Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:52

Кыргызстанда теракт коркунучу барбы?


Кыргыз милициясы.
Кыргыз милициясы.

Кыргызстанда теракт коркунучу тууралуу эскертүүлөр көбөйдү. Бишкек шаарынын милициясы тургундарды айрыкча эл көп жүргөн жайларда, көчөлөрдө сак болууга, шектүү буюмдарды көз жаздымда калтырбай байкап, кыраакы болууга чакырды.

Анын алдында Кыргызстандагы АКШ менен Улуу Британиянын элчиликтери жарандарын эл көп топтолгон жайлардан мүмкүн болушунча оолак жүрүүгө чакырган.

Өткөн аптада болсо Сирияда согушуп жүргөн кыргызстандыктар делген бейтааныш адамдар расмий бийликти кескин айыптап, коркутуп-сестентип видео кайрылуу жасаган эле.

Бишкек шаарынын милициясы теракт коркунучу тууралуу эскертүү баракчаларды коомдук унааларга, эл көп жүргөн жайларга чаптай баштады. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов муну диний экстремизим-терроризмдин алдын алуу максатында такай жасалып жаткан иш-чаралар деп түшүндүрдү:

- Буга чейин деле, мындан кийин дагы ИИМ УКМК менен биргеликте терроризм, диний экстремизмдин алдын алуу боюнча бир катар иш-чараларды өткөрдү жана өткөрүлө берет. Өткөн айларда республикалык маанидеги чоң иш-чаралар өттү. Анда биз бардык ыкчам аракеттерди көрдүк. Себеби бизде ар кандай оперативдүү маалыматтар бар болчу. Азыр ички иштер органдары алдын алуу иш-чараларды жүргүзүп, ыкчам маалыматтарды текшерип жатат.

14-троллейбуска илинген маалымдама. 8-октябрь, 2016-жыл.
14-троллейбуска илинген маалымдама. 8-октябрь, 2016-жыл.

Мунун алдында Кыргызстандагы АКШнын, ага улай эле Улуу Британиянын элчиликтери террордук чабуул болушу ыктымалдыгын айтып, өз жарандарын сак болууга чакырып билдирүү таратты.

Андан бир аз мурдараак Интернетке өздөрүн Сирияда согушуп жүргөн кыргызстандыктар деп тааныштырган, колдоруна автомат кармаган үч бейтааныш адам атайын видео кайрылуу жасаган эле. Экөө бетин чүмкөп алган, бирөө болсо бетин жапкан эмес жана алардын артында Түркиядагы Адам укуктарын, эркиндигин коргоо жана гуманитардык жардам берүү фондунун (IHH) эмблемасы тартылган баннер болгон.

Диний коопсуздук боюнча эксперт, юридика илимдеринин кандидаты Нурлан Исмаиловдун пикиринде, элчиликтердин эскертүүсү жана чуулгандуу видеокайрылуу тегин жерден чыккан жок:

- Эгер АКШ элчилиги эскертүү таратса анда жөндөн-жөн эмес деп билсе болот, анткени аларда конкреттүү маалыматтар бар болушу мүмкүн. Бул жерде укук коргоо органдары терең анализ жасашы керек. Ошондуктан муну жашыруунун кереги жок. Тескерисинче коомчулуктун кыраакылыгын ойготуп, коомдук жайлар, ал жерде кароосуз калган шектүү буюм-тайымдарды, унааларды байкоого үйрөтүү керек. Бул окуя бири-бири менен дал келип жатканы өтө эле опурталдуу. Ал эми жанагындай видеокайрылуу кээде олуттуу эместей көрүнгөнү менен, Кыргызстанда белгилүү деңгээлде аларды колдогон азбы, көппү тарапташтары, санаалаштары бар. Бул коркунучтуу. Ал эми түркиялык кайрымдуулук фондунун эмблемаларын алар изин жазгыруу максатында, фонддун кадыр-баркына шек келтирүү үчүн атайылап колдонушу мүмкүн.

Соңку чуулгандуу видеокайрылууда бетин чүмкөбөгөн адамга түспөлдөш жигит мындан толук бир жыл мурун жарыяланган видео тасмада да чыккан эле. Ал Орусиянын Сириядагы аракетин кескин айыптап, коркутуп-сестентип кайрылуу жасаган, колдоруна автомат кармаган, каз-катар тизилген түрдүү улуттагы ондон ашык адам арасында болгон жана өзүн кыргызстандыкмын деп тааныштырган. Кийинчерээк бул жигит Баткен облусунун Лейлек районунун 24 жаштагы тургуну Аскарбек Андабаев болушу мүмкүн экени айтылган. Атайын кызмат тек-жайы аныкталат деп маалымдаган, бирок жыйынтыгын жарыялаган эмес эле.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрага орун басары Закир Чотаев август айынын этегинде Бишкекте Кытай элчилигинде болгон теракттан улам кооптонууга негиз бар деп эсептейт:

- Дүйнөдөгү жана Сириядагы окуялардан, Сирияда куралдуу жаңжалга катышып кайтып келген биздин жарандардан улам бизде да потенциалдуу коркунуч бар деп айтса болот. Кытай элчилигиндеги теракт террордук топтордун өкүлдөрү биздин аймакты да акмалап, келе баштады дегенди билдирет.

Кыргызстандын күч кызматтары террордук чабуул болуш ыктымалдыгы тууралуу буга чейин да эскерткен учурлар болгон. Чүй милициясы жазында “Ислам мамлекети” террордук уюму Канттагы Орусиянын аскерий базасын биринчи бутага алышы мүмкүн деп билдирген.

- Дүйнөдөгү жана Сириядагы окуялардан, Сирияда куралдуу жаңжалга катышып кайтып келген биздин жарандардан улам бизде да потенциалдуу коркунуч бар деп айтса болот.
Закир Чотаев.

Президентке караштуу “Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков коомдун радикалдашуусуна, мындай идеологияга каршы идеология менен күрөшүү натыйжалуу болоруна токтолду. Диний экстремизм-терроризмдин алдын алуу чаралары тууралуу кеп салды:

- Адамдар динди туура эмес түшүнбөшү үчүн аларга дин тууралуу маалымат бериш керек. Биз бир жылдын ичинде молдокелерди окутуу деген чоң долбоордун негизинде эки миңден ашык имамды окуттук. Алар диний предметтер менен кошо светтик предметтер, мамлекеттик саясат, IT технология, башкалар боюнча да маалымат алышты. Андан сырткары биз жети чакан көркөм тасма тарттык. Буйруса эмки аптадан тарта мектептерде көрсөтө баштайбыз. Адамдарга альтернативдүү идеология берүү керек. Анткени жашоонун маңызын издеп отуруп азгырылып, террордук топтордун торуна түшүп калып жатат. Бизде “Интеллектуалдык миссия” деген да долбоорубуз бар. Интеллектуал, чыгармачыл адамдар менен региондордо элдер менен жолугушууларды өткөрүп жатабыз. Бул дагы альтернативалуу идеология. Андан сырткары китептерди чыгарып жатабыз. Эмки жумада акын Надырбек Алымбековдун он томдугунун бет ачары болот. Эртең болсо “Имам Матруди”, “Пайгамбар – тынчтыктын жарчысы” деген китептердин бет ачары болот. Айтор, илим менен динди айкалаштырып, элдин аң-сезимин жана руханий потенциалын көтөрүү менен ушул маселенин алдын алууга болот. Ушул жааттан колдон келген аракеттерди көрүп жатабыз.

Нуржигит Кадырбеков.
Нуржигит Кадырбеков.

Бир катар эксперттердин баамында, “Ислам мамлекети” террордук уюму соңку кездери Борбор Азияга кызыгуусун күчөттү жана азгыруу ыкмаларын, айла-амалдарын өзгөртө баштады.

Адамдарга альтернативдүү идеология берүү керек. Анткени жашоонун маңызын издеп отуруп азгырылып, террордук топтордун торуна түшүп калып жатат.
Нуржигит Кадырбеков

30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинин имаратына жанкечти машине менен сүзүп кирип, өзүн жардырган. Андан өзү мүрт кетип, элчиликтин үч кызматкери жараат алган.

Улуттук коопсуздук кызматы 6-сентябрда Кытай элчилигиндеги жардыруунун бети ачылганын кабарлаган. Андагы маалыматка ылайык, жардырууга буюртма бергендер Сирияда согуштук аракетке катышкан, курамына уйгурлар да кирген “Жабхат-ул-Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экени такталган. Жардырууну 33 жаштагы уйгур тектүү адам ишке ашырганы, ал буга чейин Тажикстандын паспортун көтөрүп жүргөнү аныкталганы айтылган.

XS
SM
MD
LG