Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:49

Билимден качкан "инкарчылар"


Иллюстрация
Иллюстрация

Ысык-Көл районун акимчилиги диний түшүнүктөн улам балдарын мектепке жибербей жаткан үй-бүлөлөр көбөйө баштаганын билдирүүдө.

Өздөрүн "Йакын инкар" тобу деп атаган жергиликтүү тургундар балдарын окутуудан баш тартып, мектеп программасы шариятка жооп бербейт деген негизде бийлик өкүлдөрүнө өз шарттарын коё баштады.

Айтбек Байсалов Темир айылындагы орто мектепте социалдык мугалим болуп эмгектенет. Ал окуучулардын психикасына, теңтуштары, үй-бүлөсү менен болгон мамилесине көз салат. Айтбек сабакка келбей жаткан балдар тууралуу буларды айтты:

- Ысык-Көл району боюнча балдарын диний көз караштан улам окууга бербеген төрт үй-бүлө бар. Анын бири ушул Темир айылында. Издеп барсак, ата-энеси жок экен. Башка үй-бүлө мүчөлөрүн да көрө албадык. Чоочун кишиге көрүнгөнгө болбойт деп эсептешет тура. Ошентип кезиге алган жокпуз.

Мектептегилер Темирге коңшу жайгашкан Садыр Аке айылында да ушундай бир үй-бүлө бар дешти. Айтылган дарек менен издеп барсак, үйдө дааватчылар жүргөн экен. Алар "Азаттыкка" өздөрүн "баланын атасы менен бир жааматтабыз" деп тааныштырды. Үй ээси жок экенин айтып, микрофонго сүйлөгөндөн тайсалдашты.

Нарын: талапты тоготпогон "инкарчылар"

Нарын: талапты тоготпогон "инкарчылар"

Акыркы кезде Нарында “Йакын инкар” жамаатынын мүчөлөрү көбөйгөнү байкалган. Облустук ички иштер башкармалыгы жыл башынан бери бул жамааттын 117 мүчөсүн кармап, эскертүү берген.

Акыры "башчыбыз, амирибиз” деп бирөөнү чакырып чыгышты. Өзүн Машер Жээнтаев деп тааныштырган адам "инкарчылардын" балдарды окууга жибербегенин мындайча түшүндүрдү:

- Илимдүүлөр макулук менен макулукту бириктиргенди үйрөтөт. Куранда болсо ошол макулуктан ажыратканды үйрөтөт. Мен балдарын мектепке бербегендерге туура карайм, себеби акыйкатка дин гана алып барат.

"Аалымдарды да угушпайт"

Ысык-Көл районунун акиминин социалдык тармак боюнча орун басары Салтанат Мукамбаева жергиликтүү бийлик мындай үй-бүлөлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн айтты. Бирок "инкарчылар" кеп-сөзгө келбей, өз шартын коюп жатканына токтолду:

- "Мектепте "адам маймылдан жаралган" деп туура эмес сөздөрдү айтышат. Кыздар эркек бала менен жанаша отурат экен. Ар кандай оорулар да жугат. Балдарыбызды туура эмес тарбияласак, акыретте жооп беребиз" деп жатышат. Ушундан кийин буларды ата-энелик укуктан ажыратуу өтүнүчү менен сотко кайрылганбыз. Бирок сот балдар ач, көчөдө калган жери жок деген негизде ата-энелерин жоопко тарткан жок.

Салтанат Мукамбаеванын айтымында, акимчилик "инкарчыларды" административдик жазага тартууга камынып жатканын билдирди:

- Административдик айып пул салалы деп чечтик. Булар эми үйүнүн бир бөлмөсүн намазкана кылып коет экен. Ал жакка башка кишилер барып калышы ыктымал, келгенден кийин аларды өз катарына тартышы мүмкүн да.

Исмаилов: "Инкарчылар" бүгүн болбосо эртең кооптуу

Исмаилов: "Инкарчылар" бүгүн болбосо эртең кооптуу

Бул жерде маселе бир гана "инкарчыларда" эмес, экстремисттик, террористтик уюмдарга кирип, ошолордун идеологиясына багынып калган жаштарыбыз да бар экенинде болууда. Алар кароосуз калып жатат. Биз жазалоо менен гана чектелүүдөбүз.

Райондун имамы Максат Сейталиев "инкарчыларды" "Таблиги жамааттан" бөлүнүп чыккан билимсиз топ катары сыпаттады. Ал түшүндүрүү иштерин буга чейин жүргүзгөнүн, бирок эч кандай тыянак чыкпаганын айтууда. Мындан улам "Йакын Инкар" тобуна күч түзүмдөрү эле чара көрүшү керек деген ойдо:

- Булар дааватка чыкканда эч кандай аныктамасы жок чыгат. Муфтиятка да баш ийбейт. Буга чейин "уруксатсыз дааватка кетсе, ИИМдин 10-бөлүмүнө кайрылгыла" дешкен. Алар болсо 500 сом айып пул салып эле кайра чыгарып жиберет. Мыйзам боюнча буларга андан башка чара көрө алышпайт экен. Эми укук коргоо органдары өздөрү эле айласын таппаса, биз колдон келгенди жасадык. Түшүндүрүү иштерин жүргүздүк, Бишкектен аалымдарыбызга чейин келди. Болбой коюшту. Булар "Таблиги жамааттан" эле бөлүнүп чыккан. Бири да диний болсун, светтик болсун тыңдуу билим алган эмес.

"Йакын инкар" тобуна киргендердин мектеп программасын тааныбай жатканынын кесепети кандай болот? Бул тууралуу эксперт Нурлан Исмаилов:

- "Йакын инкар" аябай эле чоң экстремисттик уюмга айланат деген пикирден алысмын. Бирок ошентсе да айрым кооптуу жагдайлар бар. Заманбап түзүлүштү, замандын жаңылануусун, илимди, билимди тааныбайт. Бул нерсе алардын үй-бүлөсүнө да кедергисин тийгизет. Жубайы, балдары жеткиликтүү деңгээлде медициналык жардам, билим албайт. Натыйжада алар коомдон артта калат. Келечекте алар үчүн бул чоң проблема жаратышы мүмкүн, - дейт эксперт Нурлан Исмаилов.

Милициянын маалыматы боюнча Ысык-Көл районунун Ананьево, Садыр-Аке, Темир жана Бостери айылдарындагы төрт үй-бүлөдөн сегиз бала мектепке барбайт. Акыркысы болуп Ананьево айылынан 11-класстын окуучу кызы “мектепке барбайм, кудайдын өкүмү менен ургаачылар эркектен оолак болушу керек” деп түшүнүк кат жазган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG