Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Жолдубаеванын кадрдык "жоболоңу"


Башкы прокуратуранын музейинен тартылган сүрөт
Башкы прокуратуранын музейинен тартылган сүрөт

Парламентте баш прокурор Индира Жолдубаева жемкордукка шектелген жетекчини коррупцияга каршы күрөш башкармалыгына көтөрдү деп сынга алынды.

Парламентчилер жемкорлукка шектелген жетекчинин "колу туткактарга" каршы күрөшө турган башкармалыкка келишин башкы көзөмөл органын "шылдыңдоо" катары кабыл алышууда.

“Республика - Ата-Журт” фракциясынан депутат Руслан Казакбаев баш прокурор отчет берүү учурунда Токтогул райондук прокурору кызматтан кетип, ага кызматтык иликтөө жүрүп жатканы боюнча жалган айтып, бирок эртеси эле анын кайра даражасын жогорулатканын айыптап чыкты.

Токтогул районунун мурдагы прокурору Марлен Чоробеков мунун бардыгын четке кагып, сот аркылуу анын актыгы ырасталганына карабастан дооматка кабылып жатканын билдирди.

Жергиликтүү фермерди желкелеген прокурор

Буга чейин жергиликтүү тургундардан Токтогулдун прокурору Марлен Чоробеков чыныгы кылмышкерлерди калкалап, карапайым фермерлерге мыйзамсыз кылмыш ишин козготкону боюнча бир топ даттануулар болгон.

Жергиликтүү фермер Анаркалый Абакулов район прокурору андан бир согум жылкы талап кылып, ал баш тарткан соң, суу чыкпаган кайрак жерди өздөштүргөнү үчүн иш козготконун мисал келтирди:

- Каралбай эле жаткан кайрак жерге скважина менен суу чыгарып, электр жарыгын киргизгенбиз. Анан малга тоют үчүн беде айдап, көчөт эккенбиз. Мени ошол жерди мыйзамсыз ээлеп алды деп иш козготуп, коркута баштады. Анткени ага чейин ал прокурор мага келип Бишкектегилерди сыйлаганга согум жылкы сураткан болчу. Мен жылкы арык деп баш тарткам. Анан калса, мен мыйзам бузбасам, эмнеге беришим керек эле? Анан эле каматып жиберем деп мени куугунтуктап жатпайбы. Экологиядан адамдар келип текшерип “бул кишиге чөлдү гүлдөткөнү үчүн рахмат айтуу керек” дегенине карабай мени соттон-сотко сүйрөдү. Анан Жогорку Соттон акталдым.

Прокурор "чынчылдыгынан" жабыркаптыр

Анткен менен Токтогул районунун мурдагы прокурору, учурда Башкы прокуратурада Коррупцияга каршы күрөш башкармалыгына көтөрүлгөн Марлен Чоробеков муну карандай доомат катары кабыл алды. Марлен Чоробеков прокуратурада өтө принципиалдуу иштегени үчүн ага карата атайын каралоо жүрүп жатат деп эсептейт:

- Кызматтык иликтөөдө айтылган дооматтарга тиешем жок экени аныкталды. Менин ар-намысыма жана ишкер беделиме шек келтире бергени үчүн ал адамды сотко берип, утуп алдым. “Коррупциялык иштерге аралашты, туура эмес иш козготту жана жылкы суратты” деген маалыматтардын бардыгы жалган болуп чыкты. Мамлекет алдында, эл алдында таза экенимди сот аркылуу далилдеп жатсам да каралоо токтобой жатат. Мен прокуратура органдарында принципиалдуу иштегеним үчүн ушундай нерсеге дуушар болуп жатам.

Бул тууралуу жергиликтүү фермер баш прокурорго, өкмөт башчысына жана президентке чейин даттанып, жооп ала алган эмес. Мына ошондон кийин ал прокурордун мыйзамсыз иш козготкону боюнча парламент депутаттарына кайрылган. Бул маселе боюнча “Республика - Ата-Журт” фракциясынан депутат Руслан Казакбаев баш прокурордун отчету учурунда ал маселени көтөрүп, көрүлүп жаткан чаралар тууралуу жооп алган болчу.

Алданган парламент, арданган депутаттар

Бирок Руслан Казакбаев баш прокурордун парламентте апрелде айткан сөзү жалган болуп чыкты деп сынга алды:

Руслан Казакбаев
Руслан Казакбаев

- Тескерисинче баш прокурор отчет бергендин эртеси эле Марлен Чоробеков Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган экен. Баш прокурор айым парламент жыйынында кебелбей туруп, ага карата текшерүү болуп жатат деп калп айткан болуп чыкты. Ал Чоробековду жазалоо ордуна кызматынан кеткен прокурорду кызматтык тепкич боюнча жогору көтөрүп салыптыр. Биз баш прокурордон Чоробеков тууралуу жалган маалымат берилгендиги үчүн расмий жооп берүүнү талап кылабыз.

Токтогул районунун мурдагы прокурору Марлен Чоробековдун дарегине жалгыз эле фермер Анаркалый Абакуловдон арыз түшкөн эмес. Ага карата 2015-жылы 24-июлда Ош-Бишкек жолундагы Чычкан капчыгайында уулун машине уруп кеткен Таалайкан Бактыбаева дагы арызданган. Анткени уулун коюп кеткен айдоочу Нурдин Торубаевдин ишин райондун прокурору жаптырып салганы боюнча жабырлануучу тарап президентке чейин даттанган.

КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров буга окшогон прокурорго чара көрүүнүн ордуна кызматтан жогорулатууга эмне себеп болгонуна кызыкты:

- “Баш кесер” болбош керек да. Мына ошого окшопчу... Өзүңүздөрдүн араңыздардагы мына ошондой прокурорлорду карап койбойсуздарбы? Токтогулдун прокурору тууралуу маалыматтар чыкты. Бирок аны толук текшертүүнүн ордуна кызматынан жогорулатып жатасыздар. Негизи бизде кандай тартип менен кадрлар тандалат?

Индира Жолдубаева
Индира Жолдубаева

Баш прокурор Жолдубаеванын отчету парламентте каралып жатканда бул маселенин көтөрүлүшү аны бир топ ыңгайсыз абалга кептегендей. Бирок Башкы прокуратуранын маалымат кызматы Индира Жолдубаеванын кыргызча-орусча аралаштырып сүйлөгөнүн айрым интернет сайттар бурмалап жибергенин белгиледи. Баш прокурор Индира Жолдубаева аталган суроого төмөндөгүчө жооп берген болчу:

- Азыр ал өз каалоосу менен арызын жазган. Мурдагы күнү. Сиз эми болбогон эле ишке кылмыш ишин козготкон дегенди айтып жатасыз да. Чынбы? Эгерде мына ошондой болсо муну дагы бир жолу көзөмөл иретинде карайбыз.

Бирок Токтогул районунун мурдагы прокурорунун дарегине арыз-даттануулар боюнча кызматтык иликтөөнүн расмий жыйынтыгы менен тааныша алган жокпуз. Ошондой эле жемкордукка жана жасалма иш козгоого шектелген прокурорду кызматынан жогорулатууга кандай себептер негиз болгону дагы белгисиз бойдон калды. Депутаттар коррупция менен күрөшө турган прокурорлордун өзүнүн колу таза эмес болуп, алар көп учурда жазасыз калып жатканын эске салышты.

XS
SM
MD
LG