Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:49

ICG: Кыргыз коомундагы боштукту агымдар ээледи


Иллюстрация
Иллюстрация

Эл аралык кризис тобу (ICG) Кыргызстанда коррупциядан жана мамлекеттик органдардын алсыздыгынан жаралган боштукту диний уюмдар, айрым учурда радикалдуу топтор толтуруп жатканын билдирди.

Уюмдун “Мамлекеттин алсыздыгы жана радикалдашуу” деп аталган соңку баяндамасында белгиленгендей, 2000-жылдан бери исламчыл жарандык уюмдардын саны кеминде эки эсе көбөйүп, саны 2 миңден ашкан. “Алардын айрымдары либералдуу көз карашта болсо, кайсы бири шарият мыйзамдарын колдойт”,-деп айтылат баяндамада. Уюмдун Борбор Азиядагы долбоорунун жетекчиси Диердре Тайнен “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, алгач соңку баяндаманын маңызын мындайча түшүндүрдү:

Айрым аялдар диний уюмдардан колдоо издей башташты. Өкмөт менен муфтият Кыргызстанга ылайыктуу исламды үйрөтө турган топторду түзө албай келет.

Диердре Тайнен : Радикалдашуу жана динчилдик эки башка нерсе. Эки жагдай тең Кыргызстанда кеңири жайылган. Андыктан бир эле учурда жарандардын дин тутуу укугун коргогон жана коомдун аярлуу катмарынын радикалдашуусун алдын ала турган саясатты иштеп чыгуу – өкмөткө кыйынчылык жаратууда. Мисалы, зомбулукка барбаган салафилер бар. Өкмөт бул топту салттуу диний агым эмес жана коркунучтуу деп атоо менен аларды обочодо калтырып жатат. Бир тарапта исламдын өтө катаал түшүндүрмөлөрүн колдогон жарандар да аз эмес.

Алардын арасында “Ислам мамлекети” тобунун идеологиясын жактагандар да бар. Буга каршы туруу үчүн саясий эрк жана коопсуздук кызматтары үчүн ресурстар жетишпей жатат. Анын үстүнө милиция коррупциядан арыла элек. 2010-жылдагы окуялардан кийин бөлүнүүчүлүктүн белгилери кала берүүдө. "Өзбек тектүү атуулдар динге берилип кетти" деген керексиз сөздөр айтылганы менен радикалдашуу коркунучундагы кыргыздарга көңүл бурулбай калууда.

Соңку баяндама аялдардын аярлуу катмарына да басым жасады. Алар кокустан эле исламдын радикалдуу агымдарына кабылып калууда. Кыргызстанда аялдардын ролу эгемендик алгандан бери чектелип калды. Алар эрте турмушка чыгып, көп балалуу болушат. Миграциянын өсүшү да үй-бүлөнүн ынтымагына кедергисин тийгизди. Айрым аялдар диний уюмдардан колдоо издей башташты. Өкмөт менен муфтият Кыргызстанга ылайыктуу исламды үйрөтө турган топторду түзө албай келет. Ал аялдар “Хизб-ут-Тахрир” сыяктуу уюмдарга кирип кетүү коркунучунда.

“Азаттык”: Натыйжада сиздердин баяндамага таянсак, Кыргызстанда радикалдуу диний агымдарга берилгендердин саны өстү деп айтсак болобу?

Кыргызстан Конституция боюнча секулярдык өлкө. Ошол эле учурда исламдык идентификацияны алга сүрөгөн саясатчылар бар. Анын максаты саясий упай топтоо да болушу мүмкүн.

Диердре Тайнен: Бул радикалдашуу деген түшүнүктүн чечмеленишине көз каранды. Албетте, Сирияга барып, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулганчалык деңгээлде радикалдашкан жаштар бар. Турмуш-тиричилигин түп-тамырынан өзгөртүп, Сирияда жашагысы келген аялдар да бар. Бул багыттан алганда мындай адамдардын саны сөзсүз түрдө өсүп жатат.

Ал эми саясатта колдонулуп жаткан радикалдашуу түшүнүгүнө келсек, айрым саясатчылар салафизмге ишенгендер радикалдашып кетти дешет. Зомбулукка чакырбаган агымдардын тарапкерлери Кыргызстандагы дин тутуу эркиндигин колдоно алышы керек. Бирок Кыргызстандын саясатында салттуу динге кирбеген агымдар коом үчүн коркунучтуу деген көз караш бар. Мындай мамиле пайда алып келбейт. Алар динчилдердин туура эмес тобун бутага алып жатышат.

“Азаттык”: Исламдын радикалдуу агымдары дүйнөнүн башка аймактарында да маселе жаратканы маалым. Кыргызстанда радикалдык уюмдарга азгыруулунун башкы себептери катары кайсы факторлорду атай аласыздар?

Диердре Тайнен: Изилдөөнүн алкагында Кыргызстандын ар бир аймагындагы карапайым тургундардан тартып, милициянын жана муфтияттын жогорку лидерлерине чейинки ар кыл адамдар менен баарлаштык. Алардын баары бир ооздон экономикалык абал, мамлекеттик органдарга ишенимдин аздыгы жана миграция сыяктуу маселелер көп адамдарды кыйын абалга калтырганын айтышты.

Айрым жарандар өздөрүн коомдун бир бөлүгү катары сезбей калышты. Дин болсо аларга жашоодо өзүнүн ордун табууга жол көрсөтүп берүүдө. Көпчүлүк өспүрүмдөр ата-энеси ашкере динчил болгону үчүн эле медреселерге барып жаткан жери жок. Айрым ата-энелер медреселер билим алууга жакшыраак жана коопсузураак шарт түзүп берет деп ишенишет. Бул жагдай жарандардын Кыргызстандагы билим берүү системасына болгон көз карашын айгинелеп турат.

“Азаттык”: Сиздер соңку баяндамаңыздарда Кыргызстандагы саясий исламдын коркунучун эскертипсиздер. Азыркы Кыргызстанга бул түшүнүк канчалык мүнөздүү?

Диердре Тайнен: Бул нерсе азыр Кыргызстанда боло элек. Бирок алдыдагы беш-он жылда маселе жаратпайт деп четке кагууга да болбойт. Кыргызстан Конституция боюнча секулярдык өлкө. Ошол эле учурда исламдык идентификацияны алга сүрөгөн саясатчылар бар. Анын максаты саясий упай топтоо да болушу мүмкүн. Жалпы картинаны караганда, Кыргызстан өзгөрүүлөрдү баштан өткөрүүдө. Мындай шартта айрым саясатчылар колдонуп кете турган кайсы бир темалар да бар. Андыктан бийлик башындагылар Кыргызстандын саясий жана улуттук идентификациясы үчүн исламдын кандай мааниси бар экенин аныкташы керек.

“Азаттык”: Дүйнөдөгү жана өлкө ичиндеги азыркы диний кырдаалды эске алганда экстремисттик көз караштарды жана радикалдашууну алдын алууда мамлекеттин ролу кандай болушу керек?

Диердре Тайнен: Конституцияга ылайык, өкмөт ар бир жарандын дин тутуу укугун камсыз кылганы жакшы. Бул укукту өкмөт да, коопсуздук кызматтары да сыйлашы керек. Мындан сырткары мамлекет билим берүү системасын жакшыртып, балдар колунда бар же жогуна карабай билим ала алгыдай шартты түзүшү зарыл. Аялдарга маани берген топторду ачуу керек. Себеби Кыргызстанда диний расмийлер динди карманган аялдарга көңүл бурбай жатат.

Бул иштер жасалбаса, демилгени мамлекеттик эмес кайрымдуулук уюмдар колго алат. Андай уюмдардын саясий күн тартиби да болушу мүмкүн. Алар мамлекет жасашы керек болгон иштерди жасай баштайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG