Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Мырзакматов суракка чакырылды


Мелис Мырзакматов жаңы көпүрөнүн курулушун баштоо салтанатында. Ош, 5-октябрь, 2013.
Мелис Мырзакматов жаңы көпүрөнүн курулушун баштоо салтанатында. Ош, 5-октябрь, 2013.

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Оштогу көпүрө куруу боюнча өткөрүлгөн тендерге байланыштуу бүгүн 12-мартта прокуратурага суракка чакырылды.

Ал кечээ 11-мартта декабрь жана январь айында өткөн митингдер боюнча күбө катары суралган. Буга байланыштуу Улуттук Оппозициялык Кыймыл билдирүү таратып, Мырзакматовго бийлик тарабынан саясий куугунтук жасалып жатканын айтууда. Талдоочулар саясатчынын күбө катары суралышын демократиялуу өлкөлөргө таандык көрүнүш катары баалап жатат.

Ош шаарынын прокурору Атай Шакир уулунун “Азаттыкка” билдиришинче, Мырзакматов шаардык прокуратурага сурак берүү үчүн чакырылды. Ал Оштогу эстакада көпүрөнү куруу боюнча өткөрүлгөн тендерге байланыштуу күбө катары суралат.

- Мыйзам бузуулар менен тендер өткөн. Лицензиясы жок кытайлык компаниялар тендерди утканы үчүн тендер комиссиясынын үстүнөн кылмыш иши козголгон. Азыр ошол иш тергелип жатат. 12-мартка чакырдык, келсе күбө катары сурайбыз. Бул боюнча баары суралып жатат.

Мурдагы мэр Мелис Мырзакматов баштаган көпүрөнүн курулушу боюнча Ош шаардык прокуратурасы эки кылмыш ишин козгогон. Прокуратуранын буга чейин билдиргени боюнча, тендерге катышкан кытайлык 3 компаниянын биринин да лицензиясы жок болгон. Мыйзамга ылайык, лицензия албаган курулуш компаниялары тендерге катыша албайт.

Мындан сырткары Мырзакматов кечээ, 11-мартта өткөн жылдын 2-декабрында жана үстүбүздөгү жылдын 15-январында Ош шаарында өткөн митингдерге байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында күбө катары чакырылып, тергөөгө сурак берди. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков “Мырзакматовго кылмыш иши козголду” деген маалыматты четке какты. Анын белгилешинче, мурдагы мэр митингдерге байланыштуу күбө катары суралган элүүдөй кишинин бири.

Өткөн жылдын 2-декабрында Ошто камактагы депутат Келдибековдун тарапкерлери митинг уюштуруп, акимчиликке кирүүгө аракеттенген. 15-январда болсо Ош шаар мэрин шайлоо болуп, аянтка чогулган миңдеген киши мэрияга кирүүгө аракет кылып, президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөгөн. Бул окуялар боюнча ИИМ кылмыш ишин козгогон эле.

Анткен менен оппозиция өкүлдөрү муну Мырзакматовго карата бийликтин саясий куугунтугу катары мүнөздөп жатат. Улуттук Оппозициялык Кыймыл буга байланыштуу билдирүү таратып, эгер оппозиция лидерлерине карата кысым улана берсе, өкмөттүн жана президенттин кызматтан кетишин талап кылып чыгышарын эскерткен. Кыймылдын төрагасы Равшан Жээнбеков бийлик аларды сындаган саясатчыларды прокуратура, милиция аркылуу коркутууда деп эсептейт:

- Акыркы убакта бийлик өзүнө жакпаган саясатчылардын бардыгына кылмыш ишин козгоо менен алек болуп атат. Мелис Мырзакматов оппозициялык лидерлердин бири катары кирип, кыймылды түзгөндөн кийин айла кеткенде ушундай шылтоо таап жатат. Оппозиция баш көтөрө баштаганда, оппозициялык көз караштагы саясатчыларды бийлик ушинтип прокуратура, милиция менен коркутуп атат.

Оппозициялык кыймыл президент Алмазбек Атамбаевден саясий оппоненттерине карата саясий куугунтукту токтотууну жана Кыймыл койгон маселелерди саясий диалог аркылуу чечүүнү талап кылууда. “Улуттар биримдиги” партиясынын өкүлдөрү болсо жетекчинин суракка күбө катары чакырылышын кооптуу көрүнүш катары деле эсептебейт. Аталган партиянын шаар кеңешине депутат болуп шайланган өкүлү Шайлообек Атазов буларга токтолду:

- Ал жерде кылмыш жок. Экс-мэр болобу, таксист болобу, башка болобу жөн гана күбө катары өтүп койгону жакшы эле. Эгер шектүү кылмышкер катары санап, саясий куугунтук болсо, “Улуттар биримдиги” партиясы баасын берет.

Эстакада көпүрөсүнүн курулушу былтыр күздө башталган. Аны Мырзакматов “кылым курулушу” деп айткан эле. Кийин ал мэрликтен кеткенден кийин курулуштун тендери туура эмес өткөн жана долбоорго бөлүнгөн каражат мыйзамсыз берилген деп прокуратура кылмыш ишин козгогон.

Талдоочулар саясатчынын күбө катары суралышын демократиялуу, укуктук өлкөлөргө таандык көрүнүш катары гана баалап жатат. Анткен менен оппозиция өкүлдөрү Мырзакматовдун иши күбө катары сурак берүү менен эле бүтүп калышынан күмөн санашууда. Алар коррупция менен күрөш тандалма жүрүп жатат, өз оппоненттерин жок кылуу аракетинде деп бийликти сындап келет.

XS
SM
MD
LG