Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:12

Жалал-Абад облустук соту “шейит” катары жалдап Сирияга жөнөтүү үчүн кыз-келиндерди азгырган деген айып менен соттолгон эне-кыз боюнча шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды.

Ага ылайык, Ош облусунун Араван районунун тургундары 55 жаштагы Мохирахон Акимжанова алты, анын 30 жаштагы кызы Наргизахон Раимжонова жети жылга кесилди.

Сотко жеткен материалдар боюнча, бул окуя былтыр апрель айында интернетте башталган. Тергөөдө тек-жайы аныктала элек эки адам Жалал-Абаддын Сузак районунда жашаган 16 жаштагы М.И аттуу кызды Сирияга “шейит” катары жалдап жөнөтүү үчүн интернет аркылуу азгыраган.

Алар бул максатын ишке ашыруу үчүн Мохирахон Акимжанова менен анын кызы Наргизахон Раимжонованы аралаштырган. Натыйжада алар сырттан келген акчага 16 жаштагы кызга паспорт жасатып беришкен жана Ош-Стамбул каттамына билет алышкан. Ошондой эле аларда кыздын ата-энесинин макулдук берди деген жасалма документи да болгон.

Акимжанова менен Раимжонова былтыр июль айында Ош аэропортунан Стамбулга учканы жатканда кармалган.

Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошеванын “Азаттыкка” билдиришинче, 29-августта Жалал-Абад облустук соту андан эки ай мурун чыккан райондук соттун чечимин күчүндө калтырды:

- Махирохон Акимжанова Кылмыш-жаза кодексинин жалданмачылык (375) жана жасалма документ даярдоо (350) беренелери менен айыпталып алты жылга, ал эми Наргизахон Раимжонова ушундай эле беренелер менен жети жылга эркинен ажыратылды. Алар жазасын аялдар үчүн абактарда өтөйт.

Аялдарды согушка айдаган сабатсыздык

Аялдардын радикалдашуусунун башкы себептери катары диний сабатсыздык, социалдык-экономикалык абал, башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн таасирлери аталып келет.

“Мутакалим” мусулман аялдар коомунун төрайымы Жамал Фронтбек кызы радикализмди алдын алуу боюнча чаралар жетишсиз экенин белгиледи. Анын пикиринде, жардамга муктаждар кайрыла турган атайын борборлор керек:

- Албетте мындай борборлорго радикалдашып бараткан, же радикалдашып кеткен аялдар, же эркектер чалбайт, бирок ошолордун жакындары, туугандары чалып кеп-кеңеш ала турган борборлор, жайлар жок болуп жатат. Ал жерде бир гана теолог эмес, психологдор, юристтер болушу керек. Себеби мындай жардамга муктаж адамдар кандайдыр бир кесепети тийип калбасын, ач кулактан тынч кулак деп милицияга кайрыла беришпейт. Эгер ушундай борборлор болгондо радикалдашуудан бир топ адамдарды сактап калат элек.

Чубак ажы Жалилов

Чубак ажы Жалилов

Диний аалым Чубак ажы Жалилов диний сабаттуулукка, салттуу динди жайылтуу, түшүндүрүүгө байланышкан маселелерге токтолду.

- Дин боюнча аялдардын сабатын жогорулатуу жакшы жүрбөй жатат. Аялдар үчүн курстар ачылган. Бирок алардын баары "биз мына ушундай кылып жатабыз" деген көрсөтмө иретинде эле болуп калып жатат. Такай өтүлчү сабактар дээрлик жок. Мисалы, Бишкекте мен аялдарга жума сайын сабагым бар эле. Эгер ушундай сабактар үзгүлтүксүз болгондо аялдар көп нерсени билет эле. Мындай сабактар башка региондордо дээрлик жок. Андан-мындан бир чогултуп коет, бир багыттуу болбой жатат. Бир жылда аялдарга ушул маалымат жетиши керек, ушул нерселер түшүндүрүлүшү зарыл дегендей программа жок болуп жатат. Сабактын жарымы дарс, жарымы суроо-жооп иретинде болушу керек. Аялдар суроосуна жоопту атын атабай туруп, кагаз иретинде берип алгыдай болушу керек. Анткени алар көп учурда ачык суроо бергенден корунат.

Гимн ойнолуп жатканда диний окуу жайда окуган кыздардын ордунан турбай койгону радикалдашуунун бир көрүнүшү. Коомго коркунучтуу чакырык десе болот.

Диний коопсуздук боюнча эксперт, юридика илимдеринин кандидаты Нурлан Исмаиловдун баамында, Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы аялдар менен иш алып баруусун күчөтүшү зарыл:

- Кыз-келиндерге динди түшүндүрүп берген аял аалымдардын жоктугу эң чоң маселе болуп турат. Муфтият бул маселеге көңүл буруп, ушул жаатта аялдар менен иштеген, аялдарга динди окутуунун өзгөчөлүгүн эске алып иштеген атайын бөлүм деле ачса болот. Аялдар арасындагы радикализмди азайтса болот. Себеби аялдар эркектерге караганда акылдуурак болот, баш-оту менен кирип кетпейт.

Диний маселелер боюнча талдоочу Канатбек Мурзахалилов террористтик-экстремисттик уюмдар аялдарды активдүү колдоно беришерин белгиледи. Буга чейин Кыргызстандын гимни ойнолуп жатканда медреседе окуган кыздардын ордунан турбай койгону, көзүнөн башка жеринин баарын чүмкөп алганы радикалдашуунун опурталдуу белгиси экенин белгиледи:

- Бир нече жыл мурда “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөлөрү аларды кармоо учурунда аялдарды алдына чыгарган акцияларды уююштурган. Буга 2008-жылы Оштогу аянтта болгон окуялар күбө. Аялдарды “шейит” катары пайдалануу көбөйүп жатат. Коомчулук буга каршы турууга жапырт киришүүсү керек. Гимн ойнолуп жатканда диний окуу жайда окуган кыздардын ордунан турбай койгону радикалдашуунун бир көрүнүшү. Коомго коркунучтуу чакырык десе болот.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Антитеррор борборунун иликтөөсү боюнча, соңку 10 жылда аялдарын радикалдашуусу 24 эсе көбөйгөн. Сирияга кетти делген 600дөн ашык жарандын жүздөн көбүрөөгүн аялдар түзөт жана алардын бир тобу 25-30 жаштагы кыз-келиндер.

Күч органдары Сирияга кеткен кыз-келиндер негизинен “согуш аялы” деген миссияны аткарышарын, ал турмушка чыккан согушкер өлсө, башкасынын этегин кармап, колдон колго өткөн фактылар бар экенин билдирип келет. Кыргызстандык чекисттер мурдагы жылы Сириядан 17 жана 24 жаштагы эки кызды мекенине алып келген болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG