Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:55

"Табарак" башчысынын "сыры" шардана болду


“Табарак-ул Хайрия” коомдук фондунун директору Абдулла Жабир

“Табарак-ул Хайрия” коомдук фондунун директору Абдулла Жабир

“Табарак” диний кайрымдуулук фондунун башчысы, Кувейттин жараны Абдулла Фалех Жабирге түспөлдөш адамдын нике темасындагы сүйлөшүүсү жана видеотасмасы коомчулукта талкуу жаратты.

Тактап айтканда, Абдулла Фалех Жабиринин белгисиз аял менен жыныстык катнашы тымызын жаздырылган видео жана анын үнүнө окшош кишинин акчага кыздар менен убактылуу нике кыюу тууралуу сүйлөшкөн аудиотасмасы интернетке 30-майда жарыяланган.

Абдулла Фалех Жабир дооматтарды четке кагып, видеотасмадагы аял экинчи жубайы болорун айтып чыкты. Ички иштер министрлиги бул окуяны териштире баштады.

Он мүнөткө жакын аудиотасмада кыргызча сүйлөгөн кыз менен кыргызча жакшы сүйлөй албаган, арасында араб тилинде бирөөлөр менен кобурашып отурган адамдын үнү жаздырылган. Анда 200 долларга бир түндүк никеге макул болгон кыздарды табуу тууралуу сөз болгон. Бул аудиотасмадан сүйлөшүп жаткандардын жакшы тааныш экенин, ортолорунда буга чейин деле мындай мазмунда сөз болуп жүргөнүн жана сүйлөшүүнү ошол кыздын өзү тымызын жаздырып жатканын байкоого болот.

Биз “Табарак” кайрымдуулук фонддун башчысы Абдулла Фалех Жабир менен байланыша алган жокпуз. Ал айрым маалымат каражаттарына соңку окуя боюнча комментарий берип, муну кимдир бирөөнүн каралоосу, жаманатты кылуу аракети деп атады. Видеотасмага түшкөн аял экинчи жубайы болорун, аны менен жыныстык катнашын тымызын тартып алып жарыялап жибергендерди жеке жашоосуна киришти деп айыптап, сотко берерин айтып коркуткан.

Ал арада бул чуулгандуу видео-аудиотасманы жана ага байланышкан жагдайларды милиция кызматкерлери териштире баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов кабарлады:

- Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына караштуу Адеп-ахлак жана адам сатууга каршы бөлүмүнүн кызматкерлери бул факт боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат. Интернет материалдар боюнча ыкчам иштер жүрүп жатат. Бул фонддун Кыргызстандагы ишмердиги да такталып жатат.

Сириядагы кырдаалдан улам буларды көзөмөлгө албаса болбойт. Медересе салууну тартипке келтиргиле деп муфтиятка айтканбыз. Мисалы, мечит курула турган жерди жергиликтүү бийлик берет. Анан ошондо кимге берип жатат, эмнеге куруп жатат деген жагы каралышы керек.

Маалыматтарга караганда, “Табарак” кайрымдуулук фондунун Кыргызстанга келгенине 10 жылдай убакыт болду. Юстиция министрлигинин каттоосунан өтүп-өтпөгөнү белгисиз. Интернетте бул фонд региондордо бир канча мечит-медреселерди, чакан бейтапканаларды курганы, суу чыгарып, көпүрө салып бергени, жетим-жесирлерге каралашканы тууралуу маалыматтар жүрөт. Фонд Кыргызстанга келгенге чейин Кытайда кайрымдуулук менен алектенген экен.

“Табарак” фонду тууралуу муфтийдин орун басары Акимжан Эргешов дээрлик кабары жоктугун айтты:

- Мен алар тууралуу соңку окуяларды маалымат каражаттарынан билдим. Мен аларды такыр тааныбайт экем. Өзү менен жекече тааныштыгым жок. Чындап эле кайрымдуулук менен алектенип келишкен. Кайрымдуулук фонддору Юстиция министрлигинен каттоодон өтөт. Булардын жумушун мамлекет көзөмөлдөйт.

“Табарак” кайрымдуулук фонду Чүй облусуна көп мечит салып берген экен. Облустун казысы Максат Укуев да алар менен тааныш-билиштиги жоктугун билдирди:

- Ал киши менен деле тааныш эмесмин. Биздин облуста мечит салып, суу чыгарып жүрөт деп угуп жүрөм. Бирок ал кандай, эмне болгон киши экенин сыпаттап айтып бере албайм. Бир-эки жолу жолугушууга чакыртсам келген жок. Биздин масхабда негизи убактылуу нике деген жок. Нике түбөлүккө кыйылат. Мисалы, шииттерде убактылуу никеге уруксат берилет. Кыргызстанды азыр шииттер каптап жатат. Ар кандай фонддор аркылуу, жардам беримиш болуп көп келип жатышат. Бул ошолордон да болуп калышы мүмкүн. Азырынча эч нерсе деп айта албайм. Кувейтте сунниттер басымдуулук кылат, бирок шииттер да бар.

Кыргызстанда диний кайрымдуулук кылган уюмдардын иши көзөмөлдөнбөйт деген доомат айтылып келет. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Орозбек Молдалиев муфтият менен жергиликтүү бийлик бул жаатта чабал болуп жатат деп эсептейт:

Орозбек Молдалиев

Орозбек Молдалиев

- Мындай фонддор муфтиятка келип, бул жакта кайрымдуулук өткөрүп жүргөндөр менен байланышып алып эле иштей беришет. Азыр чет мамлекеттен келген кишилерди караган деле адам болбой жатат. Айрыкча Сириядагы кырдаалдан улам буларды көзөмөлгө албаса болбойт. Медересе салууну тартипке келтиргиле деп муфтиятка айтканбыз. Мисалы, мечит курула турган жерди жергиликтүү бийлик берет. Анан ошондо кимге берип жатат, эмнеге куруп жатат деген жагы каралышы керек. Демөөрчүлөрдү кайдан-жайдан таап, сүйлөшүп, мечит салдырып, ошол акчадан кичине өөнөп, айтор ар кандай кылып жатышат. Бул жерде башаламандык бар. Темир Сариев өкмөт башчы болуп турганда мечит-медреселердин салынышын тартипке келтирүү боюнча көрсөтмө берген. Муфтияттын уруксаты жок салынбасын деп айткан. Бирок ага деле карашкан жок.

Кыргызстанда расмий каттоодон өткөн 2,5 миңдей мечит, 80дей медресе бар. Алардын көбүнүн курулушун чет өлкөлүк жарандар, ар кандай фонддор каржылаган. Каттоодон өтпөгөн мечит-медреселер да бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG