Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

Жыл башынан бери Ысык-Көл облусунан Сириядагы калабага кеткендердин саны 35тен ашты.

Облустук ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, облус аймагынан Сирияга кеткендердин 12си аял, 8и эркек. Мындан сырткары, 15 чакты өспүрүм майдан талаасына ата-энесин ээрчип кеткени айтылууда.

Ысык-Көл облусунун үч районунан 35 адам Сирияга акыркы үч айдын ичинде чыгып кеткен. Көпчүлүгү Тоң, Жети-Өгүз райондору жана Каракол шаарынын тургундары экен. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн жетекчиси Арсен Самаевдин айтымында, бул күч түзүмдөрүнүн экстремизм, терроризмге каршы тынымсыз алып барып жаткан иштеринен кийинки жыйынтык болууда.

- Булар жашыруун кетип жатышат, картайган ата-энелерин таштап, кетип жаткан жаштар да бар. Алар "бизди кечирип койгула, кудай жолуна түштүк" деп кат жазып кетип жатышат.

Уруксат албай дааватка чыкты деген кине менен кармалгандар. Ысык-Көл. 2015-жыл.

Уруксат албай дааватка чыкты деген кине менен кармалгандар. Ысык-Көл. 2015-жыл.

Жаштардын радикалдашып жатканына облус эли да тынчсызданып жаткан учур. Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин төрайымы Шайкүл Үмөталиева дааваттын тартибин жөнгө салуу сунушу менен чыкты. Анын пикиринде, чет өлкөлөрдөгү согуш талаасына мына ушул дааватка деген шылтоо менен жетип алгандар болушу мүмкүн.

- Айрым учурларда дааватка 15 күн эмес, беш-алты айлап кетип жатканын көрүп жүрөбүз. Ошол айылдан канча убакытка кетип атат, кимдер кетип атат көзөмөлгө алуу керек. Алардын шарты барбы же жокпу, өз каалоосу мененби, же бирөө кыйнап, анан кетип атабы, аны эч ким билбейт.

Сирия маселеси пайда боло электе аймакта “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөлөрү активдүү эле. Ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 2010-жылга чейин Ысык-Көл облусунда аталган уюмдун 150гө жакын мүчөлөрү өз ишмердигин жүргүзүп келген. Акыркы беш жылда алардын саны 79га кыскарыптыр. Бирок ушул жылдын башында Көлдө “Йакын Инкар” деп аталган диний агым ачыкка чыкты. Алар дааватка чыгуунун шарттарын аткаруудан баш тарткандыгы, динге болгон өзгөчө көз карашы менен белгилүү болгон.

Ысык-Көлдөгү диний талкуу. 11-март

Ысык-Көлдөгү диний талкуу. 11-март

Муфтий Максат ажы Токтомушев ханафий мазхабынын тартибин карманбаган аракеттер динге, ошондой эле коомго терс таасирин тийгизерин эскертти.

- Аллага гана таянып, дарыланбай деле, тамак ичпей деле койсоң боло берет деген туура эмес түшүнүктөрдү таркаткан аз-маз топтор болуп жатат. Пайгамбардан башка Аллага эң жакын жана ага терең ишенген адам болгон эмес, болбойт дагы. Ал өзү пайгамбар болсо да дары-дармек колдонуп, тамак-аш ичип, согушка чыкканда жарак-жабдыгын алып, коргоочу зоотторду кийген. Пайгамбардын ушунун баарын кылганы - анын Аллага каршы экенин, же ага ишенбегенин билдирбейт. Анан биз эмнеге бул сыяктуу тартиптерден баш тартышыбыз керек. Бул туура эмес.

Ысык-Көл облусунда динди өтө бекем тутунгандар саны жагынан аз, ошол эле учурда радикалдашуу аймакта өтө тез ыргак менен жүрүп жатат деп серепчилер коңгуроо кагышууда. Мунун себебин дин ишмерлери диний сабатсыздык менен байланыштырууда. Андыктан муфтий Максат ажы Токтомушев диний абалды жөнгө салуу үчүн ишти алгач имам-хатибдердин билимин текшерүүдөн баштоо керектигин белгиледи.

- Кечке эле аттестация боло береби деп айткандар чыккан. Биз мындан коркпошубуз керек. Быйыл жаңы ыкма менен өткөрүлөт, светтик билими, диний билими, аброю - бүт каралат.

Жыйында ошондой эле, ымыркайларды эмдетүүгө каршы чыгуу, окуучу кыздардын мектепке хижап кийип баруусу жана жаш балдар жана аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүлүп жаткан учурлар боюнча тургундардан өтө көп суроолор түштү. Мына ушул маселелердин бардыгы аймакта көңүл бурулуп, тез арада чечүүнү талап кылган маселелер экени белгиленди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG