Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:04

Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Кыргызстанга келген качкындардын саны өсүп баратканын кабарлайт.

Өлкөдөгү качкындардын көбүн Ооганстандын жарандары түзөт. Калганын Украина, Сирия, Иран, Пакистан мамлекеттеринен келгендер түзөт.

Кыргызстанга Ооганстандан беш ай мурун качып келген Ширзад Ахмеддин азырынча качкын макамы жок. Анын айтуусунда, өз өлкөсүндөгү ызы-чуу жашоодон тажап, чала тааныштары аркылуу Кыргызстан тууралуу угуп келе берген. Ширзад фарс тилинде гана сүйлөгөндүктөн ээн-эркин көчөдө жүрө албай жатканын жашырбады.

- Жакын туугандарыман болгону иним гана бар. Бирок ал башка өлкөгө жашаганга макул болбой койду. Анан өзүм келе бердим. Буга чейин Кыргызстан туурасында дегеле маалыматым жок болчу. Азырынча бул жакта баары жагат. Бирок баарлашууга келгенде оюмду түшүндүрө албай кыйналам. Ошондуктан тил үйрөнүп жатам. Мекениме качан кайтарым али белгисиз. Кесибим боюнча тиш догдурмун. Дагы бир азыр көнүшүп алсам, туруктуу жумуш табам деген ойдомун.

Ширзад сыяктуу Ооганстандан качып келгендердин басымдуу көпчүлүгү Кыргызстан менен кайсы бир байланышы бар кишилер аркылуу келген. Эмгек жана миграция министрлигинин качкындар боюнча иштөө башкармалыгынын башчысы Майрамбек Бейшенов төмөндөгүлөрдү айтты:

- Кыргызстанга келген качкындардын ичинен көбү дал ушул Ооганстандан келгендер. Жыл башынан бери 114 адам ооган жеринен келген. Азырынча булардын баарына макам бериле элек. Алардын жазган кайрылуулары каралып жатат. Биз чет жерден келгендердин баарына эле ал макамды бере бербейбиз да. Эмнеге келгенин тактап, териштирүү керек.

Кыргызстанга качып келгендердин саны боюнча экинчи орунда Сирия жарандары турат. Азыр жетимиштей сириялык өз өлкөсүндө болуп жаткан согуштан улам Кыргызстанды убактылуу мекендеп жүрүшөт. Алардын бири Ваил Алхинадзи үч жыл мурун Дамасктагы согуштан улам үй-бүлөсүн алып качкан. Анткен менен Ваилдин Кыргызстанды тандап калганы жөн жерден эмес. Ал союз маалында бул жерден билим алган.

- 1987-жылы окуума байланыштуу жашаган элем. Кийин Сирияга кеткем. Бирок узак убакытка созулган согуш жашаганга мүмкүнчүлүк бербеди. Акыры өзүм билип-көргөн Кыргызстанды эстедим. Жаш кезимде орус тилин чала үйрөнгөн элем. Кийин келгенимде мыкты өздөштүрүп калдым. Кыргызстан - экинчи мекеним. Башында көнө албай кыйналгам, азыр болсо көзүмө баары жылуу учурайт. Азырынча алдын ала эч нерсе айталбайм. ​Өз өлкөмдө тынчтык орносо, балким барып калармын.

Украина чыгышындагы жаңжалдан улам Кыргызстанга келгендердин саны да өсө баштады. Ал жактан жыл башынан бери 13 киши келген. Мындан тышкары Иран, Пакистан өңдүү өлкөлөрдөн келгендердин баш-аягы 50дөн ашат. Жалпысынан Кыргызстанда учурда 431 адам качкын макамын алса, дагы 160тан ашыгы башпаанек сурап жүрөт.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова ушул кезге чейин Кыргызстан эл аралык конвенцияны карманып, качкындарга карата кысым байкабаганын айтты.

- Эми качкындар жыргаганынан башка жерге келбейт да. Бирок биздин коомдун аларга жасаган мамилеси жаман дегенден алысмын. Ошентсе да Өзбекстан же Кытайдан келген качкындарга болгон мамиле бир аз башкача. Канткен күндө да бул жакка келип, кийин Европага кеткендер деле толтура болуп жатпайбы. Балким алар жашоонун ыңгайлуулугуна карашабы, айтор бул жакта көпкө турушпайт.

Жыйырма жыл ичинде Кыргызстан баш-аягы он миңдеген качкынды кабыл алган. Алардын жарымынан көбү кырдаал тынчып калганда кайра өз мекенине кайтарын айтышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG