Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Март ыңкылабынын уурдалган максаты


24-март, 2005-жыл
24-март, 2005-жыл

Тарыхта "Жоогазын ыңкылабы" деген ат менен белгилүү март окуясына 12 жыл толду.

2005-жылы 24-мартта Кыргызстанда элдин күчү менен бийлик алмашып, 15 жыл мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруу режими кулатылган.

Анархан Жаңыбаева журналист катары 12 жыл мурда Жалал-Абаддагы элдик толкундоолордун чордонунда болгон. Ошондой эле 2010-жылдагы Апрель революциясына активдүү катышкан. Ал март ыңкылабынын алгачкы күндөрүн мындайча эскерет:

- 2005-жылы 4-мартта эле аянтта чогулган эл облустук бийликти басып алышкан. Губернатор ал мезгилде Жусупбек Шарипов болчу, азыр ал чет жакта элчи болуп жүрөт. Облустук акимчилик ошол учурда ишин башка имаратта улантып жаткан.

Митингдеги элге айылдардан тамак-аш жеткирилип, Баяман Эркинбаев да азык-түлүк менен камсыздап турган. Ошол толкундоолордо Жалал-Абадда банктан акча уурдалып, милициянын имараты өрттөнгөн. Бирок Бишкектегидей дүкөндөрдү талап-тоноо болгон эмес. 2010-жылдагы Апрель төңкөрүшүнөн айырмаланып, март ыңкылабын эл жасаган.

Аблязов март ыңкылабын каржылаганбы?

Аблязов март ыңкылабын каржылаганбы?

Кыргызстандагы саясий окуяларда, диний идеологиялардын жайылышында сырткы факторлордун канчалык таасири бар? Кыргызстан өз алдынча саясаты жасай алабы?

2005-жылы Аскар Акаевдин бийлигине каршы элдик толкундоолор алгач 4-мартта Жалал-Абаддан башталган. Демонстранттардын башында тургандардын бири Жусупжан Жээнбеков "ыңкылаптын максаттары уурдалып кетти" деген ойдо:

- Алгачкы элдик толкундоолор 1995-жылы Сатыбалды Жээнбековго байланыштуу. Ал эми 2002-жылы Аксыда башталып, 2005-жылы чыныгы революция болгонун эч ким тана албайт. Ал эми 2010-жылы төңкөрүш болгон. Азыр биз алардын аягына чыга албай жатабыз. Бийликке келген адамдар өз кызыкчылыгынан кече албай жатышат. Элди колдонуп бийликке келип алып, кайра калкка "мага кызмат кыл" деген мүнөздө болуп турабыз.

Ошол кездеги активдүү демонстранттардын бири Топчубек Тургуналиев март төңкөрүшү боюнча "Азаттык" радиосуна ой бөлүштү. Аудиону бул жерден угуңуз:

Ал кездери Жалал-Абад шаарындагы борбордук аянт элге толуп, катышуучулар үн күчөткүчтөр аркылуу ошол кездеги бийликти сындап турушкан. Жергиликтүү гана эмес, башка мамлекеттеги телерадио, гезит-журналдардын журналисттери Жалал-Абадга барып, абалды чагылдырышкан. Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен бийликке ачык каршы чыккан элдин арыз-муңуна дүйнө жүзү байкоо салып турган эле.

23-мартта Жалал-Абад шаарында "Эки элдик ыңкылаптын талаптары жана максаттары" аттуу тегерек үстөл болду. Анда өлкөдөгү азыркы саясий кырдаал да талкууланды.

Март ыңкылабынан соң Сузакта аким орунбасары болгон, Март окуяларынын хронологиясын жазган Гүлжан Асанова буларга токтолду:

- Эки революция тең максатына жеткен жок. Мындай бийликтин тегерегиндегилер гана жыргап кетпесе, карапайым калк ошол бойдон күн көрүүдө. Ошол эле коррупция гүлдөгөн, жумушсуздук, алтын кендерге байланыштуу нааразылыктар, сөз эркиндигинин чектелиши, чек ара маселеси курч бойдон турат. Мына ушулардын баары элдин талабы болчу.

"Улуттук мекенчил күчтөрдүн биримдик кыймылы" уюштурган тегерек үстөлдү Кадыр Кошалиев жетектеп жатат. Аталган кыймыл өткөн айда түзүлүп, ага 20дай саясий партия жана уюмдар бириккен. Уюштуруучулар ушул сыяктуу жыйындар башка аймактарда да өткөрүлөрүн белгилешти.

Жалал-Абадда 12 жыл мурда болгон ыңкылапты эскерүү иш-чаралары шаардагы борбордук аянтта эмес, эс алуу жайларында белгиленүүдө. Эртең менен борбордук аянтка барган кээ бир адамдарды милиция эс алуу жайдагы иш-чараларга жөнөтүп жатты.

Март революциясынын катышуучусу Арстан Жээнбеков эскерүүлөр жыл сайын революция орун алган аянтта өтөрүн, быйыл ал жакка уруксат берилбегенин айтып сындады.

Облуста бул күндүн урматына спорттук оюндар уюштурулду.

Атамбаев: Бакиевдер басып алган

Бүгүнкү күндүн урматына өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев да кайрылуу жолдоду.

- 2005-жылы мартта эркиндик үчүн күрөшкө чыккандар орто жолдон бийликти мурдагыдан да ач көз жана мыкаачы үй-бүлө басып аларын билишкен жок. Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн башкаруусу саясатчылар менен журналисттерди куугунтуктоо, аларды өлтүрүү, элдик байлыкты мурдагыдан да ашынган талап-тоноо менен коштолду. 2010-жылдагы Апрель элдик революциясы Кыргызстандын кайра жаралуусуна жол ачты. Акыркы жылдары өлкө көз карандысыздыгын бекемдөө, экономиканы өнүктүрүү үчүн жана элдин өз өлкөсүнө жана өз келечегине ишенимин ойготуу үчүн көп иштер жасалды, - деп жазылган президенттин кайрылуусунда.

Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен элдик ыңкылаптын урматына Бишкекте гүлбак ачылат.

Бул үчүн Бишкектин түштүк-чыгыш тарабында жарым гектар аянт бөлүнүп, өткөн жылдын июнь айынан бери көчөттөр тигилип, даярдык иштери көрүлүп келген.

24-март 2012-жылга чейин жылнаамада кызыл менен белгиленип, эс алуу күнү саналган. Кийин Жогорку Кеңештин токтому менен алып салынган. Былтыр президенттин жарлыгы менен "Эскерүү күнү" деп бекитилген.

Мындан 12 жыл мурда, 2005-жылдын 24-мартында Аскар Акаев бийликтен кулап, Орусиядан башпаанек тапкан. Андан кийин бийликке келген Курманбек Бакиев беш жылдан кийин, 2010-жылы 7-апрелде ушул эле жол менен өлкөдөн куулган.

Март ыңкылабы: акталбаган үмүт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG