Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:12

Өткөн жуманын аягында президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө Баш мыйзамды өзгөртүп, өлкөнү толук парламенттик башкарууга өткөрүү зарыл деп айтканы коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.

Парламентик башкаруунун күңгөй-тескейин талдаган берүүбүзгө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков жана “Кыргыз жолу” руханий коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев катышты.

Равшан Жээнбеков: Акыркы 10 жылдан бери парламенттик башкаруу идеясын айтып келатам. Мен жеке саясатчы катары президенттин көп маселелерин колдобойм. Бирок, бул идеясы колдоого татырлык деп ойлойм. Мамлекетти элдик бийликке өткөрүп кетейин деген ниети бар экен деген жакшы үмүт пайда болду менде.

...Эгер социологиялык иликтөөлөргө кайрылсак, Кыргызстанда президенттик башкарууга ыктап тургандар көбүрөөк. Анын себеби түшүнүктүү, Орусиядагы президенттик башкаруу, кошуналардагы авторитардык режимдердин салымы да чоң болууда. Бизде маалыматтын жоктугунан парламенттик башкаруунун маңызын түшүндүрүү анча болбой жатат. Ошондуктан маалымат каражаттары, өзгөчө өкмөттүк маалымат каражаттары ушул маселеге көбүрөөк көңүл бурушу керек.

Кадыр Кошалиев: Биздин уюм мындан бир топ жыл илгери Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек деп, 300 миң кол топтоп, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылсак, 2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбойт деп жооп берген. Эми азыр Ак үй айтса, анда өзгөртүүгө боло тургандай кетип атат. Конституциянын атасы деген Текебаев Конституцияны өзгөртсө болот деп башкача сүйлөп калды. Биздин пикирибизде, элдик өкүлчүлүктүү бийликти Курултайга, мыйзам чыгаруу бийлигин парламентке берилиши керек. Экөөнү бириктирүүгө да болот.

Равшан Жээнбеков: Биз факты жүзүндө парламенттик башкарууда жашаган жокпуз. Ушул убакка чейин парламенттин 100 пайыз депутаттары президенттин көзүн карап отурат. Президентти парламент гана шайлаш керек. Президент күч түзүмдөрүн эч качан дайындабаш керек коалицияны түзүүгө президент эч качан кийлигишпеши керек. Дагы толгон маселелер бар.

Кадыр Кошалиев: Биз чейрек кылым таптакыр кыргыз кыртышына туура келбеген башкаруу менен жашап келдик. Американын демократиясы Европага, Европаныкы Кыргызстанга жукпайт. Демократиянын бардыгына ылайык бир рецепти жок. Ар кимдин өз жолу болушу керек. Биз сунуштап жаткан Баш мыйзам кыргыз баалуулуктарына негизделген, ага жараша жоболор менен бергенбиз. Баш мыйзамды эптеп эле чампалап салбай элдик талкууга кенен коюшубуз керек, жок дегенде алты ай бою эл талкуулашы зарыл.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG