Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:05

Криматалык атыккан Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгарылышы апта ичиндеги негизги окуялардын бири болду.

Узап бараткан жумада кыргыз бийлиги “кылмышкерлердин аталыгы” Азиз Батукаевди абактан бошотуп, "Манас" аба майданынан учуруп койгону маалым болду. Түркия өкмөт башчысы Режеп Тайип Эрдоган расмий сапар менен келип кетти. Кыргызстан экономикасы үч айда кандай көрсөткүчтөргө жетишти?

Батукаевдин чыгышына ким жол ачкан?

Кыргызстан бийлиги Азиз Батукаевди 9-апрелде абактан бошотуп, "Манас" аба майданынан учуруп жиберди. Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгын бошотууга анын ден соолугу себеп болгонун сот, прокуратура, жаза аткаруу мекемесинин жетекчилери 12-апрелде бир ооздон парламентте билдиришти.

Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Акматбаев, Жаза аткаруу мекемесинин жетекчиси Икматулла Полотов жана башка адамдардын канына забын болуп, 16 жылга кесилген адамды бир күндө соттон бошотуп, ошол күнү аба майданынан учуруп жиберүү депутаттардын шегин жаратты. Алар бул жерде баары алдын-ала даярдалган, мүмкүн ири суммадагы акча үчүн жасалган иш деп чыгышты.

Өзгөчө “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары кызуу талкуулады. Анткени криминалга каршы күрөш жарыялап, анан кылмыш дүйнөсүнүн аталыгын сыйлуу коноктой узатылышы аларга катуу тийди окшойт.

Ден соолугуна байланыштуу парламенттеги талкууларга да анча катыша бербеген Болот Шер да 12-апрелде парламентте эмоциясын кармай албады:

- Сиздер бүгүн Азиз Батукаевдин адвокаты болуп отурасыздар. Сот да, прокуратура да. Коррупция менен күрөшөбүз, криминал менен күрөшөбүз деп үч жылдан бери айтылып жатат. Азиз Батукаевди чыгаргандан кийин мунун баары бекер деп койсок болот. Кантип күрөштүк? VIP залдан узатып койдук учакка салдык. Биздин жаранды, Чеченстандын жаранын эмес. Паспортун бердик...

Болот Шердин бул чатакты иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушу кабыл алынды. Бирок оппозициялык “Ата Журт” жана “Республика” фракциялары ага кирүүдөн баш тартышты. Алар Батукаевге байланыштуу маселени башкаруучу коалиция өзү иликтеп, өзү чечим кабыл алыш керек дешти.

Башкаруучу коалиция үчүн болсо Батукаевдин бошотулушу олуттуу сыноо болуп калчудай. Анткени коалицияга кирген фракциялардын айрым мүчөлөрү өкмөттүн кызматтан кетишин талап кыла баштады. Маселен, КСДП фракциясынан Исмаил Исаков башкаруучу коалициянын тарашын талап кылса, Дамира Ниязалиева өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылды.

Башкаруучу коалицияга жакын, азыркы кезде эркин депутат катары жүргөн Канатбек Исаев Батукаевдин бошотулушу алдын-ала пландаштырылган деген депутаттардын бири болду:

- Соттун чечими чыга электе эле Азиз Батукаев кандай чечим чыгаарын билчү беле? Учакты чакырып жатпайбы, саатын карабайсыңарбы. Демек,бул соттун кандай чечим чыгараарын билип, учагын чакыртып алган. Демек мунун баары атайын уюшулган.

Азыркы кезде коомчулукта Азиз Батукаевди чыгаруу үчүн ири суммада пара берилген же жогору жактан саясий чечим болгон деген божомолду депутаттык комиссия иликтеп чыгууга аракет жасайт.

Бийликтин бул алешемдиги оппозициянын чабуул жасоосуна мүмкүндүк берди. Алар камактагы депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Нариман Түлеев ооруп калган мезгилде үй камагына чыгарууга уруксат бербеген Башкы прокуратуранын Батукаевге ырайымдуу мамилесин кескин сынга алды. Оппозиционерлер депутаттарды эле эмес, абактагы оорулуу адамдардын баарын бошотуу талабын да коюшту.

Эрдоган Кыргызстанга келди

9-апрелде кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы "Манастан" жеке учагы менен учуп кеткен күнү Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга келди. Эрдоган Кыргызстанга келерден бир күн мурун Орусиянын Бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов Бишкекте болуп, президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүп кетти. Режеп Тайип Эрдоганды 11-апрелде мекенине узаткан Алмазбек Атамбаев ошол эле күнү түштөн кийин Астанага барып, казак президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүү өткөрүп келди.

Албетте бул сапарларды кокусунан болгон дал келүүчүлүк деп айтуу кыйын. Тескерисинче, олутуу маселе чечилер алдында өнөктөрдүн ал чечимге кызыгуусу, маалымат алуу жана таасир этүү аракети десек жаңылышпайбыз.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан "Манастагы" транзиттик борбор боюнча акыркы чечимди кабыл алуу, Бажы биримдигине кирип, Орусия менен стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө алдында турат.

Президент Алмазбек Атамбаев орусиялык журналист Михаил Гусман менен маегинде 2014-жылы транзиттик борбор чыгарыларын, Кыргызстан Бажы биримдигине кирерин дагы бир жолу тастыктаган.

Ал эми Түркиянын өкмөт башчысынын сапарына келе турган болсок, дүйнөлүк аренада салмагы артып бараткан өлкөнүн өкмөт башчысынын келиши өзү жакшы жөрөлгө. НАТОнун таасирлүү мүчөсү болгон Түркия өлкөсүнүн өкмөт башчысы келген учурда транзиттик борбордун тагдыры талкууга түшөрүн жергиликтүү саясатчылар жана серепчилер айтып жатышкан.

Бирок Режеп Тайип Эрдоган Бишкекте бул маселе талкууланбаганын, ал Кыргызстандын ички иши экенин билдирген. Бирок Түркия "Манасты" жарандык аба түйүнүнө айлантууга жардам берип, ГЭСтерди курууга салым кошууга даяр экенин айтты:

- ГЭСтерди куруу менен электр энергиясынын баасын арзандатып, газга болгон көз карандылыкты азайтууга болот. Бул жагынан өлкөдөгү суу байлыктарынын жөн эле агып кетиши туура эмес. Түркияда деле абал ушундай болчу. Бирок биз бийликке келген соң суу байлыктарын баркын түшүнүп, аларды пайдалануу менен табигый газга болгон көз карандылыгыбызды 8 пайызга төмөндөттүк. Ошондуктан Кыргызстан да суусунун баркын билип, аны туура пайдаланат деп ойлойм, биз да буга өз салымыбызды кошууга даярбыз.

Кыргызстан менен Түркия соода, гуманитардык байланыштарды чыңдоонун жолунда баратат. Кыргызстанда түрк окуу жайлары кадыры бир топ жогору. Ал эми соода байланышы максат кылынган 1 млрд. долларга жакындай элек. Өткөн жылы эки тараптуу сооданын көлөмү 225 млн. доллар болгон. Ошентсе да 2011-жылга салыштырмалуу эки тараптуу соода өскөн. Бирок эки өлкөнүн соодасы жаңы сыноонун алдында турат. Анткени Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, Түркиядан келип жаткан товарлардын баасы көтөрүлөт. Бул сооданын азайышына алып келиши мүмкүн.

Инвестиция жагынан да кыргыз-түрк кызматташуусунда олуттуу жылыштар байкала элек. Анкара түрк ишкерлерине өзгөчө шарт түзүүнү сунуштады. Бирок Кыргызстанда бардык инвесторлорго бирдей шарт берүү формуласы иштеп жатат. Ошондуктан бул жерде да эки тарап түшүнүшүү табышы кыйын.

Президент Алмазбек Атамбаев 11-апрелде Режеп Тайип Эрдоганды Монголияга узатып, ошол эле күнү жумуш сапар менен Казакстанда болуп кайтты.

Президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүм башчысы Сапар Исаковдун айтымында, Астанада эки өлкө ортосундагы долбоорлор, регионалдык маселелер талкууланмак. Сапардын жыйынтыгы боюнча таратылган маалыматта, тараптар кызматташууларды тереңдетүү жана кеңейтүүнү талкуулашты деп айтылган. Ошондуктан президенттердин жолугушуусунда конкреттүү кайсы маселелер талкууланганы белгисиз. Бирок эки өлкө алтын кендери, чек ара соодасы, мигранттар, Казакстандын 100 млн. доллар өлчөмүндө инвестициялык фонду боюнча сүйлөшүп келатышат. Албетте мындан сырткары регионалдык маселелер бар. Алар Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү, Өзбекстан менен Казакстандын акыркы кезде жакындашып, стратегиялык өнөктөштүк боюнча келишимге жетишүүгө даярдык көрүшү жана башка маселелер.

Саясат таануучу Марат Казакпаев Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев Бажы биримдиги, Астананын Кыргызстандагы гидроэнергетикалык жана "Манаста" эл аралык хаб куруу долбоорлоруна катышуусу талкуулады дейт. Серепчи 100 млн. долларлык инвестициялык фонд ишке ашары күмөн болуп калганын да айтат:

- Бул инвестициялык фондду канча жылдан бери талкуулап жатышат. Бирок казак капиталы түзгүсү келсе, эчак эле түзүп коймок. Алар анча пайда көрбөй жатышат. Саясий туруксуздук деп жатышат. Менин оюмча, кыргыз-казак фонду түзүлбөйт. Анткени Кыргызстанга чоң капитал келбей жатат.

Белгилеп кете турган нерсе, ири гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууда Казакстандын колдоосу Кыргызстанга абдан керек. Анын үстүнө 15-апрелде өзбек президенти Ислам Каримов Москвага сапар менен барат. Ал сапардын негизги максаттарынын бири - Кыргызстан жана Тажикстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорду токтотуу экени айтылууда.

Үч айда өсүш 7.6% болду

Кыргыз өкмөтү жума күнкү жыйынында өткөн жылдагы ишин жыйынтыктады. Андан өткөн жылы экономика дээрлик 1% кыскарганы, анын негизги себеби Кумтөрдүн начар иштеши аталды. Өмүрбек Бабановдун өкмөтү өткөн жылы 7.5% өсүш болот деп болжогон эле. Бирок ал ишке ашпай калды.

Быйылкы жылы да өкмөт 7-8% тегерегинде өсүш болоорун белгилеген. Алгачкы үч айдын жыйынтыгы ал реалдуу экенин тастыктап жатат. Маселен, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, биринчи кварталда ИДП 7.6% өстү. Бирок өткөн жылы ылдыйлоо 8.4% болгондуктан, 2011-жылдагы көрсөткүчтөргө өлкө экономикасы жетишкен эмес. Экономиканын тармактарынын ичинен курулуш тармагы үч айда дурус көрсөткүчтөргө жетишкен. Бул тармак 14.5% өскөн.

Тышкы соодада олуттуу тескери сальдо сакталып кала берүүдө. Маселен, январь, февраль айында экспорт 179 млн. долларга жакындаган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 20% төмөндөөнү билдирет. Ал эми импорт 746 млн. доллар болуп, 8% өскөн. Натыйжада соодадагы тескери сальдо төрт эседен ашып кеткен. Экспорттун кыскаруусу алтын жана текстиль буюмдарын сырткары сатуунун азаюусунан келип чыккан.

Экономика министри Темир Сариев быйылкы жылдын үч айындагы көрсөткүчтөрдү экономикадагы байкаларлык жылыш катары баалаган. Ал эми көз карандысыз экономисттер Кыргызстанда статистикалык маалыматтар ишенич туудурбасын билдирип келатышат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG