгү




«Азаттык»: Дагы бир маселе Садыркуловго байланышкан. Бул абдан чоң чуулгандуу окуя болуп атат го, ачылып аткан кылмыш иши. Негизи ушул кылмыш ишин тергөөнүн сырын сактабай, азыркы бийлик жарыялап коюп дагы бир калпыстык кетирди, Бакиевдердин куйругу биротоло үзүлүп, кармалбай калышы мүмкүн деп кээ бир журналисттер азыр жазып жатышат.

Эмил Каптагаев: Муну ошол эле Бакиевдердин акчасын алган журналисттер жазышы мүмкүн. Анткени баягы күнкү пресс-конференцияда көрүнүп турбайбы. Биринчи кылмыш болгону аныкталды, кантип кармашкан, кантип өлтүргөн, ошого тиешеси бар адамдар бүт камалды. Генерал Турганбаев бул биринчи этабы деп айтпадыбы. Түз өлтүргөнгө катышкан милиция кызматкери жана Жаныш Бакиев качып жүрөт, калгандары бүт камалды.

Эми экинчи жагы бар да. Ошол кылмышты жаап-жашырууга катышкандар, ошону сылап-сыйпап элге тескери көрсөткөнгө катышкандар. Булар да кылмышкерлер. Бул экинчи этабы. Бул боюнча тергөө, иликтөө иштери астыда. Ошол кезде өкмөт мүчөлөрү, президент, президенттин жанындагы кызматкерлер бар болчу. Ошол кездеги прокурор, анын кызматкерлери бар болчу. Мамлекеттик кызматта отуруп, тергөө иштери кандай болуп атат, эмне үчүн автокырсыгы деп эле токтоп калдыңыр, башканы да карабайсынарбы деп сурап койчу кишилер толтура болчу. Ошол кезде Жогорку Кеңеште Роза Отунбаева, Иса Өмүркулов КСДПдан депутат катары кайра-кайра чыгып атты го, “токтогулачы, эмне үчүн эле бир беткей карап атасынар, башка жактарын да карабайсынарбы, эмне үчүн бул маселеге көңүл бурбай атасынар”, - деп Жогорку Кеңештин трибунасынан сүйлөп атышты го. Ошондо дагы микрофонун өчүрүп, сөз бербей, оозун жаап атышты да алардын. Садыркуловдун өлүмүн тескөө боюнча депутаттык комиссия түзгөңдө КСДПдан киши киргизбей коюшпадыбы.
Мындай ишти чегине жеткирип дароо чечпесе, кичине эле маалымат чыгып кетсе, баары бытырап качып кетсе, эртең такыр ачылбай калмак...


«Азаттык»: Азыр алдыда чоң саясий окуя күтүлүп атат, президенттик шайлоо келатат. Ушундай учурда кээ бир саясатчыларды жаманатты кылуу аракети болушу мүмкүн деген да пикирлер бар. Шайлоо алдында атайлап жарыяланды деген пикирге кандай карайсыз?

Эмил Каптагаев: Убагы, ыгы ушуга келди. Эгерде азыр басып отуруп алса, шайлоо бүтсүн деп, анда кайра күнөөнүн баары ички иштер министрлигине келет, силер эмне үчүн басып отурасыңар, аны убагында ачып, убагында камабаганынан шайлоонун тополоңунан пайдаланып тигилер, булар качып кетти дейт. Мындай ишти чегине жеткирип дароо чечпесе, кичине эле маалымат чыгып кетсе, баары бытырап качып кетсе, эртең такыр ачылбай калмак, же болбосо далилдерди жоготуп койсо ошого катышы бар кишилердин эки-үчөөн өлтүрүп кетиши мүмкүн болчу. Бүгүн камакта отургандар кудайга ыраазы болуш керек, баштары аман калып, азыр тирүү отурушат. Эгерде ушул кылмыш иши ачылып баратат дегенди шекшип калса Бакиевдер киши жиберип, ар бирин бирден мууздатып салышы мүмкүн болчу да, такыр маалымат жок калсын, эч нерсе билинбей калсын деп. Мындай дагы коркунуч бар болчу. Азыр убагында ачылып, убагында жарыя болбосо анын жоопкерчилиги да чоң.

«Азаттык»: Сизде азыр дагы китеп жазуу планыныз барбы?

Эмил Каптагаев: Жок, тилекке каршы азыр менде китеп жазганга убакыт жок. бирок ошол кездеги кырдаал мажбур кылды, муну ачып, айтып көрсөтпөсөк эл билбейт болчу. Мыкаачылык өлүмдүн кандай болгонун сүрөттөп көрсөтүшүбүз керек болчу, ушул сүрөттөө аркылуу биз Бакиевдердин бийлигинин жүзүн көрсөтүшүбүз керек болчу. Мындан ары келечекте бийликтин жаман иштерин айтып чыга турган адамдарды кандай тагдыр күтүп турганын да айтып чыгышыбыз керек болчу.

«Азаттык»: “Кандуу жолду” кайра басып чыгарасызбы?

Эмил Каптагаев: Азыр басылып чыгып атат. Аны менден сурабай эле басып атышат. Анткени анын автору жок сыяктуу, каймана ат менен да. Буга чейин деле мен билгенден аз-маз нускада чыгарып, сатып, пайдасын көрүп жүргөн кишилер көп эле.

«Азаттык»: Сизге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG