Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:09

Элчиликке жасалган теракттын изи


Бишкек, 2016-жыл
Бишкек, 2016-жыл

УКМК Кытай элчилигине жасалган 30-августтагы жардыруунун бети ачылганын кабарлап, беш киши кармалганын, төрт адамга издөө жарыяланганын кечээ билдирген. Издөө салынган адамдардын бири өзүнүн ак экенин айтып чыкты.

Бишкектеги Кытай элчилигине жасалган терактка тиешеси бар деп издөө жарыяланган төрт адамдын бири Мубарак Турганбаев өзүнүн күнөөсүз экенин социалдык тармактарга жазып чыкты.

Учурда Стамбул шаарында жашаган 29 жаштагы Мубарак жүк жеткирүүчү “Адал Тур” фирмасында эмгектенет.

Ал Фейсбуктагы билдирүүсүндө Бишкектеги Кытай элчилигиндеги жардырууга шектелген башка адамдар менен кокусунан байланышып калганын айткан:

- 1-июлда Бурхан деген адам Бишкекке акча жеткирүү кызматыбыздан пайдаланып, 5000 доллар берген. Биздин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүбүздөгү балдар аны Бишкектен Искендер деген адамга жеткирген. Акча жеткирген биздин кызматкерлер да сурак берип жатышыптыр. Мени болсо расмий түрдө суракка чакырбай эле издөөгө алышты. Террордук уюмдарга тиешем жок. Мага чоң жалаа жабылып жатат.

Террорго айыпталгандар
Террорго айыпталгандар

Мубарактын айтымында, өзү эмгектенген фирма аркылуу көп эле кыргызстандыктар мекенине акча жөнөтүп келген. 1-июлда которулган акчанын террордук максатта колдонулары үч уктаса түшүнө кирбегенин айтты:

- Кимге акча жөнөтүп жатат, кандай максатта колдонот дегенди чекесине жазып албайт экен. Бирок мындан кийин бул кызматты токтотолу деп жатабыз.

Мубарак Турганбаев окуядан соң Түркиядагы кыргыз консулдары менен байланышып, керектүү маалыматтар менен бөлүшкөнүн жана өзүнүн ак экенин далилдөөгө аракет кылып жатканын кошумчалады. Ал эми Мубарак менен бирге иштеген “Адал тур” фирмасынын Оштогу эки кызматкери камакка алынган.

Улуттук коопсуздук кызматы 6-сентябрда Кытай элчилигиндеги жардыруунун бети ачылганын кабарлаган. Андагы маалыматка ылайык, жардырууга буюртма бергендер Сирияда согуштук аракетке катышкан, курамына уйгурлар да кирген “Жабхат-ул-Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экени такталган.

Учурда теракт уюштурууга шектелип, беш киши колго түштү. Төрт адамга издөө жарыяланган, алардын бири - Мубарак Турганбаев эле.

Ал эми жардырууну 33 жаштагы уйгур тектүү адам ишке ашырганы, ал буга чейин Тажикстандын паспортун көтөрүп жүргөнү аныкталганы айтылган.

Турганбаев жардырууну каржылоо маселесин Түркиядан координациялап турган деп шектелип жатканын УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирген:

- 1987-жылы туулган Ош облусунун Ноокат районунун тургуну издөөгө алынды. Ал учурда Түркиянын Стамбул шаарында жүргөнү белгилүү болду.

УКМК Мубарак Турганбаевдин бүгүнкү билдирүүсү боюнча тергөөдөн кийин гана комментарий берилерин маалымдады.

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрага орун басары Артур Медетбеков бул маселеге өтө кылдат кароо зарыл экенин айтып, тергөө жыйынтыгынан кийин гана шектүүнүн аракетине укуктук баа берилиши керектигин билдирди:

- Укук коргоо органдары эмне үчүн издөө жарыялайт? Ошол жаран катталган жерден табылбаган гана учурда. Террорчулук менен тикелей же кыйыр түрдө катышы бар адамдар тууралуу маалыматтарды топтоп, издөө жарыялады. Экинчиден, издөө жарыяланган адам күнөөсү жоктугун далилдей алса, тергөө жүрүшүндө ал айыпталуучу эмес, күбө катары каралышы мүмкүн.

Террорчул топтор теракт уюштуруп жатканда кошумча кызматтардан пайдаланганга аракет кылышат. Башкача айтканда, көбүрөөк адамды өздөрү менен ала кеткенге, өздөрүнө тартканга кызыкдар.
Нурлан Исмаилов

Ал эми диний коопсуздук боюнча эксперт, юридика илимдеринин кандидаты Нурлан Исмаилов террорчул топтор жөнөкөй тургундарды колдонууга маш экенин билдирүүдө. Ошондуктан бүгүнкүдөй коопсуздук маселелери курчуган абалда ар бир жаран өтө кылдат болушу керектигин белгилейт:

- Азыркы учурда террорчул топтор теракт уюштуруп жатканда кошумча кызматтардан пайдаланганга аракет кылат. Башкача айтканда, көбүрөөк адамды өздөрү менен ала кеткенге, өздөрүнө тартканга кызыкдар. Ошондуктан бул жерде аябай кылдат болуу керек.

30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинин имаратына жанкечти машине менен сүзүп кирип, өзүн жардырган. Андан өзү мүрт кетип, элчиликтин үч кызматкери жараат алган. Бул окуя боюнча Кытай камтамачылыгын билдирип, Кыргызстандагы өз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылган эле.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG