Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:53

ОшТВнын антеннасы атылдыбы?


Kyrgyzstan. Osh, antenna, March 4, 2014
Kyrgyzstan. Osh, antenna, March 4, 2014

ОшТВ телеканалынын жетекчилиги алардын антеннасына кечээ күнү белгисиз бирөөлөр ок атып, бузуп кеткендигин айтып чыкты.

Кеңсенин жанындагы антенна иштебей калгандыктан алар телеберүүлөрүн альтернативдүү антенна аркылуу обого чыгарып жаткандыгын кабарлашууда. Милиция болсо бул боюнча аларга эч ким арызданбаганын айтты.

2-март күнү түшкү саат 12ден өткөндө ОшТВнын эфири кокустан эле үзүлүп калган. Алардын кызматкерлери абалды иликтеп көрүп, сигнал берүүчү каражаттардын баары жайында экендигин аныкташкан.

ОшТВнын директору Эрнис Кыязовдун айтымында, “Таатан” соода базарынын капталындагы телеканалдын офисинин жанында жайгашкан телемунараны карашкан убакта, анын үстүндөгү айрым каражаттар сынып, антеннанын талкаланганын байкашкан. Телеканал жетекчилиги муну бирөөлөр атып кеткен деп шектенүүдө:

- Антенна бузулганга чейин бир топ кишилер келип, “эфир бер” деп талап кылышкан. “Биз жекшемби күнү иштебейбиз, транслятор кызматкерлери гана олтурат” деген жоопту уккандан кийин кетишиптир. Анан арадан 20 мүнөт өтүп-өтпөй эле эфирибиз жалп этип өчүп жатпайбы. Биздин адисибиз бардык аппаратураларды текшергенде, бүт баары жайында болуп чыгат. Балким өйдө жактан болуп жүрбөсүн деп, телемунарага чыгып карашса, ок тийгендей түрү бар экен.

Кыязов антеннаны алыстан мээлеп атышса керек деген ойдо:

- Күндүз эле бирөө чыгып барып, аны жула тартса, же бирдеме менен уруп жиберсе аны, айланадагылар байкашмак. Бул жерде соодагерлер бар, бирөө-жарым чыкса көрүшмөк. Биз алыстан бирөө аттыбы деп ойлоп жатабыз. Мен тиги жээкти же бул жээкти конкреттүү айыптагым келбейт. Бирок массалык маалымдоо каражатына болгон ушундай орой, ушундай ыплас мамиле нормалдуу эмес көрүнүш деп эсептейм.

Кыязовдун белгилешинче, алардын эфири 4-5 саатка чейин чыкпай турган. Кийин Черемушка кичирайонундагы мурдагы, эски антеннасы аркылуу кайрадан телеберүүлөрүн уланта баштаган.

ОшТВнын жетекчилиги бул окуя боюнча күч органдарына арыз менен кайрылган эмес. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков бул тууралуу азырынча маалымат жоктугуна токтолду:

- ОшТВ телеканалынын сигнал берүүчү каражаттарына белгисиз адамдар ок чыгарып, иштен чыгарды деген маалыматты массалык маалымат каражаттарынан уктук. Бул боюнча бизге эч ким кайрылган жок. ОшТВ жетекчилигинен деле, же башка журналисттеринен деле бизге расмий кабар келбеди. Ошентсе да биз өзүбүздүн тиешелүү бөлүмдөргө кайрылдык, милицияга эч кандай арыз түшпөптүр. Окуянын кандайча болгонун, эмне болгонун биз эми иликтейбиз.

Кантсе да телеканалдын антеннасына ок атылганбы же жокпу азырынча белгисиз бойдон. Окуя болгон күнү ОшТВ күбөлөрдөн бул нерсени сурамжылоого үлгүргөн. Өзүн Алмаз деп тааныштырган жигит ок атылганын укканын айтат:

- Ушул жерде биз эки досум, бир киши жана бир аял болуп сүйлөшүп отурсак, “чум” деген добуш чыкты. “Баң” деп угулбады, болгону жанагы бирдеке темирге тиет го, ошондой үн чыкты да. Анан балдар “тир мылтыгы менен кептер атып жатышат” деп азилдешти. Биз ошого ишенип эле кетип калдык.

ОшТВ буга чейин да антенна маселеси боюнча Сулайман-Тоо музейинин жетекчилиги менен талаш-тартышка түшкөн. Музейдегилер келишим мөөнөтү бүткөнүн айтып, тоонун башында турган телеканалдын антеннасын алып салууну талап кылган. Бирок телеканал азырга чейин аны жылдыра элек.

Февраль айында ОшТВ телекомпаниясы аймактар аралык бөлүнүүгө чакырык таштаган деп айыпталып, УКМК тарабынан кылмыш иши козголгон.
Компаниянын имараты улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан тинтүүгө алынган. ОшТВнын жетекчилиги болсо муну саясий куугунтук катары баалап, сөз эркиндигине басым катары сыпаттаган.

Коомчулукта Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов ОшТВга ээлик кылары айтылат. Телеканал Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында тарткан менен, негизинен Ош шаарындагы жаңылыктарды жана шаар бийлигин мактаган берүүлөрдү көрсөтчү.

ОшТВ телекомпаниясы республиканын түштүгүндөгү ири медиамекемелердин бири. Аны 90-жылдары жергиликтүү ишкер Халилжан Худайбердиев түптөгөн. 2010-жылдагы кандуу калабага чейин аталган телеканал негизинен өзбек тилинде обого чыккан. Июнь окуясынан соң ээси алмашып, толугу менен кыргызчаланган. Телеканал ээсине медиа аркылуу улуттар аралык кастыкты козутууга салым кошкон деп күнөө коюлган. Худайбердиев азыр чет өлкөдө жашайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG