Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:30

Абдылдаев: Садыркуловдо “бомбага” тете материал бар эле


Сыргак Абдылдаевдин Кыргызстандан качып чыгып, Алматыны башпааналап жүргөн учуру, 2009-жыл.

Сыргак Абдылдаевдин Кыргызстандан качып чыгып, Алматыны башпааналап жүргөн учуру, 2009-жыл.

Учурунда өлкөдөн чыгып кеткен журналист Сыргак Абдылдаев кол салууга кабылышы боюнча буга чейин ачыкка чыкпаган жагдайларды айтып берди.

Журналист Сыргак Абдылдаев 2009-жылдын 3-мартындагы кол салууда 29 жерине бычак жеп, оор абалда ооруканага түшкөн. Абалы бир аз жакшырып, ооруканадан чыккандан кийин да коркутуулар токтобогондуктан өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болгон.

Сыргак Абдылдаев азыр да чет өлкөдө. Ал бул кол салуунун түбү Медет Садыркулов менен байланышына жана анын колундагы жашыруун документтерден кабардар болгонуна барып такалаарын айтат. Журналист дайынсыз жоголуп, кийин сөөгү табылган ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шаботоевдин өлүмү боюнча да мурда коомчулукка белгисиз болуп келген маалыматтарды ачыктады.


Маркум Руслан Шаботоев менен президент Бакиевдин чатагы


“Азаттык”: Сыргак, сизге маркум Медет Садыркуловдун өлүмүнүн тегерегинде чыккан соңку маалыматтар жаңылык алып келдиби?

Сыргак Абдылдаев: Карасаңыз, мага 3-март күнү кол салышты, өлтүрүүгө аракет кылышты. Ал эми Медет Садыркуловду 12-марттын түнүндө. Ортодо 9 эле күн айырма. Эми кунт коюп угуп туруңуз. Мени убагында Садыркулов менен байланышка маркум Руслан Шаботоев чыгарган. Мен ал кезде КСДП партиясынын парламенттеги фракциясынын секретариат башчысы болуп иштеп аткам. Шаботоев экөөбүз бала чактан бери тааныш элек. Руслан менин жакын туугандарымдын маңдайдагы коңшусу болчу. Кичинекейибизден чогуу ойноп өскөнбүз. Ал мага жашырбай баарын айтып берчү. Руслан мурдагы президент Бакиев менен чатакташып кеткенин айтып берген. Ал өлөөрүнө бир жума калганда Курманбек Бакиев менен жолугушкан.
Дал ошол материал, документтердин айынан Руслан Шаботоев өлтүрүлгөн деп ишенем. Ал документтерди көргөндөн кийин “ишим бүткөнүн” түшүндүм...


“Азаттык”: Эмне болуп чатакташты эле экөө?

Сыргак Абдылдаев: Азыр тергөө жүрүп жаткандыктан көп нерсени айта албайм, туура түшүнүңүздөр.

Руслан Шаботоев дайынсыз жоголгондо мен бул окуянын артынан түшүп иликтей баштагам. Мени менен бир эле убакта дагы бир полковник (КСДПдан) бул ишти бейрасмий каза баштаган. Русландын өлүмүн иликтей баштап, кайсы бир жерге жеткенде андан ары казган өтө кооптуу экенин түшүндүм.

Русландын эжеси мага кайрылып, интернет сайт ачып Русланды издейли деп калды. Мен ал кезде Руслан тирүү эмес экенин, анын көзүн эмне үчүн тазалагандарын да билип калгам. Бирок эжесине кантип айтат элем? Айтчу болсом, мени ошондо эле бийликтегилер жок кылышмак. Ошондуктан эжесине “макул” деп жооп бердим. Сайт даярдалып бүтүп калганда маселе акчага барып такалды.

Руслан Шаботоев, сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Тааныштарым аркылуу Казакстанда жардам берчү кишилер табылат деп угуп аларга кайрылдым. Сайтты ачууга көп болсо 1500-2000 АКШ доллары керек болчу. Казакстанга бараарын бардым, бирок сүйлөшүү майнапсыз болду. Көңүлүм сууп, болбой калды деп кайтып келдим. Бирок ошондон көп узабай мага күтүүсүздөн эле Слепченко телефон чалып, жолугушууну сунуш кылды.

“Азаттык”: Кайсы Слепченко? Тактай кетсеңиз.

Сыргак Абдылдаев: Садыркулов менен кошо өлгөн Сергей Слепченко. Жолукканда эле ал мага “эмне кылып жүрөсүң, иштериң кандай, Казакстандагы ишиң бүтпөй калганы жаман болду” деп айта баштады. Мен бул менин Казакстанга барганымды кайдан билет? - деп аябай таң калдым. Мен ал тууралуу эч кимге айткан эмесмин. Бирок Слепченко билет экен, демек алардын Казакстан менен байланышы бар деп аңдадым. Аны менен сүйлөшкөндөн кийин аябай бир чоң оюнга кирип алганымды сездим. Кесепеттери өтө коркунучтуу болорун да түшүндүм. Бирок ошол маалда киши колдуу болуп өлгөн Шаботоев жана башкаларды эстеп, кадимки бир Мекен үчүн, адилеттик үчүн ойлорум, жөнөкөй бир адамдык парзым үстөмдүк кылып, “макул, мен колдойм” деп таккесе айттым.


Медет Садыркулов менен байланыш


“Азаттык”: Анан Садыркулов менен жолугуп сүйлөштүңүз?

Сыргак Абдылдаев: Үй-бүлөм, балам бар, эртең мен бирдеме болсом, аларга ким жардам берет деп сурадым. Слепченко булардын баарын Медет Садыркулов менен жолукканда ачык айтып сүйлөш деди. Садыркулов менен эки эле жолу кездештим. Биринчисинде ал бир жакка шашып бараткан экен, шашып-бушуп эле сүйлөштүк.
Садыркулов “эми өзүң жакшылап ойлон. Бирок Курманбек Бакиевдин бийлиги ушул май айына жетпей жок болот, кепилдик берем”, - деп жооп берди...


Экинчи жолу кезиккенде мен “баарын ачык, так сүйлөшөлү” деп дароо эле кесе айтып, сүйлөшүү катаал мүнөздө өттү. Анткени мен Садыркуловду жакындан таанычу эмесмин. Эмне үчүн ал мени тандады деп кийин ойлосом, убагында Руслан Шаботоев да ага мен жөнүндө айтса керек. Иши кылып биздин жолугушуу февралдын аягында болду, ага Слепченко да катышты. Садыркулов мага оппозициячыл сайт ачалы деп сунуш кылды. Мен үй-бүлөм менен Казакстанга көчүп кетип, ошол жакта отуруп алып, сайт аркылуу Бакиевдерди “бомбаламай” болдум. Кандай материалдар жарыяланат? – деп сураганда алар мага көрсөткөн документтер ушундай бир “бомба” экен. Чынын айтсам, ал “бомба” Бакиевдерди саналуу күндөрдө жок кылмак.

“Азаттык”: Коомчулукка ал материалдар жарыяландыбы азыркыга дейре?

Сыргак Абдылдаев: Жок, коомчулук аларды көрө элек. Дал ошол материал, документтердин айынан Руслан Шаботоев өлтүрүлгөн деп ишенем. Ал документтерди көргөндөн кийин “ишим бүткөнүн” түшүндүм. Мени булар Казакстандан деле таап жок кылышат деп ойлобойсуңарбы? – деп сурасам, Садыркулов “эми өзүң жакшылап ойлон. Бирок Курманбек Бакиевдин бийлиги ушул май айына жетпей жок болот, кепилдик берем”, - деп жооп берди. Анын алдында мен азыркы бийликте турган лидерлер менен тыгыз байланышта элем, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү болчумун. Алардан Медет Чоканович ошол кездеги оппозиция лидерлери менен кеңешип сүйлөшкөнүн уккам. Анда оппозициячылар “макул, чогуу бололу” деп айтышкан экен. Медет Садыркулов – сейрек кездешүүчү өтө мыкты уюштуруучу эле. Мен Казакстанда деле мени таап алышат деп коркконумду айтсам, ал “мен сага тийиштүү адрестерди берем, ал жакта жашынып жата бересиң, эч ким таппайт. Сени кайтарышат” деп жооп берди.
Медет Садыркулов Бакиевдин бийлигинин мыйзамсыз, жашыруун иштерин билген жана ал системаны кантип талкалоо керектигин ойлонуп койгон. Анын колунан көп нерсе келмек. Шаботоевдин колунда да коркунучтуу документтер бар болчу. Ошон үчүн өлтүрүлдү алар. Эгерде ошол документтер Бакиев бийликте турганда ачыкка чыкса, бомба жарылганга эле барабар болмок...



“Азаттык”: Эмне үчүн дал сиз менен байланышты деп ойлойсуз?

Сыргак Абдылдаев: Үйгө келип алып эмне үчүн мени тандашты деп аябай ойлондум. Чынында мен көпчүлүккө таанымал бир аты чыккан журналист эмес элем. Бул жагынан да ыңгайлуу болуптурмун. Садыркулов мени КГБнын бир кездеги башчысы, генерал Асанкулов менен иштеген кезимден бери билчү. Маалыматты, айтылган сөздөрдү ичиме катып, сыртка чыгарбаарымды билген.

Ошентип февралда Садыркулов менен жолуккандан бир нече күн өтпөй артымдан катуу аңдый башташканын сездим.

“Азаттык”: Кандайча сездиңиз?

Сыргак Абдылдаев: Эми чынында артымдан профессионал эмес аңдыгычтар коюлганын оңой эле байкай алдым. Дайыма артымдан таанымал эки машине, анын ичинде баягы эле өңү тааныш адамдар. Иши кылып, артымдан катуу аңдый баштаганын даана эле билдим. Медет Садыркулов менен болсо, 10-марттан кийин жолугабыз, акчаны аласың да Казакстанга кетесиң деп сөз бекитиштик. Сайт XXI кылым деп аталмак.

“Азаттык”: Кабарчы алмак белеңер жумушка, маалыматты кайдан алмаксыңар сайтка?

Сыргак Абдылдаев: Кабарчылардын кереги жок болчу бизге. Анткени Садыркуловдордун колундагы материалдар жарым жылдай сайтка улам жаңыртып жарыялап турганга жетмек. Бирок ага жетпей биринчи мага кол салышты. 13-мартта Садыркуловдун көзүн тазалашты. Менин денемдин 29 жерине бычак сайып, колу-бутумду сындырышты. Тез жардам машинеси бир аз эле кечиккенде ошол жерде жан бермекмин.


Кол салуу кандайча болгон?


“Азаттык”: Анда 2009-жылдын 3-март күнкү кол салууну кененирээк эскере кетпейлиби?

Сыргак Абдылдаев: 3-март күнү мен укук коргоочу Чолпон Жакуповадан интервью алганы бардым. Ошол жерден эле артымдан аңдып жүрүшкөнүн байкадым. Телефондорум тыңшалчу, баягы эле кара машине артымдан калбай аңдып келатты. Бир убакта эле аялдамага келсем, ал машине жок болуп калды. Ошондо булар бирдеме даярдап атышат деп ойлосом болмок. Эмне болуп кетет деп ойлосом керек, өзүм иштеп аткан редакцияга барып, кесиптештериме менин артымдан аңдып жүрүшөт деп айттым.
Бул менин өлүмгө экинчи жолу тике карашым эле. Ага чейин Ооганстанда аз жерден аман калгам, ошондуктан ушундай кол салууну салкын кандуу, коркпой тике карап баштан кечирдим...


“Азаттык”: Алар сиздин Медет Садыркулов менен байланышыңыз бар экенин билишчү беле?

Сыргак Абдылдаев: Жок, кайдан. Аны эч кимге айткан эмесмин. Ал ишибиз тууралуу мен, Садыркулов жана маркум Слепченко үчөөбүз эле билчүбүз. Ошондуктан кесиптештерим “койчу эми, баягы эле сөздөр го” дегендей кабыл алышты. Кечки 7лерге жакын мага белгисиз бирөөлөр телефон чалып, АКШнын аба базасы тууралуу бир маанилүү документтерди беребиз, жолугалы дешти. Журналисттерге мындай телефон чалуулар көп эле болот, өзүңөр билесиңер. Макул деп кечки 7де жолугушчу жерге бардым. Тоголок Молдо менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде киши көп эле экен – таксисттер, жолдун ары жагында студенттер, киоскто бирдеме саткан аялдар – айтор, киши көп эле экен. Машинелер да тынбай өтүп атышты. Көчөнүн аркы бетинде эки милиционер турган, азыркыдай эсимде. Бир аз кечигебиз деп кайра чалышты. Ошондо менин телефондон аларга жооп берип атканымды карап текшерип турушса керек.

Саат 7-15терде арт жагымдан бирөө чакырды. Бурулганымда эле катуу сокку жедим. Колумду бурап, ар тараптан муштап тээп, менин көз айнегим ыргып кетти. Тизелеп жыгылганымда ар тараптан бычак сайгылап киришти. Наркомандарбы билбейм, эч бир айоо сезими жок болчу аларда. Мен колумдан келишинче коргонуп, бир убакта ордуман турсам, сүлгүгө таш ороп алып урушат ко, ошондой бир катуу сокку жедим башыма. Ошондо жерге кулап түштүм. Бүттү, өлөт деген ушул экен дедим, бирок денемдин эң кооптуу жерлерин калкалап, бычакты көбүнчө буту колума сайгылап калышты. Ошентсе да күчүмдүн баарын чогултуп: “Жардамга!” деп кыйкыра баштадым. Ошондо бат эле “ай, бул эмне кылганыңар?” деген үндөрдү уктум. Бирөө машинесин токтотуп, эшиги жабылып-ачылып атты. Жанатан бери “тигил жагына ур, бул жагына ур” деп буйрук берип аткан адам: “Болду, кеттик!” деп кыйкырды эле, бир заматта качып жок болушту.

Бул менин өлүмгө экинчи жолу тике карашым эле. Ага чейин Ооганстанда аз жерден аман калгам, ошондуктан ушундай кол салууну салкын кандуу, коркпой тике карап баштан кечирдим.
Бизди согушка даярдаганда шок абалына түшпөй, аң-сезимди жоготпоо ыкмаларын үйрөтүшкөн. Өзүмдүн каным агып отуруп, кызыл-жаян көлчүктө араң кыймылдап жатсам да, жарым-жартылай баарын сезип түшүнүп турдум.

“Азаттык”: Анан ооруканага жеткиришти, догдурлар кандай мамиле кылышты?

Сыргак Абдылдаевдин оор абалда ооруканада жаткан учуру, 2009-жылдын 5-марты.
Сыргак Абдылдаев: Мен башында айтпадымбы, менин артымдан профессионал эместер аңдып жүргөн деп. Мында да эл көп, күбөлөр жайнап турган эки көчөнүн кесилишинде кол салып отурушат. Экинчиден, тез жардам көргөзүү борбору ал жерден жөө бассаң беш-он мүнөттүк жол. Догдурлар он мүнөткө жетпей келип калышты. Дагы бир 10 мүнөт кечиккенибизде аркы дүйнөгө кете берет элең деп ачык эле айтышты.

Азыр саламаттыкты сактоо министри болуп иштеп аткан профессор Сабыр Жумабеков операция жасады. Экөөбүз бетме-бет калганда “мени бирдеме кылчу болсоң, сага азыр буйрук бергендер да, силерге каршы чыгып аткан оппозиция тараптан да артыңдан түшөт, бирди көрөсүң акыры” деп катуу айттым. Ал “мен догдурлук милдетимди аткарам” деп жооп берди. Жумабековго ыраазымын, адамдык парзын аткарып, мени аман алып калды. Ошол бойдон ооруканада жатсам, 13-мартта Медет Садыркуловдун көзүн тазалашты деген кабар алдым. Болду, соодам бүткөн экен, бирок эми жарты жан кылып салышты, ушуну менен ыраазы болсо керек деп ойлоптурмун.

“Азаттык”: Сиз ооруканада жатканда Садыркулов байланыша алган жокпу?

Сыргак Абдылдаев: Жок, кайдан. Ал мага байланышка чыкса, баары билинип калаарын түшүнгөн да. Байланышкан жокпуз.

“Азаттык”: Сиз алар менен байланышып жүргөн үчүн жабыркаганыңызды түшүнүштү да бирок.

Сыргак Абдылдаев: Албетте. Медет Садыркулов ушунчалык энергиясы ашып-ташып турган киши эле. Аны сындырыш мүмкүн эмес болчу. Аны биротоло жок кылуу мүмкүн, бирок сындырып баш ийдирүү мүмкүн эмес эле. Слепченко экөөнү алар коркута алмак эмес.


Өмүр менен өлүмдүн ортосундагы күндөр


“Азаттык”: Ооруканадан чыккандан кийин тынчып калдыңызбы?
“Анда эшигиңдин сыртындагы жазууну оку” деди. Аялым экөөбүз сыртка чыксак, эшикке “Жылкы даяр” деп жазып кетишиптир. Өлгөнгө даярдан, жылкы даяр деген сөз да...


Сыргак Абдылдаев: Жок, мен ооруканадан чыккандан кийин эми артымдан апачык эле аңдыганга өтүшкөнүн түшүндүм. Мурдагыдай чала жашырынбай да калышты. Мен денем бүт гипстелген, ооруканага барып кайра келем, башка кайда бармак элем? Подьезддин жанында туруп алып эле карап турушту. Анан 22-июль күнү таң атпай бир телефон чалуу болду. Ушул окуяны азыркыга дейре эч кимге айткан эмесмин. Телефонду алсам, баягы Слепченко экөөбүз отуруп алып сүйлөшкөнүбүз кетип атат телефондон. Баарын жаздырып алышкан экен. Денемди муздак тер басып эле отуруп калдым. Биздин үндөрүбүздү бир аз берип бүтүп, бейтааныш үн: “Түшүндүңбү?” деп сурады. “ооба, түшүндүм”, - деп жооп бердим. “Анда эшигиңдин сыртындагы жазууну оку” деди. Аялым экөөбүз сыртка чыксак, эшикке “Жылкы даяр” деп жазып кетишиптир. Өлгөнгө даярдан, жылкы даяр деген сөз да. Ошондо мындан ары тирүү калбаарымды түшүндүм да, укук коргоочу Чолпон Жакуповага телефон чалып, мени аман алып кал деп жардам сурадым. Ал иниси экөө келип, мени үй-бүлөм менен Германиянын элчилигине жеткиришти. Ошол кездеги Германиянын элчиси жана анын жубайына аябай ыраазымын. Бизге аябай камкордук кылып, ошол эле күнү чек арадан өткөрүп, Алматыга кетиришти. Алматыда төрт жарым ай ичинде беш батир котордук. Ал жактан да аңдып жүрүштү. Андан кийин гана Швецияга башпаанек алып келдик.

“Азаттык”: Кыргызстандын тергөө органдары, прокуратура байланышка чыккан жокпу? Маалымат алыш үчүн.

Сыргак Абдылдаев: Жок. Тергөө органдары азыр Медет Садыркуловду ким өлтүргөнүн, кандай өлтүргөнүн менден жакшы билишет деп ойлойм. Ушул ишти аягына чыгарышса, Руслан Шаботоевди ким, эмне үчүн өлтүргөнүн да табышат. Андан ары Рыспек Акматбаев жана башкаларга да байланышты табышат. Бул жалпы Кыргызстан үчүн абдан чуулгандуу иштер. Аягына чыгарыш керек сөзсүз.

Медет Садыркулов Бакиевдин бийлигинин мыйзамсыз, жашыруун иштерин билген жана ал системаны кантип талкалоо керектигин ойлонуп койгон. Анын колунан көп нерсе келмек. Шаботоевдин колунда да коркунучтуу документтер бар болчу. Ошон үчүн өлтүрүлдү алар. Эгерде ошол документтер Бакиев бийликте турганда ачыкка чыкса, бомба жарылганга эле барабар болмок.

“Азаттык”: Чоң рахмат маегиңизге. Аманчылык каалайбыз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG