Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Абак башчысынын уруксаты чырга айланды


Кыргызстандагы түрмөлөрдүн бири.
Кыргызстандагы түрмөлөрдүн бири.

Оштогу 5-тергөө абагынын жетекчисине кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун бир тууганы Абдыкадыр Асанов абакта жаткан жаранга үйүнө барып келүүгө уруксат берген деп айыпталып жатат.

Абдыкадыр Асанов мындан эки жыл мурун ишинде алешемдиктерди кетирген деген жүйө менен кызматтан алынган. Бирок ал Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигин соттон утуп алып, бир жылдан кийин ордуна кайра отурган болчу.

“Азаттыктын” ишенимдүү булактарынын билдиришинче, Абдыкадыр Асановго кылмыш ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет козгоду. 20-октябрда камакка алынып, 22-октябрда баш коргоо чарасы өзгөрүп, үй камагына чыгарылды. Атайын кызматтын басма сөз өкүлү азырынча расмий комментарий берилбей турганын айтты:

- Бизде андай маалымат жок. Болсо пресс-релиз жөнөтөт элек да. Түшсө эле жашырбай жөнөтөбүз.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бир тууганына кылмыш иши козголгонун тастыктады. Бирок чоо-жайын маалымдаган жок:

Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

- Ал жакта тергөө жүрүп жатат. Эми бул мыйзамдын негизинде чечиле турган нерсе. Азыр мен бир нерсе айтсам туура эмес болуп калат.

Прокуратурадагы ишенимдүү булактардын маалыматына ылайык, Абдыкадыр Асановго “кызматынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып тагылып жатат. Ага ылайык, Асанов түрмөдө жаткан адамга үйүнө барып келүүгө уруксат берген. Соттолуучунун жакындарынан анын жубайы өлүм алдында жатат деген маалымдама түшкөн. Түрмө башчы ошоннун негизинде үйүнө жөнөткөн.

Адистер Кылмыш аткаруу кодексине ылайык, түрмө башчылар соттолуучуларды кайсы бир учурда кайтаруучулардын коштоосунда үйүнө жөнөтө аларын белгилеп жатышат. Маселен, буга чейин мурунку мэр Нариман Түлеев атасы каза болгондо түрмөчүлөрдүн кайтаруусунда үйүнө барып, топурак салып келген эле.

Жаза аткаруу кызматынын мурунку жетекчиси Шейшенбек Байзаков Абдыкадыр Асановго укуктук баа тергөөдө берилерин айтууда:

- Жаза аткаруу кызматында төрт устав бар. Ал эми күзөттүү жана кайтаруу департаментинин беш уставы бар. Андан сырткары Жаза аткаруу кызматында иштөөнүн жобосу бар. Уставды бузгандарга административдик жаза берилет. Анын аткарылышын атайын прокурор көзөмөл кылат. Кылмыш ишти атайын прокуратура козгоп, сотко жөнөтөт. Эми бул кылмыш ишке укуктук бааны атайын прокуратура бериши керек.

Учурда абакта жаткан депутат Нариман Түлеевге атасы каза болгондо топурак салууга уруксат берилген.
Учурда абакта жаткан депутат Нариман Түлеевге атасы каза болгондо топурак салууга уруксат берилген.

Оштогу 5-тергөө абагынын жетекчиси Абдыкадыр Асанов 2012-жылы жайында түрмөдө башаламандыкка жол берген, ишинде алешемдик кетирген деген жүйө менен кызматтан алынган. Бирок ал жетекчилигин сотко берип, утуп алган жана бир жылдан кийин кызматына кайра дайындалган.

“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы бир канча жылдардан бери кыргыз абактарына мониторинг жүргүзүп келет. Кыймылдын төрайымы Төлөйкан Исмаилова түрмөлөргө сырттан чоочун адамдарды киргизүү, соттолуучуларды эркин кое берүү өңдүү мыйзамсыз көрүнүштөр бар экенин айтты:

- Көп абактарда түнкү жашоо бар. Түрмөлөр ачылып жатканы, ал жакка ар кандай нерселер кирип жатканы, же болбосо түрмөлөр аркылуу радикалдуу диний көз караштар тарап жатканы кеңири тарап кетти. Мунун баары саясатка жана коопсуздукка таасирин тийгизүүдө. Коррупция да өнүккөн. Түрмөлөрдө коопсуздук чаралары сакталмайынча, абактын сыртындагы жашоодо да тынчтык болбойт.

Исмаилова абактарды реформалоо иштери созулуп кеткенин сынга алды. Мунун айынан кылмыштуу топтор өз таасирин чоңойтуп, атүгүл саясатка чейин жеткенин белгиледи:

- Түрмөлөрдү тазалаганга мезгил келди. Эгерде андай кадамдарды жасабасак, абактарда иштеген кызматкерлер дагы криминалга көз каранды болуп, алар таасирин арттырып, бизнеске жана саясатка чейин аралашып кеткен учурларга күбө болуп жатабыз.

Кыргызстанда азыр ондон ашык түрмө, алты тергөө абагы бар. Анда 15 миңдей адам отурат. Абактарга байланыштуу бир катар чуулуу окуялар катталган. Түрмөлөрдө далай ирет тополоң чыккан.

XS
SM
MD
LG