Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:15

Ош: Көпүрө куруудан көйгөй чыкты


Ош мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов жаңы көпүрөнүн курулушун баштоо салтанатында. Ош, 5-октябрь, 2013.

Ош мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов жаңы көпүрөнүн курулушун баштоо салтанатында. Ош, 5-октябрь, 2013.

Ош шаардык кеңешинин депутаттары мындан бир айча мурдараак башталган асма көпүрөнүн курулушу мыйзамсыз экенин жана иш плансыз жүрүп жатканын айтып чыгышты.

Эл өкүлдөрүнүн айтымында, бул көпүрөнү бүтүрүүгө шаар бюджетиндеги акча жетпейт. Ош мэриясы болсо асма көпүрөгө инвестор изделип жатканын, кийинки күзгө дейре иш бүтөөрүн убада кылууда.

Иш башталды, бирок каражат жок

Курулушу башталган жаңы көпүрөнүн маселесин шаардык кеңештин тиешелүү комитеттери биргелешкен жыйынында карады. “Чү” дегенде эле депутат Абдувахаб Нурбаев курулуш иштери мыйзамсыз башталганын жар салды:

- Көпүрөнүн долбоору Кытай компаниясына тапшырылды. Алар өз алдынча иш кылып, баарын даярдап атышат. Курулуштун сметасы 539 млн. 342 сом болуптур. Ал акчаны каяктан таап беришет? Экспертизаны болсо Кытай компаниясы өзү жүргүздү деп атышат. Мыйзам боюнча Кыргызстандын аймагында курулуп жаткан объект - Кыргыз Республикасынын курулуш агенттиги тарабынан экспертизадан өтүш керек, андан өткөн эмес. Акчаны тактабай, экспертизаны жүргүзбөй, долбоорду аныктабай туруп тендерди жарыялап жиберишкен. Бул дегендик чалды-куйду, өз алдынча, өзүм билемдик менен курулушту мыйзамсыз баштап жиберди дегендик.

Көпүрө ушундай болуп бүтүшү керек.

Көпүрө ушундай болуп бүтүшү керек.

Депутат Нурбаев андан ары шаардык жол башкармалыгына бул иштин мыйзамсыз башталганын түшүндүрүп кирди:

- Биринчиден, тендерге Оштон, же жалпы эле Кыргызстандан бир да курулуш компаниясы катышкан эмес. Кандайча Кытай компаниясы утуп алганын эч ким билбей жатат. 500 млн. өтө чоң акча, бул сумма Ош шаарынын бир жылдык курулуш тармагына жетчү сумма. Анан ушунча чоң суммага эмнеге кыргыз курулушчулары муну кура албайт? Алар келген жок деп атышат, эч ким укпаса келбейт да. Эгер келбесе да суранып алып келиш керек болчу. Экинчиден, бул нерсенин баары коомчулуктун талкуусуна коюлбай, ишке ашып кетип атат. Бул көпүрөнүн долбоору боюнча жадагалса биз, депутаттар да тааныш эмеспиз.

“Көпүрөнү курууга каражатты кайдан аласыңар?” деген депутаттардын суроосуна Ош шаардык жол башкармалыгынын жетекчиси Сатыбалды Абдылдакунов “инвестор эми изделип жатат” деп жооп берди:

- Көпүрөнү эми эки жыл ичинде бүтүрөбүз деп пландаштырып жатабыз. Эгер акча маселеси чечилип калса, муну бир жарым жылда ишке берсек болот. Асма көпүрө үч этап менен жүрөт. Азырынча анын биринчи этабы жүрүп атат. Биз эми муну акча табылып калат деген илгери үмүт менен жасадык. Азыр инвестиция тапканга аракет кылып жатабыз.

Курулуш адисине шаардын вице-мэри Рустам Мирзаматов да кошулуп, иш башталганы менен азырынча каражат жетишпей турганын мойнуна алды:

- Каражат маселеси бизди да ойлондуруп жатат. Бирок бул жөнүндө биз өкмөткө, Жогорку Кеңешке, президентке кайрылдык. Бирок кандай чечилип жатканы азыр белгисиз. Ошого карабай биз азыр демөөрчүлөрдү издеп атабыз. Кредит алабызбы, ссуда алабызбы, чет өлкөдөн карыз алабызбы - ушундай варианттар боюнча азыр жакшы аракеттер болуп жатат. Эгерде эмдиги жылкыга республикалык бюджеттен акча чечилбей калса, анда өзүбүздүн гана күчүбүзгө таянышыбыз керек. Башка эч нерсе жок.

"Кылым курулушубу" же популизмби?

Бирок шаардык кеңештин депутаттарынын дагы бири Арфидин Аланов бул иш депутаттардын чечимисиз башталбаш керек эле деген ойдо:

- Азыр эми жолду чукуп алып, бардыгын автотыгынга такап алып, анан инвестор издейби? Жөнөкөй адам деле чөнтөгүндө беш тыйыны болсо, үй курам деп иш баштабайт да туурабы? Биринчи акчаны табыш керек, инвестор таап, проектти бекитип, элге салыш керек, анан шаардык кеңештин депутаттары талкуулаш керек. Биз көпүрөгө такыр каршы эмеспиз, курушубуз зарыл. Бирок азыр кайсы акчага курабыз? 500 млн. сом деген Кыргызстан үчүн өтө чоң акча, Ош шаары үчүн бул сумма акылга сыйбай турган иш. Бир адамдын аброю деп коюп эле, ушундай иштерге бара бересиңерби?

Аланов ошондой эле бул иш 5 жылга чейин созулуп кетиши мүмкүн деген пикирин кошумчалады:

1980-жылдары курулган Оштогу эң чоң көпүрө.

1980-жылдары курулган Оштогу эң чоң көпүрө.

- Муну эми баарын даярданып алып, анан тез, жок дегенде жарым жылда бүткөрүш керек эле. Бул эми акча табылбаса 4-5 жылга созулат, ошого чейин адамдар кыйналып олтура беришеби. Силер эмне жөнөкөй жарандарды кыйнаш үчүн ушул ишти баштадыңарбы? Анан элдин башын тегеретип мактанганды койгула. Эң чоң көпүрө дейсиңер, бул азыркы бар көпүрөдөн да кичинекей көпүрө болот экен. Силер куруп жаткан туурасы 20 метр болсо, берки чоң көпүрө 32 метр, узуну 350 болсо, чоң көпүрө 400 метр. Анан асма деп атасыңар, долбоор боюнча бул эч кандай асма эмес эле, жөн эле айланма көпүрө экен. Интернеттен кайдагы бир сүрөттү алып, ар жерге илип коюп эле элди алдаса боло бермек беле. Эми азыр силер билген эмес экенсиңер, коммуникация чыгып атат, башка түтүктөр бар экен, аларды алмаштырганга дагы бир топ олчойгон чыгаша кошулат. Анан эмнеге анын долбоорун мына биз, депутаттар көрбөй атабыз, аны эмнеге жашырып атасыңар?

Сөз болуп жаткан бул көпүрө Ош шаарынын Навои көчөсүнө курулууда. Ал үчүн көчөнүн эки башы тең жабылып, базар тарап буулган. Мунун айынан шаар көчөлөрүндө күн сайын автотыгын болууда.

Шаар кеңештин дагы бир депутаты Жапар Ормонов дал ушул автотыгындан эл кыйналып жатканына токтолду:

- Дүйнөдө көп өлкөдө курулуш иштерин, мындан да чоң көпүрөлөрдү башкаларга тоскоолдуксуз эле куруп атышат. Анан эми биз да ушунун бир жолун тапсак болбойт беле? Жок дегенде экиге бөлүп, бир жагын эски автобекетке чейин бүткөрүп алып, анан экинчи жагын курсак да мынчалык тыгын болмок эмес. Бүгүнкү күндө бизге шайлоочулар тынбай кайрылып, силер айтпайсыңарбы деп, ызы-чуу болуп атышат.

Шаар башчылары бул асма көпүрөнү Орто Азияда жок көпүрө болот деп айтканы бар. Бирок адистер анын узундугу болгону 354, туурасы 20 метр болоорун айтууда.

Депутат Талантбек Капаров болсо бул курулушту популизм катары баалады:

- Бул маселени депутаттар көтөрбөгөндө, ушул боюнча "көз көрбөдү, кулак укпады" болуп кала берет эле. Бардык жерде тыгын, аны менен эч кимдин иши жок. Иш жүрүп атат деп ТВдан чыгып сүйлөп, мактанып коюп жүрө бермексиңер. Бул эми кургак популизм болуп атат.

Навои көчөсүндөгү бул көпүрөнүн курулушу расмий түрдө 5-октябрда башталган. Ошондо калаа жетекчиси Мелис Мырзакматов аны “кылым курулушуна” теңеген эле.
Жаңы көпүрөнүн курулушун баштоо. Ош, 5-октябрь, 2013.

Жаңы көпүрөнүн курулушун баштоо. Ош, 5-октябрь, 2013.


- Бул кылымдын курулушу, кылымдын көпүрөсү. Бул акыркы жылдарда курулуп жаткан эң чоң инфраструктуралык долбоор десем жаңылышпайм. Асма көпүрөнү биз жолдордогу кыймылды жеңилдетүү үчүн, шаарга көрк берүү үчүн, керек болсо суктана тургандай бир объект кылуу үчүн куруп жатабыз. Бул ишти баштап атканыбызда “бул популизм, акча табалбайт” деп атышат, бирок мына, жыйынтыгында биз ишти баштап алдык. Кудай буйруса, өз күчүбүз менен бүткөрөбүз.

Курулушту баштоо салтанатына катышкан Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, коомдук ишмерлер аз-аздан тыйын таштап кетишкен. А түгүл айрым студенттер да бир айлык стипендияларын эл көзүнчө бул иш үчүн тапшырып кетишкен.

Андан кийин шаардагы бир катар мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери бир айлык маянасын көпүрөнү куруу фондуна которушту. Банктан атайын эсеп ачылып, акча топтоо иштери уланууда. Мэрия маалымдагандай, учурда коомчулуктан 250 миң сомдой каражат топтолуп калды.

Бирок ошого карабай шаардык кеңеш эми жергиликтүү бийликке бул иштин долбоорун карап чыгуу тапшырмасын берип отурат. Депутаттардын бир тобунда көпүрөнү бүтүрүүгө шаардын бюджети жетпей, курулуш орто жолдо калып калбайбы деген күмөн саноолор жок эмес.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG