Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:59

Кыргызстандын түштүгүндөгү диний абал кыйладан бери күч органдарын кооптондуруп келүүдө.

Фергана өрөөнүндө, анын ичинде Кыргызстандын түштүгүндө радикал диний топтор көп болгондуктан, ал жактан Ирак менен Сириядагы согуштарга жихадга кеткендердин саны арбын экени айтылууда.

Кыргызстандын түштүгүндөгү диний радикализм, мамлекеттин дин саясаты, хиджаб сыяктуу суроолорго жергиликтүү дин серепчилери - тарых илимдеринин кандидаты Сабыр Арстанов жана теолог Самаган Мырзаибраимов жооп берди.

"Азаттык": Сабыр мырза, эксперт катары жалпысынан Кыргызстандын түштүгүндөгү диний абалды кандай деп баалар элеңиз?

Сабыр Арстанов: Түштүктөгү диний кырдаал салыштырмалуу туруктуу эле. Бирок проблема көп. Негизинен Сирия менен Ирактагы "Ислам мамлекети" террордук уюмун колдогон, билсе да, билбесе да ошол идеологияны жактаган адамдар пайда болууда. Мурдатан айрым бир коркунучтуу учурлар болсо да буга чейин мынчалык кооптуу жагдайлар болгон эмес эле. Акыркы мезгилде бул тенденция күчөдү.

Диний экстремизмдин коркунучу канчалык?

"Азаттык": Динге байланышкан радикализм жана экстремизм Кыргызстан үчүн реалдуу коркунучпу же апыртылып жатабы?

Самаган Мырзаибраимов: Кандайдыр бир диний көз караш өзүнүн табиятына ылайык башка бир диний көз карашты аша чапкан көз караш катары карашы мүмкүн. Бирок бул маселенин саясий деңгээлге көтөрүлүүсү, саясатташуусу, мунун натыйжасында тараптарга бөлүнүп, башка тарапты потенциалдуу душман катары көрүү деңгээлине чыгуусу туура эмес саясат деп ойлойм.

"Азаттык": Ушул айткандарыңызга мисалдар барбы?

Самаган Мырзаибраимов: Мисалы, кээ бир жамааттар башка жамааттарды туура эмес деп эсептеши мүмкүн. Бирок мамлекет аларды болгону башкача көз караш катары карап, аларды маргиналдаштырбоосу керек. Ошол эле салафилердин коопсуздукка таасир тийгизе турган экстремисттик көз караштарын илимий жол менен көрсөтүшүбүз керек. Ар бир адамдын өзүнүн көз карашы бар. Мисалы, мен ошол салафилер коомго пайдалуу жана коомго коркунуч алып келбеген катардагы эле катмар катары каралышы керек деген көз караштамын. Ал эми алардын туура эмес көз караштары болсо, алар көз караш аркылуу четке кагылышы керек. Кандайдыр бир жамааттан айырмаланып, жарандар ээ болгон ар түрдүү көз караштарды топтоого, ошолорду пайдаланууга мамлекеттин мүмкүнчүлүгү бар. Кандайдыр бир жамаат ар дайым өзүнө тартат. Ал эми мамлекет бардык жамааттарды, адистерди, эксперттерди жыйнап, аларды колдонушу керек жана ошондой мүмкүнчүлүккө да ээ.

Биз социалдык, экономикалык, маданий жана динди туура түшүндүрүү жагынан канчалык деңгээлде жакшы саясат кыла турган болсок, биз ошончолук деңгээлде сырткы күчтөрдүн саясатын азайта алабыз.

"Азаттык": Күч органдарынын өкүлдөрү Кыргызстандын түштүк аймактары Өзбекстан менен чектешкендиги үчүн бул аймак мурдатан эле кооптуу болуп келген деп айтышууда. Өзбекстандагы абал түштүк тарапка кандай таасир тийгизүүдө?

Сабыр Арстанов: Бизди өзү Фергана өрөөнү бириктирип турат. Фергана өрөөнүндө жана өзгөчө Өзбекстанда диний абал аябай курч. Ал жактагы абал бизге түздөн-түз таасир тийгизиши мүмкүн. Бул болсо биздин коопсуздук органдарыбыз өлкөбүздүн түштүк аймагына олуттуу мамиле кылуусу керек экенин көрсөтөт.

"Азаттык": Сирияга, Иракка жихадга деп кеткендердин көпчүлүгү өлкөбүздүн түштүк аймактарынан экендиги да белгилүү эмеспи?!

Самаган Мырзаибраимов: Ооба. Алар түштүктүн да белгилүү аймактарынан экени, кээ бир улуттук өзгөчөлүккө ээ экендиги маалым. Бирок, динге ыктоо же болбосо диндеги активдешүү потенциалдуу коркунуч катары каралбашы керек. Дүйнөдө жана Кыргызстандагы кээ бир саясатчылар мусулмандарга “биз саясатта активдешип, бардык нерсени, байлыкты өзүбүздүн колубузга алалы. Силер болсо, колуңардагы нерсеге каниет кылып жашагыла, пассивдүү болгула. Диний жөрөлгөлөрдү аткарып колуңардагы нерсеге ыраазы болгула” деп жатышат.

Саясаттагы жана маданияттагы исламий өнүгүүгө чек коюу мусулмандардын исламды туура эмес түшүнүүсүнө жана мамлекеттин ошол саясатына туура эмес реакция берүүсүнө себеп болушу мүмкүн.

"Азаттык": Сабыр мырза, мамлекеттин түштүк тараптагы саясатына кандай деп баа берет элеңиз? Мисалы, жакында эле Ош облусунун казысы иштен алынды, ошондой эле Дин комиссиясынын түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси иштен кетти. Бул реформа жасоо аракетиби же буга кишилердин арасындагы жеке маселелер себеп болуудабы?

Сабыр Арстанов: Реформа жасоодо кадрлар алмашат. Бирок ошол кадрлардын алмашуусу менен эле маселелер оң же терс жагына чечилип калбайт. Бул жерде маселеге терең караш керек. Диний маселени ар тараптан кароо зарыл. Мисалы, ислам дини демократиялуу дин болуп эсептелинет жана чек койбойт. Ислам дини жалпы коомдук жашоого, элдин жашоосуна тоскоолдук кылган эмес. Диний көйгөйлөрдүн чыгышы мамлекеттеги социалдык-экономикалык абалга көз каранды. Мамлекет диний коопсуздукту коргой турган болсо, анда биринчи ушул жактан башташы керек. Ушул жактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртышы керек.

"Азаттык": Сирияга кеткендердин көпчүлүгүнүн өзбек улутундагылар экендигин күч органдары айтууда?

Самаган Мырзаибраимов: Бул жерде сырткы факторлордун таасирин канчалык деңгээлде азайта алабыз деген маселе турууда. Эгерде биз социалдык, экономикалык, маданий жана динди туура түшүндүрүү жагынан канчалык деңгээлде жакшы саясат кыла турган болсок, биз ошончолук деңгээлде сырткы күчтөрдүн саясатын азайта алабыз. Мамлекеттин да муну көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгү болот.

Саясат жана дин

"Азаттык": Түштүк тарапта диндин саясатка же болбосо саясаттын динге таасири кандай? Кайсынысы көбүрөөк таасир тийгизүүдө?

2005-жылкы парламенттик шайлоого бир күн калганда акчага берип, ага кошо Куранды карматып, "добуш берем" дедиртип, ант алганына күбө болгонбуз. Сөзсүз диний чөйрөнүн таасири болот.

Самаган Мырзаибраимов: Коомдук кубулуш катары карай турган болсок, дин бардык тармактарга таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул сөзсүз эле шариятты алып келүү пикирин көтөрүп чыгуу эмес. Бирок, азыркы учурда ачык түрдө мусулмандарды же кандайдыр бир жамаатты колдонууну биз даана байкаган жокпуз.

Сабыр Арстанов: Бирок кыйыр түрдө болсо да буга чейин колдонуп келишкендиги жөнүндө фактылар бар. Мисалы, 2005-жылкы парламенттик шайлоого бир күн калганда акчага берип, ага кошо Куранды карматып, "добуш берем" дедиртип, ант алганына күбө болгонбуз. Сөзсүз диний чөйрөнүн таасири болот.

"Азаттык": Имамдардын, диний аалымдардын саясатчылар менен мамилеси түштүк тарапта кандай?

Сабыр Арстанов: Бул нерсе жалгыз эле түштүк тарапка эмес, жалпы Кыргызстанга мүнөздүү болсо керек. Саясий партиялар добуш алыш үчүн сөзсүз ошол аймактагы аксакалдар, ажылар, молдолор, имамдар менен байланышат.

Жоолуктан чыккан талаш

"Азаттык": Акыркы мезгилде хиджаб, жоолук маселеси көтөрүлүп келет. Сиздердин пикир боюнча хиджаб маселеси бул идеологиялык көз караштардын, дүйнө таанымдардын кагылышуусубу же кадимки эле диндин саясий максатта колдонулуусубу?

Сабыр Арстанов: Чындыгында бул маселе ар кимдин өзүнүн эрки. Бирок бул маселеге айрым бир топтор тескери көз караш менен карап атышат. Ага жамынган тараптын шарт түзүп бергени байкалууда. Айрым учурларда мектеп окуучуларына кийгизип жөнөтүп атышат.

"Азаттык": Самаган мырза, кандайдыр бир ата-эне өзүнүн баласына диний ишенимине таянып тарбия берүү, кийинтүү укугуна ээби? Мисалы, 5-класста же 6-класста окуган кызына ата-эне жоолук салып мектепке жөнөтө алабы?

Самаган Мырзаибраимов: Бул маселе жалгыз эле укуктук негизде чечиле турган маселе эмес. Ата-эне өзү туура кийинип, диндин шарттарын аткарган болсо, ал нерсе баланын калыптануусуна таасирин тийгизет. Жоолук салынуу же намаз окуу делген нерсе кичине кезинен тарта ата-эненин тарбиясынын натыйжасында калыптанышы керек. Биз ата-энеге “сен балага жоолук салынганды же намаз окуганды үйрөтпө, ал кийин өзү үйрөнүп алат”, - деп айта албайбыз. Кээ бирлери “бул ислам дининде парз, ошондуктан биз буга уруксат беришибиз керек”, – деген нерсени айтып атышат. Бирок парз болбогон ченде да, кандайдыр бир динчил бул нерсени өзүнүн диндик өзгөчөлүгүнүн негизинде аткарып жаткан болсо жана бул нерсе башка бирөөлөрдүн коопсуздугуна, ден соолугуна, жашоосуна зыян алып келбеген болсо, анда биз ага урмат-сый менен мамиле кылганга милдеттүүбүз. Муну менен катар биз “сакалчандар- согушкер, жоолукчандар - экстремист” деген көз карашты динге жакшы көз караш менен карабагандарга сиңдирип коюп атабыз.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

XS
SM
MD
LG