Линктер

шейшемби, 28-март, 2017 Бишкек убактысы 19:59

Эки жыл мурун Бишкекте террордук чабуулга даярданган деген айыптоо менен соттолгондор тергөөдө кыйноого кабылганы боюнча Башкы прокуратурага арызданышты.

Сот иши жабык болгондуктан алар өкүм чыгып, тергөө абагына которулгандан кийин гана укук коргоочулар менен жолугууга мүмкүнчүлүк алып, видеого атайын кызматтын тергөө абагындагы тарткан азаптары тууралуу айтышкан.

УКМК бул иш боюнча соттолгон сегиз адамга 2015-жылдын 16-июль күнү Бишкектеги атайын операция учурунда каршылык көрсөтүп, жок кылынган жоочулар менен тыгыз байланышта болгон деп айып койгон.

Башында кармалгандар кайда?

Кыйноолорго каршы улуттук борбор менен “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун өкүлдөрү жакында Бишкектеги №1 тергөө абагына кирип, террорчулук боюнча соттолгон сегиз адамга жолуккан.

УКМК 2015-жылы 16-июлда Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги атайын операцияда төрт жоочу жок кылынып, айрымдары кармалганын жарыялаган эле. Ошол эле учурда мына ошол жоочулар буктурма кылган үйдөн колго түшкөн беш адамды “Альфа” атайын тобу чыгарып бараткан видео тасманы жергиликтүү телеканалдар көргөзгөн.

Жакында Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бул иш боюнча айыпталгандардын алды 27 жылга кесилди. Соттолуучулар менен жолуккан укук коргоочу Азиза Абдирасулова андагы сырдуу жагдайлар боюнча мынтип ой бөлүштү:

УКМКдагы кыйноо: Кунакуновдун арызы

“Бийликти күч менен алууга даярданган” деген айып менен соттолуп жатышкан Максат Кунакунов жана Алтынбек Жумагазиев атайын кызматтын тергөө абагында кыйноого дуушар болушканын айтып, акыйкатчыга даттанышты.

- Эң эле чоң сыр - бул иштин бурмаланганы. Мына ошол күнү атайын операцияда чын эле атышуу болуптур, биздин кыраакы чекисттер террордук актынын алдын алыптыр. Ага рахмат дейли. Бирок азыр ошол видеодогу кармалган балдар кана? Эмне себептен аларды ошол окуя болгон жерден кармалды деп элге көрсөтүшөт дагы, анан алар дайынсыз жоголуп эле, кийин башка адамдарды ар кимисин ар кайсы жактан кармап келип камашат? Кармалгандардын бардыгы ар кимиси ар кайсы жактан 16-июлда, 20-июлда, октябрь жана декабрь айларында кармалып, камакка алыныптыр. Бирок ошол сегиз адамдын бири дагы Панфилов-Горький көчөсүндөгү ок атышуу болгон атайын операция учурунда кармалбаптыр. Ар кайсы убакта, ар кайсы жактан кармалгандардын бардыгын бир ишке байлап койгон бул эмне деген атайын операция?

Кыйноолор болгонбу?

Мындан сырткары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин атайын операциясы ошол эле күнү Аламүдүн районундагы ГЭС-5 конушундагы үйлөрдүн биринде улантылып, ал жактан эки куралдуу жоочу жок кылынганы белгиленген болчу.

УКМКнын маалыматы боюнча, ошол кезде жалпысынан жети адам кармалган. Алардын арасында парламенттин мурдагы депутаты Максат Кунакунов да бар. Буга чейин акыйкатчы Кубат Оторбаев дагы бул иш боюнча соттолгондор кыйноого дуушар болгонун айтып чыккан эле. Бирок УКМКнын расмий өкүлү муну төгүндөгөн.

Азиза Абдирасулова

Азиза Абдирасулова

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова кармоо учурундагы жана тергөө абагындагы кыйноолор боюнча төмөндөгүчө мисал келтирди:

- Эси ооп эки-үч күн өзүнө келе албай жатып калгандарын айтып беришти. Ошондо дагы аларга дарыгер чакырып коюшкан эмес. Булар кыйноонун дагы эң эле ырайымсыз жана жырткычтык усулдарын баштан кечиришиптир. Аларды террорчулук боюнча оор кылмыш тагылып жатканда кылмыш иши эмнеге коомчулукка ачык-айкын жүрбөгөнү таң калычтуу. Анткени атайын кызмат тапкан далилдери аркылуу чынында эле алар террорчулукка даярданганына коомчулукту ынандырышы керек эле да. Булардын ишинде эч кандай деле мамлекеттик сыр болбогонуна карабастан сотту жабык өткөрүшкөн.

“Атайын операцияга ишенбөөгө негиз жок”

Анткен менен УКМК бул ишти жихадисттик багыттагы эл аралык террорчул топ түзүү жана мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнө коркунуч келтирүү аракети катары баалайт. Ал 2015-жылы 16-июлдагы атайын операция учурунда бети ачылган кылмыштуу топ буга чейин ишкерлерге кол салууларды уюштуруп, каракталган каражатка курал-жарак, ок-дары сатып алып, террордук актыларды даярдоого жумшаган деп эсептейт.

Өкмөт башчысынын коопсуздук иштери боюнча кеңешчиси Токон Мамытов атайын операция жасалма уюштурулуп, айрымдары жалаа менен соттолду деген дооматты четке какты:

- Ал атайын операция болчу. Анда мамлекеттин коопсуздугун сактоого байланыштуу өзүнүн жашыруун эрежелери бар. Ошондуктан атайын кызматты жана өкмөттү буга байланыштуу айыптоо негизсиз. Бул жөн эле “имиш-имиш” сыяктуу ушак сөздөр. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке ишеним көргөзбөө үчүн негиздер болушу керек. Мына ошондой негиздер азыр жок. Негизи эле биздин улуттук коопсуздукту караган атайын кызматка ишенишибиз керек. Ошол иште уюшма террордук топторго караштуу адамдар болгону жетишерлик далилдер аркылуу ырасталып жатпайбы. Шек саноого эч кандай негиз жок. Мунун бардыгы мына ошол соттолгон адамдардын эле өзүн-өзү коргоо аргасы.

Электр тогу менен “эске салуу” усулу

2015-жылы 16-июлдагы Орозо айттын алдында Бишкекте террордук чабуулга даярданган деген айыптоо менен 25 жылга соттолгондордун бири Бактыбек Жуматаев. Ал ошол окуядан туура беш айдан соң, тагыраагы, 3-декабрда Нарындагы жатак абагында жаза мөөнөтүн өтөп жүргөн жеринен кармалган.

Бактыбек Жуматаев укук коргоочулар менен жолугушууда электр тогу менен кыйноонун натыйжасында кылмышты моюнга алууга аргасыз болгонун айткан:

- 2015-жылы 3-декабрда Нарындагы жатак абакта жаза мөөнөтүмдү өтөп жүргөн кезде УКМКнын кызматкерлери келип, мени ал жактан Бишкекке алып келишти. “Аманкулов Турат дегенди тааныйсың, сен анын каякта экенин билесиң” деп мени сурай башташты. Мен анын каякта экенин билбейм, аны менен эч кандай байланышы жок десем, мени катуу токмоктоп, колума ток өткөзүп кыйнашты. Анан эсимден тандым. Мен эстен танганда муздак суу куюшуп, кайра эсиме келтирип, кайра сурап жатышты. Жардыргыч затты сен таап бергенсиң, моюнуңа аласың, болбосо жыныс мүчөңө дагы ток өткөзөбүз дегенде анан айлам кетип, моюнга алып, берген кагаздарына кол коюп бергем.

Өзү келип колго түшкөн жарандын таржымалы

Мурда соттолуп чыккан Бакыт Батырканов аттуу жаран дагы террордук чабуулга даярданган деген айыптоо менен 20 жылга кесилген. Анын өзүнүн видеотасмага айтканы боюнча, ал 2015-жылы 16-июль күнү “Альфа” атайын тобу Бишкектин четиндеги Пригородное айылындагы үйлөрдүн биринде кармоо жүргүзүп жатканда барып калган. Мына ошондо үй ээси менен кошо кармалган Бакыт Батырканов мындай деди:

Бишкектеги террорго каршы операция, 16-июль, 2015-жыл

Бишкектеги террорго каршы операция, 16-июль, 2015-жыл

- Панфилов-Горький көчөсүндө жардыруу болуптур, атышуу болуптур, террористтер өлтүрүлүптүр, жети адам кармалыптыр деп жаңылыктардан айтышкан эле. Бирок биз бул жакта тергөө учурунда да, сотто да ал жети адамды көргөн жокпуз. Алардын ордуна биз отурабыз. Бизди ар кайсы жерден кармап алып келип, камап коюшту. Мен ага чейин издөөгө алынган эмесмин. Мен ал жерге өзүм барган болчумун. Тергөөгө “эгерде мен террорист болсом, мына ошол кармоо болуп жаткан жерге, барат белем? Тескерисинче качат элем го" дедим. Бирок алар менин айткандарымды угушкан жок. Биз айтканды угуп, бардыгын моюнга алышың керек деп ур-токмокко алып туруп алышты.

УКМКнын версиясы боюнча, алдын алуу чарасы көрүлбөсө, бир нече адамдан турган террордук топ Бишкекте катары менен террордук чабуулдарды жасашы мүмкүн болгон. Бирок сотто буга негиз болчу кандайдыр бир далилдер келтирилгени белгисиз. Ошондуктан соттун жабык болушу укук коргоочуларда шек саноо жаратууда. Бирок өкмөт башчысынын кеңешчиси Токон Мамытов терроризмге байланыштуу кылмыш иштеринин көбү адатта, сотто жабык карала турган эл аралык тажрыйба бар экенине төмөндөгүчө токтолду:

- Дүйнө жүзүндө терроризм боюнча козголгон кылмыш иштери боюнча тергөө иштери жабык түрүндө жүргүзүлөт. Сот иштери дагы жабык болот. Мындай тажрыйба бардык өлкөлөрдө - АКШда дагы, Орусияда дагы, Кытайда дагы ушундай. Анткени бул жерде мамлекеттин коопсуздугуна байланыштуу жашыруун материалдар каралат. Ошону адамдар түшүнүшү керек.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкекте 2015-жылы 16-июлдагы атайын операция учурунда жок кылынган жоочулардан сырткары алар менен тыгыз кызматташтыкта болгон уюшма топтун калган мүчөлөрү кийин кармалганын жарыялаган. Жок кылынгандардын арасында Казакстандын эки жараны бар экени белгиленген болчу.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2015-жылы 10-декабрда “Мадина” базарынын жанындагы атайын операцияда аталган кылмыштуу топтун калган эки мүчөсү дагы жок кылынган.

"Азаттыктын" архиви: "Адалсынган террорчу", 27-июль, 2015-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG