Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:56

Секуляризм (орусча –светскость) принциби быйыл жайда бүйүр кызыткан талаштарды чыгарды, өйдө-төмөн, өгөй-татай сөздөргө тамызгы болду.

Конституциялык кеңешмеде ары кетип, бери келип жатышып, акыры "светское государство" дегенди баш мыйзамдын кыргызча вариантына "мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган... мамлекет" деп жазышты. Ошентип, бир сөз төрт сөзгө айланды.

Секуляризмби же атеизмби?

Биринчиден, бу термин эмес. Адатта термин бир, ашып кетсе эки сөздөн куралат. Калган учурда термин делинбейт. Экинчиден, муну секулярдуулуктун түшүндүрмөсү дегенге да болбойт, ага караганда атеизмдин аныктамасына жакыныраак көрүнөт. Бери эле дегенде мамлекеттин иштерине диндин аралашканына тыюу салат, ошол эле учурда мамлекет өзү диндин иштерине кийлигише алабы-жокпу, бу маселенин "башын ачык" калтырат.

Кыргыз коомуна алдыңкы үлгүдөгү, заманбап конституция жазып бермек болгондор эмне үчүн "секуляризм" принцибин минтип атеизмге түспөлдөш кылып алышты?

Буга эки жагдай себеп болду. Биринчиден, конституциялык кеңешмедегилер "светское государство" дегендин кыргызча котормосу же аны туюнта турган сөз жок дешти, аны таппай коюшту. Экинчиден, секулярдуулук кыргызда эзели болгон эмес, бу деген Батыштан келген түшүнүк, бизге аны таңуулаштын кереги жок деп ырастагандар чыкты.

Ушундан улам биз да эки маселеге, биринчиден, "секулярдуулук" дегенге кыргызча сөз барбы же жокпу; экинчиден, бул түшүнүк жалаң гана Батышка мүнөздүү көрүнүшпү, ушуга токтоло кетели. Адегенде сөздүн өзү жөнүндө.

Бир терминдин икаясы

Англис тилиндеги азыркы secular деген сөз латынча saecularis дегенден чыккан. Муну француздар laïcité дешет, аны гректердин "лаикос" (элдик) дегенинен алышкан. Лаицизм – коомду диндин таасир-таалиминен арылтуу кыймылы - Реформация доорунда башталган, анын идеялары азыр деле француз тилдүү аймактарда кеңири таралган. Лаицизм Мустафа Кемалдын тушунда түрктөргө да таасир тийгизген, ошондон бери алар laik дешет, мунусу dinsel olmayan (динсел олмайан) – динден бөлөк дегени.

Казактар секулярдуулукту "зайырлы" деп алышты. Зайырлы - бiлгiр, бiлiмдар деген кеп. Секулярдуулук өзбектерде жана тажиктерде - "дунёвий", түркмөндөрдө – дүневи, татарларда - "дунявий". "Дунёвий"- арап сөзү, динсиз дүйнө деген түшүнүк. Орустар да "светский мир" деп чиркөөдөн, монастырдан тышкаркы турмушту, жашоону айтышат. Ал "свет" деген эле сөздөн жасалган. "Мирский" (мир – вселенная) дегени да ушу мааниде. "Свет" сөзүн Фасмер эски славян сөзү, андан аркы тегин териштиргенде байыркы индус, байыркы фарсы тилинен кирген болуу керек деп болжолдогон. Баары тең – "белый мир", "земная жизнь" деген маанини берет.

Бизде болсо "жарыкчылык", "тирүүлүк" деген айтымдар кеңири таралган, түбү көөнө түрк сөздөрү делинет. (Махмуд Кашгариде: йаруклик, тириг, тирилкан). Кыргызда "жарык дүйнө", "болмуш" дегендер да арбын айтылат. Бу сөздөр жалпы философиялык, онтологиялык, эсхатологиялык маанилерде колдонулат. Токтогул, Жеңижок, Барпы баштаган элдик акындар бул түшүнүктөрдү түбү түшкүдөй кылып, жетесине жеткире эле ырдашкан. Бир эле "Сен дүйнө" деген элдик ырды эстеп көрсөк жетишет.

Ошентсе да "дүйнө", башка да арап-иран сөздөрү кыргызга, жалпы эле түрк калктарына бир топ кийин кирген сыяктанат. (Кашгариде: ажун - мир; аргуж ажун - земной, бренный, тленный мир). Мунун баары, арийне, ислам дининин, мусулман маданиятынын кеңири жайылышы менен байланыштуу болгон. Алардын ичинде жаңкы "дунёвий" түшүнүгү бизге да кирген. Динден тышкаркы турмушту азыркы кыргыз молдолору деле "дүниавий" деп айтышат, "дүнүйөбий" формасында да жолугат. Андыктан конституциялык кеңешменин илимдин докторлору менен кандидаттарынан, билбеген эчтемеси жоктой бардык маселе боюнча өздөрүн "эксперт" эсептеген мудааристерден турган мүчөлөрү арадай сөзгө чарадай жыйын куруп отурбай, муфтияттан эле бир кишини чакыра коюшканда алардын чечилбес маселесин дароо чечип бермек.

Эски сөздө эмне айып

Кошумча катары айта кетели: арап-иран сөздөрүнөн маданият, адабият, саясат, илим, китеп, дептер, калем ж.б.у.с. толгон-токой түшүнүктөр алынып, активдүү колдонула баштаганга чейин эле башка элдердей кыргыз деле элдик философия, асыресе, дин чөйрөсүндө далай айтымдарды жасап, өздөштүрүп, аларды төл сөзгө, өз түшүнүгүнө айлантканга үлгүргөн. Алардын ичинде "динаят" (диний идеология чөйрөсү), "инаят" (гуманизм), "аксиат" (реакциячылдык) ж.б.у. өңдүүлөрү аздыр-көптүр белгилүү, ал эми сөздүктөргө кирбей, жерилип, унутулуп калгандары да аз болгон жок. Кирбегени – атеизм, тап күрөшү адисинен ашынып турганда айрым тилчилер жадакалса "байбиче" деген сөз үчүн деле саясий айыпка жыгылып, аз жерден кулакка тартылып кете жаздаган. Ошо себептен азыр, маселен, "бинаят" (бинаа –пайда болуу, жаралуу, курулуу дегенден), "дүнаят" (жарык дүйнө идеологиясы) дегендерди айтсаң, көбү жаңы жасалган сөздөй кабыл алышат. (Мага койсо "бинаят" кадимки эле эсхатологиянын, "дүнаят" –экзистенциализмдин өзү деп айтат элем). Мындан тышкары "дин таксым", "дин оому" дегендерди да эч ким түшүнө бербейт. "Таксым" – арап сөзү, "бөлүү" деген кеп, жыйырманчы жылдары кеңири колдонулган. "Оому" болсо көзү ачылбаган, караңгы адамды (профан, несведущий) билдирет. Мукамбай сөздүктө "карапайым калк" деп жүрөт. Ошондо "дин таксым" –динден бөлүнгөн, "дин оому" - дин жагынан сабатсыз деген эле кеп.

Эски идеологиянын элегинен өтпөй калган ошондой сөздөрдү эми "тирилтип", өнүктүрүп, саясий, жалпы эле адабий лексиканын айлампасына салса эмнеге болбосун?! Айталы, "динаятсыз" (диний идеологиясы жок, ырасмий дини жок), "дин таксым" (динден оолак), "дин оому" (динге үйрүлүп түшпөгөн), "динге табынсыз" (табын болуу – караштуу болуу, баш ийүү. Б.Солтоноев) дегендей атоолор жакпаса, жаңкы "дүнаятчыл"– (дүнаят, дүнөят, дүнүят) - деген айтымды колдонсо деле болот. Азыр да айрым жерлерде динге анчейин дитин салбаган адамды "динаятчы эмес, дүнаятчы" деп коет. Бу маанисинде "прагматик" дегенге жакындашып кетет. Кокус булар да жарабаса, анда "дүйнөмыят", "жарыкмыят" деп алса, мунун эмне өөнү бар?! "Мыят" (мият) – жактоочу, тарапкер дегени. Бул эки сөз – жарыкмыят менен дүйнөмыят – орусча "светский", "мирский" дегендин эле дал өзү.

Дегеле дүйнөдөгү кандай эл болбосун тигил же бул түшүнүктү туюнта турган сөз өзүнөн чыкпаса, аны жасаганга аракет кылат, же тектеш тилдерден алат, ага да болбосо эл аралык термин катары ошо бойдон колдонот. Мындан тышкары бардык эл эски сөздөрүн жаңы мааниге өткөрүп, замандаштырып турат, кала берсе илимдин өзү да жаңы түшүнүк, жаңы терминдерди жалаң көөнө сөздөрдүн эсебинен жасайт. Өңгөсүн айтпаганда деле, мисалы, ошол эле "computer" сөзүн "computo" (эсептейм) деген эски латын сөзүнөн алышкан, азыркы маанисинде Оксфорд сөздүгүндө 1946-жылы пайда болгон.

Кыскасы, өнүккөн элдин баары ушинтип лексикалык казынасын кастарлап, өрүшүн өстүрүп турат да, эмне үчүн кыргызга келгенде эле бу табигый мыйзам иштебей калат?

Дин оому кыргыз

Ал эми кыргызда секуляристтик түшүнүктөр башынан эле болгон эмес дегенге келсек, бу маселеге ачык-айкын жооп берген танык-далилдер элдик санжыра-дастандарда каалаганча табылат. Баарын айтпай , "Манастагы" эле айрым учурларды эске салсак, Көкөтөйдүн ашында Кошой менен күрөшкө түшөрдөгү Жолойду: "Өз дининче окунуп, күн чыгышка бет алып, көкө теңир колдо деп, батасын кылды чокунуп", - деп сүрөттөйт. (Баса, көкө теңирге Чынгыз хан так ушинтип табынганын Рашид-ад-динден окуса болот). Же мусулманчылыкка байланыштуу: "Кырк эшен анда кеп айтат: Манасың бизди сабаган, селдебизди талаган", -деген саптар бар. Бутпарасчылык жөнүндө: "Колодон кылган бурканга, тооп кылат деп уктум",- делинет. Айтор, кыргызга кезинде теңирчилик да, бурканчылык да, ислам да тараган, бирок алардын бири да учурунда бекем ишенимге айланып кете алган эмес экен.

Муну тарыхый булактар, алардын ичинде мусулман жазмалары да ырастайт. 800-жылдары арап жазуучуларынын бири түрк элдеринин арасында исламды жакшы кабыл албаган будундар бар экенин белгилеген, бирок аларды атаган эмес. Кашгариде кыргыздар таза түркчө сүйлөй турганы айтылат, динге кандай мамиле кылганы тууралуу кенен-чонон маалымат жок. Айрым авторлор (Гардизи) кыргызды мусулмандарга кошкон эмес, сакалат-саклабдардан (славяндардан) тараган эл деп санаган. Андан алты кылымдай кийинки жазмаларда ("Мажму ат-Таварихте") кыргыздар ислам динине киргени баяндалат. Ошол эле кылымдагы башка бир маалыматта ("Тарих –и Рашиди") кыргыздар иш жүзүндө могулдарга (моголдорго) жакын эл, бирок алардан айрымаланып чагатай тукумундагы хандардын амирин моюндабайт жана дини жок делинсе, экинчи биринде ("Таварих") кыргыздар же мусулман эмес, же каапыр эмес деп көрсөтүлгөн. Ал эми XIX кылымдын экинчи жарымында Орто Азияны кыдырып кеткен европалык саякатчылардын бири өзбектерге жана түркмөндөргө караганда кыргыздарда исламдын негизи бошоң экенин, болгону байлары гана шаардан молдо жалдап алып, балдарын окутарын, битикчи кылып аларын белгилеген.

Акырында өзүбүздүн Белек Солтоноев кыргызды XVI кылымга чейин динсиз болгон, кийин деле мусулманбыз дегени болбосо мусулманчылыктын жолун жакшы билбестен жүрө берген деп жазган.

Арнайы гуманизм

Сөз соңунда секуляризмдин тарыхый тамыры тууралуу эки ооз кеп.
Секуляризм, албетте, Батышта пайда болгон. Буга кудайын тааныбай кутуруп кеткен чиркөө өзү себепчи болгон. Бир эле инквизиция доорун эске салсак жетишет. Бардык жерде такылетчил (абсолюттук) монархиялар Кудайдын атына жамынып бийлик жүргүзүүгө өтүшкөн. Өздөрүнүн заалымдыгы жана зулумдугу аркылуу алар Жараткандын өзүн да жаалдуу, заардуу кылып көрсөтө башташкан. Мунун баары диний китептердеги жоболорго таптакыр кайчы келген, натыйжада чиркөөнүн саясий обурун ооздуктоо каражаты, ага каяша кылуунун жолу катары секуляризм жаралган.
Исламда деле ушундай болгон. Омейяддар оолатынын биринчи калыйпасы (халифи) Муавийа бийликке отургандан көп өтпөй эле мамлекет Алланын мыйзамдарына эмес, тескерисинче, башкаруучу төбөлдөрдүн амирине Алланын мыйзамдары табын боло баштаган. Ошондуктан мындай мамлекетти абройлуу мусулман аалымдары шариатка негизденген калыйпат катары таанышкан эмес. Омейяддар менен аббасиддер режиминде кызмат кылгандан эки ирет баш тартканы үчүн айрымдарын (Абу Ханифаны) башына балак уруп, шахид кылып өлтүрүшкөн. Орто кылымдарда жазылган айтылуу "Мукаддиманын" автору Ибн Халдун чыныгы шариат бийлиги Мукамбет алейсаламдан кийинки төрт рашидун (туура жолдон тайбаган) калыйпанын тушунда гана болгонун, ал отуз жылга созулганын, калган режимдердин баары башкаруучу төбөлдөрдүн жеке кызыкчылыктарына ылайыктап түзүлгөнүн белгилеген.

Мукамбет алейсалам пайгамбар болгон, Алланын амирин жүргүзгөн, демек, ал Кудайдын бийлигин жердеги ким бирөөгө мурастап калтырып кете алат беле? Дегеле, Кудайдын кулу, Мукамбеттин үммөтү аталган пенденин кимиси болбосун Жараткан Алланын бийлигин өзүнө энчилеп алганы мусулманчылыкка жатабы?

Исламдагы секуляризм ушундай соболдордун тегерегинде пайда болгон. В. Бартольд белгилегендей, мусулманчылык жаңыдан жайылган маалда жана анын соңку этабында, айрыкча Осмон түрк империясы түзүлгөндөн кийинки алгачкы кылымдарда мамлекеттик башкаруунун секулярдык элементтери кадимкидей байкалган, атүгүл кээде алар үстөмдүк кылган учурлар болгон. Дагы бир кызыгы – Европадагы жана мусулман дүйнөсүндөгү секуляризмге Ибн Рушд (Аверроэс), Ибн Туфайль ( Aбубакир), Ибн Зухра (Авензоар), Ибн Араби өңдүү батыш арап ойчулдары чоң салым кошушкан.

Секуляризмди европалык классикалык социология (П.Бергер, М.Вебер) көп жагынан атеизмге жуук кылып салган. Соңку кездерде болсо бир катар илимпоздор (айталы, Ч. Тейлор) аны "эксклюзивдүү (арнайы) гуманизмдин" (exclusive humanism) аңытында позитивдүү мааниде карап, секуляризмдин жаңы аныктамасын сунуш кыла башташты. Ага ылайык, секуляризм коомдук турмушту динден тазалап таштоону көздөбөйт, болгону "адамдын гүлдөп-өнүгүшүнөн башка эч кандай жогорку максаттарды тааныбайт" жана "ушул максатка берилгенден бөлөк ыкыласмандыктын эч кандай формасын билбейт".

Ушул мааниде алганда дүйнөлүк диндердин, айрыкча исламдын түпкү идеялары деле адам баласын жалаң асылдыкка, жакшылыкка үндөйт. Болгону аларды ар ким ар кандайча кабыл алып, ар башкача түшүндүрөт. Балээнин баары ушунда.

Сентябрь, 2010. Бишкек.

Адабияттар:

Қàçàқ tiliнiң түсiндiрме сөздiгi. Алматы, “Дайк-Пресс“, 2008.
Ўзбек тилининг изоҳли луғати. Тошкент., 2008.
Русско-туркменский словарь. М.,1956.
Толковый словарь русского языка. 1997
Этимологический словарь русского языка. Т. 1-4. М., 1964—1973 (первое издание).
Арминий Вамбери. Путешествие в Среднюю Азию. VII глава.
Ж.Мукамбаев. Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү. Бишкек., 2009.
Ала-Тоо.1988.№ 11.
Islam and Cultural Change in the Middle Ages. 1975
Рашид-ад-дин. Сборник летописей. 1 том. М.,1952.
Mahmud al-Kashghari. Diwan Lughat at-Turk. Almaty. "Daik-Press", 2005.
Материалы по истории киргизов и Киргизии. Вып. I.М., 1973
Тарих-и Рашиди. М.Хайдар Дулати. Дайк-Пресс. 2003.
Бартольд В.В. Сочинения. Т. VIII. М., 1973
Ислам в странах Ближнего и Среднего Востока. Сборник статей. М., "Наука", 1982.
Taylor Ch. A secular age. Cambridge, MA: Harvard University Press, 2007. 874 p.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG