Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Кыргызстандагы арам акчанын изи


Кыргызстан аркылуу арам акчаны адалдап, чыгарып кеткен көмүскө жагдайлар тууралуу маалыматтарды украин депутаты айтып чыкты. Кыргызстандын тиешелүү органдары шектүү акча которуулар 2010-жылга чейин болгонун, андан кийин мындай окуялар катталбаганын билдирүүдө.

Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Сергей Лещенко мурдагы качкын президент Виктор Януковичтин кеңешчиси жана АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорт Региондор партиясынан жашыруун алынган ири өлчөмдөгү акчаны Белизде катталган офшордук компания, андан соң Кыргызстандагы банк эсеби аркылуу чыгарып кеткенин билдирди.

Ошол эле кезде Пол Манафорттун тарапташтары анын мурдагы украин президенти Виктор Януковичтен жашырып, акча алганы тууралуу далилдер бар деген украиналык депутаттын билдирүүсүн негизсиз деп атап, дооматты четке кагышууда.

Манафорттун Кыргызстандагы банк эсеби

Өткөн жылы август айында New York Times басылмасына Украинадагы кыңыр иштери тууралуу жарыяланган чатактан кийин Пол Манафорт Дональд Трамптын шайлоо штабын жетектөөдөн кеткен.

Пол Манафорт 2014-жылы февралда Орусияга качкан мурдагы украин президенти Виктор Януковичтин кеңешчилеринин бири болгон.

New York Times басылмасынын маалыматы боюнча, Украинанын Региондор партиясынын штабынан табылган китепчесинде 2007-2012-жылдар аралыгында Пол Манафортко 12,7 миллион АКШ доллары накталай төлөнгөнү жазылган. Бул маалымат ачыкка чыккандан кийин Пол Манафорт эч кандай мыйзамсыз төлөм албаганын айтып чыккан. Шейшемби күнү украин парламентинин депутаты Сергей Лещенко Киевде брифинг өткөрүп, Манафортко Януковичтин "кара кассасынан" каражат төлөнгөнүн ырастаган жаңы документтерди көргөздү. Америкалык саясий технологдун өкүлү Жейсон Малони депутат Сергей Лещенконун жаңы айыптоосу арык аттап, суу кечпей турганын айтып, билдирүү жасады. Ал төлөм документтериндеги коюлган кол Пол Манафортко таандык эмес экенин белгиледи.

Пол Манафорт.
Пол Манафорт.

Ал эми Жогорку Раданын депутаты Сергей Лещенко Киевдеги брифингде Пол Манафорт менен Региондор партиясынын ортосундагы байланыштар тууралуу өз алдынча иликтөө жүргүзгөнүн билдирди. Анын жыйынтыгын жарыялаган депутат Лещенко Манафорт Белизде катталып, Кыргызстандын банк эсептеринин бири аркылуу өткөн төлөм каражатын жашырууга аракет жасаган деп айтты:

- Биздин колубузга Манафорттун кеңеш берүүчү компаниясынын фирмалык бланктарынын көчүрмөсү келип түштү. Анда 2009-жылы 501 компьютер сатып алуу үчүн керек деген шылтоо менен 750 миң доллар Белиздеги офшордук компанияга которулганы көрсөтүлгөн. Ошол эле кезде Региондор партиясынын төлөм китепчесинде Манафорттун аты-жөнү көрсөтүлгөн жерде 750 миң доллар деп жазылган. Мен бул жазууларды Украинанын коррупцияга каршы күрөшүү бюросуна тапшыргам. Иликтөө учурунда Пол Манафорт Белиздеги офшордук компанияны жана Кыргызстандагы банк эсебин колдонгону табылды. Булардын бардыгы мурдагы украин президентинен алынган көмүскө акчаны адалдоо үчүн жасалган. Региондор партиясынын эсеп-чоту жазылган бул китепче Манафорт ижарага алган кеңселердин бириндеги сейфтен табылган.

Сергей Лещенко документтерди көртөтүүдө. 21-март, 2017-жыл
Сергей Лещенко документтерди көртөтүүдө. 21-март, 2017-жыл

Акча жасоонун амалдуу жолу

Пол Манафорт 2007-жылдан 2014-жылга чейин мурдагы украин президенти Виктор Януковичтин кеңешчиси жана ага караштуу Региондор партиясынын саясий технологу катары кызмат өтөгөн. Ал Украинадагы парламенттик шайлоолордо аталган башкаруучу партиянын жеңишин камсыздоого жана 2010-жылдагы президенттик шайлоодо Виктор Януковичтин утуп чыгышына өбөлгө түзгөнү Сергей Лещенконун депутаттык иликтөөсүндө көрсөтүлгөн. Анын мурдагы президент Януковичтен алган көмүскө каражаттары Белиздеги офшор жана Кыргызстандагы банктардын бириндеги банк эсеби аркылуу адалданып, кайра анын колуна түшкөн коррупциялык схемаларды эми Украинанын укук коргоо органдары изилдей турганы белгилүү болду. Украинанын баш прокурорунун орун басары Назар Холодницкий табылган документтер учурда экспертизага жөнөтүлгөнүн жана азырынча алардын нукуралыгы ырастала электигин билдирген.

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев Кыргызстан аркылуу арам акчаны адалдоо фактылары ырасталса, анда бул жагымсыз жагдай өлкөнүн эл аралык беделине шек келтириши мүмкүн дейт:

- Эми ал кылмыш болгондон кийин кылмышкерлер атайын кайсы бир мамлекетти тандабайт. Кайсыл өлкө кылмышты ишке ашырууга ыңгайлуу, шарттар бар болсо, мына ошол жерди тандайт. Факты чынында эле болгонун тиешелүү органдар текшерип чыгышы кажет. Маалымат чыгып жаткандан кийин расмий Киевден суроо-талап болсо, кылмыш ишин козгоп, биздин атайын кызматтар иликтеши керек. Белиз деген башынан эле ошондой атка конгон. Кезинде Швейцария дагы офшордук тилке болгон. Бизде деле болушу мүмкүн. Албетте, бул өкүнтө турган жагдай. Анткени бизге ишеним жоголот. Кайсы банк аркылуу ал арам акчалар адалданып өткөрүлгөнүн текшерсе эле чыгып калат. Биздин тиешелүү кызматтар изилдеп чыгып, жообун бериши зарыл. Эгерде чынында эле ошондой болсо, анда бул маселе биздин өлкөнүн эл аралык беделине шек келтирет. Жакшы аброй алып келбейт. Мунун чын-төгүнү ачыкка чыгууга тийиш.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Азыркы учурда Кыргызстандын укук коргоо органдарына Киевден Пол Манафорттун Кыргызстандагы банк эсеби аркылуу кандай каржылык операциялар жүргүзүлгөнү боюнча кошумча маалыматтарды сураган суроо-талап түшө электиги белгилүү болду. Бирок ошол эле кезде Кыргызстандын каржылык чалгындоо кызматы 2010-жылдан бери Кыргызстандын банктары же башка бир каржылык мекемелери аркылуу офшордук компаниялар менен байланышып, сырттан келген каражатты адалдоого байланыштуу фактылар катталган эмес деп ишендирди.

Максим Бакиевден калган "мурас"

Каржылык чалгындоо кызматынын жетекчилиги 2010-жылдагы бийлик алмашууга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин өнөктөштөрү ээлик кылган айрым банктар аркылуу шектүү каржылык операциялар болгонун ырастап, бул боюнча учурунда кылмыш иштери козголуп, алардын айрымдары сотко чейин жеткенин белгиледи. Айрыкча "Азия Универсал банк", "Кыргызкредит банк" жана "Манас банк" боюнча чет өлкөлөрдөгү офшордук компаниялар менен кызматташып, алардын акчасын адалдап берип, акча агымын Кыргызстан аркылуу кайра үчүнчү бир өлкөгө чыгарууга көмөктөшкөн шектүү каржылык операциялар аныкталганы айтылды. Мына ошого байланыштуу Кыргызстанда Максим Бакиевге байланыштуу деген негизде беш банкка тышкы башкаруу киргизилип, 2010-жылдан 2012-жылга чейин банктык операцияларды жүргүзүүгө бир катар чектөөлөр киргизилгени маалым.

Каржылык чалгындоо кызматынын статс-катчысы Болот Садыков учурунда арам акчаны адалдоо фактылары боюнча кылмыш иштери козголгонуна токтолду:

- Бул эми жанагы “Азия универсал банкы” боюнча болгон. Ал жакка ошондой көмүскө акчалар келип түшүп, анан аларды кайра чыгарып кетип турган иштер боюнча кийин иликтөө болгон. Бул 2010-жылга чейинки окуялар. Андан бери буга окшогон фактылар чыгып, ошондой маселе көтөрүлгөн эмес. Кезинде тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иштери козголгон. Азыр бизге кандайдыр бир ошого окшогон маселе боюнча суроолор болсо, расмий түрдө суроо-талап жөнөтүшү керек. Биз материалдарды карап чыгып, ошого жараша текшеребиз. Эгерде ал жактан суроо-талап келбесе, муну өз алдыбызча эле изилдей албайбыз.

Өзбек олигархтарынын жолу

Ошол эле кезде Ташкенттеги расмий бийликке жакын интернет сайттары аркылуу саясат таануучу Усман Хакназаров деген адамдын авторлугунда Өзбекстандан сыртка чыгарылып кетип жаткан миллиондогон каржылык капитал тууралуу маалыматтар жарыяланды.

Маалыматта көзү өтүп кеткен мурдагы президент Ислам Каримовдун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана бийлик режиминин айрым өкүлдөрүнө таандык ири өлчөмдөгү каржы агымынын коңшулаш Кыргызстан аркылуу сыртка чыгарылып кетип жатканы белгиленген.

Маркум Ислам Каримов үй-бүлөсү менен.
Маркум Ислам Каримов үй-бүлөсү менен.

Усман Хакназаровдун макаласында учурдагы президент Шавкат Мирзиёевдин тымызын саясий атаандаштары катары саналган мурдагы бийлик режиминин өкүлдөрү дагы көмүскө ишкердиктин натыйжасында мыйзамсыз табылган каражаттарын Кыргызстанга алып кирип, ал жактан адалдап, үчүнчү бир өлкөлөргө которуп кеткен көмүскө каржылык схемалардын бар экени айтылган. Мына ошол көмүскө каналдар аркылуу ири өлчөмдөгү акча каражаты Кыргызстанга накталай киргизилип, андан соң мурдатан түзүлгөн каржылык схемалар аркылуу акчанын таржымалы түзүлүп, андан кийин ал өлкөдөгү таасирдүү адамдардын жардамы менен тышка чыгарылганы көрсөтүлгөн. Бул көмүскө каржы каналдары мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда эле калыптанып, Кыргызстандагы банктар аркылуу адалданган акча Орусияга, Кытайга жана Европага которулуп турганы жазылган.

Текшерүүнү талап кылган жагдай

Кыргызстандагы айрым бир банктар аркылуу "тазаланган" акча каражаттарын башка офшордук компанияларга которуу 2010-жылдан кийин бир топ татаалдашканы жазылган. Анткени Кыргызстандын атайын кызматтары тиешелүү банктарды кылдат көзөмөлгө алып, алардын көмүскө акча агымын адалдоого байланыштуу аракеттерин ооздуктай баштаганы мисалга алынган. Бирок ага карабастан мына ошол өзбек олигархтарынын мыйзамсыз акчаларын адалдаган көмүскө каржылык схемалар 2010-жылдагы Кыргызстандагы бийлик алмашуудан кийин дагы сакталып калганы мисалга алынган. Бул материалда Өзбекстандан Кыргызстанга акчаны ташып алып келип, аны үчүнчү бир өлкөлөргө которууга жооптуу адамдардын ысымдары дагы берилген.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Өзбекстандан Кыргызстан аркылуу чыгарылган акчанын агымы боюнча маалыматтарды укук коргоо органдары текшерүүгө алышы керек экенин айтты:

- Мына ошондой көмүскө иш-аракеттерди жүргүзүү бир топ кыйыныраак го. Анткени биздин Өзбекстан менен мамилебиз бир топ татаал болчу. Ошондой жагдайда өзбек олигархтары Кыргызстан аркылуу акчасын ташып турган дегенге ишенүү кыйын. Өзбекстанда бизге салыштырмалуу каржылык рыноктогу көзөмөл бир топ катуу. Бирок эми кандайдыр бир мыйзамсыз акчанын агымын чек арадан кагаз куту менен же мүшөк менен ташып келип, Кыргызстан аркылуу башка жакка алып чыгып кеткен эле жагдай болбосо банктар аркылуу которуу бир топ татаал. Ири өлчөмдөгү акча каражаты бат эле байкалып калат. Эгерде чынында эле акчанын Кыргызстан аркылуу өтүп жатканына далилдер чыгып калса, анда бул эки ортодогу мамилеге таасир этет.

Табышмактуу жабырлануучу

2014-жылы "Ош" аэропортунан белгисиз бир өзбекстандык ишкерге таандык делген миллиондогон доллар акчаны карактап кетишкени жарыяланган. Бул каракталган акчанын саны дагы такталбай, мындай ири өлчөмдөгү акчанын каякка жөнөтүлүп жатканы дагы белгисиз бойдон калган. Бул акча каражатынын кимге таандык экени да айтылган эмес.

"Ош" аба бекети.
"Ош" аба бекети.

Ал Өзбекстанга ташылган товар үчүн берилген акча экени жана анын Ош аба майданы аркылуу үчүнчү бир тарапка жөнөтүлүп жатканы гана жарыяланган. Кийин коомчулукта акчанын контрабандалык жол менен Өзбекстандан Кыргызстанга киргизилиши мүмкүн экени айтылган. Мына ошондуктан акчанын ээси табылбай, аны тонотуп жиберген жабырлануучу тарап дагы аныкталбай калган эле. Мындан улам Өзбекстандан Кыргызстан аркылуу үчүнчү бир өлкөлөргө ири өлчөмдө акчаны чыгара турган көмүскө каржылык каналдардын бар экени тууралуу маалыматтар чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG