Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:17

Асылы кетти кыргыздын...


Рахат Ачылова
Рахат Ачылова

74 жаш курагында көзү өткөн белгилүү окумуштуу, коомдук жана саясий ишмер, аялдардын укугун коргоочу Рахат Ачылованын сөөгү өзүнүн керээзи боюнча Байтик тоосундагы кабырга коюлат. Аны узатуу зыйнаты 7-мартта Кыргыз академиялык драма театрында өтөт.

Рахат Ачылова ириде кыргыз аялдарды алдыга сүрөгөн, демократиялык баалуулуктарды жайылтууга жан үрөгөн аял ишмер катары белгилүү. Ал коммунисттик идеология күчүндө турган 80-жылдары алгачкы эл аралык конференция өткөрүп, аялдардын маселесин көтөрүп чыккан.

Окумуштуунун замандашы, шакирттеринин бири, окумуштуу Ишенгүл Болжурованын ал кезди минтип эскерди:

- Ошол форумда айрым айымдарыбыз Коммунисттик партияга кызмат кылыш үчүн “биздин коомдо азыр аялдардын проблемасы жок” деп чыгышкан. Бирок азыр алар өздөрү аялдар проблемаларын көтөрүп жүрүшөт. Ал эми эже менен биргеликте беш-алты көрүнүктүү окумуштуу өз маалында биринчи жолу ЮНЕСКОнун жардамы менен “Ислам жана аялдар” деген темада форум өткөргөнбүз. Ооба, ага чейин деле аялдар темасына арналган майда-барат форумдар өтүп турчу. Бирок анчалык болгон эмес. Ошондо эже кыргыз, орус, англис тилдеринде сабаттуу сүйлөп, ал форум аркылуу аялдардын көптөгөн проблемаларын чечкен.

Ишенгүл Болжурова
Ишенгүл Болжурова

Ишенгүл Болжурованын баамында, Рахат Ачылова өз ишмердүүлүгүн илимий жактан да негиздей алган. Илимий эмгектери негизинен үй-бүлөнүн байыркы доордон азыркы күнгө чейинки өсүп-өнүгүүсүн, абалын, Кыргызстандагы аялдардын коомдогу ролун, маданиятын изилдөөгө арналган. Ал көп жылдар бою Кыргыз Мамлекеттик кыз-келиндер институтунун (азыркы Арабаев атындагы университет) ректору болуп иштеген.

Эчен жылдардан бери Рахат Ачылова менен кошуна жашаган саясий ишмер Топчубек Тургуналиев маркум үй-бүлө институтунун бекемдиги тууралуу кагаз жүзүндө гана жазбай, өзү да бекем үй-бүлө күткөн ардактуу асыл жар, асыл эне, асыл айым болгонун “Азаттыкка” айтып берди:

- Мындан эки жарым ай мурун күйөөсү Эркин Борбиев каза болду эле. Рахат элге күйөөсү ооруп жүргөнүн билдирген жок. Эркин чынында акыркы жылдары кыйын абалда калган. Бирок Рахат кабагым-кашым дебей, күйөөсүн куштай кылып карады. Элге кошту. Бул башкаларга мисал болсун үчүн айтып жатам. Ал эми мүнөзү жагынан айта турган болсок ал жаркырап, болгонун болгондой бетке айтып койгон ак жарык эле. "Манас" эпосунда айтылгандай эркектей мүнөзү бар болчу.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Рахат Ачылованы саясаттагы санаалашы, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да эскерди:

- Рахат Ачылова кыргыз аялдарынын ичинен эң көрүнүктүү өкүлдөрүнөн болгон. Эң алгач түштүк райондорунан келип билим алып, философия илиминин доктору, институттун ректорлугуна чейин иштеп, жаш кыз-келиндерге үлгү болуп, аларды өзүнүн иши менен заманбап жашоо образына үндөгөн. Мен Рахат Ачылова менен 1995-жылы мыйзам чыгаруу органында бирге иштеп калдым. Ал 1998-жылдан баштап биздин партияга мүчө болуп кирди. Ошондон баштап ушул күнгө чейин биздин мүчө болгон. Жашы келип калганына карабай өз демилгеси менен Кыргызстандын бир нече жерлеринде болуп келди.

Философия илимдеринин доктору Рахат Ачылова 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынына депутат болгон. Ондон ашык илимий эмгектин, 3 монографиянын автору. Ал 1941-жылы Баткен аймагындагы Көк-Таш айылында туулуп, 2015-жылдын 5-мартында 73 жаш курагында жүрөк оорусунан көз жумду. Артында белгилүү жазуучу жана сценарист Эркин Борбиев экөө тапкан бир уул, эки кызы жана неберелери калды.

Рахат Ачылованын көзү тирүүсүндө берген маеги. 2014-жыл.
Ачылова: Кыз-келиндер ыкшоо болуп баратат
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:04 0:00

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG