Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:38

Кыргызстанга адам укуктары боюнча эл аралык федерацияcы өз миссиясы менен келди. Аталган федерация дүйнөдө жүздөн ашуу өлкөнүн уюмдары менен иштешет. Федерациянын президенти Карим Лахиджи "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Федерациянын сапары Кыргызстандагы үгүт иштерине туш келиптир. Атайын шайлоо алдында келүүнү туура көрдүңөрбү? Деги эле иш сапардын башкы максаты кандай?

Карим Лахиджи: Кыргызстандагы шайлоо тууралуу кабарым бар. Бирок биздин сапардын ага такыр тиешеси жок. Биздин бирикме Кыргызстандагы адам укугунун абалы туурасында тынчсызданган кайрылууларды кат түрүндө кабыл алат. Миссиябыздын башкы максаты ушул. Өзгөчө укук коргоочу, жактоочу, журналисттерге бийлик тарабынан кысым көрсөтүлүп жаткандыгы боюнча кабарым бар.

Мындан сырткары, камакта отурган адамдардын кыйноого кабылуусу бизди ойлондурат. Дагы бир маселе - бул Азимжан Аскаровдун абакта отурушу. Федерация бир гана Кыргызстанга келип, андагы укук маселелерди козгоп жатат деп ойлобогула, маселен, федерациянын президенти болгон убактан бери биз ондогон мамлекеттерде иш сапар менен болуп келдик.

Абакта отурган Азимжан Аскаров

Абакта отурган Азимжан Аскаров

"Азаттык": Укук коргоочу Азимжан Аскаровду сот күнөөлүү деп тапканы менен, Кыргызстандагы айрым бейөкмөт уюмдар жана укук коргоочулар Аскаровго чыгарылган чечимди адилетсиз деп баалап келет. Демек сиздердин федерация да сот чечимине макул эмеспи?

Карим Лахиджи: Албетте, Аскаровдун процессинде юридикалык жактан дал келбеген жагдайлар көп. Ага өкүм жасалма күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде чыгарылган. Азыр анын абалы оор, ден соолугу начар. Биз Кыргызстанга келгенче чейин эле Аскаров менен жолугушуу боюнча сүйлөшө баштаганбыз. Бирок он күндөн бери уруксат ала албай келебиз.

Акыйкатчы, башкы прокурордун орун басары менен жолугушууларды өткөрүп, Аскаровду камактан бошоткула деген суранычыбызды айттык. Жолугушууларда жактоочулардын сот процессинде ур-тепкиге алынганы тууралуу, башка дагы адам укугу маселелери боюнча сөз болду. Бирок бийлик өкүлдөрүнүн берген жообу бизди ишендирген жок.

"Азаттык": Жолугушууларда бейөкмөт уюмдар, кумсалар боюнча ЖК кароосунда турган мыйзам долбоорлору боюнча сөз болдубу?

Карим Лахиджи: Бейөкмөт уюмдары, кумсалар боюнча долбоорлор тууралуу биз бийлик өкүлдөрүнө өз оюбузду айттык. Бирок, тилекке каршы, биздин федерация премьер-министр же башка министрлер менен кезиге алган жок. Алар убада бергени менен, азырынча убакыт бөлүп жолугуша элек.

Мамлекет демократия жолунда бараткандан кийин, бейөкмөт уюмдар, ММК калк үчүн бийликтин иштеп жатканын текшерүүгө кепилдик болуп бере алат. Эгер эл эркиндикти, өз укугун коргоону каалса, бейөкмөт уюмдар укук коргоо конвенциясын, мыйзамдардын сакталышын көзөмөлгө алат.

Чет өлкөлүк уюмдарды агент деп таанып, алардын чет өлкөдөн каржылоосун токтотуунун, деги ушул долбоордун максаты эмне? Бийлик бул кадамы менен алардын “оозун жаап” же ачык айтканга жол бербеген сыяктуу өңдөнөт. Андыктан кыргыз бийлигин аталган мыйзам долбоорлорун кабыл алууда тыкыр иликтеп, оң-терс жактарын карагыла деп сунуштайт элем.

"Азаттык": Мындан сырткары, Кыргызстанда сөз эркиндигине кысым көрсөтүлүп жаткандай. Ошол эле “Вечерний Бишкек” гезити менен болгон жагдай.

Карим Лахиджи: Массалык маалымат каражаттарына кысым көрсөтүү, бул сөз эркиндигин кысымга алган менен барабар. Мен жогоруда да айтып өттүм, эркин эл, демократияга карай умтулган мамлекет бул жагдайларды эске алышы керек эле.

Кыргызстан укук боюнча эл аралык конвенциянын бир канча пунктун бузду. Дагы бир кызык жагдай, биздин федерация беш күндөн бери Кыргызстанда жүрөт, бирок силерден башка бир да массалык маалымат каражаттын өкүлдөрү маектешип, маалымат алуу сунушун билдиришкен жок. Биринчи жолу мындай көрүнүшкө кабылдым. Бул жагдай өзү эле Кыргызстандын журналисттеринин да адам укугуна карата мамилесин айгинелеп турат.

"Азаттык": Сапарыңыздын соңунда кандай сунуштарды келтирет элеңиз?

Карим Лахиджи: Бийлик өкүлдөрү бейтараптуулукту күчөтүп, демократиялык системада болгон адилеттүүлүктү сактап, акыйкатчы, ММК бийликтен көз каранды болбошу керек.

Бизди укук коргоочулардын өлкөдөгү абалы тынчсыздандырбай койбойт. Бийлик өкүлдөрү аларга болгон мамилесин оңдошу керек. Ал үчүн укук коргоо уюмдары менен бийликтин ортосунда диалог болушу керек.

Бийлик мыйзамсыздыкка жол бербеши керек. Тескерисинче, укук коргоочулар мамлекет тарабынан корголушу керек. Биз өз учурунда сунуштарыбызды камтыган баяныбызды бийлик өкүлдөрүнө жөнөттүк. Алар биз жиберген жагдайларды эске алат деген ойдобуз.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    2014-жылдын март айынан бери "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG