Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:51

Сапарбаев: Жасалма паспорт жасагандар аныкталууда


Эрлан Сапарбаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси

Эрлан Сапарбаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси

Мамлекеттик каттоо кызматтын жетекчиси Эрлан Сапарбаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Казакстандык банкир, олигарх Мухтар Аблязовго Кыргызстанда мыйзамсыз паспорт даярдалганы маалым болду. Муну өзүңүздөр пландык текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталганын маалымдадыңыздар. Бирок бул окуя Мамлекеттик каттоо кызматы коррупциялашкан орган деген дооматка дагы жем таштады. Оболу ушул окуя тууралуу түшүндүрмө бере кетесизби?

Эрлан Сапарбаев: Жакында эле, эки-үч жума болду Мамлекеттик каттоо кызматтын структурасы өзгөрдү. Биздин кызматтагы саясат Юстиция министрлигине берилди. Андан тышкары борбордук аппаратта коррупцияга бөгөт коюу, каржылык мониторинг жана укук коргоо органдары менен иштөө боюнча атайын башкармалык түзүлдү. Калкты каттоо департаменти да өзгөрүүгө дуушар болуп жоюлду. Анын ордуна эки департамент түзүлдү. Бул функционалдык анализдин негизинде ишибизди оптималдаштыруунун жыйынтыгы болуп эсептелет.

Ошол жогоруда айткан башкармалык менен департаменттин кызматкерлери кызматтык иликтөө өткөргөн. Анын натыйжасында ушундай мыйзамсыз паспорт берилген фактыларды алып чыкты. Бул бир, же эки факты эмес, бул схема болуп атат. Ортомчу кишилер аныкталып жатат. Канча сом берилген, каяктан берилгени билинди. Тиешелүү жасалма мөөрлөрү бар экен. Биздин Аламүдүн бөлүмчөсүнүн да жасалма мөөрү бар экен. Биз мунун баарын иликтеп чыгып, коопсуздук кызматына өткөрүп бердик.

Мухтар Аблязов

Мухтар Аблязов

Мындай иликтөөлөр дагы улана бермекчи. Буга чейин биз 48 кызматтык иликтөө-текшерүүлөрдү өткөрдүк. Анын негизинде 15 адамды иштен четтетик. Ал иштер Нарында, Сузакта, Кара-Кулжада болду. Мына эми Бишкекте, Чүйдө текшерүү жүргүзүп жатабыз. Эми мындай текшерүүлөр системалуу түрдө болмокчу. Ошондой эле бул башкармалык Экономика, юстиция министрлиги менен бирдикте Мамлекеттик каттоо кызматындагы болгон укуктук-ченемдик актыларын коррупцияга каршы экспертизадан өткөргөнү жатат. Ошондой эле окутууларды уюштуруп жатабыз.

Коррупцияга каршы күрөшүү үчүн системалуу түрдө кадамдар керек. Практикалык кадамдар менен кошо кандайдыр бир нормативдик-укуктук база да керек болуп турат. Биздин кызматкерлердин маянасын, билимин көтөрүү маселелери да каралып жатат.

Ошол жасалма паспорт даярдоого катышы бар деген кызды сурасак, “айлыгым аз, балам, ооруган энем бар, күйөөм иштебейт” деген шылтоолорду айтып жатат. Ал кыз да жумуштан бошотулду. Жетекчиси мөөр баскан эмес экен, бирок ушундай фактыга жол берген үчүн ал да иштен алынды. Мындай текшерүүлөр дагы уланмакчы. Бирок буга жалгыз биздин кызматтын күчү жетпейт. Жалпы коомчулук, массалык маалымат каражаттары жардам бериши керек. Ошондой эле кызматкерлер арасында аттестация өткөрөлү деп атабыз. Ошол иштерди кеңири коомчулукту кошуп өткөрөлү деп жатабыз. Жапа тырмак киришип, аракет кылсак майнап чыгабы деген ой бар.

Биз былтыр 3 миллиондон ашык кыргызстандыкка кызмат көрсөттүк. Мамлекеттик бюджетке 9 миллион сом которуп бердик. Мындайча айтканда, ар бир экинчи мекендешибиз биздин кызматты пайдаланып жатат. Ошондуктан ушундай чоң көлөмдө иш болгондо беш кол тең эмес дегендей, өйдө-төмөн болбой койбойт экен. Тилекке каршы ушундай фактылар чыгып атат. Абдан өкүнүчтүүсү мындай бир-эки факты эмес, системалуу түрдө чыгып атат, жогоруда айткандай муну менен системалуу түрдө күрөшүү керек.

“Азаттык”: Мамлекеттик каттоо кызматында структуралык өзгөрүүлөр, коррупцияны тыюу иштери тууралуу айтып кеттиңиз. Паспортко байланыштуу соңку окуя чыкканда паспорт берүүнү мурункудай Ички иштер министрлигине өткөрүп берүү керек, тартип коргоо органдарынын көзөмөлү зарыл деген сунуштар байма-бай айтыла баштады. Бул тууралуу сиздин оюңузду уксак.

Эрлан Сапарбаев: Мен муну экинчи кадам деп ойлойм. Мамлекет калктын реестрин түзгөнгө чейин азыркы структура абдан туура деп ойлойм. Себеби биз ар бир жаран төрөлгөндөн тарта өмүр өткүчө кызмат көрсөтөбүз. Паспорт алат, үйлөнөт-жайланат, кыймылсыз мүлкүн каттайт, акыры документтер архивге барат. Ошол бирдиктүү линия туура түзүлгөн.

Экинчи маселе жанакындай абдан оор, татаал структура болуп калган дагы, эл тараптан нааразылык туулуп жатат. Ошондуктан калктын мамлекеттик реестрин түзүп, эмдиги жылдан тарта жаңы муундагы паспортторду берсек, ошол иштердин баарын аткаргандан кийин бизге каттоо маселелерин гана калтырып, ал эми уруксат берүү маселелерин коомчулук, эксперттер менен кеңешип туруп ИИМге кайтарып берсе, балким туурадыр деп ойлойм. Азыркы тапта мунун зарылчылыгы жок.

“Азаттык”: Көзөмөл керек дегенге кандай карайсыз? Мисалы, азыр айдоочунун күбөлүгүбү, же паспорт берилсе, муну тартип коргоо органдары билбей калат деп айтышат.

Эрлан Сапарбаев: Бул чындыкка көп коошпойт. Биздин маалымат базасына тиешелүү министрлик-мекемелер кирип, каалаган маалыматын алса болот. Андан сырткары ошол эле унаа маалыматы боюнча бизден эки адам ошол ИИМде отурат. Маалыматты улам берип, жума сайын жаңыртып турат. УКМК менен да тиешелүү келишимдерди түзгөнбүз. Бул доомат жөн гана шылтоо сыяктуу сезилет. Жакында реестр түзүлгөндөн кийин онлайн режимде бири-бирибиз менен маалымат алмашып турабыз.

2011-жылга чейин паспорт аларда текшерүү деген бар болчу. Мунун да эки жагы болуп жатат. Атайын текшерүүгө жиберсең, 2-3 айлап кармалып калып жатат. Биз азыр күнүнө 5 миң паспорт берип жатабыз. Былтыр 1-1,5 миң болсо, азыр 4-5 миңге чейин чыгып атат. Ошол адамдардын баарын атайын текшерүүгө жиберсек оор болуп калган жатат. Биз азыр мунун башка варианттарын карап жатабыз. Жакын арада тиешелүү министрликтерди чогултуп, элге да ыңгайлуу, аларды кыйнабагандай, бирок ошол эле учурда текшерүү жагын да күчөтүү маселесин карайлы деп жатабыз. Биз да атайын сунуштарыбызды беребиз.

“Азаттык”: Айрыкча Бишкекте, анын жака белинде жерди, үйдү сатууга байланыштуу чыр, соттук араздашуулар көп болот. Бир эле документтин бар канча кишиге жазылып, катталып калганы кеңири кездешет. Ушуну тыйуунун натыйжалуу жолун таптыңыздарбы?

Эрлан Сапарбаев: Былтыр мындай факты боюнча 95 кылмыш иш козголгон. Биздин кызматтын номенклатурасына кирген 29 кызматкерге иш козголгон. Экөө сотко барды. Калгандарына тергөө жүрүп жатат. Кээ бирлерин сот актап чыкты. Мындай фактылар канчалык өкүнүчтүү болбосун бар. Сиз айткандай, бир эле кызыл китеп эки, же андан ашык адамга жазылган учурлар болуп жатат.

Булардын баары менен системалык түрдө күрөшүү керек. Коррупцияга каршы жалгыз бир мекеме эч нерсе кыла албайт. Дагы кайталап айтайын, буга жалпы эл, коомчулук жардам берип жапа тырмак киришүүбүз керек. Кээ бир адамдар кезекке тургусу келбей, ары жакка барып ортомчу бирөөгө тыйынын берип, кезексиз кирип бүтүрө кал деген нерселер бар. Жарандардын өздөрү мыйзамсыз жолдорду издеген фактылар бар. Ошондуктан коомчулук жардам берип чогуу-чаран иш алып барсак коррупцияны жеңүүгө болот.

“Азаттык”: Өткөндө өзүмдүн жеке иштерим менен Чүйдө жарандык актыларды каттоо боюнча райондук бөлүмгө барып калсам, жаңы төрөлгөн балдарга күбөлүк берүүгө кагаз жок деп айтып жатышканына күбө болдум. Негизи "керектүү кагаз жок, дагы башка нерселер жок, эртең кел, эмки аптада кел" дегендер кеңири эле кездешкен көрүнүштөй. Ушундай таңкыстыктар эмнеден улам жаралат?

Эрлан Сапарбаев: Бул негизи уюштуруу маселелерине гана такалып калышы мүмкүн. Себеби биз тендер аркылуу тиешелүү көлөмдөгү бланкалардын баарын алып турабыз. Алыскы жерлерге кандайдыр бир техникалык себептер менен кармалып жетпей калышы ыктымал.

Экинчи дагы бир себеби, ошол жердеги кызматкерлер өздөрү каада күтүп, "азыр жок, эми атайын келип калыпсыз, сиз үчүн карап таап берейин" деген сыяктуу шылтоо айткан фактылар жок эмес.

Азыр бланкалар боюнча эч кандай маселе жок. Ошол эле паспортту алсак, бир жылга чейин жете тургандай керектүү материалдарды, картридж жана башка керектүү нерселерди алып, кампага коюп койгонбуз. Эгер кандайдыр бир ушундай маселелер чыкса биздин ишеним телефонубузга чалып айтса болот. Биздин сайтка кирип ал жактан онлайн кеңеш алса болот. Ошонун баарына биз реакция беребиз. Жанагы мен айткан 48 кызматтык иликтөөнүн арасында жашыруун келген келген каттар боюнча иликтөө жүргүзүп, 15 кишиге чара көрдүк.

“Азаттык”: Өзүңүзгө маалым болгондой, 2015-жылдан тарта Орусия мигранттарды жалпы жарандык паспорт менен гана киргизгени жатат. Буга карата атайын даярдык көрүлүп жатабы? Ал паспортторду ким даярдайт?

Эрлан Сапарбаев: Өкмөттүн буйругу менен мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Аны юстиция министри жетектейт, орун басары менмин. Биз өз сунуштарыбызды өкмөткө бердик. Азыр уюштуруу иштери жүрүп жатат. Биз учурда техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап жатабыз. Даярдап, эсептеп бүткөндөн кийин өкмөткө жөнөтөбүз.

2014-жылдан тарта биз электрондук-биометрикалык паспорт бере башташыбыз керек. Бул мурунку паспорт жарабай калат дегенди түшүндүрбөйт. Ал паспорттор мөөнөтү бүткүчө колдонулат. Бул электрондук-биометрикалык паспорт - адамды тастыктоочу документ. Ага чип орнотулат, анын ичине биографиялык маалымат менен кошо 3Д форматтагы санарип сүрөтү, бармак басым киргизилет.

Ошону менен бирге ID картага электрондук санарип мөөр деген киргизилет. Ошондо бул жеке эле паспорт эмес гана эмес, келечекте банк тармагына да колдоно алгыдай документ болушу керек. Биз бул жаатта коңшулардан калып калдык. Жарандык согушту баштан өткөргөн тажиктер буга 2010-жылы эле өткөн. Ошондуктан биз бул иштерди ыкчам, ылдам алып барышыбыз керек. Кудай буюрса күзүндө өзүбүздүн сунуштарыбызды өкмөткө беребиз.

Бир гана принципиалдуу позициябыз бар – мамлекеттик маанидеги документтер жаңы муунда болушу керек жана аны чыгаруу мамлекеттин колунда болушу керек. Мамлекеттик калктын базасы мамлекеттик гана колунда болуп, мамлекет көзөмөлдөшү керек.

“Азаттык”: Бүгүн эле айрым жаштар уюмдары маалымат жыйын өткөрүп, кытайлык жарандарга Мамлекеттик каттоо кызмат ой-келди, ылгабай паспорт берип жатат деп айыптады. Ушуга комментарий бере кетесизби?

Эрлан Сапарбаев: Эми статистиканы караш керек да. Мисалы, былтыр 1 гана кытай жараны президенттин жардыгы менен биздин паспортту алды. Эми жүз миң деген сан чындыкка коошпойт. Өзүңүз жакшы түшүнөсүз да, миграция дегенде Миграция министрлиги бар, ИИМдин, УКМКнын өзүнүн бөлүмдөрү бар. Анан бардык эле нерсени Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөгөндө, бул биздин функционалдык милдетке да кирбейт, биздин андай ыйгарым укугубуз да жок. Баштапкы визаны Тышкы иштер министрлиги берет. Биз болсо тиешелүү документтердин негизинде, текшерүүдөн өткөндөн кийин визанын түрүнө жараша узартып гана койо алабыз.

Эгер ошол жаштар уюмдар бизге кайрылса, биз аларга керектүү маалыматты бермекпиз. Өзүңөр көрүп жатасыңар, биз ачыкпыз. ММКда күнүгө биз тууралуу маалымат чыгып турат. Мен жеке өзүм конструктивдүү сынга даярмын. Баарыбыз эле кыйынбыз, катасыз иштейбиз дегенден алысмын. Баарыбыз пендебиз. Ошондуктан катачылык кетип жатса, конструктивдүү сын болсо мен, мен жетектеген кызмат ошого туура реакция берүүгө даяр.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG