Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:13

Алдыдагы саясий өнөктүктөрдүн астында көп жылдан бери келе жаткан калктын айрым социалдык талаптары чечиле баштады.

Бишкек четинде жайгашкан Ак-Ордо-3 жаңы конушу көп жылдан берки караңгылыктан чыгып, жакында электр жарыгы берилмей болду. Калк мыйзамсыз отурукташып алган деген негизде бул жаңы конушка электр энергиясы берилбей келген.

Жакында анын тургундары Бишкекте Ак үй астына митингге чыккан соң, өкмөт маселени оң жагына чечип берди. Социалдык талаптар менен чыккан калкка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кошулуп, Ак үйгө чейин келген.

Сокулуктун акими Аманкан Кенжебаев жаңы конуш түптөлгөндөн бери электр энергиясы берилбей келе жаткан көйгөйдүн себебин төмөндөгүчө түшүндүргөн:

- Ак-Ордо-3 жаңы конушунун электр тармагына кошулбай жатышы андагы айыл чарба багытындагы жерге үйлөр мыйзамсыз курулганы менен байланыштуу. Ошон үчүн “Түндүк электр” ишканасы техникалык шартына макулдук бербей келди. Мына ошол гана проблема. Эгер жаңы конуш жайгашкан жер мыйзамдаша турган болсо, анда токтоосуз түрдө уруксат берилмек.

Көптөн бери чечилбеген көйгөй

Ак-Ордо-3 жаңы конушу жайгашкан аймак мурда Сокулукка караштуу айдоо аянты болчу. Андагы жер аянты 2010-жылы ээленип кетип, турак-жай курула баштаган. Жергиликтүү тургундар өз күчү менен жол салып, электр линиясын тарттырышканын айтышты. Бирок “Түндүк электр” ишканасы бул конушка электр энергиясын берүүгө уруксат бербей келген. Анткени ал жер калктуу конушка өткөрүлүп, мыйзамдаша элек болчу.

Жаңы конуштардын чечилбеген көйгөйү

Бишкектин чет жакаларына жаңы конуштардын түшкөнүнө 20 жылдан ашса да ушул кезге чейин свет, жол, суу маселеси чечилбеген көйгөй бойдон келатат.

Басылып алынган конуштарды мыйзамдаштыруу боюнча долбоор бир канча убактан бери парламентте бекий элек.

“Трансформация” кыймылынын өкүлү Бекназар Айталиев жергиликтүү калктын талабы көптөн бери чечилбей жатканын айтты:

- Траснформациясы бүтө элек жерге отурукташкан жаңы конуштарга убактылуу жобонун негизинде электр энергиясын киргизүүгө уруксат беришсе болмок. Жергиликтүү калк өз күчү менен трансформаторлорду орнотуп, электр линиясын алып өтө турган линияларды дагы тарттырышкан. Ошону кошуп койгонго гана уруксат керек болчу. Бирок бүгүнкү күнгө чейин Сокулук райондук архитектура бөлүмү, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча бөлүмү корутундусун өкмөткө убагында бербей койгондуктан, “Түндүк электр” ишканасы бул маселени чечпей кычыраган суукта эл электр жарыгысыз калды.

Саясий өнөктүк астындагы “боорукерлик"

21-ноябрда Ак үй астына нааразылык акциясына чыгып тургандардын астына парламенттин “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев келип сүйлөдү.

Ал бул маселени өкмөткө айтууну убада кылып, элдин электр жарыгысыз калганын “таш доорунун” көрүнүшү деп атады. Мына ошондон көп өтпөй андагы элдин электр жарыгын туташтырууга уруксат берүү талабы токтоосуз чечилди. Өкмөттүн Чүй облустук ыйгарым өкүлүнүн биринчи орун басары Турусбек Султаналиев мындай деди:

- Ал жерде үйлөр мыйзамсыз салынгандыктан биз буга чейин уруксат бере алган эмеспиз. Анан эми азыр элдин талабын аткаралы деп мыйзамды бузганга туура келди. Прокуратура мыйзамсыз берилген болсо “Түндүк электр” ишканасына иш козгойт да. Анан бул маселе өкмөткө чейин жетип, эл суукта үшүп калбасын деп, облустук түзүмдөр бардыгы чогулуп, жер мыйзамдашканга чейин электр энергиясын убактылуу берүүнү чечтик. Суук түшүп калды. Эл үшүп жатат. Анда биздин жарандар жашайт. Анан биз аларды карап туруп, кантип бербей коёбуз? Ошондуктан облустук бийлик жоопкерчиликти алып, бул көйгөйдү чечүүнү туура көрдүк. Анан эл тарап кетти.

Кимдин кыйкырыгы күчтүү болсо...

Көптөн бери электр жарыгысыз жана таза суусуз жашап жаткан өлкөдөгү башка жаңы конуштардын тургундары дагы эми алардын социалдык көйгөйлөрү да дал ушундай тездик менен чечилер бекен деп үмүттөнүп турган учур. Алдыда шайлоо жана референдум сыяктуу саясий өнөктүк турганда гана өзүнүн тикелей милдетин аткара баштаган өнөкөт буга чейинки бийликке да мүнөздүү болгон дешет талдоочулар.

Токмоктогу балдар үйүнө жылуулук берилбей, наристелер бир жумадан бери үшүп жатышканы тууралуу маалымат байма-бай чыгып жатат. Ага жергиликтүү бийлик көңүл бурган жок. Анткени андагы балдар колдоруна ар кандай ураандарды көтөрүп алып, нааразылык митингине чыга албайт.

Медиа эксперт Авланбек Жумабаев өкмөттүн бул аракетин көз боёмочулук катары баалады:

- Бир жаңы конуштагы көйгөй чечилиптир. Бирок андай маселеси бар аймактар бизде аябай эле толтура. Анын бардыгын этап-этабы менен жергиликтүү бийлик борбордук бийлик менен байланышта болуп туруп, буга чейин эле чекесинен чечип келгенде көйгөйлөр үйүлүп кетмек эмес. Анан эми андан башка Токмоктогу балдар үйүнө жылуулук берилбей, наристелер бир жумадан бери үшүп жатканы тууралуу маалымат байма-бай чыгып жатат. Ага жергиликтүү бийлик көңүл буруп, аны чечкенге аракет жасаган да жок. Анткени андагы балдар колдоруна ар кандай ураандарды көтөрүп алып, нааразылык митингине чыга албайт. Ошондуктан бийлик саясий өнөктүктүн алдында каяктан кыйкырык көбүрөөк чыкса, ошол жактын маселесин көз боёмочулук менен чече койгондой болбой, маселенин бардыгын план боюнча чечсе болмок.

Буга чейинки бийлик режимдеринин тушунда дагы жер-жерлерде социалдык көйгөйлөргө байланыштуу көтөрүлгөн талаптар саясий талаптарга чейин өсүп, ири нааразылык акцияларына алып келген учурлар Кыргызстандын соңку тарыхында бир нече жолу катталган. Саясат таануучулардын баамында, мына ошондуктан бийлик айрым бир социалдык көйгөйлөрдү чече салып, өзүн коомдогу чыңалууну жөнгө салууга жөндөмдүү күч катары көргөзүүгө аракет жасоодо.

Ак үй алдындагы митинг, 21-ноябрь, 2016-жыл

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG