Линктер

ишемби, 29-апрель, 2017 Бишкек убактысы 15:39

Кыргызстанда динди жайылтып келген “Таблиги жамааттын” өкүлдөрү Индия, Пакистан жана Бангладеш өлкөлөрүнө дааватка барып келип турушат. Чет өлкөгө дааватка чыккандарды Муфтият каттоого албайт.

Муфтияттын алдындагы даават бөлүмүнүн башчысы Билалидин ажы Сайпиевдин айтымында, диний башкармалык өз жобосуна ылайык, өлкө ичиндеги динди жайылтуу иштеринин жүрүшүнө көзөмөл жүргүзөт. Ал эми чет мамлекеттерге дааватка чыккандар, өздөрүнүн каалоосу менен турист сыяктуу барып келишет:

- Сыртка чыккан Кыргызстандын жарандары өзүнүн каражаты, каалосу менен туризм аркылуу элчиликтерден виза ачтырып барып келишет. Келгенден кийин эл агартуу менен алектенип, өзүнүн туугандарына, үй-бүлөсүнө тажрыйбасы менен бөлүшөт. Алар ыймандарын бекемдөө үчүн дааватка чыгышат. Чет өлкөгө чыкса эле, туура эмес агымдарга кирип кетишет деген ой болушу мүмкүн. Бирок Индия, Пакистан, Бангладешке барып келип аткандарды жакшы дааватчылар деп билем, – дейт даават бөлүмүнүн башчысы.

Индияга төрт айга дааватка чыгып келген 26 жаштагы Азамат диний жогорку билимге ээ. Анткен менен динди жайылтуунун жаңы ыкмаларын үйрөнгүсү келген.

- Индияга өз алдымча турист катары кеткем. Сыртка дааватка барчулардын жетиштүү каражаты болушу шарт. Буга чейин Кыргызстандын ичинде дааватка чыгып жүргөндөр бара алат жана муфтияттан сөзсүз түрдө уруксат кагазын алышат. Менин маалыматым боюнча, жыл сайын сыртка дааватка Кыргызстандан кырк күнгө 30 адамга чейин, ал эми төрт айга 50 адамга чейин чыгып келет, – дейт Азамат.

Анын айтымында, Индияга дааватка кырк күнгө баруу үчүн 600 доллар жетиштүү. Ал алгач Индия, андан ары саякаттоо үчүн Бангладешке баргандыктан жалпысынан 1200 доллар акча сарптаган.

- Бул каражат учак жол киреси менен визага жумшалат. Тамак-ашына жергиликтүүлөр каралашат. Дааватчылар бир гана мечиттерде түнөшөт. Бир мечитте эки күн болгондон кийин башкасына барышат. Кээ бирөөлөрү чач өстүрүп, сакал коюп, дамбалдарды кийип келбесе, башкаларында анчейин деле өзгөрүү байкалбайт, – дейт Азамат.

Дааватчы Азаматтын пикиринде, диний билимди кырк же токсон күндө жогорулатуу мүмкүн эмес. Көпчүлүк дааватчылар эл-жер көрүп, таасирдүү баяндарды угуп гана келишкенин айтат.

Борбордук мечит.

Борбордук мечит.

"Таблиги жамааттын" мекени саналган Индия, Пакистан, Бангладешке барып, үйрөнгөн билимди жана тажрыйбаны өлкөбүздүн өзүнөн деле алууга бардык шарттар түзүлгөн дегендер да жок эмес. Ислам университетинин тышкы мамилелер жана социалдык иштер боюнча проректору Бакытбек Ниязов “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Сыртка дааватка чыккандар, чет тилин да билгени жакшы же болбосо ишенимдүү бир котормочу менен барышы керек. Ал адам дагы диндин жол-жоболорун жакшы билиши шарт. Динди мүмкүн болушунча Кыргызстанда деле үйрөнсө болот. Кудайым кенен мүмкүнчүлүк берип, бийлик тарабынан да динди тутунууга эркиндик берилгендиктен, ал жакка баруудан мурда өзүбүздө үйрөнгөнүбүз жакшыраак.

Мурдагы вице-премьер-министр, генерал-лейтенант Токон Мамытов динди тараткандардын арасында туура даават кылгандары, ошондой эле туура эмес идеологияны таңуулап жаткандары да болушу мүмкүн экендигин айтат:

- Чет өлкөгө барып окуйм десе окуй берсин. Бирок кайсы жакка барып атат, эмнени үйрөнүп атат мамлекет болгондон кийин Муфтият, укук коргоо жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте көзөмөлгө алып турушу керек. Же болбосо республиканын баарын террористтер менен экстремисттер каптап кетпейби. Ар кайсы диний уюмдар биригип, дааватты дагы, чет өлкөгө окууга баргандарды дагы көзөмөлгө алышы керек.

Токон Мамытов.

Токон Мамытов.

Ал эми диний эксперт Канат Мурзахалилов сыртка дааватка чыгып келген кыргыз жарандарынын экстремисттик топторго кошулуу ыктымалдуулугу аз деп эсептейт:

- Жамааттык кооопсузук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн аймагында “Таблиги жамааттын” ишине тыюу салынып, булар экстремиттик катары таанылган. Мен Кыргызстандан Индия, Пакистанга дааватка барган “Таблиги жамаат” кыймылынын мүчөлөрү идеологиялык жактан, кыймылдын ички-тышкы принциптерин толук сактагандыктан өтө эле опурталдуу болуп, башка бир радикалдуу кыймылдарга кошулуп кетүү ыктымалдуулугу минималдуу деп ойлойм.

Борбор Азиядагы дээрлик бардык өлкөлөрдө жана Орусияда тыюу салынган “Таблиги-жамаат” уюму Кыргызстанда ачык ишмердүүлүк кылат. 2009-жылы мамлекет “Таблиги жамаат” кыймылын тыюу демилгесин көтөрүп, бирок ага барган эмес. 2010-жылдан кийин келген кыргыз бийлиги да дааватчыларга көзү түз экенин билдирген.

Эксперттердин белгилешинче, акыркы кездери "Таблиги жамааттын" ичинде бөлүнүү пайда болууда. Маселен, андан “Йакын инкар” деген топ бөлүнүп чыккан. Алар балдар-кыздарды мектепте бөлүп окутуу зарыл, телефон, телевизорлорду колдонбоо керек деген сыяктуу билдирүүлөрдү таратып келишкени менен белгилүү.

Өздөрүн пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз деген “Йакын инкар” жамаатынын мүчөлөрү бир-эки жыл мурда алгач Ысык-Көл, Чүй облустарында, кийин Нарында пайда болгон. Соңку учурда бул топтун өкүлдөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдыра баштады. Алар муфтият бекитип берген эрежелерди тааныбай тургандыктарын айтып келишет.

Макаланы "Азаттыктын" практиканты Элвира Акимова даярдады.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook Forum

XS
SM
MD
LG