Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:23

Окумуштуу жана коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов түштүктөгү коогалаңды иликтеген эл аралык комиссиянын корутундусу тууралуу пикирлерин ортого салды

- Июнь коогалаңын иликтеген эл аралык комиссиянын корутундусу коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда. Бир тараптуу болуп калган дегени да бар, калыс дегени да бар. Сиз кандай ойдо турасыз?

- Комиссиянын жыйынтыгы, албетте, чоң мааниге ээ экенин моюнга алышыбыз керек. Канткен менен ЕККУ - Бириккен Улуттар уюмунан кийинки өтө маанилүү уюм. Булардын ушул сыяктуу улут аралык кагылыштарды иликтөөдө өздөрүнүн критерийлери, позициялары бар. Ошондуктан буга өтө деле чычалабай, катуу жыйынтыктарды чыгарып жибербей, келечекти, түбөлүгү түз болушун ойлоп, ошого максат кылышыбыз керек. Себеби бирөө макул болот, башкасы чын эле ката кетирсе да мойнуна албайт.

Коогалаң тарыхтын барагына кеткен иш болуп калды. Кыргыз эли менен өзбек элинин ортосундагы ынтымакты кантип бекемдейбиз, мурунку эриш-аркак турмушту кантип кайтарабыз дегенди ойлошубуз керек. Эгерде ушуну эле сап тутуп, "кыргыздар бизге ушундай кылды эле" деп өзбектер, "өзбектер баштап, сепаратизмди күчөтүп жиберди" деп кыргыздар айтып отурса, өз ара акыйнек айтышуу, күнөө коюу бүтпөйт. Бул Кыргызстандын эле келечегине жаман болот.

- Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен оор кырдаалга карабай эл аралык комиссиянын иликтөөсүнө мүмкүнчүлүк бергени да чоң мааниге ээ болсо керек?

Киммо Килюнен
- Албетте биз аларды киргизбей койсок, түз болбосо да кыйыр түрүндө биз кандайдыр бир нерседен чочулап, ЕККУ билип алат, эл аралык коомчулукка чыгып кетет деп коркконду көрсөтмөк. Менимче туура эле болду.

Бир топ күнөөлүүлөр, конкреттүү ысымдар аталыптыр. Чын-чынына келгенде ошол окуяга түз же тике аралашкан көп кишилерди, Кудай бар экен, от ошол кезде өчпөй тутанып кеткенде бул иштер балким жөн эле комиссиянын иликтөөсү эмес, Гаага сотунун иши болуп калмак. Нечен азап тартышмак. Ошондуктан муну Кудай сактады деп койолу.

Конкреттүү ар бир адам, ар бир өзбек, кыргыз, туугандары мерт болуп кеткен жарандар менен иштешип, жараатты айыктырууну ойлойлу. Бизде муну эч ким унутпайт, кайра эле баштала берет деп айтып атпайбы, жок, андай эмес.

Ошол эле өзбек туугандар, ошол эле кыргыз боордоштор бала-чакасын өстүрүп Ошто, Жалал-Абадда жашаш керек. Жашайм дегенден кийин тилди тиш менен басып, сабырды тутуп оокат кылбасак болбойт. Болбой эле улам күчөй берсе мындан өзбек эли да, кыргыз эли да утпайт.

Укуругу узун БУУ

- Айрым өзбек лидерлер Кыргыз бийлигин Гаага сотуна берүүгө камынып атат деген маалымат тарады эле. Бул канчалык негиздүү?

- Алар сотко беребиз десе деле, дебесе деле эгер ошончого жеткен иш болсо ЕККУ өзү эле козгойт. Мисалы “тукум курут”, “этностук тазалоо” деген өтө чоң, жаман берене бар. Дүйнө ушул эки беренени эң жек көрөт. Балкандагы чоң согуш, Югославиянын тарап кетиши ушундан болду. Бул сыяктуу нерселер Африкада көп болуп атат.

Эгер ушул сыяктуу нерселер болуп кетсе, БУУнун укуругу узун, булар "кирбегиле, аэропортту жабабыз" дегенге карабай келип кармачу адамдарын кармап кете берет. Ким кимге тиешелүү болсо жок дегенде Кудай алдында моюндарына алыш керек.

Кыргыз эли оңой эл эмес, кыргыз эли ушул жерди сакташ үчүн нечен миңдеген жыл канын төгүп, нечен миңдеген жылдар ошол жерде жашап келген эл. Бизде сепаратизм деген нерсе болбойт, мамлекетти бөлүүгө эч ким жол бербейт. Ошондуктан муну да так билип, жакшынакай адамдык сапат менен жашашыбыз керек.

- 2010-жылдагы окуя Ош окуясына ачык баа бербегенден улам келип чыкты деген сөздөр айтылып жүрөт. Ушундай ойлорго кошуласызбы?

- Бул такыр эле жарабаган сөз. 1990-жылы Совет учурунда чатак болгон, күнөөлүүлөр ачык айтылган. Бир топтор партиядан чыгарылган. Анан чагымчылдык жасап, ортого от жаккандардын айрымдары азыркыга чейин арабызда жүрөт. Дагы деле былтыркы чатакка аралашып калбадыбы. Эми алардын атын атап отургандын кажети жок. Бирок менимче ошолордун жасаган кылмышына так баа берилбей калып, анан башталып кетти деген туура эмес. Бизде сөзсүз бирөөгө көө жаап турушубуз керек, өзүбүздөн кабар албайбыз.

Биринчиден, апрелде Кыргызстанда ыңкылап болуп кетти. Экинчиден, түштүк жакка жакшы көңүл бурулбай, Убактылуу өкмөттүн жакшына иш алып барганга чамасы жетпей, көбүнчө алар дүйнө, акча бөлүштүрүү менен отуруп калган кезде өзбек элинин ичиндеги бир топ арам ойлуу кишилер элде чагым жасап, ушуга түртүп жиберди.

Мунун артында кимдер бар экени, кимдер куралдарды чогултуп бергендигин далилдеш керек болчу. Тилекке каршы ушуга чейин тартип коргоо органдар атын айтып, таап бере албай атат. Ошол менен бирге былтыркы чатактын артында бир топ чоң күчтөр бар экендиги, бир топ чагым жасаган күчтөр, эл аралык күчтөр, балким кайсы бир мамлекеттер бар экени көрүнүп эле турат.

Ынтымак жана сабыр


- Эл аралык комиссия коогалаңдын артында сырткы күчтөр, террордук уюмдар болбогонун белгилеген.

- Мен өзүм комиссияга аралашып, муну деталына чейин изилдебегенден кийин "такыр эле туура эмес айтып атат" дей албайм. Алардын да өзүнчө билген чындыгы бардыр. Бирок менин сырттан байкап караган көз карашымда, албетте куралдардын бардыгын чогултуп, уюштуруп, күнүгө кечинде "Ош, Жалал-Абад биздин жерибиз, элдик пунктардын бардыгы биздин ата-бабалардан калган жер" деп сайрап отургандардын артында күчөтүп, шыкактап турган күч болгон. Жөн эле Кадыров, Абдырасулов турап калып кыйкыра берген эмес. Алар деле билет.

Ушул жагынан алганда эл аралык комиссиянын корутундусунда бир жактуулук кетип калган болуш керек. Менимче булар деле адам, алар деле ЕККУга жага турган бир чечимди чыгарып, кыргыз эли этностук жактан чыдамсыз, сабыры жок эл деп көрсөтүүгө аракет кылгандыгы анча-мынча көрүнүп турат, бирок көп эмес. Ошентсе да биз буга көп таарынбайлы.

- Элдештирүү, жараштыруу иштери жүрдү. Эми бул окуяны кантип болтурбай, кайра кайталанбашы үчүн эмне кылыш керек?

- Менимче бул абдан формалдуу болуп калды. Аш демдеп, көк чай коюп, самопал баталарды берип кетип калышты. Бул маселе конкреттүү ар бир киши менен, эки айда, жарым жылда иш-чара өткөрүп бүтүрүп коюш эмес, күн сайын өткөрө турган иш. Чын-чынына келгенде буга акча деле эмес, жакшынакай сөз менен бүтө турган иш. Биринчиден, түшүндүрүү иштери жүрүш керек.

Экинчиден, чынын айтыш керек, кимде ким бул окуяга тикеден тике күнөөлүү болсо улутуна карабай мойнуна коюп, жасалаш керек. Мурдагы жылы Кытайда, биз менен кошуна турган Үрүмчүдө, Шинжаңда чоң чатак болду. Кытай бийлиги албетте катуу бийлик. Булар кытайына да карабай, уйгуруна да карабай тиешелүү катуу жазаларын берди.

Ким күнөөлүү болсо ошону ачык айтышыбыз керек. Анан бир жактуу эле "ошол жигит бизге болушту, азамат экен, бизге жардам берди" деп тура берсе, анда өз ара ишенбөөчүлүк эч качан бүтпөйт.

Ынтымак жок жерде ырыс болбойт. Ал эми өз ара ынтымак болбосо чындыгында эле биздин баягы турмушубуз кайра келиши өтө кыйын болуп калат. Мына ушул убакытка чейин бир дагы кафе ордуна келген жок, канчалаган жумуш орундары жок болду. Бир топ жакшы курулуш иштери жүрүп атат. Бирок муну менен эле бүтпөйт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG