Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:44

Кыргызстанда дагы бир өкмөт тарап, кезектеги 29-өкмөттү түзүү аракети күч алды. Жол курууда коррупцияга жол берген деген кине менен кызматтан кеткен премьер-министр Темир Сариев эртеби-кечпи мыйзамдан тайбагандыгын далилдерин жана чоң саясаттан кетпей тургандыгын билдирди.

Жаз жарышына камынган эл саясий оюндардын соңун сонуркоо менен күтүүдө. Жаңы өкмөт башына келген адам мурдагы өкмөттүн ишкерлик менен өндүрүштү өнүктүрүү саясатын улантабы же башка нукка түшөбү?

“Азаттыктын” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусу мына ушул маселеге арналды.

Талкууга Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков жана Жогорку Кеңештеги “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров катышты.

“Азаттык”: Рыскелди мырза, Темир Сариев баштаган өкмөт бир жыл толук иштей электе, өткөн жыл боюнча отчетун берүүгө жетишпей кетти. Эң башкысы, тендерди жүргүзүүдө күнөөсү бар же жогу далилдене электе кызматынан кетип, Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн ортосундагы конфронтацияны жоюу үчүн кеттим деп билдирди. Ал конфронтациянын автору ким жана кийин Сариевдин айыбы жок экени далилденип калса өкмөттү түзгөн парламенттин бетине чиркөө болбойбу?

Чындыгында биздин Кыргызстанда тендер саясаты “тең бер” саясаты, жол салуу иши бюджетке “кол салуу” саясаты болуп калды.

Рыскелди Момбеков: Мен Темир Сариевдин Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн ортосундагы каршылыкты жоюу үчүн кеттим дегенине кошулбайм. Жок, Сариев өз кол алдындагы транспорт министри Аргынбек Малабаевдин жеке айыптоосунун негизинде пайда болгон саясий атаандаштыктын айынан кетти.

Экинчиден, депутаттык комиссиянын башында мурдагы өкмөт башчы, мурдагы транспорт министри Кубанычбек Жумалиев турат. Ал бюджетке киргизилбеген акча менен жол салуу эбегейсиз чоң күнөө деп айтты. Сариев өзү деле өкмөттүн кечээки кезексиз жыйынында “Мага президент жана Жогорку Кеңеш тарабынан чоң колдоо көргөзүлүп турду” деп айтты. Ошондуктан аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосунда карама-каршылык болгон жок. Темир Сариев дайындаганда залда 118 депутат отурган, ошонун баары аны колдоп добуш берип, чоң ишеним көрсөткөн. Демек Сариев өзү кетирген кемчилиги оркоюп көрүнүп калгандан кийин кетүүгө мажбур болду.

“Азаттык”: Максат мырза, Темир Сариев күнөөсү жок болсо бийлигин бербей туруп эле кимдин-ким экендигинин бетин ачса болмок, эми кызматтан кеткенден кийин кыңыр иштер кыңыр бойдон калат деген пикир көп айтылып жатат. Буга кызматтан кеткенден кийин Бабановдун аргымактын чын сырын ача албай калганы далил деп жатышат. Бул жагдайдан алып караганда, иштен кетсин деген чечим кабыл алган депутаттык комиссия акыйкат талдоо жүргүздү деп ишене алабызбы? Же бул Жантөрө Сатыбалдиевди кызматтан кетиргендей айрым күчтөрдүн мурдатан мерчемделген аракетинин натыйжасы болдубу?

Максат Сабиров: Чындыгын айтканда, мындай көрүнүштөр өнөкөткө айланып кетти. Шайлангандан кийин баарыбыз эле Конституцияга кол коюп, ант беребиз да иштей баштаганда эле ызы-чуулар башталат. Темир Сариевдин күнөөсү жок болсо, бардыгы ачык болсун десе депутаттык комиссиянын жыйынтыгын парламентке келип угуп, туура эмес чыгарган иликтөөсүн ошол жерде ачык айтса болмок. Бирок, ага жетпестен иштен кетип калды. Эми бул иш дагы улана берет, себеби астында иштеген министри айгинелеп, премьер-министрди күнөөлүү деп айтты.

Бул жердеги эң чоң мыйзамсыз иш - бюджетте жок акчага жол куруу. Биз быйылкы жылкы бюджетти 22 миллиард сом жетишпестиги менен кабыл алганбыз. Ошол бюджеттин ичинде жол курула турган 7 миллиард сом жок.

Андан тышкары ошол министрдин дагы күнөөсү бар, себеби эмне үчүн алты айдан бери жашырып-жаап унчукпай жүргөн? Ошон үчүн бул нерсе өтө саясатташтырып, ызы-чууга айланып кетип атат. Чындыгында бул жерде коррупциялык схема гана ачылды. Коррупциялык схема ачылгандан кийин өкмөт башчы сөзсүз кетиш керек.

Угармандын пикири: Мен Анара Дауталиевамын. Мен тендер өткөрүүнү жакшы билем, бул иште бири-бирине эле кине коюп жатышат. Бул жерде Сариевдин чын эле кытайлык компанияга жан тартканы көрүнүп турат. Ошон үчүн комиссия иликтөөнү аябай жакшы өткөрүп туруп, жыйынтыгын элге толук чыгарышы керек.

Максат Сабиров: Бул жердеги эң чоң мыйзамсыз иш - бюджетте жок акчага жол куруу. Биз быйылкы жылкы бюджетти 22 миллиард сом жетишпестиги менен кабыл алганбыз. Ошол бюджеттин ичинде жол курула турган 7 миллиард сом жок. Ал кошулуп биз быйылкы жылы 29 миллиард сомдук дефициттүү бюджет менен жашап жатабыз. Ошон үчүн быйыл 104 километр жолубуз бүтпөй калат го деген коркунуч бар.

Рыскелди Момбеков: Чындыгында биздин Кыргызстанда тендер саясаты “тең бер” саясаты, жол салуу иши бюджетке “кол салуу” саясаты болуп калды. Канча жылдап жол салабыз, бирок бир дагы транспорт министринин артында жакшы сөз ээрчиген жери жок.

“Азаттык”: Рыскелди мырза, премьер-министрликке президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Сооронбай Жээнбеков дайындалары белгилүү болду. Ал кандай критерийлер менен тандалып жатат деген ойдосуз? Анан ал киши мурдатан бери СДПК партиясынын мүчөсү эмеспи. Эгер аны шайласаңар Кыргызстанда бир партиянын бийлиги орнобойбу?

Рыскелди Момбеков: Биз Сооронбай Жээнбековду сөз кылуудан мурун 2010-жылдан бери өкмөт башында ким иштеди деген суроого жооп издейли. Санап көрсөк, техникалык өкмөткө Амангелди Муралиев, андан кийин Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев келди. Булардын ичинен бир гана КСДПдан Атамбаев болду, башка бирөө дагы биздин партиянын мүчөсү болгон эмес. Эми Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин коалициялык көпчүлүк колдосо, ага мүмкүнчүлүк бериш керек.

Мамлекеттик курулуш агенттиги жолду алты айдын ичинде куруп бүтүү мүмкүн эмес жана ага акча жок деген бүтүмүн чыгарып берген. Бирок ага карабастан ага киришкени таңкалычтуу болгон.

“Азаттык”: Максат мырза, Темир Сариев кызматтан кеткени менен жол куруу, "Көчмөндөр оюнуна" эл аралык деңгээлде даярдык көрүү иши токтоп калбайт да. Манас-Бишкек-Корумду жолу мөөнөтүндө бүтөрүнө ишенесизби? Ушул багытта парламенттин мындан аркы талабы кандай болот?

Максат Сабиров: Мамлекеттик курулуш агенттиги жолду алты айдын ичинде куруп бүтүү мүмкүн эмес жана ага акча жок деген бүтүмүн чыгарып берген. Бирок ага карабастан ага киришкени таңкалычтуу болгон. Өкмөт жолду куруп баштагандан кийин, балким бир жерден каражат табылган го деп турам. Эгер каражат табылбаса, анда бүтпөйт.

“Азаттык”: Рыскелди мырза, эл башында жүргөн адамдардын жүрүш –турушу, аракети кааласа, каалабаса да бүтүндөй коомго үлгү болорун саясат таануу илими далилдеген. Парламенттик башкаруунун өкүлү болгон депутат катары айтсаңыз, жыл өтпөй өкмөт алмаштыруу коомдо туруктуулукту камсыз кылам деген президенттин саясатын бошоңдоткон көрүнүш болгон жокпу?

Рыскелди Момбеков: Туура, ошондой болуп атат. Өкмөт башына ким келсе да анын артынан аңдуу башталып, аңтарып түшүү көнүмүш адатка айланып баратат. Бул туура эмес. Бирок Темир Сариев саясий атаандаштыктан улам кетти. Өкмөт башына, ары жооптуу жана кооптуу кызматка келгенден кийин кынтыксыз таза иштеши керек болчу. Атаандаштары карап турду да кемчилиги оркоюп калганда кызматтан аңтарып түшүштү. Дегеле, өкмөт башына келген киши президент болом деген амбициясы жок, тарыхта калгандай таза иштеп берем деп ант берип иштеш керек. Президенттик дымагы бар адам өкмөт башына барганда аброй менен акчага эле иштеп, капчыгы менен кадырын калыңдатканга киришип калат экен. Ал көнүмүш болуп калганын баарыбыз эле көрүп турабыз.

Угармандын пикири: Депутаттарды партия аркылуу менен эмес, элдин арасынан тандап шайлоо керек болуп турат. Анан өкмөт башына көпчүлүк коалиция тандаган адамды эмес, азчылык коалициядан шайлоо керек. Көпчүлүк коалиция өз кишилерин коргой берет экен, азчылык коалициядан болсо жоопкерчилиги чоң болот беле деген үмүттөмүн.

Максат Сабиров: Мен бир мандаттуу шайлоого каршымын. Анда урууга, керек болсо көчөгө бөлүнүүнү күчөтөт.

“Империя групп” компаниясы азыр эл аралык издөөдө жүргөн Нурлан Сулаймановдун компаниясы экендигин азыр уктум. Энергетика министрлигиндеги Ширшовдун схемасындай эле Транспорт министрлигинде Сулаймановдун схемасы иштеп атыптыр да!

Рыскелди Момбеков: Темир Сариевдин кызматтан кетишине саясий интригалар бир аз түрткү берди. Президент ишти иликтөөнү Коррупцияга каршы кызматка тапшырма бергенден кийин Максат Сабиров кирген депутаттык комиссия анын жыйынтыгын күтүш керек болчу. Депутаттык комиссия кылмыш боюнча айыптоо кое турган орган эмес, алардын эртелеп айып койгону Темир Сариевди эртелеп кызматтан кет дегенге барабар болду. Бул жагынан ал саясий курмандык болду деп да айтсак болот.

Максат Сабиров: Парламенттик комиссия болгон иштердин бардыгын иликтеп жыйнап туруп, ал палатада каралсын деген гана чечим чыгарып берди. Комиссиянын андан башка максаты деле болгон жок, бул жерде комиссиянын эч кандай күнөөсү жок.

Рыскелди Момбеков: Темир Сариев жалпы парламентти күнөөлөгөн жок, ал комиссиянын айрым мүчөлөрү менен Канат Исаевди кинеледи. Ошон үчүн Сариев жети гана киши менин тагдырымды чечип койду дебедиби. Мисалы, “Империя групп” деген компания кимдин компаниясы экендигин баса белгиледи. Мына мен “Империя групп” компаниясы азыр эл аралык издөөдө жүргөн Нурлан Сулаймановдун компаниясы экендигин азыр уктум. Энергетика министрлигиндеги Ширшовдун схемасындай эле Транспорт министрлигинде Сулаймановдун схемасы иштеп атыптыр да! Эмне үчүн комиссиянын мүчөлөрү Канат Исаевдин ошол “Империя группка” тиешеси бар же жогун ар тараптан изилдеп чыккан жок? Сариев жети гана киши өкмөт тагдырын чечип койду деп ачуу чындыкты айтып жатат. Башында комиссия төрагасы Кубанычбек Жумалиев Темир Аргенбаевичтин күнөөсү жок деп айтып туруп, анан бир жумадан кийин кайра күнөөсү чоң деп атат. Ошон үчүн мен комиссиянын ишин түшүнгөн жокмун.

Мен билгенден “Империя групп” Балыкчы-Бөкөнбаев жолун куруу тендерин уткан, Жогорку Нарын каскадында 26 миллион сомдук көпүрө салган, Оштун ичинде 105 миллион сомдук тендер уткан, Жалал-Абадда да иштеген. Эмне үчүн “Империя групп” Кыргызстандагы бардык тендерди эле ута берет? Мунун артында кимдер бар? Ошонун баарын иликтеш керек эле!

“Азаттык”: Рыскелди мырза, Темир Сариев бир жыл ичинде 10 завод ачып, пансионаттарды кайтарып алып, Евразия экономикалык биримдигине кирүү башында болду, ар бир райондо ондогон кичи өндөрүш ишканалары ачылсын деген милдеттерди алдыга коюп, мурдагы ишкер катары жакшы эле аракет кылды деген пикирлерин коомчулук билдирип жатат. Аны кечээ Малабаевден башка министрлердин кол чаап узатканы тастыктады көрүнөт.

Парламент Сариев баштаган инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкерликке бут тоспоо жана өндүрүшчүлөрдү колдоо саясатын улантуу талабын жаңы өкмөттөн талап кыла алабы?

Рыскелди Момбеков: Туура, бир топ алгылыктуу аракеттер болду. Бирок, ага тарых баа берсин, биз ашыкпай туралы. Ошол эле кезде “Жаңы мүмкүнчүлүктөр” деген программасы жаңы түйшүктөргө, камсыздандыруу кампаниясы алсыздандыруу кампаниясына айланып баратканы, кадр саясатындагы кемчиликтери, Кара-Балтадагы "Жунда" ишканасы Сариевдин жеке буйругу менен жабылган деген сөздөр артынан ээрчий баштаган болчу. Акыркы тендер чатагы мына ушундай кемчиликтердин жыйынтыгы гана болду. Ал өзү мындай кемчиликтерин байкабай калды, ал эми кол алдындагылар анын баарын байкап турушту, бир команда болуп иштей алышкан жок.

“Азаттык”: Максат мырза, Темир Сариев саясаттан кетпейм деди, демек аны президенттик жарыштан көрүшүбүз мүмкүнбү?

Максат Сабиров: Азыр аны айтыш эртерээк. Сөзсүз түрдө 30-40 адам чыгышы мүмкүн, бирок күрөө азыр чоң. Ошон үчүн 10-15 адам чыгышы мүмкүн.

“Азаттык”: Рыскелди мырза, парламент өкмөттү түзүп жатканда ар бир министрди мактап туруп шайлайт да, андан кийин бат эле сындай баштайт. Бир жыл иштебеген өкмөттү түзүп, кайра сындап, таратып отурган парламентке бара-бара такыр ишеним да жоголуп кетиши мүмкүн. Парламент ушундай абалга кептелбеш үчүн бул жолу министрлерди кесипкөйлүгүнө карап тандай алабы же артында парламентте партиясы жок адамдарга көңүл бурулбай калабы?

Рыскелди Момбеков: Бул жерде көпчүлүк коалиция жоопкерчиликти алыш керек. Эми Сооронбай Жээнбеков жактырыла турган болсо ал буга чейин эч кандай коррупцияга аралашпаган таза киши болгондон кийин мүмкүнчүлүк бериш керек.

Максат Сабиров: Туура, өкмөттү түзгөн коалиция жоопкерчиликти алыш керек. Бирок, ал кандай жоопкерчилик болору мыйзамда жазылган эмес. Ошон үчүн каалаган убакта каалаган адамдарын кызматка алып келип, каалаган убакта кайра алып коюп жатат. Ошон үчүн тезинен конституциялык реформа менен гана өзгөртүү керек.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG