Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:20

Кыргызстан менен Тажикстан гидроэнергетикасы жана ал жааттагы кризистери боюнча да окшош келет. Эки өлкө тең абалдан биротоло чыгуу үчүн жаңы курула турган ири ГЭСтерге үмүт артууда.

Максатка жетүүдө бир өлкө өз күчүнө басым жасап, алдыга жылып жатса, экинчи мамлекет Кремлден жооп күтүп отурат.

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСине ишенич артып отурса, Тажикстан Рогун ГЭСине өзгөчө үмүт байлаган.

Бирок эки кошунанын айырмачылыгы: жарандык согуштан жабыркаган Тажикстан Рогунду өз күчү менен куруп жатса, Кыргызстан Кремлден кабар күтүп жатат.

Тажикстандын маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, расмий Дүйшөмбү 2014-жылы Рогун үчүн бюджеттен 285 млн. доллар бөлсө, келерки жылы 308 млн. доллар бөлүүнү чечти. Бул жылдарга чейин да тажик өкмөтү бюджеттен Рогун ГЭСине олуттуу каражат бөлүп келген.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, тажик өкмөтү бул максатка 2010-2012-жылдары 710 млн. доллар бөлгөн. 2013-2015-жылдары дагы 710 млн. бөлүүнү чечкен. Бирок Дүйнөлүк банк бул каражаттар Тажикстан капиталдык курулушка бөлүп жаткан каражаттын үчтөн бири экенин, натыйжада башка тармактар каржыланбай калып жатканын эскерткен.

Кыргызстанда Жогорку Нарын каскадында төрт чакан ГЭСти куруу иштери октябрь айында башталганы кабарланган. Аны Орусиянын “Русгидро” компаниясы жүргүзүүдө. "Жогорку Нарын каскады" ишканасынын жетекчилиги 20-ноябрда Нарында коомдук угууларды өткөрүп, анда ГЭСтин негизги курулуштары башталганын билдирген. Бирок курулушка талап кылынган 3030 гектар жердин 242 гектары гана бөлүнгөн. Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемеси орус тараптан бекитиле элек.

Октябрь айында кызматтан кетер алдында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев ал тууралуу “Азаттыкка” билдирген эле:

- Камбар-Ата-1дин техника-экономикалык негиздемеси бүттү. Биз аны Орусия тарапка жөнөттүк. Биз өзүбүз бекиттик. Орус тарапты күтүп жатабыз. Алар бекитери менен бул ишти жылдырганга биз катуулап киришебиз.

Орус тараптан техникалык-экономикалык негиздемени бекитүүнүн кармалып жатышы расмий түрдө түшүндүрүлө элек. Энергетика жана өнөр жай министрлигинин Тышкы байланыштар жана долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бөлүм башчысы Жанна Иманкулова орус тарапка эки ирет кат жөнөтүлүп, бирок жооп алына электигин 24-ноябрда тастыктады.

Кыргызстандык эксперт Эрнест Карыбеков бул жерде бир нече себептер чечим кабыл алууга таасир этүүдө дейт:

- Камбар-Ата-1дин баасы чоң, 4 млрд. доллардын тегерегинде. Бул жакта 1 млрд. доллар алалбай атабыз. 4 млрд. долларды ким берет? Анан Орусиянын өзүнүн дагы көйгөйлөрү көп. Мисалы, Батыш өлкөлөрү, АКШ киргизген санкциялар бар.

Эрнест Карыбековдун маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Орусия Камбар-Ата-1ди куруу үчүн биргелешип насыя табууну сүйлөшкөн. Орус бюджетинен ага каражат бөлүнбөйт. Насыя өзүн актоосу үчүн Камбар-Ата-1 иштеп чыккан электр энергиясынын баасы 9-10 центтин тегерегинде сатылыш керек. Кыргызстанда болсо аны көтөрө албайт. "Ошондуктан насыя табууда маселе чыгууда", - дейт Эрнест Карыбеков.

Тажикстандын тажрыйбасына токтолгон Карыбеков Рогун ГЭСи Камбар-Атадан плотинасы, иштеп чыга турган электр энергиясы боюнча эки эсе чоңдук кыларын, ошондуктан жалгыз өзү куруп бүтүшү күмөндүү экенин белгилейт.

Токтогул суу сактагычы

Токтогул суу сактагычы

Кыргызстандык энергетикалык дагы бир эксперт Расул Үмбөталиев эгерде Тажикстан бюджеттен каржылоосун улантса, ал ийгиликке жетишет деген ойдо.

- 300 млн. доллардан бөлүп жатса, булар алты жылдын ичинде Рогун ГЭСин куруп алышат. Ошону менен өзүн толук электр энергиясы менен камсыз кылат. Ал эмес кышында да, жайында да, күзүндө да экспорт кылганга шарт түзүлөт.

Белгилүү болгондой Рогун толугу менен курулуп бүтсө, жыл сайын 13 млрд. кВт саат электр энергиясын иштеп чыгууга жөндөмдүү болот. Бул Кыргызстандагы азыркы энергетикалык кубаттуулуктар биригип, иштеп чыккан электр энергиянын көлөмүнө дээрлик барабар.

Тажикстандык саясат таануучу Абдугани Мамазимовдун пикиринде, Тажикстан тез арада Рогун ГЭСинин биринчи-экинчи агрегатын ишке киргизиш керек. Мына ошондон кийин инвесторлордун ишеними пайда болуп, алар келе баштайт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG