Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:00

Атынчалар жүйөсүз талакка каршы


Бишкекте жоолукчан аялдардын велосипед тебиши. 5-ноябрь, 2013-жыл

Бишкекте жоолукчан аялдардын велосипед тебиши. 5-ноябрь, 2013-жыл

Исламга берилип жоолук салынып жүргөн аялды түштүк тарапта "атынча" деп аташат. Атынчалар өз укуктарын коргоо, кайрымдуулук жана келин-кыздарды турмушка даярдоочу коомдук уюмдарды түзүшкөн.

Ош шаарындагы ушундай уюмдардын бири - "Ыйман-бакыт" аялдар коому. Анын жетекчиси Жамиля Жапашова "Азаттыктын" эксперти Маметбек Мырзабаевдин суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Жоолук салынган кыз-келиндердин же атынчалардын укугун коргоо уюму кандайча пайда болду? Аны түзүүгө эмне түрткү берди?

Жамиля Жапашова: Коомдун оңолушуна биринчи кезекте аялзаты таасир тийгизет. Ошондуктан 2000-жылы аялдарга исламды таанытуу максатында “Ыйман-бакыт” коомун ачканбыз. Ошол мезгилден азыркыга чейин аялдар менен иштеп келүүдөбүз. Биз жалгыз эле Куранды, динди эмес, турмушта керек болгон бардык нерсени үйрөткөнгө аракет кылабыз.

Мисалы, аял кандай болушу керек, баланы кантип тарбиялашы керек, өзүнүн жубайына кандай мамиле кылышы керектигин үйрөтөбүз. Күйөөсүнө жакшы мамиле кылуу, үй-бүлөнү сактоо, татыктуу баланы тарбиялоо - аялдын негизги милдети экенин, коомдук иштерге активдүү катышууну аларга түшүндүрөбүз.

"Азаттык": Аялдарга жол көрсөткөн уюм катары 2010-жылкы кайгылуу окуялардан кийин эки улуттун мамилесин жөнгө салуу үчүн кандай иш-чараларды жүргүзүп жатасыздар?

Шариятта экинчи аял алуу кандайдыр бир көйгөйдү чечкен учурда гана туура деп эсептелинет. Ал эми азыр болсо көп аял алуунун өзү көйгөйгө айланды.

Жамиля Жапашова: Өзү ынтымак деген нерсе биринчи орунда турат. Жакшы жашоо үчүн, албетте, ынтымак керек. Биз бул максатта айыл өкмөттөрү менен иштешебиз. Мына жакында эле “Кыргызстан менин мекеним, биз кыргызча сүйлөйбүз” деген иш-чара өткөрдүк. Бул иш-чара өзбек улутундагылар жашаган аймакта өттү.

"Азаттык": Кайрымдуулук иштери менен да алек болосуздарбы?

Жамиля Жапашова: Албетте, өзгөчө орозо айларында жыйналган жардамдарды алып айыл өкмөттөрүнө барабыз. Канча кедей-кембагал, жетим-жесир бар экенин биргеликте аныктап, колубуздан келген жардамды таратабыз. Мисалы, 2013-2014-жылдарында Араван районунун атынчалары акча жыйнап, балдар үйүнө жамынчы-төшөнчүсүн алып беришти. Балдар лагерлерине төшөктөрдү тигип бердик, башка интернаттарга идиш-аягын жеткирип берүүдөбүз.

"Азаттык": Атынча аялдарга тиешелүү маселелердин бири - көп аялдуулук. Негизи көп аял алуу бул көйгөйбү же көйгөйдү чечүүнүн жолубу?

Жамиля Жапашова: Көп аял алууга исламда уруксат берилген. Шариятта экинчи аял алуу кандайдыр бир көйгөйдү чечкен учурда гана туура деп эсептелинет. Ал эми азыр болсо көп аял алуунун өзү көйгөйгө айланды. Экинчи аялды алуудан мурда анын жол-жобосун билүү керек жана ал нерсе кандайдыр бир уруксат менен чечилиши керек. Өзү бул уруксат жубайларды бактылуу кылуучу нерсе, бирок биз аны туура эмес түшүнгөндүктөн бул нерсе бактысыздыкка алып барууда.

"Азаттык": Акыркы мезгилде атынчалардын арасында да ажырашуулардын көбөйгөндүгү айтылат. Мунун себеби эмнеде?

Өзгөчө бай адамдарга кыздарыбыз оюнчук болуп жатат. "Карайм, багам" деп алдап, жашыруун нике кыйып алып, убактылуу жашагандан кийин бир-эки жылда талагын берип айдап жиберишүүдө. Ушул нерсе кайра эле экинчи, үчүнчү, төртүнчү аял алуу маселесине алып келүүдө.

Жамиля Жапашова: Кээде ата-энелер "мен балама оромол оронгон кыз алып берем", деп жоолукчан кыз алып бергени менен, жаңы үйлөнгөндөрдүн пикири бири-бирине дал келбей, алар ажырашып кетүүдө. Үйлөнүүнүн да өзүнүн максаты болот эмеспи. Биз негизи эле ошол максатты билбестен үйлөнүп же үйлөнтүп коёт экенбиз. Ошондуктан биз өзүбүздүн тажрыйбабызга таянып кыз-келиндер үчүн үй-бүлө курууга даярдык боюнча атайын курс ачып, эки жыл окуттук. Бирок эркек балдарыбыз мындай нерсени окубагандыктан курсту бүткөн кыз-келиндер менен тил табыша албай жатышат. Ошондуктан биз эркек балдарыбыз үчүн да курстарды ачууну, аларды окутууну пландаштырып жатабыз.

"Азаттык": Кыргызстанда мусулман эркек жана аялдар талак маселесин кандай түшүнөт? Себеби бат эле үйлөнүп, бат эле талак берип ажырашкандар көбөйүүдө.

Жамиля Жапашова: Талак эмне экенин билбеген, түшүнбөгөндөр аябай көп. Ачуу сүйлөп койсо эле үч талак берип салгандар андан көп. Өзү үй-бүлө курууну оңой ойлогондор аз эмес. Кээ бирлери Орусияга кетип, ал жактан бирөөнү таап, анан аялына талак беришет. Молдолор нике кыйып жатканда бул маселени айтышы керек. Ата-энеси да баласын үйлөнтүп жатканда ага үч талак эмне экенин түшүндүрүшү зарыл. Бирок азыр ата-энелердин өздөрү талак эмне экенин түшүнбөйт.

"Азаттык": Талак делген нерсени эркектер аял жаңыртуу үчүн колдонуп жаткан жокпу?

Жамиля Жапашова: Албетте, колдонуп жатышат. Бул аябай көйгөйлүү маселе. Өзгөчө бай адамдарга кыздарыбыз оюнчук болуп жатат. "Карайм, багам" деп алдап, жашыруун нике кыйып алып, убактылуу жашагандан кийин бир-эки жылда талагын берип айдап жиберишүүдө, анан кайра эле башкасына үйлөнүшөт. Мындайлар абдан көп. Кыздарыбыз колдон-колго өтүүдө. Ушул нерсе кайра эле экинчи, үчүнчү, төртүнчү аял алуу маселесине алып келүүдө. Анан дагы Кудайдын айтканын кылбаган, намаз окубаган эркектер экинчи, үчүнчү аялды алууда мусулман болуп калууда, "мага уруксат берилген" деп айтышууда. Ушуга түрткөн ата-энелер да бар. Алар өздөрүнүн кыздарын күйөөсүз калгандан көрө байга тийип, бала төрөөгө үгүттөшөт. Бала төрөсөң кетпейт, сага үй алып берет дешет. Бирок үй да жок, башка да жок. Керек болсо баланын атасынын атынан туулгандыгы тууралуу күбөлүк албай калышууда.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG