Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Таластагы маңзат чатагы сотко жетти


Турсункуловдун үйүн тинтүү учурда айыл тургундары милицияга каршылык көрсөткөн. 29-июль, 2013-жыл
Турсункуловдун үйүн тинтүү учурда айыл тургундары милицияга каршылык көрсөткөн. 29-июль, 2013-жыл

Талас облустук соту көксайлык Абдымалик Турсункуловдун үйүн тинтүү тууралуу токтомду жокко чыгарды.

13-августта Талас облустук соту Көк-Сай айылынын тургуну Абдымалик Турсункуловдун үйүнөн маңзат табылды делген иш боюнча арызды карады.

Маңзаттарды көзөмөлдөө каршы агенттиктин кызматкерлери 29-июлда тинтүүдөн кийин Турсункуловду мыйзамсыз маңзат сактайт деп кармап кетүүгө аракет жасаган. Бирок жергиликтүүлөр айылдашын коргоп, күч кызматкерлерине сес көргөзүшкөн эле.

Абдымалик Турсункуловдун өтүнүчү боюнча, турак-жайга тинтүү жүргүзүү мыйзамдуу же мыйзамсыз болгонун караган сот жыйынына төрагалык кылган Замира Абдиева, судьялар Бакыт Өмүралиев менен Жыргалбек Жумагулов төмөнкүдөй бүтүмгө келишти.

Көк-Сай айылы Казакстан менен чектеш жерде жайгашкан
Көк-Сай айылы Казакстан менен чектеш жерде жайгашкан
- Талас шаардык сотунун 2013-жылдын 29-июлундагы турак-жайга тинтүү жүргүзүү жөнүндөгү токтому жокко чыгарылсын. Токтомдун негизинде Көк-Сай айылынын тургуну, 1969-жылы туулган Абдымалик Турсункуловдун айылдын четиндеги жаңы салынып жаткан турак-жайын тинтүү жокко чыгарылсын. Токтом жарыяланган учурдан тарта күчүнө кирет.

Сот бүткөндөн кийин тинтүүнү уюштурган маңзат менен күрөшүү кызматынын батыш башкармалыгынын ага тергөөчүсү Бакыт Сатымкуловго кайрылдык:

- Азыр сүйлөшпөйбүз. Макулдашалык анан кийин. Чечим туура эмес болду. Прокуратура менен кеңешип, анан Жогорку Сотко кайрылабыз го.

Буга чейин Абдымалик Турсункуловдун үйүнөн табылган маңзат 7 килограмм 700 грамм марихуана экенин аталган кызмат кабарлаган. Эми тинтүү иши сот тарабынан "негизсиз" деп табылып отурат. Судьялар муну тинтүү боюнча соттун токтому туура эмес түзүлгөнү, маңзатка каршы күрөшүү кызматкерлери тинтүүнү мыйзамсыз, одоно каталар менен жүргүзгөнү соттук териштирүүдө аныкталды деп түшүндүрүштү.

Ал эми айыпталып жаткан Абдымалик Турсункулов сот чечимине ыраазы:

​- Негизи сот туура карап, туура баалады деп ойлойм. Рахмат ушул туура чечип бергендерине.

Соттук териштирүүгө Абдымалик Турсункуловду коштоп Көк-Сай, Кайнар жана башка айылдардан 100 чамалуу адам келди. Кара-Буура районунун Бакыян айылынын тургуну Эмил Атабаев дагы сот чечимине канааттанып турат:

- “Ак ийилет, бирок сынбайт”. Бир аз чинине таянган орган кызматкерлери Абдымаликке жалаа жабабыз дешкен. Бирок арам ойлору ишке ашпай калды.

Ушул жылдын 19-июль күнү кыргыз-казак чек арасынын Көк-Сай аймагынан 21 сотук жерге айдалган 2 миң 580 килограмм маңзат табылып, кылмыш иши козголгон. Андан туура 10 күн өткөндөн кийин 29-июлда Абдымалик Турсункуловдун айыл четиндеги жаңы салынып жаткан үйүнөн 8 киллограммга жакын маңзат табылганы айтылган.

Бирок көксайлыктар муну Турсункуловдун кыргыз-казак чек ара талашындагы активдүүлүгүнө карата жасалган чагым катары баалашкан.

Доо койгон тарап эми Жогорку Сотко кайрыларын айтууда.

Тасмада: Таластагы маңзат чатагы, 30-июль, 2013
Таластагы маңзат чатагы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00

XS
SM
MD
LG