Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Оппозициядагы оош-кыйыштар


Улуттук оппозициялык кыймыл уюштурган митингден. Бишкек, 10-апрель, 2014
Улуттук оппозициялык кыймыл уюштурган митингден. Бишкек, 10-апрель, 2014

“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин Улуттук оппозициялык кыймылдан чыгарылышы эксперттик чөйрөдө түрдүү божомолдорго жем таштады.

Парламенттик шайлоо жакын калгандыктан бул саясий күз курч болоору, оппозициялык күчтөр арасында эле эмес, башкаруучу коалициянын ичинде ажырым жаралышы ыктымалдыгы айтылууда. Анан калса өкмөттүн чарк-чамасы, бийликке карата коомчулуктун мамилеси ушул кышта сыналчудай.

Камчыбек Ташиев Улуттук оппозициялык кыймылдын курамынан чыгарылганы тууралуу азырынча пикирин билдире элек. Аталган кыймылдын мүчөсү Нурлан Шакиев “Азаттыктагы” маегинде Ташиевдин позициясынын жумшарышы туура эмес кабыл алынганын, Улуттук оппозициялык кыймылдын өзүнүн иши аксап жатканын белгиледи:

- Ташиев өзүнүн буга чейинки катуу позициясын жумшартып, “буга чейин сындап келдим, эми колдой турган жерден колдоп да көрөйүн, кандай өзгөрүү болоор экен, мурдагыдай бир жактуу сындардан алыс болуп, калыс пикиримди айтып турайын” деген максатта позициясын жумшарткан. Бирок тилекке каршы, муну бир топ саясатчылар, журналисттер башка өңүттөн элге жарыялашты. Менимче, саясатчы үчүн позициясын өзгөртүү, же жумшартуу мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Баарыбыз эле кайсы бир идеянын тегерегинде чогулганбыз. Бүгүнкү күндө мамлекетте азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан расмий саясатына көп учурда ичибиз чыкпаган үчүн ага атаандаш катары өз программабызды жарыялаганбыз. Ошол максатта кыймылды түзгөнбүз. Бирок кыймыл башынан эле бир топ аксап, пикирлер ар башка болуп, иш алдыга илгерилебей койду.

Ушул айдын башында Ташиев жергиликтүү телеканалдардын бириндеги маегинде Ак үйдүн тосмосунан ашып түшкөнү мыйзамсыз болгонун мойнуна алган. Президент Алмазбек Атамбаевдин айрым демилгелерин колдоого алаарын билдирген.

Улуттук оппозициялык кыймылдын дагы бир мүчөсү Уран Ботобеков оппозициялык кыймылдын иши үзгүлтүккө учурап, алсырады деген пикирлерди четке кагууда:

- Улуттук оппозициялык кыймыл бир партиянын, же болбосо кайсы бир саясатчылардын менчиги эмес. Азыркы бийликке каршы өзүнүн оюн ачык айтып, авторитардык бийликке каршы турган саясатчылар, коомдук ишмерлер эркин мүчө боло алат. Улуттук оппозициялык кыймылды шайлоого бир платформа менен барган, бир партия катары карабаш керек. Саясатчылардын башын кошкон, коомдук башталыштагы уюм. Эгер өлкөдө коомдук-саясий кырдаал абдан курчуп, эл турмушу кыйындай баштаса албетте Улуттук оппозициялык кыймылдын катары калыңдай берет. Бийликке каш кайрып, аларга көз карашын билдирген саясатчылар менен катары калыңдай берет. Бүгүнкү күнү ушундай процесстер жүрүп жатат.

Саясий күздү утурлай оппозициялык күчтөрдүн аракети, чарк-чамасы талдана баштады. Күн тартибинде болсо оппозиция бир күч болуп, бир программа менен чыга алабы деген суроо турат.

Талдоочу Закир Чотаевдин баамында, бир эле маселелер көтөрүп жатканы менен парламенттин ичиндеги жана сыртындагы оппозиция биригиши күмөн:

- Равшан Жээнбков оппозициялык кыймылды өзү каалаган деңгээлге жеткирип, өзү каалаган жыйынтык чыгара алган жок. Ушул күз-кыш бир топ масепелер менен коштолот. Өкмөткө чоң сыноо болот. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев өзүнүн эле эмес, өзүнө чейинки өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалидевдин иши үчүн да жооптуу болот. Оппозиция бул ыңгайды кантип колдонуп кете алаары оппозицияны кимдер колдойт жана колдобойт дегенден көз каранды. Менимче, Равшан Жээнбеков оппозиция лидерлеринин башын кайрадан бириктиргенге аракет кылат. Бирок ал парламенттеги оппозициядан колдоо таба албайт. Камчыбек Ташиев анын жалгыз колдоочусу болчу.

Саясат таануучу Эмил Жураев айрым маселелерден улам башкаруучу коалициянын өзүндө ажырым жаралышы ыктымал деп эсептейт. Буга эмдиги жылдагы парламенттик шайлоо да кошул-ташыл болмокчу:

- Кыштан чыгуу кыйын маселе болуп турат. Бажы биримдиги жана ага кирүү орчундуу кыйынчылыктарды алып келеринен шек жок. Парламенттеги оппозициядагы “Ата-Журт” партиясынын саясаты бүдөмүк бойдон калууда. Кээ бири бийликти курч сындап чыкса, кээ бирлери өтө эле жумшак мамиледе. Ушул күз шайлоону утурлаган стратегиялар, кадамдар менен коштолот. Ушунун эле негизинде башкаруучу коалицияда, андагы айрым бир саясатчыларда ажырым пайда болот.

Эмил Жураев азыркы оппозициянын кемчилиги катары айрым бир саясатчылардын дымагы, пикир келишпестиктерди да атады:

- Буларды бириктирчү, дымак берчү кубулуштар буга чейин да болуп келген. Кеп алар көтөрүп чыга турган проблемалардын, кыйынчылыктардын жетишсиздигинде эмес, оппозициядагы саясатчылардын өздөрүнүн кызыкчылыктарынын төп келбестигинде болуп жатат. Буга чейин деле саясий күрөш социалдык проблемалардын айланасында болуп келген. Кыйынчылык канчалык көп болсо оппозициянын сөзү ошончолук өтүмдүү болот. Бирок ошол оппозициянын арасында кимдер бар, алар кайсы деңгээлде уюшулган, өз ара кандай иштеше алат, бир программа менен чыга алабы деген суроолор жоопсуз турат.

Бириккен улуттук оппозициялык кыймыл ушул жылдын башында түзүлгөн болчу. Анын сап башын депутат Равшан Жээнбеков, саясатчы Азимбек Бекназаров, “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев, “Улуттар биримдиги” партиясынын төрагасы Мелис Мырзакматов ээлеген. Аталган кыймыл ушул жылдын апрель айында Бишкекте митинг өткөргөн. Байкоочулар нааразылык акция өтөөсүнө чыкпай калганын белгилешкен.

XS
SM
MD
LG