Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:04

Бирикпей жатып бириндеген оппозиция


"Ата-Журттун" лидери Камчыбек Ташиев оппозиция митингинде. Бишкек, 10-апрель, 2014
"Ата-Журттун" лидери Камчыбек Ташиев оппозиция митингинде. Бишкек, 10-апрель, 2014

Кечээ Улуттук оппозициялык кыймыл “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевди өз катарынан чыгарганын маалымдаган билдирүү таратты. Буга байланыштуу Камчыбек Ташиевдин жакын санаалаштарынын бири, аталган кыймылдын мүчөсү Нурлан Шакиевди сөзгө тарттык.

“Азаттык”: Ташиев өзүн УОКтун катарынан чыгарышканынан кабары барбы? Себеби биз өзү менен байланыша алган жокпуз.

Нурлан Шакиев
Нурлан Шакиев

Шакиев: Ооба, бул тууралуу маалымат булактарынан кабардар болду. Ал бул кабарды түшүнүү менен кабыл алды.

“Азаттык”: Бирок ага УОКтон эч ким расмий маалымдаган жокпу?

Шакиев: Жок, расмий айтылган жок. Бул кабарды маалымат булактарынан угуп, мен да абдан таң калдым. Себеби биз Улуттук оппозициялык кыймылга мүчө болуп киргенбиз. Алар “Ташиев биз менен кеңешпестен позициясын өзгөрттү, ошол себептен чыгардык, жактоочуларын алдап кетти” деген маанайда билдирүү жасашыптыр. Бирок Улуттук оппозициялык кыймыл өзү ким менен кеңешип, Ташиевди качан, кандай жагдайда кыймылдан чыгарганы бизге да кызык болуп турат.

“Азаттык”: Сиз да бул кыймылдын мүчөсү болуп эсептелесиз. Сиз менен да кеңешпесе, анда бул чечимди канча киши кабыл алды?

Шакиев: Мен гана эмес, УОКтун бир канча мүчөсү менен кеңешкен жок. Бул чечим канчалык тар чөйрөдө кабыл алынганы мага беймаалым.

“Азаттык”: Ташиев УОКтун лидерлери менен кандай мамиледе эле? Пикир келишпестиктер качан башталды?

Шакиев: Мамилелер кескин начарлап, же жакшырып деле кеткен эмес. Себеби өзүңөргө белгилүү болгондой, кайсы бир учурда президент Алмазбек Атамбаев “Кыргызстанда оппозиция жок, мен ким менен сүйлөшүшүм керек” деген маанидеги сөзүнөн кийин оппозицияда жүргөн саясатчылар биригип, “мына, биз оппозициябыз, расмий түрдө биз менен сүйлөшсүн” деген максатта ушул Улуттук оппозициялык кыймылды түзгөнбүз.

Ошол учурда кыймылды түзүүчүлөрдүн негизги лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев болгон. Ошондо бир топ саясатчылар бул кыймылга мүчө болуп киргенбиз. Оппозициялык кыймыл жаралып, кайсы бир деңгээлде иш алып барып жаткан. Бирок башынан эле бир топ саясатчылардын пикирлери дал келишпей, башынан эле иш натыйжалуу болгон жок.

“Азаттык”: Ар түрдүү көз караштагы саясатчыларды эмне бириктирген эле? Мансаппы, жеке кызыкчылыкпы, же кандайдыр бир олуттуу идеябы?

Шакиев: Баарыбыз эле кайсы бир идеянын тегерегинде чогулганбыз. Бүгүнкү күндө мамлекетте азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан расмий саясатына көп учурда ичибиз чыкпаган үчүн ага атаандаш катары өз программабызды жарыялаганбыз. Ошол максатта кыймылды түзгөнбүз. Бирок кыймыл башынан эле бир топ аксап, пикирлер ар башка болуп, иш алдыга илгерилебей койду. Буга оппозициянын Бишкекте өткөргөн митинги далил. Ошондо кыймылдын көптөгөн активдүү мүчөлөрү өзүнө жүктөлгөн милдетти аткарып, митингге өз тарапкерлерин ээрчитип чыга алышкан жок. Митингге келгендердин көбү Ташиевдин тарапкерлери болчу.

“Азаттык”: Камчыбек Ташиевдин соңку аракеттери соттолгонун алдырыш үчүн жасалган кадам экенин айтышууда. Бул алдыдагы шайлоого карата жасалган саясий жүрүш болуп жүрбөсүн?

Шакиев: Мен буга байланыштуу жеке пикиримди буга чейин да маалымат каражаттарына билдирген элем. Ташиев билдирүү жасаардын алдында биз кеңешкенбиз. Ташиев “бүгүнкү күндө бийлик жүргүзүп жаткан саясатты толук колдойм, же бийлик башындагыларды колдойм” деп айткан эмес.

Ал өзүнүн буга чейинки катуу позициясын жумшартып, “буга чейин сындап келдим, эми колдой турган жерден колдоп да көрөйүн, кандай өзгөрүү болоор экен, мурдагыдай бир жактуу сындардан алыс болуп, калыс пикиримди айтып турайын” деген максатта позициясын жумшарткан. Бирок тилекке каршы, муну бир топ саясатчылар, журналисттер башка өңүттөн элге жарыялашты. Менимче, саясатчы үчүн позициясын өзгөртүү, же жумшартуу мыйзам ченемдүү эле көрүнүш.

“Азаттык”: Эми Камчыбек Ташиевдин УОКтон чыгарылганына байланыштуу силердин мындан кийинки кадамыңар кандай болот? Силер да кошо чыгасыңарбы?

Шакиев: Адегенде кандай болуп чыкканын, эмне себептен чыгарылганын териштиребиз. Бул кайсы бир деңгээлде табышмактуу да, кызыктуу да болуп турат. Мындан ары бийликке радикалдуу оппозиция болбосок да, конструктивдүү оппозиция болуп кала беребиз. Бийликтин одоно кемчиликтери болсо, кандай гана кырдаалда болбосун элге ачык айтып, сындап деле чыга беребиз.

“Азаттык”: Ушул окуяны оппозициялык лидерлердин ажырымы катары бааласа болобу?

Шакиев: Ажырым болушу мүмкүн. Себеби пикирлер такыр ар башка болгон үчүн оппозициянын иши башында пландаштыргандай бир багытта кеткен жок. Башынан эле ошондой пикир келишпестиктер бар болчу. Бирок “көч бара-бара түзөлөт” дегендей, бул өзүнөн өзү жоюлуп кетет деген үмүтүбүз бар болчу. Ошол себептен ушул күнгө чейин оппозициялык маанайда ишибизди жүргүзүп келгенбиз.

Тилекке каршы ошол эле оппозицияда туруп алып, Ташиевдин кадамдарын, позициясын сынга алган кээ бир саясатчылар мамлекетибизде болуп жаткан реформаларга карата пикирлерин өз убагында айтпай, сыртта жүрүп алышып, же иштеп жатканда үн катпай эле, арасында пикирлерин Ташиевден мурда эле өзгөртүп жибергендер да бар.

XS
SM
MD
LG