Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:50

Кыргыз өкмөтү америка өкмөтү менен кызматташуу тууралуу келишимди бир тараптуу бузгандан кийин анын пайда-кесепети талданып жатат.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстанда июнь коогасы боюнча өмүр бою абакка кесилген Азимжан Аскаровго сыйлык бергенине байланыштуу расмий Бишкек 21-июлда өкмөттөр аралык келишимди денонсациялады. Бул 1993-жылы түзүлгөн эки тараптуу кызматташууну жеңилдеткен келишим эле.

Өз ара кызматташууну жеңилдетүү чаралары камтылган 1993-жылы кабыл алынган кыргыз-америка өкмөттөр аралык келишим алты беренеден турат. Анда негизинен көмөктөшүү программалардын, долбоорлордун алкагында Америка жөнөткөн товарларга, буюм-тайымдарга салык жана башка бардык төлөмдөр алынбай турганы жазылган. Бул программаларга тиешеси бар кызматкерлер да киреше салыктан, дагы башка бажы төлөмдөрдөн бошотулган. Дагы бир орчундуу жери - АКШ өкмөтүнүн жарандык жана аскерий өкүлдөрүнө дипломаттык кол тийбестик берилген.

Эл аралык байланыштар боюнча адис Чынара Эсенгулдун баамында, эки тараптуу келишимдин бузулушу менен бир топ өзгөрүүлөр болот. Анын пикиринде, АКШнын Азимжан Аскаровду сыйлоо тууралуу чечими Кыргызстандын намысына тийген жагдай болду:

- Бул жөнөкөй кадам эмес, өзгөрүүлөрдүн жакшы да, жаман да жактары болушу мүмкүн. Жаман жагы көбүрөөк болот. Жакшы жагын айтсам, Кыргызстан өзүнүн эгемендигин эл аралык коомчулукка билдирди. Кыргызстандын соттору Азимжан Аскаровду күнөөлүү деп тапканына, күнөөсүн толугу менен далилдегенине карабай аны маанилүү адам деп сыйлык берип жатканы биздин мамлекеттүүлүгүбүздү сыйлабаганга жатат. Менимче, бул Кремлдин көрсөтмөсү эмес. Кыргыз бийликтеринин намыстанганы биринчи роль ойноду.

Жыл сайын 40 миллион доллар келет

Көмөктөшүүнү жеңилдетүү тууралуу келишимдин жокко чыгышы менен эң ириде АКШнын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги, башкача айтканда, ЮСАИДдин иши үзгүлтүккө учурайт. Уюмдун расмий маалыматы боюнча, негизинен үч багыттагы программа, долбоорлорду ишке ашырып келет.

Биринчиси Демократия, адам укугу жана башкаруу деп аталат. ЮСАИДдин расмий сайтында бул багытта аталган эл аралык уюм "Кыргызстандагы 2010-жылы парламенттик, 2011-жылы президенттик шайлоонун таза жана эркин өтүшүнө, парламенттик демократиянын кыртыш алышына, Жогорку Кеңештин өнүгүүсүнө көмөктөштү" деп жазылган жана сот системасын жакшыртууга кол кабыш кылып келгени белгиленген.

Парламенттин 5-чакырылышы

Парламенттин 5-чакырылышы

ЮСАИДдин экинчи программасы Экономикалык өнүгүү жана соода сатык деп аталат. Бул кыргыз бийлигинин экономикалык демилгелерин колдоого багытталган, "Туруктуу жана ыкчам өнүүгүүгө жол ачкан жергиликтүү өнүктүрүү" аттуу долбоор. Андан сырткары салык төлөмдөрдү, соода-сатык жана лицензия берүү сыяктуу экономикалык саясатты жакшыртуу боюнча иш-чаралар бар.

ЮСАИДдин энергетика тармагын оңдоо боюнча долбоорлору бар. Билим берүү жана саламаттык сактоо сыяктуу маанилүү тармактарга миллиондогон доллар каражат келген. Жалпысынан бул уюм аркылуу Кыргызстан ар жылда 40 миллион долларга чейин каржылык жана башка жардам алып турган.

Талдоочу Искендер Ормон уулу мындай шартта кыргыз өкмөтүн аша чапкан кадамга барды деп сындады:

- Бул “битке өчөшүп, көйнөгүн өрттөйт” деген макалга окшоп калды окшойт. Ачууга алдырып ири держава менен мамилебизди суутуу туура эмес. Аскаровго сыйлык берүү алардын катасы, элчиликке нота берүү жетиштүү болмок. Бул ачууга алдыргандык. Эгер башка бир максатты көздөп, ошого эсептеп-чоттоп жасалса деле мындай кадамдын пайда алып келерине ишенбейм.

Мамилени курчуткан сыйлык

Мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов кыргыз өкмөтү АКШдан келген жардамды барктабай, шашылыш чечим кабыл алды деген пикирге кошулбай турганын айтты. Ал АКШнын Азимжан Аскаровду сыйлоо тууралуу чечими расмий эң талылуу делген улут аралык мамилени курчутмак деген оюн билдирди:

- Июнь коогасына беш жыл болду. Улут аралык мамилени биздин өкмөт эптеп бир нукка салганга аракет кылып жатканда ошол коога боюнча оор айып тагылган адамга “адам укугун коргогон мыкты адам” деген сыйлыктын берилиши туура эмес болуп калды. Бул болочокто улут аралык мамилени курчутуп жибериши мүмкүн. Өкмөт келишимди жокко чыгарар алдында мунун пайда-зыянын эсептеди болуш керек. Албетте АКШнын чек ара, маңзаттарга каршы күрөш, билим берүү, экология тармагында долбоорлору бар эле. Ушундай долбоорлор бар эле деп улут аралык мамилеге таасир берип жаткан иш-аракетине көз жумуп коё алмак эмес. Ошон үчүн баарын таразага коюп, пайдасынан да зыяны көп деп, мына ушул кадамга барды болуш керек.

Расмий Бишкек Вашингтон менен кызматташтыкты жеңилдетүү тууралуу келишимдин жокко чыгарылышында Орусиянын да таасир бар деген пикирлер айтылууда. Серепчи Бакыт Бакетаевдин ырасташынча, ири державалардын айынан Кыргызстанды үчүнчү ыңкылаптын карааны аралай баштады:

- Орусия менен Батыш өлкөлөрү, АКШнын ортосунда маалымат согушу жүрүп жатат. Биздин өкмөт АКШга ушундай деп жооп берди. Бул негизи мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок ушундай нерселер түстүү ыңкылаптардын алдында, мисалы, ошол эле Грузия, Украина, андан кийин Кыргызстанда да болгон. Аскар Акаев Америка менен ары-бери кылып ойногондо анын бийлиги кулаган. Андан кийин Курманбек Бакиев да алар менен карама-каршылыктарга барганда дагы бир ыңкылап болду. Азыркы жагдайлар да ыңкылаптын башталышынан кабар берет. Анан калса АКШнын биздеги элчиси түстүү ыңкылаптар боюнча адис деп айтылып жүрөт.

Анткен менен мурдагы баш прокурор, саясатчы Кубатбек Байболов АКШ менен кызматташтыкка доо кетирген кадамдын себебин орунсуз деп атады:

- Түрмөдө отурган кимдир бирөөгө сыйлык берип коюптур деп мамлекет аралык келишимди бузуу деген балакайлыктын да балакайлыгы болуп жатат. Эми биз мунун башы каякта, түпкү себеби эмне экенин түшүнүп, билип атабыз. Мунун баары эле тышкы саясатты бир тараптуу жүргүзүүгө барып такалат. Эгер ошондой болуп жаткандан кийин башка, олуттуу эле себеп табышса болмок. АКШ биз эгемендик алгандан бери ылым санап, жардам берип келаткан мамлекет. Бюджетибизди Дүйнөлүк банк аркылуу эмгиче эле каржылап келатпайбы. Алардын берген жардамына мындай зөөкүр мамиле жасабасак болмок. Эми ушундай сыйлык берип койдуң деп эле мамлекеттер менен мамилебизди буза берсек, анда Канада менен болгон байланышты деле Кумтөргө байланыштуу үзөлү. Кудай жалгап Америка бизге теңелбей жатат. Эч нерсеге карабай кызматташабыз деп айтып жатат. Алардын бизге чынында чолосу тийбей жатат.

Соңку сөздү Вашингтон айтат

Ал эми коомдук ишмер Эдил Байсалов келишимдин бузулушунун кесепети оор болорун эскертти. Мындай кадамга барган боюнча өлкө жетекчилерин кескин айыптады:

- Бул президент Алмазбек Атамбаевдин чечими. Ал чечим үчүн президенттин жанында жүргөн, анын аппаратынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген Сапар Исаков жооптуу. Албетте бул жерде АКШдагы Кыргызстандын элчиси Кадыр Токтогуловдун да жоопкерчилиги бар. Бул жерде Темир Сариевдин ролу да бар. Ушундай маанилүү чечимдерди кабыл алууга, 20 жылдан ашык убактан берки дипломатиялык алаканы бир чечим менен эле бузууга анын мандаты да, саясий-моралдык да укугу жок болчу. Бул жүз миңдеген карапайым кыргызстандыктарга залакасын тийгизе турган окуя болду.

Чынара Эсенгул

Чынара Эсенгул

Эмнеси болсо да Кыргызстан менен АКШнын кызматташтыгы кыйын учурга, сыноого кептелди. Эл аралык мамилелер боюнча адис Чынара Эсенгул соңку сөз Вашингтондо калганын, мамилелердин өнүгүшү ошондон көз каранды экенин айтат:

- Жеңилдетилген чаралары жок деле ЮСАИДдин долбоорлору мамлекеттик же бейөкмөт уюмдар аркылуу, жаңы шартта, жаңы алкакта уланышы мүмкүн. Бирок АКШ Кыргызстандын соңку кадамына чычалап, терс кабыл алып, "долбоорлор Кыргызстан үчүн маанилүү эмес болсо биз деле токтотуп коёбуз" өңдүү катуу реакция деле болушу мүмкүн. Андай учурда АКШ каржылаган бейөкмөт уюмдар алсыз болуп калат, демократия процесстери жайлап калат. Анда АКШ менен ачык тирешкен режимде жашап калабыз. Же алар сабырдуулук кылып, Аскаров боюнча туура эмес кылышканын аңдаса, анда эки өлкөнүн кызматташуусунун потенциалы бар. Албетте азыр жаңжалдуу жагдайга келип калганыбызды баарыбыз эле түшүнүп жатабыз. Бул андан ары курчуп кетеби, же басаңдап калабы - муну убакыт көрсөтөт. Бардык кризис өйдө-ылдый болот. Адам баласы деле урушкандан кийин элдешет эмеспи. Элдешсең кайра урушушуң мүмкүн.

Кыргызстан менен АКШнын дипломатиялык алака-катышы тууралуу негизги келиши 1991-жылы жылдын этегинде түзүлгөн. АКШнын Бишкектеги элчилиги 1992-жылы февраль айында ачылган. 1993-жылдагы кызматташууну жеңилдетүү тууралуу өкмөттөр аралык келишимдин алкагында расмий Вашингтондон ар кандай программалар аркылуу эки миллиард доллардай жардам келген. Келишимдин бир тараптуу бузулушу боюнча АКШнын Кыргызстандагы элчилиги өкүнүч билдирди. Келишим жокко чыгарылгандан кийинки техникалык таасирлер иликтене баштаганын маалымдады.

Келишимдин жокко чыгарылышы боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Анда келишимде көрсөтүлгөн көмөктөшүүнү жеңилдетүү чаралары ушул жылдын 20-августунан баштап жокко чыгарылары айтылган.

Кыргыз-америка аралык мамилелер тууралуу эмнегедир президент Алмазбек Атамбаев азырынча үн ката элек. Жогорку Кеңеште коалициялык көпчүлүктү кураган, өкмөттү түзгөн фракция лидерлери да оюн айтпай жатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG