Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Ак-Суу: баптист аялдын сөөгүн жашырууга жер табылды


Сүрөттө: маркумдун үйүнүн алдында тигилген боз үй
Сүрөттө: маркумдун үйүнүн алдында тигилген боз үй

Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында христианчылыктын баптист багытын тутунган делген 57 жаштагы маркум аялдын сөөгүн мусулмандар көрүстөнүнө коюлушуна жергиликтүү эл каршы чыккан.

21-октябрда маркумдун жакындары менен имамдар сүйлөшүп, бирок жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышпай калгандыктан сөөк жашырууга байланыштуу жер маселеси чечилбей тарап кетишкен. 22-октябрда жергиликтүү бийлик, район имамы жана маркумдун туугандары сүйлөшүп, сөөк жашыруу үчүн жер бөлүштү.

Каза болгон Бурулуш Мамбетованын сиңдиси Калбүбү Сыдыкбекова эжесинин сөөгүн жашырууга эмне себептен жергиликтүү көрүстөндөн жер бербей жатышканын “Азаттыкка” мындайча айтып берди:

- Эжем каза болуп, молдого барсам "динин сатып кеткендерге мусулман көрүстөндөн орун бербейбиз" деди. Себебин сурасам "ал Кудайдын жери" деген жооп кайтарды. Ошол жерден орун берсе, эл нааразы болуп, түшүнбөстүктөр чыгып кетерин айтты.

Теплоключенка айылындагы жаңы мүрзө
Теплоключенка айылындагы жаңы мүрзө

Бурулуш Мамбетова 21-октябрда түшкө маал каза болгон. Андан кийин эле райондун имамына маркум баптист болгон деген сөз жетип, жакындан тааныгандары мусулман көрүстөнүндө орун берилбейт деп чыгышкан. 22-октябрь күнү кечке чейин талаш-тартыш болуп, жергиликтүү бийлик катышпай калгандыктан жер маселеси чечилбей тарап кетишкен.

Райондун имамы Асантур Абдрахманов каршы болгон элдин оюн мындайча жеткирди:

- "Исламда кабыр азабы деген бар. Ыймандуу ата-энем жаткан көрүстөндө башка динге ишенген адамдын жатканы туура эмес. Ата-энеме да кабыр азабы түшпөсүн" деген эл жума намазда психологиялык жактан өзүн даярдап алышты. Кечээ жума намазы болгон. Ошол суроону эл берип, ойлондурчу маселеге айланды.

Теплоключенка айылы
Теплоключенка айылы

Имамдын айтымында, бул маселе чыккандан кийин казыят менен байланышып, кеңешкенде мусулман көрүстөнүнө коюлбай турганы белгилүү болгон.

Ошентип маркумдун жакындары менен жергиликтүү бийлик сүйлөшүп, сөөктү айылдын түштүк тарабындагы эски көрүстөндөн бир канча алыстагы жерге берүүнү макулдашты. Бул тууралуу район башчысынын орун басары Элчибек Жантаев билдирди:

- Эртең мененки кеңешүүдө маркумду жашыруу боюнча Теплоключенка айылынын түштүк тарабынан мурдагы эски көрүстөндөн беш жүз метр алыстыктагы жерге жашыралы деген чечимге келдик.

Ала-Бука: маркум аялды үчүнчү ирет жерге беришти

Ала-Бука: маркум аялды үчүнчү ирет жерге беришти

Каза болгон Бурулуш Мамбетованын жакындары анын баптист болгонун билбегенин айтышат. Ал эми уулу апасы аны мечитке өзү жетелеп барып жүргөнүн, кандайча башка динге өтүп кеткенин түшүнбөй турганын айтып, кандай болгон күндө да апасына жаназа окуткандан кийин гана жерге берүүгө аракет жасай турганын билдирди.

Христианчылыктын баптист багытын карманган Канат Жунушалиев маркум Иса машаякка ишенип келгенин ырастап, жергиликтүү көрүстөнгө уруксат берилбей жатканын жеке кызыкчылыктар менен байланыштырды:

- Мусулмандар көрүстөнүнөн орун берсе эч нерсе болмок эмес. Ошол жерде 5-6 адам эле бул маселени көтөрүп чыкты. Бул жерде адамдын кызыкчылыгы бар. Куранда деле мындай жок деп ойлойм. Куранды деле мен бир сыйра окуп чыккам. Куранда башка диндегилерди койбогула деген жок.

Жунушалиевдин айтымында, өлкө боюнча 50 миңге жакын киши Исага ишенет.

Ошентип маркум Теплоключенко айлындагы эски көрүстөндөн алысыраак жерге 23-октябрда коюлду.

Ала-Букадагы окуя Ак-Сууда кайталанды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:24 0:00

Буга чейин да Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда баптист ишеничин тутунуп келген аял каза болуп, жергиликтүү тургундардын нааразычылыгынан улам сөөгү эки жолу казылып алынып, акыры үчүнчү жолкусунда жашыруун жерге берилген эле.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG