Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Оппозиция: Мырзакматовго кысым башталды


Мелис Мырзакматов Оштогу тарапкерлеринин алдында. 2014-жылдын январы.
Мелис Мырзакматов Оштогу тарапкерлеринин алдында. 2014-жылдын январы.

Оппозиция Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовго тиешелүү делген ишкана, соода жайларын бийлик ар кандай жолдор менен кысмакка алып жатканын айтып чыкты.

Ал эми бийликчил саясатчылар оппозиция ушинтип элдин көңүлүн өзүнө бургусу келет деген пикирде.

Бийлик криминалдык топторду колдонуп жатабы?

Улуттук оппозициялык кыймыл Оштун мурдагы мэринин бизнесин тартып алуу үчүн бийлик жергиликтүү криминалдык топторду пайдаланып жатат деген билдирүү таратты. Аталган кыймылдын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков бул маалыматты кысымга кабылган ишкерлер өздөрү айтып чыгуудан айбыгып турганын айтат:

"Оомат" базары Кара-Суурдагы ири базардын ичинде жайгашкан.
"Оомат" базары Кара-Суурдагы ири базардын ичинде жайгашкан.
- Өзгөчө ОшТВга, “Оомат” базарына жана “Таатан” соода борборуна мамлекет тарабынан уюшулган криминалдык топтор басым кылып, тартып алуу башталды. Тилекке каршы, жабыркаган кызматкерлер муну айтуудан коркушат, анткени аларды укук коргоо органдары дагы, криминал дагы коркутуп койгон. Мен оппозициялык кыймылдын лидери катары ачык айтам - бул чын маалымат.

Жээнбеков Мырзакматовдун бизнесине кол салуу тууралуу оппозиция жакынкы күндөрү дагы бир билдирүү таратууга камынып жатканын кошумчалады. Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовго таандык деп эсептелген “Таатан” соода борбору Ош шаарындагы ири соода жайларынын бири, ал жерде көбүнесе кытайлык ишкерлер соода кылат. Кара-Суудагы “Оомат” базары да аймактагы чоң жана кирешелүү базарлардын катарында.

Ал эми 2010-жылдагы кандуу калабадан кийин Мырзакматов тартып алды деп айтылып жүргөн ОшТВ телеканалынын жетекчилиги буга чейин бир нече ирет түрдүү кысымдарга кабылганын айтып келатат. Анын башчысы Эрнис Кыязов жакында эле ОшТВнын антеннасы белгисиз адамдар тарабынан аткыланганын билдирген эле:

ОшТВ жамаатынын митинги, 3-февраль, 2014.
ОшТВ жамаатынын митинги, 3-февраль, 2014.

- Күндүз эле бирөө чыгып барып аны жула тартса же бирдеме менен уруп жиберсе аны айланадагылар байкамак. Бул жерде соодагерлер бар, бирөө-жарым чыкса көрмөк. Биз алыстан бирөө аттыбы деп ойлоп жатабыз. Мен тиги жээкти, же бул жээкти конкреттүү айыптагым келбейт. Бирок массалык маалымдоо каражатына болгон ушундай орой, ушундай ыплас мамиле нормалдуу эмес көрүнүш деп эсептейм.

"Мырзакматов менен эч кимдин иши жок"

Анткен менен оппозициянын Мырзакматовго карата билдирүүсүн бир аз аша чапкандык деп баалагандар жок эмес. Мисалы жогоруда айтылган соода жайларынын ээси делген Мырзакматов өзү бул тууралуу үн ката элек. “Оомат” базары, “Таатан” соода түйүнү жана ОшТВ телеканалы бүгүнкү күндө кадыресе иштеп жатат.

Бийликтеги Социал-демократтар партиясынын Ош шаардык кеңешиндеги депутаты Талант Капаров оппозициянын билдирүүсү атайын чыгарылган ушак болушу мүмкүн деген пикирде:

- Кыргызстанда мындай чоң бизнести басып алчу криминал деле жок азыр. Криминал камалды, качканы качты. Бул эми бийликти жаман көргөзүүгө аракеттенген кезектеги чагымчылдык. Бийликтен кеткенден кийин саясатчылар ушинтип ар кайсыны айтып, элдин көңүлүн өзүнө бургусу келет экен. Азыр Ошто Мырзакматов менен эч кимдин иши деле жок, эл өзү менен өзү.

Оштогу курулушу токтоп калган көпүрө.
Оштогу курулушу токтоп калган көпүрө.
Буга чейин Ош шаардык прокуратурасы Мелис Мырзакматов мэр болуп турганда баштаган көпүрөнүн курулушу боюнча эки кылмыш иш козгогон. Прокуратуранын маалыматында, көпүрө куруу боюнча тендерге катышкан кытайлык 3 компаниянын биринин да лицензиясы жок болгон. Мындан сырткары Мырзакматов 11-мартта өткөн жылы Оштун борбордук аянтында уюшулган митингдерге байланыштуу күбө катары чакырылып, тергөөгө сурак берген эле.

Мырзакматов Оштун мэрлигине ат салышып, бийликтин талапкеринен утулуп калгандан кийин өзүн оппозициялык саясатчы катары жарыялаган, жаңы түзүлгөн Улуттук оппозициялык кыймылга да мүчө болгон. Бирок ал кыймылдын алгачкы жыйынына катышкан эмес. Өздүк булактардын маалыматына таянсак, Мырзакматов ушул күндөрү Москвадан кайтып келди. Эми ал бизнесине бийлик көз артууда деген маалыматты бышыктайбы же четке кагабы? Азырынча анын өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG