Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:29

Ошто көпүрө куруу боюнча иш козголду


Көпүрөнүн курулушу токтоп, анын кийинки тагдыры белгисиз болуп турат. Ош, 5-февраль, 2014.

Көпүрөнүн курулушу токтоп, анын кийинки тагдыры белгисиз болуп турат. Ош, 5-февраль, 2014.

Ош шаардык прокуратурасы шаардын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов баштаган көпүрөнүн курулушу боюнча эки кылмыш ишин козгоду.

Прокуратура курулуштун тендери туура эмес өткөнүн жана долбоорго бөлүнгөн каражаттар мыйзамсыз берилгенин билдирүүдө. Шаардын жаңы бийлиги да курулуштун долбоорун кайрадан карап чыгып, көпүрөнү башкача куруу керектигин айтууда. Шаардык кеңештеги азчылык коалиция болсо бул иштердин баарын мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун ишин жокко чыгаруу аракети катары баалайт.

Прокуратура: Кылмыш ишти саясатка байлабайлы

Ош шаарынын прокурорунун орун басары Рысбек Куловдун “Азаттыкка” тастыкташынча, шаардын Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушуна байланыштуу 2 кылмыш иши козголду:

- Биз тендер өтүшүн толук текшерип чыктык. Ошонун натыйжасында эки кылмыш ишин козгодук. Биринчиси, курулуштун долбоору боюнча, экинчиси долбоор бүтө электе эле курулушка акча бөлүп жибергендиги боюнча. Долбоорго деп 31 млн. сомго тендер жарыяланган. Долбоор бүтө элек эле, анын 19 млн. сому кытайлык “Г-Сью” деген ишканага которулуп кеткен. Бирок алар чийген долбоор “Кыргызстройдон” жараксыз деп табылып, экспертизадан өткөн эмес. Ал ортодо эле Кыргызстандык “Арх ТБ” деген ЖЧКсы кытайлык “Г-Сью” мекемеси менен субарендага келишим түзө коюп, долбоорду өз алдынча эле чийип чыгышкан. Алардын долбоору экспертизадан өтүп кетет. Бирок “Арх ТБ” ишканасы курулуштун тендерине катышкан эмес да. Алар бул иши үчүн 4 млн. сом акчаны өздөрүнө котортуп алышкан. Карап көрсөңүздөр, жалпы долбоор 4 млн. сомго эле бүтө турган болсо, анан неге ага 19 млн. же 31 млн. сом каралып жатат. Кеп ошол жакта турат. Таң калыштуусу “Арх ТБ” ЖЧКсы бул Ош шаардык архитектура башкармалыгынын башчысы Нурбек Баетовдун уулуна тиешелүү болуп жатат.
Көпүрөнүн токтоп калган курулушу, февраль, 2014.

Көпүрөнүн токтоп калган курулушу, февраль, 2014.

Прокурор Куловдун маалыматына караганда, көпүрөнүн тендерине катышкан кытайлык 3 компаниянын биринин да лицензиясы жок болгон. Мыйзамга ылайык, Кыргызстанда лицензия албаган курулуш компаниялары өлкөнүн аймагындагы курулуштарды курууга, тендерлерге катышууга укугу жок. Анысы аз келгенсип, жогорудагы курулуш компанияларынан сырткары дагы бир кытайлык ишканага 12 млн. сом акча которулуп кеткен. Анын да лицензиясы жок болгон. Бул али курулушка шаара архитектору уруксат бере электе болуп аткан иш. Кыскасы азыр бул жерде толтура мыйзам бузуулар бар экендиги аныкталып жатат.

Мындан башка да толтура маалыматтар бар экенин, аны тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачыктай албасын айткан Ош шаарынын прокурорунун орун басары Рысбек Кулов бул кылмыш ишин саясатка байланыштырбоо керектигин кошумчалады:

Көпүрө курулушунун башталышы, 5-октябрь, 2013.

Көпүрө курулушунун башталышы, 5-октябрь, 2013.

- Учурда эстакадалык көпүрө боюнча калкта, жалпы республикада чоң талкуу болуп жатат. Айрымдар мурдагы мэрдин баштаган ишин улантпай, кайра тоскоол болуп атасынар дегендей пикирлерин айтып атышат. Муну саясат кылгысы келгендер чыгарып аткандай. Бирок бул жерде кылмыш ишин козгоо менен биз эч кандай саясат кылып аткан жокбуз. Кылмыш ишин козгоо дегендин өзү бул “бирөөнү күнөөлүүсүң, же сен айыптуусуң” дегенге жатпайт. Тескерисинче мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун кол алдында иштеген башкармалык жетекчилери “тезирээк баштай берели” деп ага туура эмес маалымат беришкендей. Мен деле шаардык катары көпүрөнүн курулушун колдойм. Бирок ага кеткен каражаттар мыйзамдуу иштетилиши керек деген ниетибиз бар.

Шаардык архитектура: Баары мыйзамдуу болгон

Ош шаардык архитектура башкармалыгы болсо, тендер мыйзамдуу өткөн деген пикирди карманууда. Шаардын башкы архитектору Нурбек Баетов мындай дейт:

- Тендерди биз өткөзгөнбүз. Аны өткөзгөн комиссия албетте мыйзамдуу деп эсептейт. Азыр эми ал кайсы жерде, кандай болуп, саат канчада өткөн деп териштирип жатышат. Долбоор Кытайдан жазылып келгени анык. Бирок ал Кыргызстандын мыйзамына ылайык, биздин өлкөгө ылайыкташтырылып, нормативдерге туура келтирилип түзүлгөн. Кытайлар долбоорду Оштогу бир фирмага берип, баарын кайрадан иштеп чыгышкан. Бул өтө чоң обьект болгондуктан, экспертизасы жана адаптациясы өтө көп убакытка созулду. Мына өткөн жылдын соңунда адаптация болуп, азыр баары экспертизадан өтүп, баары такталган.

Көпүрөнүн токтоп калган курулушу, февраль, 2014

Көпүрөнүн токтоп калган курулушу, февраль, 2014

Курулушка уруксат берилген, берилбеген деген маселе да буга чейин талаш болуп келген. Ош шаардык жол башкармалыгынын жетекчиси Сатыбалды Абдылдакуновду угалы:

- Негизи көпүрөнүн курулушу 3 этапка бөлүнгөн. Биринчи этабы - жер алдындагы коммуникациялык каражаттарды, түтүктөрдү алмаштыруу, алдын көтөрүү, ошо жерди даярдоо. Ал боюнча шаардык архитектурадан уруксат берилген. Экинчи этабы - көпүрөнүн курулушу. Ага жанагы талаш маселелери бүтсө уруксат берилмек. Үчүнчү этап, көпүрө бүткөндөн кийин кошумча жолдорду кошуп, башка жолдор менен туташтыруу болчу. Ага али жете элекбиз. Азыр иш биринчи этапта гана турат. Негизи долбоор түзгөндөр бул боюнча өтө чоң иликтөөлөрдү жүргүзүшкөн. Көпүрөнү мындан башкача кылып курууга болбойт. Азыркы долбоор гана өтө ыңгайлуу.

Жаңы келген шаар бийлиги көпүрөнүн долбоорун карап чыгып, андан кийин гана иш бир жаңсыл болот деген пикирди мэр шайланган күндөн бери кайталап келатат. Бирок ошентсе да Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнүн курулушу орто жолдо калбайт деген позицияда.

"Тарыхый курулуштун" тагдыры кандай болот?

Көпчүлүк коалициянын өкүлү, “Адилеттүү Кыргызстан” партиясынан депутат Абдувахаб Нурбаев буларга токтолду:

- Биринчи, азыр биз курулуштун долбоорун алып, талкуулап чыгабыз. Анан бардык кызыкдар тараптарга, коомчулукка салабыз. Кесипкөй адистер, курулуш агенттиги менен келишип, бир заманбап долбоор кабыл алып, анан ошондон кийин гана ишти байтайбыз. Көпүрөнүн элге канчалык пайдасы бар, негизинен ошону аныктап алышыбыз керек. Мурун маселен, ылдыйдан асфальт менен өтүп аткан болсо, кийин үстүдөн көпүрө менен өтүп калат. Анда кандай пайда алып келет? 500 млн. сом кетип атса, муну стратегиялык жактан ойлонуп көрүп, пландап анан ишке ашырышыбыз зарыл. Негизги маселе - көпүрө куруу, курбоодо эмес, көпүрө элге канчалык пайда алып келет деген маселеде. Ошону тактап алгандан кийин бир чечим кабыл алабыз. Азыр бизге шаардыктардын атынан өтө чоң кайрылуулар болуп атат. Тыгындар күн санап көбөйүп атат. Демек биз жашоочулардын талаптарын тезирээк канааттандырышыбыз керек.

Көпүрөнүн токтоп калган курулушу, февраль, 2014

Көпүрөнүн токтоп калган курулушу, февраль, 2014

Шаардык кеңештин депутаттары 2014-жыл үчүн Оштун бюджетин жалпы 787 млн. сом деп кабыл алды. Ал эми Навои көчөсүнө курула турган көпүрөнүн курулушу өзү эле 539 млн. сом деп бааланган. Башкача айтканда көпүрөгө кетчү акча шаардын бюджетинин дээрлик жарымынан көбүн түзүп жатат. Ошол себептүү депутаттар долбоорду арзаныраак түзүүнү пландоодо.

Ошентсе да бюджеттен көпүрөгө делип, ушул жыл үчүн 40 млн. сом акча каралды. Айрым башка тармактардан да кыскартуулар менен дагы 25 млн. сом каражат табылышы мүмкүн.

Бул жагынан алганда жергиликтүү бийлик борбордук бюджеттен жардам албаса, иши жүрбөй турганын сезип тургандай. Шаардык кеңештеги “Республика” фракциясынын жетекчиси Арфидин Аланов акча аз болгондуктан борбордон каражат сурап жатышканын айтат:

- Мына азыр акчаны бөлүштүрүп атабыз, бирок азыр шаардын казынасында жетиштүү акча жок. Ошо көпүрөгө калса бир 100 млн. сомго жетип-жетпеген акча чыгат. А көпүрөгө болсо алгачкы эсептөөлөр боюнча, 558 млн. сом кетиши мүмкүн. Бирок ал дагы өсөт. Балким 600 млн, балким 700 млн. сом болуп кетет. Анан бюджеттин баарын көпүрөгө берип койсок башка тармактар кантет? Биз азыр ошол үчүн борбордон каражат сурап атабыз. Мен Жогорку Кеңештеги партиялардын фракция жетекчилерине кайрылып “бизге акча бергиле” деп кат жаздым. Республикалык бюджеттен акча берилбесе көпүрө бүтпөйт. Элден акча чогултуп, ал-бул деген бул реалдуу эмес нерсе, жок нерсе. Азыр элден түшкөн акчалар деле каякта экени белгисиз.

Көпүрөнүн курулушун баштоо, 5-октябрь, 2013.

Көпүрөнүн курулушун баштоо, 5-октябрь, 2013.

Навои көчөсүндө асма көпүрөнүн курулушу 2013-жылдын 5-октябрында башталып, жол эки тарабынан жабылган. Мунун айынан шаарда толтура автотыгын, уруш-талаш чыгып келгени белгилүү. Бирок кошумча каражат жоктугунан иш токтоп, жер казылып, жол баштан аяктан жабылган бойдон турат.

Ош шаарынын жаңы шайланган мэри Айтмамат Кадырбаев күбөлүк алган күнү бул көпүрө тууралуу мындай деген эле:

- Адегенде көпүрөнүн долбоору кандай болгонун билишим керек. Анан адистер менен сүйлөшүп, бир нерсе айта алам. Мен буга чейин эстакадалык көпүрөнүн курулушу башталганын шаардын бир тургуну катары гана билчүмүн. Анан экс-мэр боюнча айта турган болсом, ал киши шаарда бир топ иштерди жасады. Жакшы иштер болду, кемчиликтер болду. Анан эгер экс-мердин баштаган жакшы иштери болсо, аны албетте улантабыз.


Эки жылда бүтчү иш беле?


Көпүрөнүн долбоору.

Көпүрөнүн долбоору.

Ал эми азчылык коалиция болсо бул иштердин баарын мурдагы мэрдин ишин жокко чыгаруу аракети катары баалоодо. “Улуттар биримдиги” фракциясынын депутаты Шайлообек Атазов буларга токтолду:

- Эстакадалык көпүрөнү куруштун кереги жок, же аркы-берки дегендер, кылмыш ишин козгоп, мурдагы мэрдин ишин жокко чыгарууну көздөп чыгууда. Бул иштин баары мыйзамдуу түрдө тендер менен, долбоорлор менен башталган. Ал иштин токтоп турганына азыр шаардык архитектура, муниципалдык менчик башкармалыгы, жол башкармалыктары жооп бериш керек. Бирок бул чоң жөрөлгө, тарыхый курулуш, орто жолдо калтырганга жол бербейбиз. “Жаңы мэр келди, жаңы бийлик келди эми көпүрө токтоп калабы?” - деп тынчсызданган шайлоочуларыбыз абдан көп болуп жатат. Азыр элдин баары ушул маселени күтүп жатат.

Азыр минтип арты чууга айланган көпүрөнүн курулушун андагы шаар мэри Мелис Мырзакматов “кылым курулушу” деп атаган эле:

Мелис Мырзакматов көпүрө курулушун баштоо салтанатында, 5-октябрь, 2013.

Мелис Мырзакматов көпүрө курулушун баштоо салтанатында, 5-октябрь, 2013.

- Курулуштун мөөнөтү эки жыл. Эң кыска мөөнөт дегенде ушул убакытта бүтөбүз. Көпүрөнүн узунун сындап атышат, туурасын сындап атышат. Мына туурасы долбоор боюнча 24 метр, узуну 400 метрдин айланасында, а жалпы жолдуку эки көчө башына чейин 700 метр болот. Анан 500 млн. сом деген сөз - көпүрөгө кетип жаткан каражат азыркы эсеп менен алганда чоң акча эмес. Бүгүнкү реалдуулуктан алганда 10 млн. доллар. Ага ызы-чуу түшүштүн да кереги жок. А аны кайдан табыш, кайсы өнөктөш менен сүйлөшүш, сырттан таап келебизби, же ички резервден колдонобузбу - ал биздин ишибиз. Демек аны табабыз. А убагы келсе, өкмөттөн да жардам сурайбыз. А азыр бизде шаардык кеңеш жыл башында бекитип берген 100 млн. сом бар. Андан тышкары марафондон акчалар түшүп атат. Бул акчаларды зарылдыгына жараша колдонуп кете беребиз. Аны ошо кытайлар жасап аткан иштерине жараша берип турабыз. Керек болгондо дагы табабыз.

Мырзакматов ошо кезде эстакадалык көпүрөнү “Орто Азияда жок көпүрө болот” деп да айтканы бар. Бирок кийинчерээк шаардык кеңештин депутаттары бул көпүрөнүн узундугу 354 метрди, туурасы 20 метрди гана түзөөрүн белгилешкен.

Ошентип былтыр күздө башталган бул көпүрөнүн курулушу ара-жолдо калып, анын арты минтип чууга айланып отурат.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG