Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:47

Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Куловдун кыргыз өкмөтүнүн структурасын өзгөртүү демилгеси коомчулукта карама-каршылыктуу пикирлерди жаратууда.

Өкмөттүн ички түзүмдөрүн кескин өзгөртүүнүн кандай зарылчылыгы бар же бул парламенттик шайлоо алдындагы партия лидеринин саясий дымагыбы? “Арай көз чарай” берүүсүнө ушул суроолорго жооп издейбиз.

Талкууга Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын лидеринин кеңешчиси Курманбек Раматов жана мурдагы вице-премьер-министр, коомдук ишмер Тынычыбек Табылдиев катышты.

"Азаттык": Курманбек мырза, фракция лидери Феликс Куловдун өкмөттүн структурасын өзгөртүү демилгесинин маңызы сизге дайын деп ойлобуз. Мындай демилге кайсы зарылчылыктан келип чыгууда, Кыргызстанда бул маселенин көтөрүлүшү канчалык деңгээлде актуалдуу деп ойлойсуз?

Курманбек Раматов: Бул маселе көп жылдан бери көтөрүлүп келет. Биз чынын айтканда, мамлекеттик тутумду өзгөртүү боюнча кечиктик. Чиновниктерди эле баккан өлкөгө айландык да. Биздин фракциянын лидеринин бул сунуштары мурдагы үч өкмөт башчыга да сунуш кылынган. Азыркы өкмөттүн курамы аябай чоң, аткаруучулук иштер болсо кечеңдеп жатат.

"Азаттык": Мурдагы өкмөт башчыларга деп калдыңыз бул сунуш алардан колдоо тапкан эмеспи?

Курманбек Раматов: Мындай өзгөрүү зарыл экендиги, колдоо керектигин дайыма кат аркылуу айтып турушчу. Тилекке каршы өкмөт тез-тез алмашып тургандыктан сунушту эртелей ишке ашырууга мүмкүнчүлүк болбой келген.

"Азаттык": Азыркы Оторбаевдин өкмөтү бул сунушту кандай кабыл алып жатат?

Курманбек Раматов: Туура эле кабыл алышты. Өткөндө коалициялык көпчүлүктүн кеңешинде жактырылды, биз бул сунушту бардык фракцияларга, өкмөткө жөнөттүк, сунуш-пикирлерди гана күтүп жатабыз...

"Азаттык": Тынычбек мырза, ушундай кыскаруу, өзгөртүүлөр сиз иштеген Акаев, Бакиев бийлигинде да болду эле, алардан натыйжа, жыйынтык чыкканбы? Азыркы өкмөттүн структурасы советтик замандан калган, бүгүнкү күндө иштебейт, ошондуктан өзгөртүү керек деп жатышпайбы...

Тынычбек Табалдиев: Биринчиден, февраль айында өкмөттүн структурасын кароонун кажети жок. Мына бул жылы июнь айында азыркы Жогорку Кеңеш кетет, ноябрда парламенттик шайлоо болот.

Төрт жылда сунуш кылынбаган өкмөт структурасын төрт айда түзө калса, ал өкмөт үчүн ким жооп берет? Каражатты үнөмдөйбүз дейт, өкмөттү түзүп, бюджетти карап жатканда эмне үчүн бул маселе каралган эмес?

Азыркы структура советтик замандан калган дешет. Карап көргүлө, биздегидей эле Германияда, Голландияда Эмгек жана башка министрликтери бар, ал да советтик замандан калган деп айтабызбы?

Темир Сариевдин министрлиги баш болуп, төрт жылда эки жолу оптималдаштыруу деп комиссия иштеп, өзгөртүп чыгышкан. Бирок андан эмне натыйжа болду? Парламентке отчет берилген жок. Кайдан кемчилик кетти? Анализ жасалган жок. Ошондуктан бул айтылып жаткан сунуштарды кеч калган деп эсептейм, колдоого болбойт.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 1996-жылы азыр бизге сунуш кылынып жаткан вариантты киргизген, бир жылдан кийин ал иштебей, кайра мурдагы системага кайрылып келген. Мисалы, Миграция министрлигин улам эксперимент кылып өзгөртүп, жоюп келе жатабыз, натыйжа болбогондон кийин кимдир бирөө жооп бериш керекпи?

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG