Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:48

Апта: Бажы биримдиги, жазгы майдан...


Узап бараткан жумада Казакстан тенгенин кунун 20 пайызга кетирди.
Узап бараткан жумада Казакстан тенгенин кунун 20 пайызга кетирди.

Узап бараткан жумада Бажы биримдигинде валюта согушу жүрүп кетти. Оппозиция бириккенин жарыялады. Парламентте өкмөткө чабуул күчөдү.


Бажы биримдигине кирүү аракети күчөдү

Кыргызстан бийлиги Бажы биримдигине кирүү аракетин активдештирди. Бул маселе президент Алмазбек Атамбаевдин 8-февралда Сочиде орус президенти Владимир Путин, 11-февралда Москвада өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөрүндө көтөрүлдү. Кыргызстан март айында Бажы биримдигине кирүү боюнча “Жол картасын” кабыл алыш керек. Мына ошол кезге чейин даярдыктарды ылдамдатуу үчүн биринчи вице-премьер-министрлер деңгээлинде кыргыз-орус жумушчу топтору түзүлөөрү Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин Сочидеги жолугушуусунда белгиленди.

Кыргызстандык эксперттердин айтымында, өлкөнүн Бажы биримдигине кирүүсүнө тоскоолдук кылган төрт-беш маселе чечилбей турат. Ал кайсы маселелер экени тууралуу Кыргызстандагы базарлар, соода жана кызмат көрсөтүүчү ишканалар бирикмесинин жетекчиси, Бажы биримдигине кирүү боюнча тармактар аралык комиссиянын мүчөсү Сергей Пономарев буларды айтты:

- Бул эми чек араны жабдып камсыздоо, миграциялык саясат, Дордой, Кара-Суу жана Мадина базарлары, турукташтыруу фонду. Мына ушул негизги маселелер.

Орус бийлиги мына ушул маселелерди чечүү же жеңилдетүү боюнча жардам көрсөтүлөрүн билдирүүдө. Бирок Бажы биримдигинин дагы бир бараандуу мүчөсү Казакстан жаңы мүчөлөр эч кандай шартсыз кириш керек деген жайы бар.

Кыргызстандын өзүндө да Бажы биримдиги боюнча бир жактуу пикир жок. Жарандык коомдун өкүлдөрү Бажы биримдигинин шарттары ачык талкууланыш керек дейт.

Алардын бири - “Реформа” партиясынын лидери Мирбек Асангариев:

- “Жол картасын” биз ачык талкуудан өткөрүшүбүз керек. Анан жарандык коом дагы өзүнүн экспертизасын берсе жакшы болмок. Биз азыр ошону парламенттен талап кылабыз. Анан “Жол картасына” кантип кол коёору белгисиз. Анткени ал жерде абдан түшүнүксүз нерселер көп.


Бажы биримдигиндеги "валюта согушу"


Акыркы мезгилде Бажы биримдигинин мүчөлөрүнүн ортосунда валюта согушу тутанып кетти. Адегенде, орус бийлиги рублдин кунун 10% жакынга арзандатса, көп узабай Казакстан өз теңгесин 20% кунун кетирди. Астана өз чечимин валютаны сактоо, экспортту, экономиканы колдоо максаты менен түшүндүрдү. Казакстандын кадамын орус импортун азайтуу жана өз экспорту үчүн ыңгайлуу шарт түзүү катары баалоого болот. Бирок казак бийлигинин кадамы Казакстан жарандарын бир топ чыгашага учуратты.

Албетте, Бажы биримдигиндеги “валюта согушунун” тамыры дүйнөлүк экономикада жүрүп жаткан тенденцияга барып такалат. Тагыраак айтканда, Кошмо Штаттарда “накталай акчаны кеңири чыгаруу” саясатынын тизгини тартылышы менен өнүгүп келаткан өлкөлөрдөн сыртка карай валюта агымы күчөп кетти. Ал адегенде Иран, Индия, Түркия, Аргентина өңдүү өлкөлөрдү камтып, быйыл анын эпкини Орусияга тийди. Албетте, бул эпкин Казакстан, Кыргызстанды да чаап өттү.

Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Сүйөркул Абдыбалытегиндин билдирүүсүнө караганда, жыл башынан бери сом 5% арзандады. Улуттук банк сомдун курсун кармоо үчүн 61 млн. доллардан ашуун интервенция жасады. Мына ушул аракеттерге карабай сомдун курсу түшүп, бир доллар 52 сомдун тегерегинде бааланып калды. Бирок Казакстандагыдай девальвация болгон жок.

Кыргыз сомунун салыштырмалуу туруктуулугу Улуттук банктын саясатына байланыштуу дейт Абдыбалытегин:

- Биздин режим түп-тамырынан бери башкача режим. Биз базардын артынан келатабыз. Январдын башынан бери сомдун курсу 5% түштү. Жалпысынан алып келгенде былтыркы жана быйылкы жылкыны алып караганда, сом 10% көпкө арзандады. Ошолорду салыштырып келгенде казактардын бир жолку масштабдуу арзандатуусу менен биздин валютанын арзандашы бирдей эле. Болгону режим башкача. Биз өзүбүз курсту аныктабайбыз. Базардын артынан келебиз. Бул эң жакшы жол.

Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын айтымында, сомдун курсун мындан ары кармоого валюта жетиштүү. Бирок курс ушул бойдон калат деп кепилдик бере албайт. Анткени курсту базар аныктайт.

Белгилеп кете турган нерсе, валютасы бекем өлкөлөр - адатта өтө өнүккөн өлкөлөр. Мына ошолордой валюта саясатын жүргүзөбүз деген Казакстан сыяктуу өлкөлөр айрым учурларда “карганы туурап каздын буту сыныптыр” дегендей абалда калууда.

Бириккен улуттук оппозициялык кыймыл түзүлдү

Кыргызстанда оппозициялык саясатчылар жана партиялар Бириккен улуттук оппозициялык кыймыл түзүшкөнүн жарыялашты. Маалыматка караганда, кыймылдын катарында Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Суваналиев, Аликбек Жекшенкулов, Мелис Мырзакматов, Артур Медетбеков, Кубанычбек Кадыров, Равшан Жээнбеков бар.

Кубанычбек Кадыров кыймылдын алдыга койгон максаттары тууралуу буларды билдирди:

- Биринчи авторитаризмге каршы күрөшөбүз. Экинчиси, конституциялык реформа. Анан албетте, бүтпөй аткан Кумтөр маселеси көтөрүлөт. Мындан башка да көтөрүлө турган көп маселелер бар.

Оппозициялык кыймылдын лидерлигине Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков шайланды. Жээнбековдун айтымында, алар көтөрүлгөн маселелерди бийлик менен сүйлөшүп чечүүгө аракет жасайт. Бирок митинг, курултай сыяктуу иш-чаралар да пайдаланылат.

Жаңы кыймыл түзүлгөнүн келерки жумада расмий түрдө жарыялайт. Андан кийин оппозиция активдешүүгө өтүшү күтүлөт. Активдешүүнүн очоктору Сарууда, Алайда, Ошто азыртан эле быкшып турганы маалым. Ошто демекчи, 15-январдагы Ош шаарынын мэрин шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча “Улуттар биримдиги” партиясынын арызын Кыргызстандын Жогорку Соту баш болгон сот инстанциялары кароодон баш тартышты.

Шайлоо учурунда көпчүлүк коалициянын лидери Арфидин Аланов добуш берүүнүн купуялуулугун бузуп, коалицияга кирген депутаттардын бюллетендерин ачыктан-ачык көрүп көзөмөлдөгөнү видеотасмада көрүнүп турат. Бирок соттор да, прокуратура да, БШК да ал фактыга көңүл бурбай койду. Мына ушундай жагдайлар бийлик менен оппозициянын ортосундагы мамиленин радикалдашуусуна өбөлгө түзүүдө.

Кыргызстан бийлигинин башында турган президент Алмазбек Атамбаев көчө оппозициясы менен сүйлөшүүгө барбашын буга чейин билдирген. Бийлик азырынча күчкө таянууга көбүрөөк ыктап турат. Бул акцияларга каршы туруучу милициянын атайын полкун түзүү, күч структураларынын болгон мүмкүнчүлүгүн бир колго топтоо аракеттери менен байкалып турат. Белгилүү болгондой, Кыргызстанда Генералдык штаб түптөлдү. Анын башчылыгына генерал Асанбек Алымкожоев дайындалды.


Өкмөткө чабуул күчөдү


Узап бараткан жумада Жогорку Кеңеште Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясынын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын маалыматы угула баштады. Парламентте ал боюнча өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев маалымат берди. Депутаттардын айтымында, маселе 11 млрд. сомдон ашуун сумма жөнүндө болуп жатат. Өкмөт андан азыраак сумманы айтууда. Тактай турган маселелер абдан көп болгондуктан парламент маселени кароону кийинки жумада улантууну чечти. Дирекциянын ишин кароодо өкмөт башчыны кызматтан кетирүү аракети жасалууда. Ал эмес өкмөт башчыга ишеним көрсөтпөө боюнча “Республика” фракциясы депутаттардын колун топтоп жатканы да маалым. Өкмөт өз кезегинде өткөн жылдагы экономикалык өсүштү бетине кармап, андан сырткары жазгы-талаа жумуштарына даярдыктарын көрсөтүүгө умтулууда.

Быйылкы жылдын биринчи айындагы көрсөткүчтөр да өкмөттүн тегирменине суу куюп жатат. Маселен, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, январда Ички дүң өнүм 109.1% өскөн. Экономиканын бардык тармактары өсүү тенденциясын көрсөтүүдө. Бирок буга карабай бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда орчун маселе чыгып, өкмөт салык жана патенттерди көтөрүүнү чечти. Бул өз кезегинде ишкер жана жарандардын кескин каршылыгын туудурду. Маселен, патент баасын беш эсеге көтөрүү демилгеси соодагер, ишкерлердин катуу каршылыгын жаратып, өкмөт ал кадамынан баш тартууга аргасыз болду. Эми өкмөт жер салыгын көтөрүү максатын коюп жатат. Албетте, бул кадамдарга бюджеттин тартыштыгын толтуруу максаты менен барууда.

Бюджеттин кирешеси болсо быйыл АКШнын "Манастагы" базасы чыгышы менен бир капшырылса, Кара-Балтада мунай иштетүүчү заводдун ишке кирише албай жатышы менен дагы кыйынчылыкка учуроодо. Заводду чийки мунай менен камсыздоо маселесинен сырткары, жергиликтүү калктын экологиялык маселени көтөрүүсү да оор маселелерден болуп калууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG