Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:11

Испанияда өткөн жыйында өзбекстандык илимпоздор Борбор Азиядагы суу ресурстарын акыйкат бөлүштүрүү маселесин көтөрүштү.

Ташкенттик адистер тобу ГЭСтердин курулушу дарыялардын табийгый агымын бузуп, экологиялык катастрофага алып келет деп европалык илимий коомчулукту ынандырууга аракеттеништи. Кыргызстандык илимпоз-энергетиктер өздөрүнүн өзбек кесиптештеринин жүйөлөрүн четке кагып, ГЭСтердин курулушу кургакчылыкка алып келбестигин илимий жактан негиздешүүдө. Адис-талдоочулар Кыргызстан ГЭСтерди курууну Орусияга бергенине кооптонуп жатканын белгилешти.

Өзбек илимпоздору Барселонада

Барселонадагы жыйында гидротехника жаатындагы өзбекстандык илимпоздор Сыр жана Аму дарыяларынын башатында курулуп жаткан ГЭСтердин айлана-чөйрөгө зыяндуулугун белгиледи. Ташкенттик илимпоздор андан дарыялардын табийгый агымы бузулуп, айрыкча Арал деңизинин айланасын экологиялык коркунучка кептерин жүйө келтиришкен. Бирок мындай негиздеме менен кыргызстандык илимпоздор макул эмес. Илимпоз-энергетик, техника илимдеринин доктору Сүйөркул Кадыркулов Нарын дарыясына ири көлөмдө ГЭСтерди куруунун зыянсыздыгы совет доорунда эле далилденгенине токтолду:

Токтогул суу сактагычы

Токтогул суу сактагычы

- Сууну 6-7 ай бөгөп алып, ылдый жакка коё бербей тургандай бизде мүмкүнчүлүк жок. Электр энергияны иштеп чыгуу үчүн дайыма сууну агызабыз. Мында суунун берилиши чектелип, дарыянын төмөн жагындагылар жабыркайт дегенге илимий далил жок. Нарын дарыясына курула турган ГЭСтердин курулушунун зыянсыздыгы союз мезгилинде эле изилденип, далилденген. Эгерде зыяны болсо, буга бизди Москвадан көзөмөлдөп турган илимий изилдөө институттары жол бермек эмес. Ошондуктан өзбек туугандардын айтканы бул жөн эле саясат.

Орусиянын тузагына илинген ГЭСтер

2008-жылы Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну Орусияга берүү тууралуу келишимге кол койгон. Бирок кийин Ташкентке келген Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Камбар-Ата-1 жана Рогун ГЭСтерин курууда коңшулардын кызыкчылыгы эске алынбаса, Орусия андай долбоорлорго катышпайт деп билдирүү жасаган. Бирок анткен менен Орусия 2012-жылы Жогорку Нарын каскадын курууну да өзүнө алган. Бирок ал келишимде Өзбекстандын кызыкчылыгын эске алуу жагы каралган эмес. Саясат таануучу Марат Мүсүралиев Ташкент учурда суунун буроосу Кремлдин колуна түшкөнүнө кооптонуп жатканын эске салды:

- Жакында эле Ташкенттен бизге конокко келген Мурат деген курсташ досум "Эмне үчүн ГЭСтериңерди орустарга курдуруп жатасыңар?" деген суроо койду. Ал Өзбекстандын ичинде “мындагы ГЭСтерди курган Орусия сууну жөнгө салуу укугуна ээ болуп, бизди дагы көз каранды кылып алат” деген кооптонуу бар экенин жашырган жок. Чын эле мындай пикирге макул болдум. Биз эмнеге биздин мамлекеттин колунда турган чоң рычагды Орусиянын геосаясий кызыкчылыгы үчүн беришибиз керек. Анын кесепеттери кандай болорун ойлошубуз керек го.

Кыргызстан кызыкчылыгын суу менен коргойт

Өзбекстан быйыл апрель айынын ортосунда “Кыргызгаз” Орусияга кетери менен Кыргызстандын түштүгүнө берилчү газды өчүргөн. Буга жооп катары кыргыз өкмөтү Өзбекстанга суу берген Чоң Наманган каналын бууй турганын эскертти. Анда Ташкент энергетикалык шакекчеден чыгып кетип, өлкөнүн жарымын жарыксыз калтырам деп кыйыткан. Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнүн өкүлү Мелис Эржигитов Чоң Наманган каналын жабуу маселеси азырынча күн тартибинен түшө электигин белгиледи:

Нарындагы ГЭСтин курулушу

Нарындагы ГЭСтин курулушу

- Вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев элүү жылдан бери ремонттон өтө элек Чоң Наманган каналын убактылуу жаап туруу боюнча сунушту өкмөттүн кароосуна жөнөткөн. Суу каналынын натыйжалуулугун арттыруу үчүн ал оңдоп-түздөөгө муктаж экени эске алынып, маселе өкмөттүн күн тартибине киргизилген. Жакында бул маселе өкмөттө каралып, бир чечим кабыл алынышы мүмкүн.

Чоң Наманган каналы Кыргызстандын Аксы районунун жарымын жана Өзбекстандын үч районун сугат суусу менен камсыздайт. Буга чейин Өзбекстан Нарын дарыясынын башатындагы ГЭСтердин курулушуна эл аралык экспертиза жүргүзүүнү талап кылып келген. Мындан улам, Ташкент газ маселесин буга чейин эле бир нече курдай көзүр катары көтөргөнү белгилүү. Кыргыз бийлиги бул маселеде Ташкент менен мунаса табууга ниеттенгенин айткан менен андан азырынча жыйынтык чыга элек. Ошол эле кезде эл аралык эксперттер болочокто Борбор Азиядагы суунун таңкыстыгы чыңалууга өбөлгө болушу мүмкүн деп божомолдошууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG