Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Парламент депутаттардын камалышын талкуулады


Депутат Камчыбек Ташиев митингчилерди Ак үйгө баштап келатат. 3-октябрь, 2012.
Депутат Камчыбек Ташиев митингчилерди Ак үйгө баштап келатат. 3-октябрь, 2012.

Башкы прокуратура, ИИМ, УКМК Ташиевдин, Жапаровдун жана Мамытовдун камалышы боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Жогорку Кеңеш түштөн кийин “Ата-Журт” фракциясынын башчысы Садыр Жапаров жана фракциянын депутаттары Камчыбек Ташиев менен Талан Мамытовдун камалышы боюнча башкы прокурордун, ИИМдин жана УКМКнын маалыматын укту.

Беренелер талашы

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев кылмыш иши жана андагы беренелер канчалык туура козголду деген маселени көтөрүп, башкы прокурорго кайрылды.

- Сиз 297-берененин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголду деп жатасыз. Анда “бийликти күч менен басып алуу, бийликти күч менен кармап туруу” деп айтылат. Ал эми булардын аракетинде ошол элементтер болдубу?

Башкы прокуратура жетекчилик кылган биргелешкен тергөө тобу Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов Кылмыш кодексинин 297-конституциялык түзүлүштү күчтөп өзгөртүүгө чакырык таштоо жана 28-295-бийликти күчтөп басып алуу беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоп, 48 саатка камакка алган. Бирок аларга азырынча расмий айып коюла элек.

Башкы прокурор Аида Салянова бийликти күч менен басып алуу деген беренеге түшүндүрмө берди.

- Адам күч менен басып алууну каалап, бирок андан көз каранды болбогон шартта токтоп калса, мисалы ар кандай каражаттарды колдонуу менен укук коргоо органдары токтотту да. Биз бул жерде “күч менен басып алууга болгон аракет” деп жатабыз. А чындыгында “күч менен басып алуу” болгон жок. “Бирок күч менен басып алууга аракет кылуу” менен “күч менен басып алуу” экөөсү бирдей эле. Анткени адамдын өзүнө көз каранды болбогон шартта токтогон. Эгер аны жөн койсо, ал көздөгөн максатын ишке ашырмак.

Депутаттардын аракети оор кылмыш

Салянованын айтымында, бийликти күч менен басып алуу беренеси боюнча 12 жылдан 20 жылга чейин жаза берилиши ыктымал. Ал бул беренелер оор болгондуктан, депутаттарды камоо үчүн алардын кол тийбестигин алуу зарыл эместигин белгиледи. Ал эми конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырык таштоо беренеси боюнча мыйзамда айып пул же 3 жылга эркинен ажыратуу каралган.

Аида Салянова бирок тергөөнүн жүрүшүндөгү материалдарга байланыштуу козголгон кылмыш ишиндеги беренелер өзгөрүшү мүмкүндүгүн айтты. Ал эми

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков бул түзүлгөн саясий кырдаалды башка күчтөр колдонуп кетпеси үчүн президентти да кабардар кылуу зарылдыгын айтып өттү:

- Менин айтаарым, азыр акыл калчап, президент келгенде саясий кырдаалдан үчүнчү күч пайдаланып кетпеси үчүн сүйлөшүү керек. Тышкы күч, башка өлкөлөр... Ушул жагын эске алыңыздар.

Саясий сүйлөшүүлөр да болот

Келдибековдун айтымында, ушул эле күнү “Ата-Журт” фракциясынын кезексиз жыйыны өтүп, анда фракциянын ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Мыктыбек Абдылдаевди шайлашкан. Келдибеков фракция камалган депутаттар боюнча бардык мыйзамдык аракеттерди жана саясий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшө турганын айтты.

- Ошондуктан саясий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, саясий чечим кабыл алуу, мунун баарын мыйзам чегинде чечүү үчүн Мыктыбек Абдылдаевге ыйгарым укук бердик.

Анткен менен аталган фракциянын депутаттары 3-октябрда митинг өткөрүп, элди баштап Ак үйгө кирүүгө аракет жасаган мыйзамсыз аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек деген депутаттар да болду.

Социал-демократтар фракциясынын депутаты Исмаил Исаков Ташиевдин аракети мыйзамсыз болду дейт.

- Албетте Ташиев мырзанын сөзү жана жасаган иши туура эмес деп эсептейм. Алар мыйзамга туура келбей калды.

Ал эми "Ата-Журт" партиясынын саясий кеңеши Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп өз лидерлеринин камалышын саясий куугунтук катары сыпаттады.

3-октябрда Ала-Тоо аянтында Кумтөр алтын кенине байланыштуу митинг уюштурулуп, анда "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары элди Ак үйдү тарапка баштап, кирүүгө аракет кылган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG