Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:53

Абактарда “каралардын” үстөмдүгүнө жол берген жагдайдан улам Жаза аткаруу кызматынын мурунку-кийинки жетекчилеринин ортосунда кайым айтышуу күчөдү.

Мурдагы төрага Шейшенбек Байзаков абак жайларын тартипке келтирүү аракети чоң каршылыкка дуушар болуп, ал кызматтан кеткен соң кримтөбөлдөр отурган камералардын эшигин ачууга кайрадан жол берилгенин айтып чыкты. Ага чейинки жана учурдагы жетекчилик муну жокко чыгарып, көйгөйдүн себептери Байзаков айткандан алда канча терең экенинен кеп салышууда. Анткен менен кандуу окуяга жол бергендиги үчүн азыркы төрага Алик Мамыркуловдун жоопкерчилигин кароо маселеси да көтөрүлүүдө.

Жабылып-ачылган камералардын жагдайы

2011-жылы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын жетектөөгө келген генерал Шейшенбек Байзаков абак жайларындагы абалды түп- тамырынан тартипке келтирүү маселесин көтөрүп чыккан. Колу таза эмес же ишине кайдыгерлик менен мамиле кылган кызматкерлер жумуштан алынып, абактардагы тартип күчөтүлгөнү белгилүү. Мындай чаралар 2012-жылы №1 тергөө абагында нааразылыкты жаратып, ал төраганы алмаштырууга негиз берген.

Жаза аткаруу кызматынын мурдагы төрагасы Шейшенбек Байзаков “каралардын” үстөмдүгү кандайча кайра калыбына келтирилген жагдайды мындайча баяндап берди:

Шейшенбек Байзаков

Шейшенбек Байзаков

- Камералардын эшиктерин жаптырып, алардын башка камалгандарга салык салууга мүмкүнчүлүк бере турган кыймыл-аракетин чектеген болчубуз. Албетте, мындай катуу тартип аларды нааразы кылды. Анан бизди ал жактан кетирүү планы иштелип чыгып, андан кийин абак жайларындагы камералар ачылып, андагы абал мурдагы таз кейпине келген. Менден кийин азыркы төрага Алик Мамыркулов келген. Ал бул кызматтан кеткен, ушул жайда экинчи ирет кайра дайындалып жатпайбы. Акчага кызыккандар, тигилер менен ага чейин эле чырмалышып калгандар бар экен. Мен мекемелердеги сегиз башчыны алып, алардын ордуна колу таза жана күчтүү жигиттерди дайындаган элем. Мен кеткенден кийин мурда ал жактан “тазалангандардын” бардыгы кайра келип, жогорку кызматтарга коюлуптур. Бир эле мисал. Телтаев дегенге менин тушумда беш эпизод боюнча иш козголгон. Ал адам кийин азыр чуу чыккан 50-тергөө абагына башчылыкка дайындалыптыр. Бардык көйгөй туура эмес кадрларда. Ошон үчүн мына ушундай окуя болду да.

Шейшенбек Байзаковдун бул айткандарын кийин Жаза аткаруу кызматынын өздүк коопсуздук бөлүмүн башкарган Ишенбек Мусаев дагы ырастады. Ишенбек Мусаев айрым жетекчилердин абак жайларындагы кримтөбөлдөр менен келишип алып иш алып барган учурлары байкалганын мисал келтирди.

Өздүк коопсуздук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ишенбек Мусаев №1-тергөө абагында кримтөбөл менен байланышы болушу мүмкүн деп кызматтан алынган адам кийин азыркы төраганын кеңешчиси болуп дайындалып калганын айтты:

- Мына ошол тергөө абагындагы баш ийбөөчүлүк уюштурулуп, анын негизинде ошол кездеги төраганы кызматтан кетүүгө мажбурлашкан. Анын ордуна Алик Мамыркулов келди. Ошол абак жайындагы окуянын өнүгүшү бурмаланганы кийин сотто далилденген. Андагы кримтөбөл Дамир Сапарбеков менен байланышы бар деген негизде Куаныш Кенебаев деген башкы штабдын жетекчилигинен алынган. Мына ошол абакчылардын козголоңуна ал кандайча барып, катышып калганы табышмак бойдон калды. Андан көп өтпөй эле жанагы тыюу салынган камералар кайрадан ачылып жатат деген маалыматтар болду.

Жокко чыгарылган жоболоң

Бирок мындай дооматтарды Жаза аткаруу кызматынын маалымат кызматы жокко чыгарды. Мекеменин маалымат катчысы Эленора Сабатарова жакында болгон кайгылуу окуядан саясат жасаган күчтөр чындыкка коошпогон маалымат чабуулу аркылуу төрага Алик Мамыркуловду кызматынан оодарып түшүүгө камынып жатканын белгиледи:

- Кеткен келин кайын-журтун жакшы деп айтпайт да. Мына ошол сыяктуу эле бизде мурда иштеп кеткен кызматкерлер ушул учурдан пайдаланып ичкүптүлөрүн чыгарып жатышат. Генералдар сүйлөп чыга баштады. Ар кандай эксперттер пайда болду. Бирок бир суроо бар. Эгерде чын эле ошол сындаган кишилер кыйын болсо, өздөрү иштеп турган учурда эмнеге мына ушул системага олуттуу өзгөртүү киргизе алышкан эмес? Анан кызматтан кеткен соң, байкоочу катары отуруп алып сын айтууга бардыгы маш. Коркунучтуу шартта жанын оозуна тиштеп иштеген биздин кызматкерлердин абалын жеңилдетүүгө ал адамдар кандай салым кошконун айтып беришсинчи. Буга чейин мындай көйгөй көтөрүлгөн эмес. Же ал маселени көтөрүү үчүн милдеттүү түрдө ошондой мыкаачылык менен кызматкерлер өлтүрүлүшү керек беле?.. Бул окуя көп жылдан бери келе жаткан көйгөйлөрдүн туундусу. Анан эми Алик Мамыркулов келери менен ушундай болуп калган жок да. Маселенин себептери алда канча терең.

Деги өзү жоопкерчилик болобу?

Ушул күнгө чейинки абактардагы чатактар үчүн жогорку кызмат адамдары жоопко тартылган мисалдар аз. Адатта катардагы кызматкерлер жаза аларын айткан бул мекеменин мурунку төрагасы Эрнист Исаев камераларды жабуу боюнча демилгелер иш жүзүнө ашкан эмес деп билдирди:

Кыргызстандагы абактардын бири

Кыргызстандагы абактардын бири

- Негизи абак жайларында кандайдыр бир окуя же чыр-чатак чыкса, орто деңгээлдеги же төмөнкү тепкичтеги гана кызмат адамдары жоопко тартылат. Ал эми буга жол берген күнөөсү бар жетекчилер жоопкерчиликтен кутулуп кеткен өнөкөт күч. Анан эми Байзаков айтып жаткан камералар анын "сөзү" менен гана жабылган. Чынында андагы камералар жабылган эмес. Бул анын жөн эле рекламасы болчу. Камераны жабуу үчүн каражат деле керек эмес. Саясий эрк гана жетиштүү. Бирок биздин жетекчилер кулагынын тынчын ойлоп, мына ошого жол берип келе жатышпайбы. Камераларды ачып койсок, каралар чуу көтөрбөйт, азбы-көппү чөнтөккө акча түшүп турат деп, ошол жолго биз өзүбүз түшүп жатпайбызбы.

Учурда №50 тергөө абагындагы жагдайды иликтөөгө алган комиссия камералар мыйзамсыз ачылган учурларды териштирүүгө киришти. Жаза аткаруу мекемеси өз кезегинде бул окуя боюнча кызматтык иликтөө башталганын жарыялаган. Абак жайларындагы мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн атайын прокуратура жакында шалаакылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG