Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43

Атамбаев саясатта каларын ишара кылды


Президент Алмазбек Атамбаев орус президенти Владимир Путин менен жолугушуудан кийинки биргелешкен маалымат жыйынында президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин да саясатта кала берерин айтты.

Президенттин бул жана башка билдирүүлөрү эмнеден кабар берет? “Арай көз чарай” талкуусуна УКМКнын мурдагы төрагасы, саясатчы Кеӊешбек Дүйшөбаев жана коомдук ишмер Жумакадыр Акенеев катышты. Андан тышкары москвалык эксперт Аркадий Дубновдон пикир алдык.

“Азаттык": Кеӊешбек мырза, Атамбаев орус президенти Владимир Путин менен жолукканда бир катар саясий билдирүүлөрдү жасады. Анда Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин да саясаттан биротоло кол үзбөсүн ачык айтты. Президенттин бул айтканын кандай кабыл алдыңыз, бул эмнеден кабар бериши мүмкүн?

Алмазбек Атамбаев Путин менен жолукканда президенттик шайлоодон кийин да саясатта калам деди. Бул “мен президенттикке сүрөп чыкчу талапкерди Москва коркпой эле колдой берсе болот” деген ишара.
Аркадий Дубнов

Дүйшөбаев: Биринчиден, көпчүлүк калкыбыз сыяктуу эле бул билдирүүнү түшүнбөй калдым. Анткени, буга чейин Алмазбек Атамбаев “президенттиктен кеткен соӊ саясатка аралашпайм, эл өзү каалаган талапкерине добуш берсин, мен чыгармачылык, үй-бүлөм менен алектенем” деп айтып келген. Ошондуктан, бул билдирүүсүн түшүнбөй калдык. Бирок бүгүнкү президенттик аппараттын жетекчиси кылып Сапар Исаковду дайындаганын көрдүк. Ушундан улам Исаковду президенттикке сүрөп, Атамбаев саясатта калуу менен жаш жигитке аталык болууну чечкен го деген ойдо калдым. Бул менин жеке пикирим.

“Азаттык”: Жумакадыр мырза, сиз президенттин билдирүүсүн кандай кабыл алдыӊыз?

Акенеев: Мен жакшы эле түшүндүм. Биринчиден, саясаттан кетпейм дегени - партияны күчтөп 2020-жылдагы шайлоого даярданышы мүмкүн. Анда көпчүлүк добушту алса, же өкмөт башына, же парламент төрагалыгына келүүгө аракет кылышы мүмкүн. Анын үстүнө Конституцияга өзгөртүү киргизилип, премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилбедиби. Балким ушул кызматка партиясы аркылуу даярданышы мүмкүн.

Аркадий Дубнов.
Аркадий Дубнов.

“Азаттык”: Президенттин билдирүүсү боюнча эксперттердин да пикирин уккан элек. Борбор Азия боюнча орусиялык саясий эксперт Аркадий Дубнов бул тууралуу кандай ойдо:

Дубнов: Алмазбек Атамбаев Путин менен жолукканда президенттик шайлоодон кийин да саясатта калам деди. Бул “мен президенттикке сүрөп чыкчу талапкерди Москва коркпой эле колдой берсе болот” деген ишара. Келечектеги талапкер Орусияга ыктаган саясат жүргүзөт жана Атамбаев президенттиктен кетсе да, саясатта калып, аны көзөмөлдөй алат деген сөз болушу мүмкүн. Мындай жол менен Путинге мындан ары да азыркы саясат улантылат дегенди айткысы келди окшойт.

“Азаттык”: Кыргызстанда Баш мыйзам боюнча президент бир гана мөөнөткө шайланат. Бул өлкөдөгү бийлик узурпациясына жол бербейт жана туруктуулукту кепилдейт деп билдирип келгенбиз. Эгер Атамбаев президенттиктен кеткени менен иш жүзүндө бийликте калса, өлкөдөгү кырдаалга, саясатка кандай таасири болот?

Президент, премьер-министр, парламент төрагасы бир партиядан, алар дайындаган чоӊ кызматтагылар жакын адамдар болууда. Ошондуктан, бийликтен кетпейм дегени ушул партия мындан ары да бийлейт деген ой.
Кеңешбек Дүйшөбаев

Дүйшөбаев: Кечээ президент мурдагы айткандарымды унуткула деп айтты окшойт. Мындан мурунку билдирүүсүнө каршы чыкканы өлкөдөгү абалга терс таасирин тийгизет. Эмне үчүн? Бүгүн мамлекеттик бийликтин бардык бутактарында Социал-демократтардын өкүлдөрү отурат. Бул жагынан бийликти узурпациялоо аракети бар деп айтсак да болот. Муну саясатчылар, укук коргоочулар, эксперттер айтып чыгышты. Президент, премьер-министр, парламент төрагасы бир партиядан, алар дайындаган чоӊ кызматтагылар жакын адамдар болууда. Ошондуктан, бийликтен кетпейм дегени ушул партия мындан ары да бийлейт деген ой.

“Азаттык”: Жумакадыр мырза, башка саясий күчтөр ушуга макул болуп береби жана коомдук чыңалууну пайда кылбайбы?

Акенеев: Жок, бул жерде Баш мыйзамда парламенттик деп жарыялаганы менен алты жыл андай болбой, күчтүү президенттик бийлик болду. Атамбаев күчтүү президент катары бардык тармактар боюнча иш алып барып келатат. Эгер алсыз президент келсе, балким, таасирлер бөлүнүшү мүмкүн.

“Азаттык”: Мындай жагдай Конституцияга каршы келген жокпу?

Акенеев: Жок, каршы келген деле жок. Анткени ал деле эл тарабынан шайланды. Бирок парламенттик система ордуна күчтүү президенттик бийлик болгону чындык.

Талкууну толугу менен бул жерден уксаңыздар болот:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG