Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:16

Узап бараткан жумада оппозиция лидерлери азыркы бийлик мамлекетти тунгуюкка алып келди деп айыптады. Мурунку башкы прокурор менен бийликтин тирешүүсү көмүр коррупциясына барып такалды.

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү критикалык деңгээлге жакындап калганы байкалууда.

Бийлик менен оппозициянын эки башка баасы

Президент Алмазбек Атамбаев 11-мартта бир катар өлкөлөрдүн элчилеринен ишеним катын алып жатып, Кыргызстан дүрбөлөңдүү мезгилден өткөнүн, ошондуктан инвестиция салууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн билдирди. Ал ошондой эле коррупцияга каршы күрөш жана мыйзамдыгын үстөмдүгүн орнотуу жүрүп жатканын белгилеген.

Бийлик башчысы мына ошентип жагымдуу жагдайларды сүрөттөп жаткан менен реалдуу кырдаал башкача болуп жатканын оппозиция лидерлери 12-мартта жарыялашты.

Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлеринин бири Равшан Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин командасы Кыргызстанды туңгуюкка алып келди деп билдирди:

Равшан Жээнбеков

Равшан Жээнбеков

- Президент Атамбаев баш болгон биздин мамлекеттин бийлиги Кыргызстанды толук тунгуюкка алып келип такады. Мамлекетке социалдык-экономикалык жана саясий кризис кайрадан келди. Анын себеби мурункудай эле авторитардык башкаруу, Конституцияны бузуу, бир адамга бийликтин баарын өткөрүп берүү. Мына ошонун жыйынтыгында мамлекетте оор социалдык-экономикалык кризис пайда болду.

​Равшан Жээнбеков жана оппозициялык саясатчылар Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров, Уран Ботобеков жана башкалар мындай шартта жер-жерлерде нааразылык акцияларына катышарын кошумчалашты. Андай акциялардын бири 31-мартка белгиленген курултай экени айтылды. Оппозиция бул күнү Жалал-Абадда курултай өткөрүүнү белгиледи.

Курултай алдында оппозиция бийликке беш пункттан турган талап койду. Анда энергетикалык кризис үчүн мурунку өкмөт башчыларды, энергетика министрлерин жоопко тартуу, саясий коррупцияны токтотуу, сотторду тандоо кеңешинин өз алдынчалыгын күчөтүү, Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын жаңылоо талаптары коюлган.

Оппозиция бул иштерди аткаруу үчүн жоопкерчиликти алууга даяр деди Кубанычбек Кадыров:

- Жоопкерчиликти, өкмөттү алып туруп, Кумтөр маселесин чечебиз. Экинчиден, энергетика тармагындагы коррупцияны жоготуп, акыркы беш жылдан иштеген өкмөт башчы, министрлерди жоопко тартабыз. Үчүнчүдөн, люстрация мыйзамын киргизебиз.

Ошол эле мезгилде оппозициялык саясатчылар бийлик менен сүйлөшүүгө даярдыгын билдиришти.

Улуттук оппозициялык кыймылдын өзү да ар тараптан сындалып келет. Айрым оор салмактуу делген саясатчылар кыймылдын катарынан чыкса, башкалары мүчөлүгүн көп ашкере кылбай келет. Парламенттик шайлоонун алдында оппозиция кайсы партия менен шайлоого барууну да чече элек. Өткөн жумаларда бирдиктүү ураан боюнча келишпестик пайда болуп, оппозиция ичинде ажырым дагы күчөдү.

КСДП фракциясынын мүчөсү Абдыманап Кутушевдин айтымында, оппозициянын шайлоо таза өтпөйт дегени негизсиз. Ошондой эле ал эл ичинде оппозициялык маанай байкалбаганын кошумчалады.

Көмүрдөй кара коррупция...

Бийлик менен мурунку башкы прокурор Аида Салянованын келишпестиги көзөмөлдөн чыгуу деңгээлине жакындап баратат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго жаңы айып коюп, аны үй камагына салды. Буга чейин ал 50 миң долларды көз боемочулук менен алган деп айыпталып, өлкөдөн чыгып кетпөө тил каты менен жүрсө, эми “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айыпка ээ болду.

Салянова жана президент Атамбаев

Салянова жана президент Атамбаев

Салянова өз кезегинде Жогорку Кеңештеги айрым фракция лидерлерине кайрылып, анын күйөөсүнө карата мыйзамсыздык болуп жатканын айтып, бул аракеттерди токтотууга чакырды. Ал ошондой эле президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарынбаевге коңгуроо чалып, абайлоого үндөгөнү айтылууда. Салянованын мындай эскертүүсүндө жүйөө бар. Анткени анын колунда бийлик башчылары үчүн толгон-токой компроматтар бар. Алар жарыяланса мамлекетти будуң-чаңга саларын "Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов бекер жеринен эскертпесе керек. Бирок президент да андай компроматтардын алдын алып, жаңы башкы прокурордон айлана тегерегин тыкыр иликтеп чыгууну тапшырган.

Бакыт Абдыкапаровго коюлган жаңы айып көмүр коррупциясына барып такалат. “Азаттыкта” бир нече ирет жазылгандай, өткөн жылы бийлик башчыларынын жана Энергетика министрлигинин колдоосу менен “Электр станциялар” акционердик коому Бишкек жылуулук борборуна көмүр сатып алуу боюнча тендерди үч жолу үзгүлтүккө учуратып, соңунда мыйзамга каршы келгенине карабай бир булактан, казакстандык Александр Машкевичке таандык делген “Прогресс компаниден” көмүр сатып алуу келишимин түзгөн.

Көмүр сатып алуу боюнча тендерлер жылда ызы-чуу менен коштолот

Көмүр сатып алуу боюнча тендерлер жылда ызы-чуу менен коштолот

Бирок ондогон миллион долларлык коррупциялык кирешеси бар бул оюнга Башкы прокуратура да аралашып, “Электр станциялар” акционердик коомунун жетекчилигине кылмыш ишин козгоо коркунучу менен “Жезказган энергосбыт” компаниясынан да көмүр сатып алуу келишимин түзүүгө мажбур кылган.

Адилеттүүлүк үчүн айтып коюш керек, “Жезказган” “Прогресс компаниге” караганда 2-3 долларга арзан алып келе баштаган. Бирок Энергетика жана өнөр жай министрлиги “Жезказгандын” көмүрү талапка жооп бербейт деп, сот аркылуу келишимди жокко чыгарткан болчу.

Аны менен кошо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат кылмыш ишин козгоп, үч кишини камакка алган. Камакка алынгандардын катарында Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Нуртазин Жетибаев болгон. УКМК Бакыт Абдыкапаровго койгон жаңы айыпта “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” Жетибаев аркылуу ишке ашырылганы көрсөтүлгөн.

УКМКнын бул айыбында абсурддук жагдай да бар. Анткени Бакыт Абдыкапаров кайсы кызматынан кыянаттык менен пайдаланганы белгисиз? Анын Аида Салянованын күйөөсү "кызматынан" ашкан таасирлүү кызматы болгон эмес.

Албетте, Аида Салянованын тарапкерлери Бакыт Абдыкапаровго козголгон жаңы кылмыш ишин саясий куугунтук катары баалап жатат. Маселен, “Күчтүү Кыргызстан” партиясынын төрагасынын орун басары Расул Үмбөталиев:

- Аида Жеңишбековна 26-январда отставкага кетип, “Күчтүү Кыргызстан” саясий партиясына төрайым болгондон кийин куугунтук кайра башталды. Алкачкы куугунтук ал кызматта турганда башталган. Анда байкесинин аты Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу айтылган. Бирок тиешеси бар экени такталган эмес. Ал болбой калгандан кийин күйөөсүнө “Тазалык” ишканасы боюнча, эми көмүргө байланыштуу күнөөлөп жатышат. Бул саясий куугунтук, саясий буйрутма. Мурунку президенттердин тушунда да ушундай окуялар болгон. Биз мындай окуялар эмне менен аяктаганын жакшы билебиз.

Бийлик көмүрдөгү бул коррупциялык ишти коомчулукка чыгарбоого аракет жасап келди. Бирок мурунку башкы прокурор Аида Салянова менен күрөштө анын күйөөсүнө көз боемочулук менен коюлган айып алсыз болуп, бийлик тобокелге барып, көмүр ишин көтөрүп чыккандай.

Аида Салянова менен борбордук бийликти тирештирген көмүр коррупциясы Кыргызстанда Акаев мезгилинде түптөлүп, Бакиев мезгилинде уланган мамлекеттик масштабдагы коррупциялык схемалар гүлдөп, өсүп-өнүп жатканын айгинелейт.

Эңшерилип бараткан энергетика

​“Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” дегендей энергетика тармагындагы коррупциялык схемалар тармакты өтө оор кризиске алып келип отурат. Ал схемалар көмүр сатып алууда, электр энергиясын арзан сатып, Токтогулда сууну жоготуу менен гүлдөп жатканы маалым. Мына ошолордун айынан Токтогулда суу кескин азайып, жума башына карай 6 млрд. 800 миллион куб метр суу калганы маалым болду.

Энергетика жана өнөр жай министринин мурунку биринчи орун басары Райымбек Мамыров мындай деңгээлдеги суу менен ГЭСти иштетүү жабдууларга коркунуч алып келерин эскертти:

- Долбоор боюнча коркунучтуу деңгээл 7 млрд. куб метрдин тегерегинде болчу. Азыр эми 6.5 млрд. куб метр деп атышат. Суунун көлөмү 6.5 миллиарддан төмөндөгөндөн кийин Токтогул ГЭСинде иштеп аткан жабдуулардын иштешине коркунуч келет. Ошол жерде турбиналарга оорчулук түшүп, кайыкчалары титирей баштайт. Алар көбүрөөк калтырап-титиреп, иштен чыгышы мүмкүн.

Райымбек Мамыровдун пикиринде, мына ушундай опурталдуу шартта иштеп жаткан Токтогул ГЭСин токтотуу зарылчылыгы да чыгат. Коопсуздукка байланыштуу Токтогул ГЭСи токтотулган күндө да анын ылдый жагындагы Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон ГЭСтери токтобош керек. Бул үчүн Токтогул ГЭСин иштетпей сууну агызуу зарыл болот.

Бирок Токтогулду токтотуу чечими Кыргызстан үчүн кабыл алгыс. Анткени ал республикада өндүрүлгөн электр энергиясынын үчтөн биринен көбүн берет. Андан сырткары Токтогулдун энергиясынын Борбор Азия энергетикалык алкагындагы өзгөчө ролу бар экени айтылып келет.

Токтогул ГЭСи

Токтогул ГЭСи

Бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСинин төрт агрегатынын үчөө гана иштеп жатканы маалым. Анын бирөө бузулуп, оңдоо иштери жүрүүдө.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Батыркул Баетов Токтогулда 5.4 млрд. куб метр суу калганда гана ГЭС токтой турган деген абалга келерин айтып, жабдууларга оорчулук келишине жол берилбейт дейт:

- Жабдууларга күч келген жок. Аларга аз гана күч келгенде автомат иштейт. Экинчиден, күнү-түнү кезметчилер карап турат. Ал жерде 1 градус температура көтөрүлсө өчүрөт. Эки жыл мурда ошентип өчүрүлгөн эле. Жабдууларда титирөөлөр штаттык режимден чыгып баратса дагы өчүрөт. Анткени ал жабдуулар абдан кымбат.

Батыркул Баетов суунун көлөмү канчалык аз болсо электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн ошончо көп суу агызуу зарылчылыгы келип чыгарын белгиледи. 1-апрелде жылытуу мезгили аяктады деп эсептелет. Мына ошол мезгилге карай канча суу менен чыгарыбыз абдан катуу эсептелип жатат деп кошумчалады Баетов.

Кыргызстандык оппозициялык күчтөр Токтогулдун абалы тууралуу ачык маалымат берүүнү талап кылышууда. Алар ГЭСти кризистик шартта өкмөт башчы башкаруусун жана күн сайын маалымат берип турулушун талап кылышты. Ал эми “Электр станциялар” акционердик коому акыркы мезгилде Токтогулдагы суунун көлөмү боюнча маалыматты расмий сайты аркылуу жарыялоону токтотуп койду.

Энергетикалык эксперт Эрнест Карыбеков Токтогулда суу 8 млрд. куб метрден азайа баштаганда титирөө пайда болуп, авария коркунучу күчөйт дейт:

- Абал аябай татаал. 8 млрд. куб метрден ылдый болуп, 7-7.5 млрд. куб метр болгондо титирөө пайда болот. 6.5 млрд. куб метрге келгенде авариялар болушу мүмкүн.

Эрнест Карыбеков пикиринде, мындай шартта бийлик электр энергиясын жапыр өчүрүүлөргө киришүүгө аргасыз болот. Ал эми ага жол бербей, энергетикалык тартыштыкты жабуу үчүн быйыл 5 млрд. киловатт саат электр энергиясын сатып алыш керек болот.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG