Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

Каналды оңдоо кыргыз өкмөтүнүн каяшасыбы?


Чоң Наманган каналын жабуу сунушу газ маселесин чечүүдө канчалык таасири болот деген талкууга жол ачты. (Сүрөттө: Токтогул суу сактагычы)

Чоң Наманган каналын жабуу сунушу газ маселесин чечүүдө канчалык таасири болот деген талкууга жол ачты. (Сүрөттө: Токтогул суу сактагычы)

Кыргызстан Өзбекстандын төрт районун сугат суусу менен камсыз кылган Чоң Наманган каналы оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылышы мүмкүн экенин эскертти.

Кыргыз өкмөтүнүн бул кадамы Өзбекстандын Ошко газ бербей коюшуна кыргыз тараптын жообу катары бааланууда.

Коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин билдиришинче, өкмөттүк комиссия түштүк аймактардагы суу чарбалардын абалы менен таанышкандан кийин өкмөткө Чоң Наманган каналын жабуу сунушун берүүнү чечкен. Бирок премьер-министр бул жерде эч кандай саясат жок экенин билдирди:

- Суу адистери Наманган каналын убактылуу жаап туруу сунушун беришти. Биз муну жакында өкмөткө киргизебиз. Анткени аталган каналга 53 жылдан бери оңдоо иштери жүрө элек. Оңдоп-түздөө үчүн жабууга туура келет. Бул жерде Өзбекстан менен тирешүү сыяктуу саясий оюндар жок.

Маматалиев кошумчалагандай, адистердин бул сунушун өкмөт кийинки аптада карап, чечим кабыл алат.

Кыргыз өкмөтү тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн жабууну мерчемдеген Чоң Наманган каналына суу Жалал-Абаддагы Үч-Коргон ГЭСинен агып чыгат. Ал коңшу өлкөнүн Наманган облусундагы төрт районду сугат суу менен камсыз кылат. Каналдан секундасына 35 метр куб суу акса, анын 30 метр кубун Өзбекстан пайдаланат.


Өкмөт каналды тазалоого байланыштуу жабылаарын билдирсе да, эксперттер муну Өзбекстандын Ошко газды токтотушуна кыргыз тараптын жообу катары баалашты. Анткени 14-апрелден бери Өзбекстан келишимдин мөөнөтү бүткөнүнө шылтап, өлкө түштүгүнө газ берүүнү токтоткон. Кыргыз өкмөтү маселени чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү сунушуна коңшу өлкө бийликтери жооп бербей жатканын билдирген болчу.

Саясий эксперт Эмил Жураевдин пикиринде, Оштогу газ кризисинен соң кыргыз өкмөтү каналды жабууну канчалык техникалык маселе катары көрсөтпөсүн, бул аракет саясий өңүткө ээ болот:

- Чоң Наманган суусун жаап салчу болсок, оңдоо иштери дейбизби же башкача түшүндүрмө беребизби Өзбекстан үчүн бул газга байланышкан чечим катары кабыл алынат. Бул маселе буга чейин деле чыңалган эки өлкө ортосундагы мамилени дагы начарлатышы мүмкүн.

Чындыгында эле буга чейин Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитети өкмөткө Оштогу газ кризисин чечүүгө рычаг катары Токтогул суу сактагычындагы сууну пайдаланууну сунуштаган болчу. Бирок өкмөт мындай сунушту карабай турганын билдирген.

Ал ортодо адистер арасында кыргыз өкмөтүнүн Чоң Наманган каналын жабуу сунушу газ маселесин чечүүдө канчалык таасири болот деген талкууга жол ачты. Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов бул каналдын коңшу өлкө үчүн мааниси чоң экенин белгилеп, тажрыйбага таянып, мындан оң жыйынтык болушу мүмкүн деп божомолдойт:

- Аталган канал 2000-жылдын март айында бир жумага жабылган болчу. Ошондо өзбек тараптын делегациясы эки күндө Бишкекке жетип келген. Андыктан каналдын жабылышын өзбек тарапка жакшылап түшүндүрүү керек. Ал учурда өзүбүзгө суу жетпей жатат деген негизде жабылган.

Ошол эле учурда Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун директору Дүйшөн Маматканов Чоң Наманган каналын жабуу олуттуу деле жыйынтык алып келерине ишенбейт. Академик Маматканов өз пикирин “Азаттыкка” төмөнкүчө негиздеди:

- Газ үчүн Чоң Наманган каналын жаап, коркутабыз деген нерсе чоң жаңылыштык. Биринчиден, бул канал аркылуу секундасына 25-30 куб метр суу кетет. Ал анча деле көп суу эмес. Экинчиден, канал жабылса, өзбек тарап Кыргызстанга келчү бир нече каналды да бууп баштайбыз деши мүмкүн. Анткени, бизден чыккан эле суу Өзбекстан караштуу Кемпир-Абад суу сактагычына топтолуп, өзүбүзгө берилет. Мына ушунун баарын эске алуу керек.

Академик кыргыз өкмөтү чындап эле сууну рычаг катары колдонгусу келсе, Токтогул суу сактагычынан баштоо керек экенин белгилейт. Окумуштуунун эсептөөсү боюнча, жыл сайын аталган суу сактагычтан Өзбекстанга 10 миллиард метр кубдан ашык суу берилет. Муну менен катар Чоң Наманган каналынан башка Кыргызстандын аймагынан бир нече канал жана суу сактагычтан Өзбекстанга суу агат. Алардын ичинен ири объекттердин бири Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычы. Совет доорунда курулган суу сактагычты ошол мезгилден тарта Өзбекстан пайдаланып келет. Ал чек арадан 13 чакырым ичкериде - Кыргызстандын аймагында жайгашкан. Жергиликтүү эл былтыр суу сактагычты Өзбекстан мыйзамсыз жана акысыз пайдаланып жатканына нааразы болуп, аны Кыргызстанга өткөрүп алуу талабын койгон. Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу чарба департаментинин башчысы Көкүмбек Таштаналиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бул боюнча эки тарап сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү менен маселе чечиле элек.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG